Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кыргыз Республикасынын ИИМинин жалпы ардагерлерине,
Кыргыз Республикасынын жалпы күч органдарынын ардагерлерине,
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо жана референдумдарды
өткөрүү комиссиясынын төрагасы А.Сариевге

"Милдеттерди так
аткарууга даярбыз"
КАЙРЫЛУУ
Биз, Ысык-Көл районунун аймагында жашап жаткан ИИМинин ардагерлери, Чоң-Сары-Ой аймагындагы жашаган ардагерлердин кайрылуусун райондук ардагерлердин жалпы жыйналышында талкуулап, бир добуштан кубаттоо менен Кыргыз Республикасынын ИИМинин ардагерлерине жана ошондой эле республиканын бардык күч органдарынын ардагерлерине кайрылууну чечтик. Биздин ички иштер органында иштеген көп жылдык тажрыйбабыз жана азыр пенсия курагында болсок дагы басымдуу көпчүлүгүбүз күч кубаттан тайбай, өлкөбүз үчүн, мамлекетибиздин күчтүү, абройлуу болушуна, жалпы элдин турмушунун жогорулашына жана балдарыбыздын, неберелерибиздин келечектери татыктуу болушуна өз салымыбызды дайыма кошуп турсак деген ниеттебиз. Буга мисал болуп, биздин ардагерлердин өткөн апрель революциясынын күндөрүндөгү ар бир айылдарда өздөрү жана кээ бир жерлерде элдик кошуундарды жетектеп, аймактагы тиешелүү бардык объектилерди кайтарууга алып турушу жана ошондой убакта райондун аймагында эч кандай талап-тоноочулукка жол бербей, бардык мүлктү, элдин тынчтыгын сактап турушканы далил боло алат. Азыр дагы Кыргыз элинин алдында чоң сыноо - президенттик шайлоо жакындап келе жатат. Бул саясий иш-чарага карата ар ким өз билгениндей даярдык көрүшүп, ар кандай иштерин жүргүзө баштаган убагы. Мына ушундай убакта, өзгөчө Кыргыз парламентиндеги кээ бир депутаттар жана партия башчылары бийлик үчүн ар кандай методдорду колдонушуп, элдин тынчын алып, бийлик башындагыларды жөнү жок сындоо, каралоо менен өз абройлорун көтөрүүгө умтула башташканы көрүнө баштады. Мына ушундай убакта, биз, ардагерлер, бардыгыбыз биригип, жергебизге ызы-чуу салдырбай, мамлекетибизди бардык күчүбүз менен сактап келе жаткан саясий өнөктүктү чыныгы демократиялык маанайда өткөрүп алууга активдүү катышууга чакырабыз. Биздин оюбузча, саясий партиялар, парламент, өкмөт жана бардык кыргыздын чыгаан уул-кыздары, ар кимиси ар кайсы жакка тартпай, эл үчүн биригип, жалпы эл үчүн күйө турган, түндүк-түштүк деп бөлбөгөн, уул-кыздарыбызды чет элден жумуш издетпей, элибиздин бейпил турмушун коргоп бере ала турган чыгаан инсаныбызды жетелеп чыксаңар деген тилегибиз бар.
Ошол убакта биз, президенттик шайлоодо көз карандысыз байкоочу болуп, өзүбүз жашаган айыл, шаар аймактарында аргасыздан, жокчулуктан же болбосо, түшүнбөстүктөн акчага, башка материалдык кызыкчылыктарга сатылгандар менен тиешелүү иштерди алып барып, шайлоо процессин тынч жана өз нугунда өткөрүүгө бардык күч-кубатыбызды жумшоого жана КР шайлоо кодексинин 18-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, биз ардагерлерге, тиешелүү байкоочулук полномочиелерди тапшырсаңыздар, ал милдеттерди так аткарып берүүгө даяр экенибизди билгизебиз.
