Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Фарида Кулманбетова, Баатырбектин апасы:
"Баламдын азыркы абалына
дарыгерлер эле күнөөлүү…"
"Балким, сиздердин гезиттен бийлик башындагылар окушса, бизге бир жардам кылып калышаар. Соттор уялып, адилет чечим чыгарып беришээр"- деген өтүнүчү менен кайрылган Фарида Кулманбетова эженин көйгөйүн угуп, журналисттик милдетибизди аткарып, мындан он жыл мурда дарыгерлердин кайдыгерлигинен улам жарым жанга айланган 13 жаштагы Баатырбектин окуясын чагылдырып берүүнү туура таптык. Анда сөз башынан болсун.

"Кырсык каш-кабактын
ортосунда…"
- Баатырбек 1998-жылы ай-күнүнө жетип, дени-карды соо болуп эле төрөлгөн. Эки жашка чыкканга чейин баламдын эч жери ооруган эмес. Бирок кырсык деген "каш менен кабактын ортосунда" дегендей, эки жашка чыкканда күтүлбөгөн жерден кырсыкка кабылып отурат. Тактап айтканда, 2000-жылы Курман айт күнү боорсок бышырып, калган майды казаны менен чыгарып койгом. Баатырбек ошол кезде басып калып, жаны тынбай ары-бери чуркап жүргөн. Жакшы эле карап тургандай болгом, кантип казандын жанына барып, ысык майга колун салып алганын байкабай калыптырмын. Бир маалда эле баламдын ачуу үнү угулду. Чуркап келсем эле сол колун майга күйгүзүп алыптыр. Эсибиз чыгып, №3 балдар ооруканасына алып бардык. Күйүгү оор экен деп, балама тынчтандыра турган ийне сайып, бизди №4 ооруканага жөнөтүштү. №4 ооруканага барарыбыз менен Жапаров Бакыт Турдалиевич деген дарыгер: "Баланын колу 80 пайыз күйүптүр. Катетер коюш керек экен" - деп операция жасай турган бөлмөгө алып кирип кетишти да, катетер коюшкан. Бизди балабыздын үстүнө киргизген да, эч нерсе көрсөтүшкөн да жок. Төрт күн реанимацияда жаттык. Андан кийин анализ тапшырып, баарын карап чыгып, жакшы деп оорулуулар жаткан бөлмөгө которуп, "Катетерди карап тургула, баланы кыймылдатпагыла, болбосо чыгып кетет"- дешти. Бала болгондон кийин ары-бери кыймылдайт экен. Бирок ошого карабай эле колубуздан келишинче эле баламды кыймылдатпай карап жаткам. Оорулуулар жаткан бөлмөдө 3-4 күн жаткандан кийин кайра анализ тапшырсак, баары жайында экен, бүгүн катетерди алабыз дешти. Ошондо эле анысы бошоп, кыймылдап жаткан. "Бүгүн эле ала бербейсиңерби?"- деп дарыгерге кайрылсам, "бир аз кое туралы"- деп жараатын таңып чыгып кетишери менен катетер чыгып кетти. Катетер чыгып кеткенин көрүп, медайымды чакырсам, ал дарыгерди чакырып келди. Дарыгер келип катетерди карап көрүп, "катетер толук эмес экен го"- деп калды. "А канча болуш керек эле, эмне жарымы калып калыптырбы?"- десем, "Ким койду эле?"- деп сурап калды, "Бакыт деген хирург койду"- десем, "азыр көрөлү"- деп катетерди алып кетишти. Биз аздан соң, дарыгерлерге барып, "Катетерди кайра көрсөткүлө, канча см чыгышы керек эле"- десем, "врач өзү кесип салган экен"- деп коюшту. Анда да санаам тынбай, катетерди койгон дарыгер Бакытка жолугуп, "катетер толук чыккан жок деп жатышат, калып калган жокпу?"- десем, "Жок, сар санаа болбо, баары жайында"- деп баламды өздөрүнүн бөлмөсүнө алып кирип ары-бери карап көрүштү да кайра берип койду. А чындап эле кесип салган го деп ойлоп, бирок тактап коюу үчүн башкы дарыгерден да сурадым. Ал дагы эч камтама болбо, баары жакшы деген жообун айтты. Эмне кылаарымды билбей турсам, эжем келип калды. Мага айтпай жатат окшойт, сен сурачы деп аны дарыгерлерге жөнөтүм. Ага да "Баланын абалы жакшы. Эгер катетер калып калса, бала өлүп калмак. Сар санаа болбогула"- деп коюптур. Ошону менен ызы-чуу токтоп, биз ооруканадан чыгып кеттик.

"Жүрөгүнөн катетердин эки сыныгын алып чыгышты…"
- Үйгө келдик. Ойноп отуруп эле бурчка барып эле ыйлай бере турган адат таап алды. Ызы-чууну жактырбай, өзү менен өзү болуп кетти. Колунун күйгөнүнө чоочуп калган го деп ойлоп жүрдүм. Анан күз да келип, бала бакчага жөнөттүм. Ал жакта да ойноп жатып эле, бурчка барып ыйлай бериптир. Түшкүсүн уктабайт. Ошентип, 15 күн бала бакчага баргандан кийин эле оорусу күчөй баштады. Кайра дарыгерлерге көрсөтүп, дарыланып чыктык. Ооруканадан келгенден кийин бир жума өтүп-өтпөй денесинин табы көтөрүлө баштады. Күнүгө түшкө чейин температура болуп, дем алуусу кыйындап, оозу менен кыйналып дем алып калды. Кайра эмканага алып барсак, дароо эле жаткыла дешти. Сентябрда ооруканага жатып калдык. Эки ай диагноз кое албай коюшту. Эки айдын ичинде күн сайын температура, шишип алы кете берди. Эхокардиограммага тартып көрүштү. Анда да оорусунун себеби аныкталбады. Анан жакшы кардиолог бар дегенинен ошол дарыгер менен сүйлөштүк. Ал келип баланы карап көрүп эле "Буга чейин ооруканага жаттыңар беле?"- деп сурап калды. Болгонун айтсам, "Силерде "инородное тело" байкалып жатат - деди. Мунусу дагы эмнеси деп түшүнбөй сурасам, "Сиз палатага бара бериңиз. Жолдошуңуз менен сүйлөшөбүз" - деп мени бөлмөгө жөнөтүп жиберишти. Ошону менен эки күн мага эч ким эч нерсе айткан жок. Эки күн бою ойлоно берип, жинди болуп кете жаздадым.
7-ноябрда кардиологияга которуп, "Операция кылбасак болбойт. Баланын жүрөгү ириңдеп кетиптир. Ичинде ийне бар экен аны алыш керек. Эки күндүн ичинде операция кылбасак бала өлөт. Операция 600 АКШ доллары турат" - деди Дүйшебаев деген дарыгер. Бизде азыр мындай акча жок десек, издеп тапкыла, эч нерсе билбейм деди. Анан бөлүм башчысына кирип, бул дарыгерлердин катачылыгы, операциянын акчасын дарыгерлер төлөп берсин десем, арыз жаз деди. Мамакеевге арыз жазып, бекер операция жасап беришти. Операция ийгиликтүү өттү. Жүрөгүнөн катетердин эки сыныгын алып чыкты. Бири 2,5 см, бири 7, 5 см болгон. Катетер менен бирге жүрөгүнөн кандын уюгандарын алып чыкты. Көрсө, катетер барып клапанга сайылып, натыйжада баламда жүрөктүн тешик оорусу пайда болуптур.

"Тирүүнүн өлүгүнө айланып…"
- Операция аябай оор болду. Бир канча күн комада жатып, анан эсине келди. Келгенде эмне, жапжакшынакай балам тирүүнүн өлүгү болуп калыптыр. Сол жагы такыр иштебей, кулагы укпай, көзү көрбөй, сүйлөй албай калыптыр. Эч кимибизди тааныбайт. Андан бери арадан 10 жыл өттү. Ошондон бери ушундай эле абалда келе жатабыз. Дарыгерлерден такыр жардам жок.

