Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бир түрктүн жосунсуз
жоругу, жалпы түрк элине көө болбошу керек
Өзүнүн кесиптешине кол көтөргөн "Бета Сторес" соода үйүнүн кызматкери Гюнеш Йылмаз менен Чолпон Орузбаеванын ортосунда болгон катардагы эле чарбалык конфликттен улуттар аралык жаңжал чыгарууну каалагандар болууда. Окуянын чоо-жайын тереңирээк иликтеп, изилдеш үчүн, "Бета-Сторес" компаниясынын башкы директору Салих Эрдогдунун да пикирин коомчулукка жеткирип коюуну туура көрдүк.
- Салих мырза, маектин алдында сиздин кызматкериңиз менен кыргыз жаранынын ортосундагы чуулгандуу окуяга айланган конфликт боюнча оңтойсуз суроолор берилээрин эскертип койсок.
- Жакшы болот. Бардык суроолоруңузга ачык, так жооп берүүгө даярмын. Анткени биз дагы бул окуя адилет, акыйкат чечилишине кызыкдарбыз.
- Ушул жылдын 16-апрель күнү "Бета Сторес 3" соода түйүнүндө компаниянын технологу Гюнеш Йылмыз кесиптеши Чолпон Орузбаевага кол салган экен.
- Ооба, ошондой окуя болду. Мындай жагымсыз окуя биздин компаниянын тарыхында биринчи жолу болуп отурат. Негизи, мындай чарбалык чыр-чатактан эч бир ишкана коргоого алынган эмес. Тилекке каршы, мындан эки кесиптештин эмес, түрк менен кыргыздын чатагы катары көрсөткүсү келгендер болуп атат. Суроонун мындай коюлушу, албетте, туура эмес. Биздин оюбузча, аял кишиге кол көтөргөн бул эң уят көрүнүш жана ким болбосо дагы улутуна карабастан кылмыш жоопкерчилигине сөзсүз тартылыш керек. Өзүңөр билгендей, кылмышкердин улуту болбойт да. Жаман эл болбойт, жаман адамдар болот. Ошондуктан бул жерден улуттук маселени көтөргөн туура эмес.
- Анда эмнеге силердин "компания жетекчилиги Гюнеш Йылмазды коргоого алып атат" деген сөздөр чыгууда. Дал ушул маселеден улам, "Бета Сторестин" алдында митинг болуп өттү го…
- Компания жетекчилиги кантип коргоп атыптыр? Бул туура эмес сөздөр. Тескерисинче, биз жапа чеккен Чолпон Орузбаеваны коргоп, Гюнеш Йылмызды эмгек жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн бардык аракетибизди көрүп келебиз.
- Митингге чыккандар сиз өзүңүз №7 ГОМго барып, "Гюнеш Йылмызды бошотуу боюнча өтүнүч кат жазып, Чолпон Орузбаеваны арызын кайтартууну суранган" деп атышат го…
- Бул жерде маалыматты ачыктан-ачык эле бурмалоо деп айтат элем. Чынында, окуя мындай болгон. Мага ошол күнү телефон чалышып, биздин эки кызматкер милиция бөлүмүнө түшүп калгандыгын айтышты. Ошол замат №7 ГОМго бардым. Ал жерден мага Чолпон Гюнеш менен урушуп кеткендигин жана бетке чаап салгандыгын айтты. "Эмне үчүн жетекчиликке арызданган жоксуң?" - десем, байкуш кыз: "Гюнеш "Жумуштан алып салам!" - деп коркутту" - дейт. Мен ага: - Менден башка Гюнеш дагы, "Бетанын" башка жетекчилери дагы эч бир кызматкерди жумуштан кетире албайт. Мага кайрылсаң болмок, биз бир чоң үй бүлөбүз да. Эч ким сени жумуштан кетирбейт. Эгер өзүңдү бул жерде ыңгайсыз сезсең, "Бетанын" башка бөлүмдөрүнө которуп коем"-деп түшүндүрдүм. Бирок Чолпон мурдагы эле жеринде иштей берем деген жообун берди. Анан маркетке чогуу кеттик. Бир сааттан кийин туугандары келди. Кийин ошол түнү Чолпондун ден соолугу кескин начарлап, реанимацияга жатып, операция болгонун уктук. Ошондон кийин туугандары милицияга арыз жазып, Гюнеш камакка алынды.
