Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кубат Оторбаев,
Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору:
"КТРКга элдин
ишеними артты…"
- Кубат мырза, Жогорку Кеңеш Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин азыркы курамын таратып, кайра түзүү боюнча мыйзамды кабыл алды. Ошондон улам, дегеле, ЖКнын КТРКга болгон мамилесин кандай баалап жатасыз деген суроону берүүгө туура келип жатат?
- Жогорку Кеңеш КТРК жөнүндө 9-июнь күнү мыйзам кабыл алды. Биз бул мыйзам жаңыдан талкууланып жатканда, тиешелүү комитетке үч сунуш бергенбиз. Биринчиси, Коомдук каналга бөлүнүп жаткан каражат Грузия мамлекетиндегидей болуп, өлкөнүн ички дүң продукциясына байланса деп. Эгер бул эске алынса жыл сайын акча бөлүп жаткан учурда КТРКга ЖК, Өкмөт тарабынан басым жасоо болбойт эле. Экинчиси, азыркы иштеп жаткан Байкоочу кеңеш ишмердүүлүгүн өзүнүн мөөнөтү бүткөнчө улантса деген сунуш болчу. Бул сунушту комитеттин айрым мүчөлөрү колдошту, бирок ал маселе комитеттин чечимине кирбей калды. Долбоор палатага экинчи-үчүнчү окууга чыкканда бул сунуш талкууланмак, бирок ай-буйга келбей эле аласалдырып, талкууланбай, 9-июнь күнү мыйзам өтө шашылыш түрдө, тактап айтканда, 5 мүнөттүн ичинде кабыл алынып кетти. Ошондон улам, кызыкдар күчтөр көп экен деп калдык. Бирок сөз сурап кайрылышкан депутаттар Н.Никитенко, Р. Жээнбеков, Р.Аканазароваларга сөз берилген жок. Андан тышкары залда болгону 45-50гө жакын депутат олтурган, бирок добуш берүүгө келгенде негедир жыйынтыгында 80дей депутат добуш берди деп чыкты. Кыскасы, бул көрүнүштөр абдан таң калычтуу болуп калды. Эгер президент бул мыйзамга кол койсо, анда азыркы Байкоочу кеңеш тараш керек деген сөз болуп жатат. Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитеттин жетекчиси Г.Скрипкина "жаңы Конституция боюнча парламент Байкоочу кеңештерге өз өкүлүн жөнөткөнгө укугу жок" деген пикирин билдирген. Ошого карабастан, ЖКнын кабыл алынган мыйзамында Байкоочу кеңештин 5 мүчөсүн ЖК, 5 мүчөсүн президент, дагы 5 мүчөсүн коомчулуктун өкүлдөрү жөнөтөт деген жобо кирип калды. Бул жобонун өзү Башкы мыйзамга каршы келери жогоруда аталган комитетте белгиленди.
- Сиздер жакында эле Коомдук биринчи каналга ЖК тараптан ар кандай кысымдар көрсөтүлүп жаткандыгын ырасмий түрдө жар салдыңыздар. Мына ушул маселенин күнгөй-тескейин ачык айтып бере аласызбы?
- Биринчи күндөн тартып эле фракциялардын ичинде Коомдук биринчи каналга көп чыгуу аракеттери бар экени байкалып келатат. Бирөө эле эмес, баары: "бизди аз көргөзөт"- деп ойлошот экен. Чынында, ким аз көрсөтүлүп, ким көп көрсөтүлүп жаткандыгын мониторинг кылган деле киши жок. Биз бардык фракцияларга бирдей шарт түзүп берип жатабыз. Экинчи маселе: Өкмөттүн ишин чагылдыруу боюнча атайы көрсөтүүлөр бар. Ал эми парламенттин ишмердүүлүгүн чагылдыруу боюнча, мурунку "Парламент" деген көрсөтүүнү кайра калыбына келтиргенбиз. Президенттин ишин чагылдырган атайы көрсөтүүбүз гана жок, ошондуктан мамлекет башчынын иши "Ала-Тоодон" гана чагылдырылып жатат. "Ала-Тоодон" ким канча жана канчанчы чыгып жаткандыгы гана талаш. Ар бир эле министрликтердин, мекемелердин басма сөз кызматы өздөрүн (маанилүү болсо деле, болбосо деле ) көрсөткөнгө жулунушат. Биз бул маселеде баары менен орток пикир таап иштешкенге аракет кылып жатабыз. Каналдын эшиги бардык саясий күчтөргө ачык. Азыр бизде илгеркидей каналды "кара жащикке" айланткыбыз келбейт. Өзүңүздөр байкагандай, азыр маалыматтар бир тараптуу эмес, ар тараптуу чагылдырылып жатат.
