Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бакиевдер төрт жыл мурун эле куулмак
Кыргызстандын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (ГКНБ) башчысы Мурат Суталинов 2007-жылдын 21-мартында Нооруз майрамы аземинде ошол кездеги АКШнын элчиси Мари Йовановичке жолугушуп, айтылуу апрель митинги Ак үйдү алуу менен аякташы мүмкүн экендигин айткан кептерин "Викиликс" булагы жар салды.

Маалыматка таянсак, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Орусия бул "оюнда" конструктивдүү ролду аткарууга бөгөт коюу үчүн Мари Йованович менен соодалашуу жүргүзүлгөн сыяктанат. Эгерде апрель айында бийлик кыйынчылыкка кептелсе, АКШ саясий баш калкалоо берүүгө кепилдик берсе, Манас аэропортундагы Ганси авиабазасы сакталып каларын белгилеп, АКШнын элчилиги оппозиция менен жарандык коомдорго таасир көргөзүп, айрыкча Өмүрбек Суваналиев тууралуу ар түрдүү ушактарды, айыптоолорду жүргүзүүгө бийликке тоскоолдук кылбоо жагын өтүнгөн экен.
Бишкек мэриясы тарабынан уюштурулган расмий майрамда К.Бакиев куттуктоо сөзүн айтмак. Коопсуздукту сактоо максатында ошол учурда "ишенимдүү адамдар" да чакырылат. Алардын катарында АКШнын элчиси Мари Йованович да бар эле, бирок М.Суталинов элчини өз ордунан эмес, элдин арасынан таап, жеке сүйлөшүү үчүн дипломаттык ложага барышып, бир жарым саат маектешет. Башкалардын аларга көңүл бурганын элеске да алышпайт.
Мурат Суталинов ошол учурда К.Бакиев менен Ф.Куловдун ортосунда мандемдүү тандемдин бузулушу конфронтацияга алып келгенин, алардын жеке жолугушууларын УККнын жетекчиси катары жолугуштурганын Ф.Кулов К.Бакиевге караганда акылдуу экенин жана аны азыр элдин басымдуу бөлүгү колдоп кетерин, ага мындай шартты түзүүдө Ө.Суваналиев кошкон салымы зор экенин моюнуна алат. Бириккен фронтто Ө.Суваналиев ар түрдүү кырдаалда жагдайга ылайык иш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн эске алып, М.Суталинов элге таанымал Каттани негизги үч "мыйзамдагы ууру" катары да ушактап жиберген экен, элчи Мари Йованович мындай маалыматты биринчи укканын айтып, кагып коюптур. Кантсе да, АКШнын элчиси ЦРУ тарабынан ошол учурда көрүнүктүү фигурага айланган Ө.Суваналиев тууралуу маалымат алып турган сыяктанат.
Сүйлөшүүлөрдүн учурунда М.Суталинов оппозиция салгылашуусуз баш ийбесин, Бакиев Акаев сыяктуу качпастан ок менен тосуп аларын, кыргыз эли козголсо баарынан мурда Ганси авиабазасы жабыр тартаарын, АКШнын өз кызыкчылыгын көздөсө, оппозицияны тынчытууга көмөк көргөзөрүнө ишеним көргөзөт.
АКШнын элчиси америкалык эки элчинин "персона нон грата" (өлкөдөн чыгарып жиберүү) болгонун контрбайкоо кызматынын офицеринин кармалганына нааразы экендигин билдиргенде, бул үчүн М.Суталинов Кыргызстанда мындан кийин жайдагы окуялар кайталанбоо тууралуу "бейтарап аймактарда" сүйлөшүүлөр жүргүзүүгө макулдашат. Мари Йованович бир кафеде, же болбосо АКШнын элчилик резиденциясына макулдугун берет, М.Суталинов кафелерде тыңшоо аппараттардын орнотулганын жана жашыруун сүйлөшүүлөр резиденцияда өткөрүлүшүнө макул экендигин билдирет да, Мари Йованович ага "ФСБ тарабынан тыңшалбаган" эки мобилдик телефон номерин берет.
Сүйлөшүүлөрдүн аягында элчи М.Йованович 1996-жылдын ноябрь айындагы элдик кыймылды басууда Орусиянын кошкон салымы тууралуу сурап калат. Митаамдыгы башынан ашкан М.Суталинов буга мамлекет башчысы К.Бакиевдин катышы жок экендигин, Орусиянын ошол кездеги вице-премьер-министри Иванов менен Ф.Кулов жолугушкандыгын белгилейт. А чындыгында, элдик кыймылдын кубаттуу толкунунан корккон К.Бакиев бул жолугушуунун уюштуруучусу экендигин мурдагы Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) башчысы Иманалиев жана Бириккен фронттун лидеринин бири Ө.Суваналиев далилдеп берген.
Жогорудагы маалыматтарга таянсак, К.Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү колдорунан бийликти чыгарбоо максатында бүтүндөй Кыргызстанды сатып жиберүүгө даяр болуп калгандыгы ачык көрүнөт.