- Бирок Гюнеш баары бир эле эркиндикке чыгып кетиптир го…
- Ал 20 күн изолятордо жатып, кийин шаардык сот үй камагына чыгарган экен. Гюнеш ошол бойдон изин жашырып кетти. Бул кабарды угуп биз дагы жинибиз келди. Гюнеш Йылмазды кармоого көмөктөшүүгө Башкы прокуратура менен ИИМге кат жөнөттүк. Бирок күч органдарынан учурда эч кандай жыйынтык чыга элек.
- Балким, ал Кыргызстандан чыгып, Түркияга учуп кеткендир. Бул боюнча оюңуз кандай?
- Андай болушу мүмкүн эмес го дейм. Биринчиден, анын жарандык паспорту милицияда калган. Экинчиден, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери мындай фамилиядагы, өң-түспөлдөгү адам чек арадан өтпөгөндүгүн кабарлашты. Эң башкысы, биз Түркиянын консулдук кызматына кайрылып, Гюнеш Йылмаз менен болгон конфликтти түркиялык укук коргоо кызматкерлерине түшүндүрүп, эгер ал Түркиянын аймагынан көрүнсө, кармоого көмөктөшүүсүн өтүндүк. Ал адам жакын арада кармалып, сот алдында жооп берээрине ишенебиз.
- Эмне үчүн анда айрымдар бул конфликтке компания жетекчилигин күнөөлөп атышат?
- Муну биз дагы түшүнө албай турабыз. Бул окуядан кийин биз дагы өзүбүзчө ички иликтөөбүздү жүргүздүк. "Бетада" 1,5 айча эле иштеген Гюнеш Йылмызды компаниянын эмгек жана этикалык кодексин бузгандыгы үчүн жумуштан кетирүү чечимин кабыл алдык. Ошондой эле териштирүүлөрүбүздүн жыйынтыгында окуя болгон нан жабуучу жайдын директору жана "Бета Сторес-3" соода үйүнүн директору жумуштарынан бошотулду. Анан Гюнешти эмне үчүн жазалабайсыңар, камабайсыңар деп компанияга доомат арткандардын кеби күлкүлүү болуп отурат. Аны жазалоо, камакка алуу биздин компетенцияга кирбейт. Укук коргоо органдарына суроосу болсо, митингчилер Гюнешти эркиндикке чыгарып жибергендерге барып митинг кылышсын да.
- "Бета Сторестин" алдында митинг кылгандарга кандай баа берип атасыз?
- Эми ал митинг тынч деп аталганы менен, айрым адамдар өздөрүн өтө эле агрессивдүү алып жүрүштү. Улуттук маанайдагы чакырыктарды айткандары да болду. Соода түйүндүн ичине күч менен кирип барууга аракет кылгандар да болду. Бирок компаниянын коопсуздук кызматкерлеринин жардамы менен айрым ашынгандарын түртүп чыгарып, кардарларыбызды сыртка чыгардык. Тилекке каршы, милиция кызматкерлери да эмнегедир өтө эле пассивдүү аракет кылып турушту. Мунун баары видео тасмага түшүрүлгөн. Компания, ижарачылар соодадан көп чыгым тартышты. Албетте, бардык митингчилерди бир беткей айыптагым келбейт. Бирок маркеттеги кыргызстандык дагы, чет элдик дагы кардарларыбыздын өмүрүнө коркунуч туудуруп, өздөрүн өтө агрессивдүү алып жүргөндөр соода борборун талап-тоноону максат кылганбы деген ойго келбей койбойт экенсиң.