Өзүңүздөргө маалым болгондой, күч структураларынын ардагерлери жашы 50дөн ашкандан баштап эле пенсия курагы болуп эсептелинет, кызматты таштоого мажбур болгонбуз. Азыр арабызда күч-кубаты толук, акылы сергек, дагы болсо тиешелүү мамлекеттик жана башка жетекчилик милдеттерди аткарып берүүгө толук мүмкүнчүлүктөрү бар инсандар табылат. Бирок ошого карабастан, биздин азыркы бийлик системасында мурдагы милиция кызматкерлерине кызмат берүү кандайдыр бир деңгээлде чектелүү бойдон калып келе жатканы баарыбызга белгилүү. Ушул жагдайлардан улам, биз коомдогу болуп жаткан процесстерден четте калбай, чогуу биригишип алып, мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүшүнө өз салымыбызды кошсок деген ниеттебиз. Сиздерди дагы, урматтуу эл башчылары, депутаттар, партия жетекчилери, мамлекетибиз, жалпы элибиз үчүн саясий маселелери чечүүдө биригүүгө чакырабыз.
Кайрылуу ИИОнын ардагерлеринин Ысык-Көл райондук жалпы жыйналышында талкууланып, кабыл алынды. 14-апрель, 2011-жылы чогулуштан кабыл алынган.
Кайрылууга ардагерлердин атынан кол койгондор ИИОнын ардагерлеринин Ысык-Көл райондук кеңешинин мүчөлөрү. Эсенкожоев К.Ж. - кеңештин төрагасы,
Шабданбеков М. - төрганын 1-орун басары, кеңештин мүчөсү,
Жумадылов К. - төраганын орун басары, кеңештин мүчөсү,
Курманалиев К. - кеңештин мүчөсү,
Алджанов Т. - кеңештин мүчөсү,
Мамытов А. - кеңештин мүчөсү,
Алчакпаев К. - кеңештин мүчөсү.




  Сактыкка кордук жок…

Киммо Килльюнен аттын
башындай алтын алганбы?
Өткөн күздөн бери былтыркы Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуяларды изилдеп жаткан эл аралык комиссиянын көптөн күттүргөн бүтүмү чыкты. Чыкканы курусун, анын корутундусу араң айыгайын деп келе жаткан жараны сыйрыгандай эле болду. Азыр коомчулукта жана парламентте эл аралык комиссиянын бир жактуу чыгарган бүтүмүнө нааразычылыктар болууда. Аларга эмне баары бир да, ушундай бүтүмдү эртеби-кечпи чыгармак. Анткени илгерки замандан бери капиталисттик түзүлүштүн ойной турган негизги оюндарынын бири. Эгер андай болбосо, чатакташкан эки жактын тең жабырлануучуларын, күбөлөрүн ж.б. видео-аудио запистерин, кассеталарын, дисктерин документтерди көргөндөн кийин калыс чечим чыгармак. Бул жерде кашкайып эле көрүнүп турат, өзүнө берилген жарым жыл аралыгында улутчул сепаратисттер менен жеринде жолугуп, сый-урматын көрүп, жең ичинен алчусун алган. Комиссиянын корутундусунда "аталган шаарларда геноцид (тукум курут) болгон эмес, - дейт да, кайра: - кээ бир жерлеринде адамзатка каршы жаман кылмыштардын белгилери бар. Аскер кийимчен адамдар аралашкан", - деп сайрап турду. Кыязы, Киммо Кильюнен мырза биздин базарларда аскер кийимдерин жөнөкөй эле адамдар кир көтөрүмдүү, бышык деп сатып алып кийишерин билбейттир. Ошон үчүн биздин мамлекет Эл аралык комиссиянын ушул бүтүмүн таптакыр эле тааныбай эле койсо болмок. Эмнеге дегенде бул корутунду боюнча К.Батыров башында турган беш-алты улутчул сепаратисттер сүттөн ак болуп чыгып жатпайбы. Демек, күнөө бизде, аларды эми кармап бермек турсун, кайра колтугуна катат. Ал жерден алар эми жөн турбай алып чыгып кеткен актынын чекесинен кертип берип, эл аралык сотко кайрылбайт деп, ким кепил болот? Муну менен эле жөн калбай ар кандай бузуп жаруучу маалыматтарды таратат. Буга окшогон окуялар дүйнө жүзүндө көп болгон жана болуп да жатат. Киммо Кильюнен андан ары жогорудагы бүтүмүн улап кандуу окуяны уюштургандар "улутчул фанатизмге" берилгендер дептир. Бул кимдер муну кандайча түшүнсө болот. Корутундусунун аягында: өзбек тилине расмий тил статусун берүү, мектептерин, жогорку окуу жайларын, маданий борборлорун калыбына келтирүү ж.б.у.сыяктуулар. Булар ансыз деле турат, козголбой эле. Мындай талаптарды аткаруу азыркы шартта таптакыр мүмкүн эмес! Буга кошумча күч түзүмдөрүндө сот, прокуратура, улуттук коопсуздук тармагына жана башка жооптуу кызматтарга аталган улуттун өкүлдөрүнөн эч бирин кызматка жакын жолотпоо керек! Жөнөкөй эле мисал, Союздун убагында бир тууган совет эли, бир үй-бүлөдөй бөлүнбөйт, улутка карабайт, мыйзам менен иштейт деди эле, эмне болду?
