Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Ийне менен кудук казгандар…

Муканмедий Керезов,
Бишкек гуманитардык университетинин ректору:
"Эски бийлик адамзаттын тарыхында жок нерсени киргизип кеткен…"
- Муканмедий мырза, алгач БГУга ректор болгонго чейинки басып өткөн өмүр- жолуңузду кыскача айтып берсеңиз?
- Россиянын илимдер академиясынын аспирантурасын 1993-жылы бүтүрдүм. Ошол жылы мени БГУга өз кесибим боюнча чакырышты. Ошондон бери: "Дарак бир жерден көгөрөт" дегендей, ушул окуу жайдын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келатам.
Бир жыл иштегенден кийин мени кафедра башчысы кылып шайлашып, ал кызматта 1997-жылга чейин иштедим. 1997-жылы илимий иштер боюнча проректор болуп дайындалып, ал убактымда абдан аракет кылып жатып БГУнун алдында гуманитардык илимий изилдөө институтун ачып, проректорлук иш менен бирге аталган институттун директору болуп иштедим. 1999-жылы биринчи проректор кылып дайындашты. 2010-жылы 10-июнда Убактылуу Өкмөт мени БГУнун ректорунун милдетин аткаруучу кылып дайындады. Ал эми октябрдын башында президенттин буйругу менен ректор болуп дайындалдым.
Ректор болуп иштеп жатканыма 8 айдын жүзү болду. Алгач, акча көп талап кылчу иштерди токтотуудан баштадым десем болот. Себеби мугалимдерибиздин эмгек өргүү акчасын өз убагынан кечиктирбей берүүнү максат кылып, ал ишибизди толук аткардык. Андан тышкары акыркы жылдары биздин окуу жайга кабыл алуу азайып келаткан эле, мына ошону калыбына келтирүүгө аракеттерди көрдүк.
- БГУда жалпысынан канча кесип боюнча окутат? Студенттердин саны канча?
- Жалпылап айтканда, биздин окуу жайда 27 кесип боюнча билим берет. Ал эми жалпы студенттердин санын так айтуу кыйын, себеби (окуудан чыгып кетип аткандары, которулуп келип жаткандары бар) сан улам өзгөрүп турат, орто эсеп менен айта турган болсок 9700дөй. Анын 6 миңге жакыны күндүзгү окуу бөлүмүндө окушса, 3000ден ашыгы сырттан окуу бөлүмүндө.
- Окуу жайды каржылоо жана кадр маселеси тууралуу айта кетсеңиз? Бул жагын талапка ылайык деп айтууга болобу?
- Биринчиден, мамлекеттик каржылоо маселеси каралган. Бизге жылына мамлекетик бюджеттен 17, 5 миллион сом бөлүнөт. Бул каражат бюджетте окуп жаткан студенттерге жумшалат. Мурун мугалимдер акчасы аз деп бюджеттен саат алгандан качышса, жакындан бери бюджеттен саат алып окутканга кызыкдар болуп калышты. Себеби, маянабыз 3 эсеге көбөйдү. Өкмөттүн айлык көтөрүү аракети жалпы эле мугалимдердин ажатын ачып койду десем болот. Мисал катары айта кетсек, мен мурун ректор катары аркы-беркиге кармалып олтуруп 3, 500 сом алчумун. Азыр колума 9000 миң сом алып атам.
Ал эми кадр маселесин айта турган болсок, бул жагы кудайга шүгүр, талапка жооп берет. Бизде иштеген мугалимдердин саны 450, келишим менен иштешкен мугалимдердин санын кошуп айтсак 750 мугалим. Мунун ичинен илимий даражасы бар мугалимдер 31 пайызга жетти. Албетте, бул жагынан алганда окуу жайыбыз университет деген атка татыктуу. Жылына биздин окуу жайдан 1100 студент бүтүп чыкса, кабыл алганыбыз деле ушул сандын тегерегинде. Бюджетте окуп кеткендердин дээрлик бардыгы өз багыттары менен иштешет. Ал эми келишимдик негизде окуп кеткендерди өз алдыбызча иликтегенибизге караганда, бизден бүтүп кеткен студенттердин 60 пайызга жакыны (өз кесиби же башка кесип менен ) иш менен камсыз болушууда. Бирок бул да так сан эмес, так санды айтуу өтө кыйын экен.