- Бул ырасмий билдирүүдөн кийин абал жакшы жагына өзгөрүлүп жатабы? Же…
- Жакшы жагына өзгөрүү бар. Депутаттар арасындагы же башка мекемелер ортосундагы баягыдай атаандашуу азайып калгандыгы байкалууда. Негизинен, коомчулук бизди да туура түшүнүшү керек. Себеп дегенде, коомдук каналды калыптандыруу бизге оңой эле келип жаткан жок. Бул үчүн бир топ чоң жумуштар жасалып жатат.
- Учурда "тарайт, тарабайт" болуп турган Байкоочу кеңештин ишмердүүлүгүнө өзүңүз кандай баа берет элеңиз?
- Азыркы Байкоочу кеңеш былтыр 27-августта түзүлгөн. Ошондон бери биз алар менен бир топ иштерди аткарууга үлгүрдүк. Кыскача айта кетсек, алгач каналдын стратегиялык багытын иштеп чыктык. Каналдын "коомдук" макамын аныктап, бул боюнча 6 стратегияны кабыл алдык. Андан тышкары Кыргызстандын ММКларынын ичинен биринчи болуп редакциялык саясатыбызды иштеп чыктык. Менин айтайын дегеним, Байкоочу кеңештин курамы К.Өмүркулов, Э.Сариева, Ш.Майчиев, Ж.Саалаев, К.Керезбеков, Ж.Касаболотов, Е.Варонина баштаган профессионалдардан турат. Мындан кийин Байкоочу кеңешке кандай адамдар келип каларын буга чейин деле көрүп келгенбиз. Мисалы, Бакиевдин тушунда Байкоочу кеңеш түзүлгөнү менен, бийлик тарабынан ачык эле кийлигишүү болуп, алар кайра тарап кеткен. Демек, келечек кандай болот деген чочулоо бар экендигин жашыргым келбейт. Менин оюмча, бул Байкоочу кеңеш эч маяна албай, бизден иш бөлмө да, кызматтык унаа да албай, өздөрүнүн акылын, нервин, эмгегин жумшап, бекер иштеп жаткандан кийин белгиленген мөөнөтү бүткөнчө (ал 3 жыл) иштешсе жакшы болмок.
- Депутат Ж. Жолдошева сизди "былтыр УӨ бөлүп берген акчаны туура эмес бөлүштүргөн, жеп алган" деген ачык эле дооматын айтып келатпайбы. Буга кандай жооп бересиз?
- Мен депутат Ж.Жолдошеванын ал пикирин четке кагам. Себеби тастыкталбаган, бир тараптуу маалымат. Убактылуу Өкмөттөн 20 миң доллар алгандыгыбыз чындык. Былтыр өлкөдөгү оор кырдаалдарга байланыштуу каналдын өздүк көрсөтүүсүн бир саатка көбөйткөнбүз. Негизинен, бизге каражат бюджеттен 6 сааттык көрсөтүүгө эле бөлүнөт. Ал эми бул айтылып жаткан кошумча 1 саат үчүн кызматкерлерге ошол 20 миң долларды жумшадык. Негизги бөлүгүн июнь окуясында Ош, Жалал-Абадга 30-35 адамдан турган журналисттер тобун жөнөтүп, алардын кан күйгөн шартта өз өмүрүн тобокелге салгандыгын эске алып, кошумча акча төлөп бердик. Журналисттердин командировкасына 251 750 сом, айлык катары 313 миң сом, эфирге чыккан материалдарына гонорар катары 227 миң сом төлөнгөн. Жыйынтыгы 792 сом. Ведомостко мунун баары такталып, тиркелген. Бул жерде эч кандай талаштуу жагдай жок. Ал отчетту биз өкмөткө, каржы министрлигине, Эсеп палатасына, Жогорку Кеңешке, анын ичинде урматтуу Жолдошевага да бергенбиз. Ал эми Ж.Жолдошева улам-улам бул маселени көтөрүп жаткандыгы, балким, кандайдыр бир саясаттын негизинде болуп атса керек. Бирок ошентсе да, муну түшүнүү менен кабыл алабыз.