"Күнөөлүүлөр өз жазаларын алышпай…"
- Ооба, дарыгерлердин күнөөсүн билерибиз менен сотко да бердик. Башында 16 миң сом төлөп берген, андан кийин жардам беребиз деп бизди алдап тосмо арыз жаздырып алып, ошону менен эч кандай жардам беришкен жок. Сотто болсо, Бакыт менен анын шериги амнистияга туш болду деп чыгарып жиберди. Андан кийин да үмүт үзбөй сотторго кайрылып көрдүк. Бирок бири да биздин ишти караган жок. Анын үстүнө адвокат жок иш да жүрбөйт экен. Какаганга муштаган болуп, биринчи жалдаган адвокатыбыз ишти жарымына чейин карап, таштап салды. Кийинкиси карап баштаганда жарандардын иши менен алектенбесин деп анын лицензиясын алып таштады. Ошону менен иш токтоп калган эле. Азыр кайра "Адилет" деген юридикалык фирмага кайрылып сотко берип жатабыз. Анткени ал фирма ушундай иштер менен алектенет экен. Учурда алардын жообун күтүп жатабыз. Жок дегенде врачтар баламдын ичкен дары-дармектерин төлөп берип турса жакшы болот эле. Москвага чейин барып дарыланып келдик. Жыйынтыгы жок. Мына азыр 13 жашка толгон чоң жигит болмок. Абалын карабайсызбы. Беш-алты жаштагы баладай. Өзү баса албайт. Жанында дайыма бирөө караш керек. Мен иштебейм. Кечке жанындамын. Жолдошумдун тапканы батир менен балабыздын дары-дармегинен ашпайт. Балабызга 2000 сом жөлөк-пул алабыз. Ал эч нерсеге жетпейт.

"Бакыт дагы канча баланын убалына калат?.."
- Бакыт деген дарыгер биз сотко бергенде эле жумуштан кеткен. Бирөөлөрдүн айтканына караганда, ал азыр кайра жумушка алыныптыр. Эми да канча баланын убалына калып, тагдырына балта чапканы турат, билбейм. Балабыз ооруп жатканда Бакытка жолугуп, "Сиздин кетирген кемчиликтен улам, балам оорукчан болуп калды" десем, "Силер баланы жакшы карабай койдуңар"- деп бет тырмарлык кылып кайра күнөөнү өзүбүзгө оодарып койду. А чынында, бул Бакыттын кетирген катачылыгы болчу. Анткени менин балама койгон катетер жараксыз экен. Аны койгон күндө да күн сайын алмаштырып туруу керек экен. А баламдын катетери бир жумадан ашык алмаштырылган жок. Көрсө, ал катетер эски, сына турган катетер экен. Биз өзүбүз жаңы катетер сатып берели десек, "жок, бизге жаңы катетердин кереги жок. Өзүбүздө бар" - деп болбой койгон ошол Бакыт болчу.

"Барбаган жерим, какпаган эшигим калган жок…"
- Саламаттыкты сактоо министрлигине жардам сурап канча жолу кат жаздым. Эч кандай жардам жок. Ал эле эмес, А. Акаевге, К. Бакиевге, Р. Отунбаевага чейин арыз жазып, жардам сурадым. Менин катымды саламаттыкты сактоо министрлигине жөнөтүп эле кутулуп жатышты. Жакында эле Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун орун басарына үй сурап кирсем, "Азыр бизде кризис. Эч кандай жардам бере албайбыз. Мындай балдарга үй курула элек. Кезекке тургула"- деп чыгарып жиберди. Канча жылдан бери кезекте турам. Бир жыйынтык болсочу, акчалуулар алдыга озуп, жерлерди алып кетет. Баягы эле карапайым биз калабыз. Өкмөттөн деле эч кандай жардам жок. Баары эле каражат жок деген шылтоону айтып жатышат. Жакында эле Р. Отунбаевага үй маселеси менен арыз жазсам, "Мыйзамдын чегинде аласыз. Кезекке туруңуз"- деген жообун бериптир. Качантан бери бизде мыйзам орноп калды эле? Бизге окшогон карапайым адамдар мыйзам менен иш кылышы керек да, акчалуулар мыйзамды тебелесе боло береби?.. негизи бизде акыйкаттык деле жок окшойт. Үмүтүм деле үзүлүп калды. Өз жерибизде өзүбүздүн укугубуз тебеленип кор болсок, башка жактагы жарандарыбыз кантип жатат, билбейм.

"Элимден айланайын…"
- Элимден айланайын. Колунда жок болсо да, карапайым адамдар боорукер келет экен. Москвага барарда да карапайым элдерден акча чогултуп кеткенбиз. Ошол кезде 90 депутат бар болчу. Аларга жардам сурап кайрылсам, төрт депутат 1000 сомдон, жалгыз эле корей улутундагы Сан деген депутат жыйырма миң сом берген. Калгандары "Биздин кошумча бизнесибиз жок, айлыкка иштейбиз" деген жоопторун айтышкан. Башкаларды алдаса да бизди алдабай эле коюшса болмок. Алардын эмне иш кылары карапайым калкка бештен белгилүү эмеспи.

Даярдаган Жаркынай Кадыркулова