Бетти даярдаган
Эртабылды Аттокуров




Бөрктү алмаштырсаң да, баш ордунда…
(Башы өткөн санда)

Кыргыз элинин айкөлдүгүбү, же аңкоолугубу, кечээ эле "кетсин эле, кетсин!" - деп кыйкырып кубалаган адамдардын бүгүн кайра "пайгамбарга теңеген" учурларына такай күбө болуп келебиз. Алардын көбүнүн өткөндөрдөн сабак алып, эми "пейили оңолгон чыгар" дейбиз. Бирок "үйрөнгөн адат калбасын", тетирисинче, бошко кеткен убакыттарын бир келген мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып калууга аракет жасарын билип туруп кайдыгер мамиле жасайбыз. Ошону менен коррупциянын гүлдөп-өнүгүшүнө жол ачабыз. Акаевдин бөркүн Бакиевге кийгизген менен, элибизге эмне пайда болду? Бакиевге Акаевдин илимий деңгээли жуктубу? Жок! Бакиеви баягы эли "бригадирлик" деңгээлде калды.
Адам баласы жакшы нерсени жээрип, жаман жагын тез өздөштүрөт эмеспи. "Бөрк" алмашканда К.Бакиев А.Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусун өркүндөттү, ага кландык башкаруу айкалыштырылды. Кантсе да, "букачар" эмес беле, мүйүзү тез эле жетилип, көзү тумандап калдайган калкты тоготпой, зөөкүрлүктү туу тутушу акыры "Ак үйдү автомат менен корготом!" - деген убадасын аткарууга алып келди.

Аттиң, "илдетти дарылатпай", анын алдын алганды унутканыбыз! Болбосо, 1996-1997-жылдары толкуган элдин сүрүнөн К.Бакиев качканга даяр болуп, оппозиция "Жеңишке жетүү жеңил, аны сактап калуу оор" экенин унутуп, ал түгүл айрымдары өнөктөштөрүн убактылуу мансапка сатып кетишкендиги Кукеңдин бийлигин бекемдеп алышына шарт түзүп беришкен болчу.
Абийирди атак-даңкка алмашкандар деги эле карапайым калктын камын ойлойбу? Кылымга жетер каражаттарды "жамбашына" басып алышкандардын бийлик канчалык оошсо да, кылы кыйшайбасын турмуш өзү көргөзбөдүбү? Бийлик булардан арылмайынча коррупция менен кылмыш күчөй берерин партиялардын лидерлери билбейби? Жок, алар Мекенибиздин экономикасынын эңшерилгенинин түпкү себептерин, аны жоюунун жолдорун жакшы билишет. Бирок буга чечкиндүү чара көрүүгө эч кими батынбайт. Себеби лидерлер да ири суммадагы каражаттарды топтоодо арам акчаларды пайдаланышкан десек жарашат. Алардын өздөрү да дал ошол кылмыш чөйрөсү менен тамырлаш, бир чынжырга биригишкен. Кокус, бул чынжырдын бири үзүлсө, алардын чыныгы жүзү жалпы журтка ачыкка чыгып каларын билишет жана коркушат.
Конституцияда жеке адамдардын аскер бөлүктөрүн түзүүгө тыюу салат, депутат-жепжутаттар бул беренени аргасыз эл көзүнө калыс көрүнүү үчүн гана кабыл алышкан. Бирок КРнын Кылмыш-кодексинде мындай "аскер бөлүктөрү" деген эмне экенин ушул мезгилге чейин так чечмелөө жасалбай келет, демек, бул ишенбеген "өлүк" мыйзам. Тетирисинче, жогорку масштабда бийликке ээ болгондор, ал гана ар түрдүү жолдор менен чексиз байлык топтогондор легалдуу эмес жемиштүү өлчөмдө "лидерлерин" 20 жылдан бери түзүп алган. Алардын ар биринин кеминде 10-15 жан сакчылары бар, алар алып жүргөн курал-жарактар Кыргыз армиясында бар экендигине ишене албайсың. Ал эми андан башка көмүскөдө дагы канча "жалданма аскери" бар экенин ким билет?
Мындай шектенүүлөр бекеринен чыккан жок. Депутат К.Бакиевдин "жигиттери" менен УККнын кызматкерлеринин тирешүүсүн эле алып көрөлүчү. Табелдик курал-жаракчан "коопсуздук комитетинин" кызматкерлерин К.Ташиевдин "жигиттери" куралсыз "туткундап" ала алат беле? Ал эми кайсы депутаттар "өмүрүнүн коопсуздугун" шылтоолоп, канча "жигит" алып жүргөнүн ЖоКе неге жашырып келет? Бийлик бутактарынын төбөлдөрүнүн "жан-жөкөрлөрүн" эсебин алган ким бар? Бул жан-жөкөрлөр расмий эмес аскер күчү экенин ким тана алат?

Чындыгын айталы. Менчик "жан сакчылардын" көбү буканын мойнун бурап сындыргандар болот. Алар этикалык-нравалык жактан сабатсыз, маданият деңгээли төмөн, акыл-эсин ири суммадагы акчага сатып жиберген маңкурт сыяктуу көрүнбөйбү? Эгерде ээси бийликтен ажыраса, алдынан ата-энеси чыкса да атууга даяр экендигин 2010-жылдын 7-апрели аныктап койбодубу? Ушулардын арасында тажрыйбалуу киллерлер да "жан сакчылыкка" өтүп алуусу мүмкүн.
Менимче, тигил же бул бийлик өкүлдөрүнө жан сакчы мамлекет тарабынан бекитилип берилиши керек. Жеке менчик жан сакчыларын кармагандар ким экендигине карабастан, мыйзам жообуна тартылышы керек. Ансыз кылмыш саны азайбайт да, тынччылык орнобойт. Ал гана эмес мурдагы бийликтин учурундагы төбөлдөрдүн айрымдарынын парламентке келиши - самандай сапырылган акча менен легалдуу эмес аскер күчтөрүнүн айкаштыра алгандыгында деп коркпой айтсак болот.
"Аскер бөлүктөрүн" түзүп алгандарды бийлик мансабынан ажыратып көрсүнчү, ошол замат ал мансапкорлорду "коргогон коом" түзүлүп, бүтпөгөн пикет башталат. Эл көбүнчө буларды анын туугандары жана жек-жааттары деп эсептешет. Мындай "бийликкке таарынган периштеден" ири суммада маяна алган жан-жөкөрлөрүнүн үй-бүлөсү жана туугандары болуп чыгат. Ал эми "периштенин" үй-бүлөсү учурда коопсуз жерде - чет өлкөлөрдүн биринде дем алууга жөнөп кетерин ачык айтсак болот. Эгерде бул амалдуу адаттардан арылбасак А.Акаевдин кошоматчылары жана К.Бакиевдин куйруктары өздөрүнө мураска калган "бөрктөрүн" гана алмаштырганы менен, анын алдында "куйрукка айланган баш" боюнча калып отурбайбы? Анан кантип оңолобуз? Кантип коррупция менен кылмышка бөгөт коёбуз? Аңдышмайдан арылууга кайдан шарт түзүлсүн?

Кыргыздын шору ушунда тура, куйрукту баш деп алыптырбыз. Тазын да, чачтуусун да көрдүк, бизге эң негизгиси баш керек, болгондо да мээси өз милдетин так аткарган, таза баш табышыбыз керек. Ансыз оңолбойбуз, ал гана эмес, ойронубуз чыгышы мүмкүн!.. Бардыгын акча, байлык, атак-даңкы менен баалабастан, бөрк алдында кимдин "башы" жашырылганын сезе билсек болду…