- Жолдошеванын Ош окуясы тууралуу тарттырган тасмасы КТРКдан көрсөтүлсө, кызматтан кетериңизди айттыңыз эле. Бул чечимге эмненин негизинде келгенсиз?
- Анткени мен ал тасманы мурда көргөм. Ал тасмада мыкаачылыктын элементтери арбын. Ош окуясынын бир жылдыгы белгиленип жатканда, андай берүүлөрдү КТРКдан берүү улуттар аралык мамиленин курчушуна алып келмек. Байкоочу кеңеш да, Көркөм кеңеш да көрүшүп, алар да эфирден көрсөтүүгө болбостугун айтышты.
- Өзүңүз билесиз, коомчулукта сизге карата: "Батышчыл жана "ата мекенчил", КТРКдан бул партияга жан тарткансып, эң көп ушул партиянын өкүлдөрүн көрсөтүп келет", деген пикир кыйыр да, ачык да айтылып келет. Бекер жерден сөз чыкпаса керек…
- Мунун бардыгы негизсиз сөздөр. Мен эч бир партиянын мүчөсү эмесмин. Биз 7- апрелге чейин оппозиция тарапта активдүү болуп, КСДП, "Ата Мекен", "Замандаш" ж.б. партиялар менен тыгыз кызматташып иштештик. Мен "Азаттыктын" Бишкек бюросунун акыркы беш жылдагы жетекчиси катары бардык саясий күчтөр менен, анын ичинде ошол эле Бакиевдин секретариаты менен кызматташууга милдеттүү болчумун. Экинчиден, мени "батышчыл" дегени, "Азаттыкка" байланыштырышса керек. Бирок "Азаттыкты" эч ким батыштыкы деп айтпайт. Бул үналгы кыргыздын кызыкчылыгын, тарыхын, салтын, маданиятын чагылдырып келет. Муну эч ким жокко чыгара албайт.
- Кубат мырза, эми КТРК тууралуу кебибизди кайра улантсак. Аталган каналдын каржы маселеси жана өздүк көрсөтүү убактысында быйыл кандай өзгөрүүлөр бар?