Бөтөнчө, Кыргызстанда аты аталган кызматтарды ар түрдүү ар кошкондон бир кошкон улуттун өкүлдөрү отурганда карапайым кыргыздарды айрыкча айылдан келгендерди ителеп адам ордуна көрбөй запкы көрсөткөнүн биздин муундагылар эч унутпайт. Анын үстүнө Орто Азиянын шартында таптакыр болбойт. Эгер буга карабай эл аралык комиссиянын кысымына чыдабай, алардын айтканын аткарса анда мамлекеттүүлүгүбүзгө доо кетет. Дүйнөдөгү аброю арткан бирден-бир эң күчтүү мамлекеттердин бири болгон АКШ жана анын айланасына бириккен бир топ капиталисттик мамлекеттер Британия, Франция, Италия жана башкалар дайым өз ара ынтымагы болбогон алсыз мамлекеттерди өздөрүнө көз каранды кылып алышат. Андан кийин мына буларды жасайсың, тигини кыл, болду айтканындай кыласың, бул деген сырткы башкаруу. Буга окшогон окуялар өткөн кылымдын аяк ченинде Югославияда орун алды. Биздегиге окшоп, улут аралык жаңжал болду, аягында аталган чоң мамлекет бытырап, үч-төрткө бөлүндү. Эгерде өз ара лидерлери ынтымак менен СССР чачырагандай болуп бөлүнсө, анда кыргын болмок эмес. Тескерисинче, бир улут аябай үстөмдүк кылып, мыкты курал-жаракка таянып, экинчи бир улутту атайылап кырды. Бул айныгыс далил. НАТО кийлигишип араң турган АКШ башындагы бириккен күчтөрү сербдердин аскердик күчтөрүн талкалап салды. Жыйынтыгында, ошол кыргынды уюштургандардын бири генерал наамындагы адам он алты жылдан бери качып жүрүп, жакында серб бийликтери тарабынан кармалып, эл аралык Гаага трибуналына өткөрүп берилди. Айтайын дегенибиз, сырткы күчтөрдүн эл аралык уюмдарды ОБСЕнин жана башка ушуга окшогон ар кандай уюмдардын биздин мамлекетибиздин ички иштерине такыр аралаштырбаш керек. Биздеги абал башкараак, былтыркы июнь коогалаңын улутчул сепаратисттер атайылап өлкөнү жарыш үчүн, өздөрүнүн арам ойлорун ишке ашырыш үчүн жасаган. Аралаштырбаш керек дегеним, биздин бийлик - өкмөт, парламент бардыгы ынтымактуу болуп, кандай гана маселе болбосун, бир пикирде, бир сөздө болуп, бир муштумга бириксе гана сырткы күчтөр даай албайт.
Азыркы күндө Ливиянын борбору Триполи НАТОнун аба чабуулдарынан жабырланып тири укмуштай бомбалоолорго туш болуп жатат. Натыйжада, бейкүнөө адамдар мерт болууда. Бийлик талашып ынтымактан кеткендер, ошентип, өзүнөн-өзү жем болуп беришет. Ошон үчүн "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" деген сыяктуу өлкөбүздүн ойронун чыгара турган ураандарды токтотуу зарыл. Чет жерден келе турган ар кандай делегация ж.б.у.с. баш терисин байкап, биздин конституциябызга туура келбесе, эл үчүн коркунуч туудура турган келишимдер болсо алардын ишмердүүлүгүн токтотуп, сүйлөшүүлөргө чекит коюу керек. Кыргыз эли мындан да жаман кыйын кырдаалдан чыгып, мамлекеттүүлүгүн сактап келген жана мындан ары да келечекке карай өсүп-өнүгүп кете берет. Болгону бийлик арасында биримдик болсо, калганы өзү чечилет. Чындык биз тарапта, ошон үчүн ишибиз оңунда болот.
Садыбакас Бакаев,
Панфилов району.