- Өзүңүз жакшы билесиз. Бардык эле окуу жайларда пара берүү, коррупция маселеси абдан өөрчүгөн. Муну эч ким жокко чыгара албайт. Сиз жетектеген ЖОЖ деле бул жагынан куру эмес. Бул маселе боюнча кандай чараларды көрүп атасыздар? Деги эле пара алып кармалган мугалимдер тууралуу айта аласызбы?
- Мен ректор болуп дайындалганда жалпы жамаатыма: "Менин максатым, силерди коррупция маселеси менен кармап алып, сотко берүү эмес. Тескерисинче, ушундай көрүнүшкө алып келип жаткан шартты (системаны) жоюу "-деп айткам. Мен ушул максат менен иштеп жатам. Окуу жай жана мугалимдер бул маселеде таза болуу үчүн эң башкысы мен өзүм таза болушум керек. Мен өзүм пара алуу кадамына кенедей да басканым жок. Бардыгына талап коюп, бардыгын үндөп келатам.
А, чынында, силер айтып жаткан нерсе бар, жок деп айтсак калп айткан болуп калабыз. Арабызда антип пара алып шугулдангандар да бар. Мына ошолор бүт окуу жайды, бүт мугалимдерди жаманатты кылып жатат. Албетте, бул жагы абдан өкүнүчтүү.
Биз жылына, айрыкча, кышкы жана жайкы сессияларда студенттер үчүн атайы ящиктерди коёбуз. Ошол ящиктерге студенттер кайсы мугалимдер пара алып жатса, ошол мугалимдердин аты-жөнүн жазып салып коюшат. Ал каттарды атайы комиссия түзүп алып, карап чыгабыз. Бирок колунан өзүң кармап албагандан кийин, ал бизге толук далил болуп бере албайт экен. Ошондой болсо да, биз студенттер тарабынан аталган мугалимдер менен жекече иш алып барабыз. Быйыл эки мугалимибиздин аты аталды. Мурун мындан көбүрөөк экен.
- Сиз ректор болуп келгенде, эки проректорду жумуштан алдыңыз эле. Балким, ал ушул пара алуу маселесине байланышы бар чыгар? Же…
- Негизи жаңы ректор болуп келген ректордун эки проректорду көрсөткөнгө укугу бар. Ушунун негизинде мен эки адамды проректорлукка көрсөткөм. Ал эми ошол кезде иштеп жаткан проректорлор укуктарын сот аркылуу коргобостон, жамаатка кайрылышып, ошондон улам бир аз чыр болгон эле. Азыр бул маселе толук чечилди. Мурунку проректорлор министрликтен атайы түзүлгөн комиссиянын сунушу менен өз ордуларында эле калышты. Мен өзүм да бул кадамымды кийин бир аз ката катары кабыл алып калдым.
- БГУнун тышкы саясаты, тышкы мамилеси кандай жолго коюлган?
- Мен ректор болуп келгенче, окуу жайдын 50дөн ашык мамлекеттин университеттери менен катнашы бар эле. Акыркы 8 айдын ичинде андан башка жаңы 20га жакын университеттер менен келишим түзүп, кызматташуу боюнча кол койдук. Мактаныч катары айтып койсок, тил үйрөтүү жагынан Орто Азия боюнча биздин окуу жайда корей тилинин адистери мыкты даярдалат. Ушул тилде Орто Азия боюнча өткөн конкурстарда биздин окуу жайдын студенттери биринчи, экинчи орундарды камсыз кылып келатышат. 30га жакын студентибиз Кореяда билим алып жатышат. Жалпысынан алганда, биздин башка чет мамлекеттерде окушкан студенттерибиздин саны 100гө жакындап калды. Мындан тышкары биз Москва университетинде 2001-жылы биринчилерден болуп кыргыз тили боюнча атайы борбор ачканбыз. Бизден чыккан китептерди дайым салып турабыз. Кыскасы, тышкы мамилелерди күчөтүүнүн үстүндө иш алып баруудабыз.
- Эми айтсаңыз, сиз жетектеген окуу жайдын чечилбеген көйгөйү кайсы?