- Митингчилердин талабы кандай болуп атат?
- Алардын айрым өкүлдөрүн кабыл алдык. Бирок "Бета Сторестин" бардык түйүндөрүн Гюнеш кармалганга чейин жабуу, "Бетанын" бардык жетекчилерин алмаштыруу жана 50 миң доллар компенсация төлөгүлө деген талабы аша чапкандык болуп атат.
- Негизи Чолпон Орузбаевага жардам көрсөттүңөр беле?
- Биздин компаниянын кызматкерлери Чолпонго дары-дармегин же дагы бир башка жардам болсо көрсөтөлү деп бейтапканага бир нече жолу барып келишти. Биз күнөөбүздү мойнубузга алгандыгыбыз үчүн эмес, өзүбүздүн кызматкерибизге чын жүрөктөн жардам көрсөтөлү деген максатта. Анткени компанияда иштегендердин бирөө жарымы кырсыктап калса, компания өз атынан ар кандай жардамдарын көрсөткөн салты бар. Анын үстүнө Чолпон Орузбаевага кол көтөргөн физикалык тарап Гюнеш Йылмыз болуп атпайбы.
- Чолпонго Йылмаз 2 ай мурун кол салып атса, эмне үчүн бетачылар муну али күнчө жашырып келишкен?
- Биринчиден, тергөө амалдары жүргүзүлүп аткан. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү чыкмайынча, биз пикирибизди билдирбей кое туралы дегенбиз. Экинчиден, эки адамдын ортосундагы чыр-чатактан улуттар аралык жаңжал чыгарууга аракет кылгандар орто жолдон чыгаарын ойлогон эмеспиз. Анын үстүнө ошол убакта Кыргызстандагы этникалык тынчтыкты сактап калуу өтө орчундуу маселе болуп атпадыбы.
- Кыргызстандыктарга айта турган кебиңиз барбы?
- Биз айрым адамдардын чагымчыл аракеттеринен чочулап турабыз. Ошондуктан биз мамлекет башчыларынан бизди коргоп берсеңер деп атайын кайрылдык. Өзүңөр билесиңер, биздин супермаркеттер эки революциянын курмандыгына айланып, таланып-тонолду. Болуп көрбөгөндөй материалдык чыгым тарттык. Бирок ошого карабай, башыбызды бийик көтөрүп, өз ишибизди улантып келебиз. Мамлекеттен бир тыйын дагы компенсация доолаган жокпуз. Биздин компанияда 500дөн ашык кыргызстандыктар иштешет. Миңдеген кыргызстандыктар эмгектенген 100дөн ашык жергиликтүү фирмалар менен кызматташабыз. Акыркы 3 жылда эле мамлекетке 151 миллион сом салык төлөдүк. Гуманитардык жана социалдык ар кандай жардамдарды колдон келишинче берип келебиз. 2010-жылдын 7-апрелинен кийин бардык соода түйүндөрү тонолуп, соода түйүндөрү иштебей, азык-түлүк жетишпей атканда, Убактылуу Өкмөт бизге кайрылып, дан азыктарын эртерээк өндүрүүнү суранганда, ишти дароо баштап, шаардыктарды азык-түлүк менен камсыз кылдык. Анан ушундай чагымчылардын аркасында Кыргызстандагы эң ири инвестордун ишине тоскоолдуктар болуп, эки бир тууган мамлекеттин ортосуна доо кетпесе экен деген ой. Биз кыргыз бир туугандарыбызды ак ниет, меймандос эл катары билебиз. Эки бир тууган элдин ынтымагын мындан ары бекемдеп, биримдикте Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн чогуу иштешерибизге терең ишенем. "Бета Сторес" жалпы кыргызстандыктарга сапаттуу товарын тартуулоо менен, Кыргызстаныбыздын өнүгүп-өсүшүнө өз салымын кошо бермекчи!
Семетей Аманбеков