- Быйыл деле өздүк көрсөтүүбүз 6 сааттык эле көлөмдө калды. Былтыр КТРКга 350 миллион бөлүнгөн болчу, быйыл 335 миллион сомго түшүп калды. Жетпей калган 15 миллион сомду кайра сурап жатабыз. Чечилет деп убада берилген, бирок чечиле элек. Бизге бөлүнгөн каражаттын эсебин коомчулукка бере кетейин. "Кыргызтелекомдун" алдындагы РПО РМТР деген ишканага 180 миллион сомун дароо которуп беребиз. Бул акча мындайча айтканда, биздин бир телеканалыбыздын жана үч үналгыбыздын сигналдарын Кыргызстандын аймагына таратууга сарпталат. Ал 180 миллиондун ичинде Россиянын ОРТ каналынын сигналдарын таратууга кетчү 50 миллион сом да бар. Ал мамлекеттер аралык келишимдин негизинде бөлүнүп келатыптыр. Бул нерсеге да айрымдар: "Россия өз каналдарын бизде таратууга өздөрү каражат которушу керек "- деген пикирлерин айтып жатышат. Бирок биз бул боюнча азырынча чечим кабыл ала элекпиз. Ошондо бизде 170 миллион сомдун тегерегиндеги эле каражат калып жатат. Каражаттын көбү эле - 94 млн сом кызматкерлерибиздин айлыгына кетет. Ал эми олтурган имаратыбызга, автоунааларыбыздын тетиктерине, декорацияга акча бөлүнбөйт. . Бизге бюджеттен каралган акча каналдын муктаждыгынын 65-70 пайызын гана жабат. Калганын биз жарнаманын, ж.б. кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен жабабыз. Кыскасы, биз жарым-жартылай өзүн-өзү баккан ишкана экенибизди айтып коюшубуз керек. Биз жакында Грузияга барып келдик. Алардын Коомдук каналынын жылдык бюджети 10 миллион евро экен. Демек, алардын бюджети биздикинен 5-6 эсеге көп экен. Биздин бюджетти жок дегенде эки эсеге көбөйтүп берсе, бир топ жакшы иштерди жасоого, ал тургай кошумча канал ачууга да мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
- Алдыда президенттик шайлоо келатат. Бул шайлоодо эң негизги күч болуп КТРК алдыда турары белгилүү. Мына ушул чоң ишке кандай даярдыктарды көрүп жатасыздар? Себеп дегенде, шайлоого карата айрым партиялар, күчтөр силерди колунан келсе, көк бөрүгө айлантып ары-бери тарткылары келгени байкалгансыйт…
- Былтыр шайлоодо табылган акчанын көбү каналдын техникалык абалын чыңдоого, жаңыртууга жумшалды. Айтсак, "Ала-Тоо" студиясынын аппараты буйруса, бир айдын ичинде толук жаңыртылат. Буга чейин "Ала-Тоо" студиясынын камералары башка бардык каналдардыкынан өтө начар болуп келген экен, жакында эле ар биринин баасы 10- 12 миң доллардан турган 8 камера алдык. Мындан тышкары "Кыргыз радиосунун" аппараттык студиялары да толугу менен жаңыртылууда. Буга чейин 10-15 жылдап жаңыртылбаган техникалар азыр жаңыртылып жатат. Албетте, техника жаңырса, кызматкерлердин айлыгы көтөрүлсө, (буюрса, жакында айлык эки эсеге көтөрүлгөнү турат) бул да каналдын сапатын арттырууга өбөлгө болмокчу. Сурамжылоолор боюнча, биздин канал Россиянын ОРТ каналы менен тең катар биринчи сапта турат. Учурда бизди күн сайын Кыргызстанда 1 миллион 200 адам туруктуу көрөт. Эң негизгиси, бизге көрүүчүлөрдүн ишеними артты. КТРКга коюлган "кара жащик" деген көөдөн кутулуп, чынында андай эмес экенин иш жүзүндө көрсөтүүдөбүз. Ал эми кыскача бир сөз менен айтканда, шайлоо учурунда эч кимге КТРКны көк бөрү кылып тартууга жол берилбейт. Андай болушу мүмкүн да эмес. Анткени биз баарына тегиз карайбыз.
- Мурда-кийин белгилүү болгондой, КТРК интриганын ордосу болуп келди эле. Бул маселе боюнча азыр эмне айта аласыз?
- Бизде жалпысынан алганда, техникалык кызматкерлерден тышкары, 400гө жакын чыгармачыл адамдар иштешет. Мынча чыгармачыл адамдын бир имаратта олтуруп иштешин өзүңүз элестетип көрүңүз. Жалпыга белгилүү болгондой, чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү башка кесиптегилерден айырмаланып, такыр башкача. Ушундан улам, буга чейин ар кандай нерселер болуп келген. Баарын ынтымакка чакырып жатам. Айта кетчү нерсе, баарына жагуу кыйын. Ошондой болсо да, азыр баарыбыз тиешелүү деңгээлде ынтымакта иштеп, бир багытты көздөп жатабыз.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев