Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жогорку Соттун
экс-төрагасы эми башкача ырдап баштады
Жогорку Кеңеш жана бийлик "сот системасын реформалайбыз" деп кыйкырып жатканы менен, ал аракеттин жыйынтыгы алигиче жок. Жакын арада бул маселе ишке ашаары да күмөн. "Оппозицияга кошулбайм, алар менен мамиле түзбөйм"-деп Бакиевге тил кат жазып берген Жогорку Соттун Бакиев учурундагы "бактылуу" төрагасы, азыркы "Ата-Журт" партиясынан бийлик башына кайрадан эле аман-эсен келген Курманбек Осмонов бүгүн сот системасы тууралуу башкача обон сала баштады. Ал: "Эски бийлик өздөрүнө ылайыктуу кишилерди гана сот кылып дайындашкан. Бул жагын Марат Бакиев тейлеп келген. Алар мени 2008-жылы мыйзамсыз эле Жогорку Соттун төрагалыгынан алып салышкан. Тактап айтканда, Судьялар кеңеши тарабынан мага каршы арыз Бакиевдердин айтуусу менен ресторандарда жана сауналарда жазылган. Ошондуктан Бакиевдин тушунда сот системасынын жетекчилик кызматтарында иштеген адамдардын бүгүн ал кызматтарга иштөөгө моралдык укугу жок.
Ал эми Акаев Бакиевге караганда алтын адам экен. Мен ага: "жок, бул мыйзамга туура келбейт"-десем, "кой" деп коркуп калчу, унчукпай. Ал эми Бакиевдер болсо түздөн-түз басмырлап, буйрук берип, мажбурлап жасатчу"-деп агынан жарылып алды. Кызыгың түшкүр десе, бул кепти ошол убакта айтпайбы, жанын корголоп Бакиевдин өзүнө тил кат жазып бөжөңдөбөй.
Ошондой эле ал "Ата Мекен" партиясынын 2007-жылы шайлоодо уткандыгын "ата мекенчилердин" суранычы менен жар салды. "Мен ошондо да принципиалдуу кадамдарга баргам. КСДП партиянын өкүлдөрүнөн алкыш уккам"-деди. Кыскасы, жоругу жолдо калгыр Жогорку Соттун мурунку төрагасы минтип "Төө кыядан өткөн соң", "оу, мен минткем" деп жар салып жатканына жол болсун! Кыйын болсо, ошончолук адилеттүү болсо, ошол кезде ушул сөздөрдү ачык айтса болмок. Ушуга духу жеткен болсо, эл аны алаканына салып колдоп чыкмак. Айталбадыбы, түштөн кийин түшүнөн чоочуган немедей болуп актангандан көрө, унчукпай шүк олтурса болмок, депутаттык мансапка жеткенине сүйүнүп, сакалын сылап.


"Кыйшаңдаган" ата мекенчилердин кезектеги акыйнеги
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты К. Самаков судьялардын ишмердүүлүгүн текшерген комиссияны жетектөөдөн баш тартып жатканы 15-июнда фракция жыйынында айтылды. Бул боюнча Ө. Текебаев Самаковго: "Муну комитеттин жыйынында өзүңөр чечкиле, ансыз деле кыйшаңдап жакшы карабай жатат деп атышат сени", - деп бир аз ачууланымыш этти эле, Самаков: "Кыйшаңдабай эле судьялар менен иштеш абдан татаал иш экен, 28 судьяны сурак кылдым. Биз кыйшаңдабай эле иштеп жатабыз, деги интриганы качан токтотосуңар"-деген пикирин айтып, комиссиянын төрагалыгынан баш тарта тургандыгын жар салды.
Кыскасы, Текебаев менен Самаковдун "тебиши" ушундай өңүттө улана берет окшобойбу. Кимиси кандайча кыйшаңдап жатканын, убакыт тактайт деңизчи, бирок акыркы убактарда "Ата Мекендин" ынтымагы анча болбой калганы калктын калың катмарына жетип калды.


Чек арачы жоокер кайтыш болду...
Баткен чек ара отрядында 19 жаштагы чек арачы жоокер Бекмурза уулу Каныбек 11-июнь күнү асынуу менен өз жанын кыйган. Чек арачы жоокердин өлүмүнүн себеби боюнча Аскер прокуратурасы учурда тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Бул факт боюнча иликтөө амалдары бүтсө, Бекмурза уулу Каныбектин өз жанын кыюуга эмне себеп болгондугу анык болот.
Эскерте кетсек, буга чейин Лейлек чек ара отрядындагы Катраң заставасында катардагы чек арачы жоокер Абдыразак уулу Назарбекти 3-мартта чек арачылар сабап коюшкандыгы боюнча тергөө амалдары жүргөн. Бул ишке байланыштуу 5 жоокер убактылуу камоочу жайга камалган жана 3 офицерге кылмыш иши козголгон. Ушундай эле окуя 2010-жылы Баткен чек ара отрядындагы Көк-Таш заставасында да болгон. Көк-Таш заставасынын жоокери Бакытбек Жураев аталган заставада келишимдик негизде кызмат өтөгөн ага сержант Урмат Садыровдун моюн тарабына урган катуу соккусунан улам, ооруканага жетпей каза болгон. Бакытбек Жураевдин ур-токмоктон улам каза болгон фактысы боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан адам өлтүрүү жана кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, Аскердик сот Урмат Садыровду 6 жылга эркинен ажыраткан.
Байзаковдун мекемесинде чын эле бабахандардын заманыбы?
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Эрнст Исаев 15-июнда маалымат жыйын өткөрүп, бул мекеменин учурдагы кожоюну Шейшенбек Байзаковго башынан ылдый жугунду куйду. Түрмөчүлөрдүн мурдагы башчысынын айтымында, учурда Кыргызстандын жаза өтөөчү мекемелеринин бардыгында орустар айтмакчы "бардак" өкүм сүрүп, ЖӨМКнын (ГСИН) кызматкерлери зектерге өйдө сүйлөй албай, демореализация абалында калып, айрымдары алар менен ички "разборкаларда" аралашып жүргөн экен.
Ал гана эмес, Молдовановка айылынын тегерегинде жайгашкан "молдовановкалык беш бадал" деп аталган 5 абакта бийлик тың чыкма түрмө адамдарынын тобунан турган "общакка" өткөнүн Эрнст Исаев кабарлады. "Шейшенбек Байзаковдун биринчи орун басары Калыбек Качкыналиев оперативдик жыйналыштардын биринде Бишкек шаарындагы 1-СИЗОнун "общактар" жашаган камерасын ачык калтырганын айткан. Ал жерге уюшкан кылмыштуу топтордун 15 башчысы отурукташкан. Аларда башка камералардын да ачкычтары бар. Мындан тышкары ГСИН башчылары УКТ (ОПГ) башчылары менен байланыш түзүп алышкан. Мисалы, Бабахан деген каймана аты бар белгилүү бир колониянын начальниги абакка баңги затын жана алкоголдук ичимдиктерди жеткирип турат"-деген Эрнст Исаев азыркы начальник Байзаков ГСИН кызматкерлерин мыйзамсыз кызматтан айдагандыгын айтат. Бирок Шейшенбек Байзаков өткөндө колониялардын аркасы менен байыган кызматкерлерди, чин сатып чириген байларга айланган жооптуу кызматкерлерди эл алдына алып чыгып, далайын кызматтан айдаган. Балким, ошондон улам эскилер тарабынан Байзаковго эрегиш күчөгөндүр.


Жолдошбаевдин жоруктарынан…
Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, "Беш-Сары" соода комплексине ээлик кылуучу Камчыбек Жолдошбаев 13-июнь күнү кечинде Бейшеналиева көчөсүндө соода кылуучу сатуучуларды кууп, чоң муштумдугун көрсөтүп, ал түгүл сатуучулардын катарында турган кош бойлуу аялды дагы бутуна уруп, кыйла кызык тартуулаган. Ызы-чуу болгон жерге Ленин райондук ички иштер кызматкерлери келишкенде Жолдошбаевдин ур-токмокко алгандыгы тууралуу бир нече жарандар арыз беришкен. Чыр-чатактан кийин К.Жолдошбаев наркодиспансерге текшерүүдөн өткөрүү үчүн жеткирилип, артериалык кан басымы көтөрүлүп кеткени аныкталып ооруканага жаткырылган. Учурда милиция кызматкерлери чогулткан биринчи документтер прокуратурага өткөрүлдү. Кылмыш иши козголоору, же козголбошу прокуратура тарабынан чечилмей болду.


12-декабрь - Улуттук адабият күнү
Ааламдык атак-даңкы бар Чыңгыз Айтматов туулган, улуу классик акын Алыкул Осмонов каза болгон 12-декабрь - Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланды. Пемьер-министр Алмазбек Атамбаев бул токтомун 15-июнь күнү токуду. "Чыгаан инсандар Чыңгыз Айтматовго, Алыкул Осмоновго жана башка кыргыз адабиятынын чыгаандарына урмат көрсөтүү жана кыргыз адабиятын сактап, өнүктүрүп, өркүндөтүү максатында ушундай чечим кабыл алынды"-дейт өкмөттүн басма сөз кызматы.


5-канал улутташтырылып, парламенттик каналга айланабы?
КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков 5-каналды улутташтырып, парламенттик каналга айлантуу демилгесин көтөрдү. Мындай демилгени депутаттар колдошту.
Бирок бул маселенин чоо-жайы толук карала элек. Исаковдун бул демилгеси колдоого аларлык. Негизи парламенттик республика болуп жатканыбыздан кийин, бир канал атайы парламенттик канал болушу зарыл. Бирок 5-канал парламенттик канал болгон күндө деле, аны жалпы республиканын аймагын камтып тарттыруу үчүн бир топ каражат керектелет. Ошого карабастан, бул маселе жөндүү маселе. Бирок биринчи кезекте депутаттар өздөрү кызыкдар болушу зарыл.