- Чечилбеген маселелердин эң негизгисин айта турган болсок, азыркы бийлик ЖОЖдордун студенттердин эсебинен тапкан акчаны толугу менен ЖОЖго калтыруу маселесин кийинки жылдын башында чечип берүүнү убада кылып атат. Түшүнүктүү болуш үчүн толук айталы, биздин окуу жай жылына жогоруда айтылган мамлекеттик бюджеттен тышкары келишимдик негизде 90 миллион сомдун тегерегинде акча табат. 1998-жылдан бери бул акчанын 20 пайызын өкмөт өзүнө алып келатат. Ар бир окуу жайга ушундай тартип киргизилген. Бирок бир да өлкөдө мындай мыйзам жок. Тескерисинче, көпчүлүк өлкөдө жада калса менчик окуу жайларга да бюджеттен акча бөлүп берет. Демек, эски бийлик адамзаттын тарыхында жок нерсени киргизип кеткен. Эми буйруса, азыркы бийлик мындай көрүнүштү жокко чыгарганы турат. Бул маселе чечилип калса, окуу жайдын материалдык базасы бир топ чыңдалып, өзүн-өзү көтөргөнгө жакшы шарт түзүлөт эле.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев




Сергей Сукало Максим Бакиев менен тааныш эмес
"Мен бул адам менен тааныш эмесмин жана бир дагы жолу жолугушкан эмеспиз. Мени менен "Серпеус" компаниясын Бакиев мырза менен байланыштырып күнөөлөө болбогон сөз. Андан калса, менин жана менин өнөктөштөрүм сатып алган ишканабызга башкаруу укугунан анын макулдугу менен ажыраганбыз" деп билдирди "Вести" интернет-басылмасына "Серпеус" компаниясынын директорлор кеңешинин башчысы Сергей Сукало.
"Серпеусту" сатып алардын алдында бул компаниянын "МегаКомдун" активине мыйзамдуу укукка ээ бекен деп, кылдат текшерип чыктык. Биз "Серпеустун" ак ниет сатып алуучу жана "МегаКомдун" мыйзамдуу ээси экенине ишендик. Сатып алып жаткан учурда эч кандай соттук дооматтар жана талаш-тартыштар болгон эмес" - дейт өз маегинде.
"Серпеус" жана "Грекстон" компанияларынын юридикалык даректери бирдей болуп калышы бул жөн эле дал келип калуу. "Компанияны каттоодо ырасмий өкүлдүн же агенттин жашаган жери боюнча юридикалык дареги берилет. Бул агент аталган дарек боюнча катталган компания үчүн корреспонденцияны алып, ошол компанияга жана башка кызматтарды көрсөтөт. Биз ошондо, "Грекстон" компаниясы жайгашкан дарек боюнча юридикалык дареги катталган компанияны сатып алган болобуз. Ошондой эле, ушул дарек боюнча эки жүздөн ашык ишканалар катталыптыр. Мына ушул эки жүздөгөн ишкананын бардыгы бир эле адамга тийиштүү деп айтууга негиз жок деп эсептейбиз".
С.Сукало, жакынкы үч жылдын аралыгында операторду өнүктүрүү үчүн 250 миллион доллар жумшаларын тастыктады. "Серпеус" компаниясынын башчысынын сөзү боюнча, бул инвестициялар байланыштын сапатын арттырып жана Кыргызстандын бардык аймагын, жолдорун камтууну камсыз кылат. Ошондой эле абоненттер үчүн кызмат көрсөтүүнүн тизмеси олуттуу кеңеймекчи. Ошону менен бирге, оператордун кызмат көрсөтүү боюнча наркы арзандамакчы.
"МегаКомдо" мамлекеттин укугу жана кызыкчылыгы сөзсүз эске алынат. "МегаКомго" өзүбүздүн укугубузду калыбына келтиргенден кийин, Кыргызстандын калкы бюджеттик төлөмдөрдүн көбөйүшүнөн үмүт артса болот",- деп билдирди С.Сукало. Ал ошондой эле ак ниет сатып алуучу катары укукту таануу - бул Кыргызстандын инвестициялык климатын баалоо үчүн эң маанилүү позитив болуп эсептелет. Бул "Кыргызстанга инвестиция жумшоого болот" деген эл аралык бизнес үчүн өзгөчө чакырык болот.
24.kg