Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Ашыктыкка арбалып…

Мар Байжиев,
Кыргыз эл жазуучусу:
"Таттыбүбү экөөбүздү жабыштырып, кызы Аселди менин кызым кылып..."
- Мар агай, тажрыйбалуу драматург катары айтсаңыз, акыркы убактарда мурункудай мыкты драмалар жазылбай деле калды. Себеби эмнеде?
- Жеке эле драма эмес, проза, пьеса, поэзия, кара сөз, айтор, адабиятка тийиштүү жанрлардын бардыгы тең эле акырындык менен муздай эрип жок болуп баратат. Руханий жан дүйнөбүз жакырланып, маданиятыбыз тормоз тепкендей токтоп калды. Мунун себеби эмнеде? Албетте, маданиятка көңүл бурган киши жок. Баарыбыздын оюбуз акча, байлык-бийлик болуп андан башка эч нерсени ойлобой калдык. Өкмөттөн болсо эч кандай жардам жок. Буга чейинки эки бийлик кандай болсо, азыркы бийлик деле ошондой маданиятка далысын салып, салкын мамиле кылып жатат. Маданият министрин куурчак алмаштыргансып, бир жылда эки жолу алмаштырып, маданиятка эч тиешеси жок маданияттын чарбасын түшүнбөгөн адамды министр кылып жатышат. "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" дегендей, ар бир тармакка ошол тармактын ийне-жибине чейин билип, иштин көзүн билген адамды жетекчи кылып дайындаш керек болчу. Мына, азыркы министрге дагы: "Айлык маяналарыбызды туура бербей койду" - дешип маданият кызматкерлеринин көбү нааразы болуп жатат. Бизди болсо, "дүжүр чалдар" дешип, эсептешкилери келбейт. Биз бар үчүн маданият-адабият сакталып отурат. Ачык эле айтайын биз болбосок, маданият эчак эле күм-жам болмок.
- Маданият министрлигин убагында Бакиев агенттикке айландырып салды эле. Кийин президентибиз Роза Отунбаева кайрадан министрлик кылып түздү. Ушунун өзү эле азыркы өкмөттүн маданиятты көтөрүүгө болгон аракетинин жогору экендигин көргөзүп турат да. Ошондуктан "азыркы өкмөт маданиятка далысын салып, карабай жатат" дегениңиз туура болбой калбайбы...
- Жок, азыркы өкмөт Бакиевчилеп таптакыр эле маданиятка кайдыгер карап, колдобой жатат дегенден алысмын. Агенттикти кайрадан министрлик кылып түзүүнүн өзү эле маданиятты көтөрүүгө болгон аракеттин жогору экендигин айгинелейт. Бирок, тилекке каршы, өлкөдө ар кандай саясий оюндар күч алып, президентибиз баш болуп ошол саясий оюндун кучагынан чыга албай жатпайбы. Өлкөбүз тынч болуп, президентибиз Р. Отунбаеванын өкмөт башчыбыз А. Атамбаевдин иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөндө маданият тармагы, жеке эле маданият тармагы эмес, бардык тармак тең бирдей өнүгүүнүн жолуна түшүп, тез эле бутубуздан туруп кетмекпиз. Алдыда президенттик шайлоо жакындап келатат. Кимиси болсо дагы эл үчүн иштеп, өлкөбүздү өнүктүрүп кете турган, жүрөгүндө ыйманы бар президент шайланса болот эле.
- Кыргыз киносунда бир канча жыл жетекчи болуп иштедиңиз. Азыркы тартылып жаткан кинолорго канааттанасызбы?
- Ишенсең, азыркы кинолордун бирин дагы көргүм келбейт. Нурбек Эген деген режиссёр чет элден каражат алып, каада-салтыбызга туура келбеген кинолорду тартып, кыргыз киносунун баркын кетирүүдө. Мисалы, "Сундук предков" деген киносун алсак, француз келинине кайнагасы каршы чыгып, кыргыз элин дүйнө элине уят кылды. Эзелтеден элибиз башка улуттан кыз алгандарга каршы чыккан эмес. Керек болсо, Манас атабыздын дагы 3 аялынын тең улуту башка болгон. Ошондой эле, Актан Арым Кубат деген режиссёр "Свет аке" тасмасында төө чечмей деп кыргыз кызын кытай жаранынын алдында энеден туума жылаңачтап бүтүндөй кыргыз кыздарынын абийирин булгады. Айтор, азыркы режиссёрлор эптеп эле оңой акча табуунун жолун көздөп, беделибизди түшүрүп, эл караган бетибизди жер каратып, дүйнө элинин алдында уят кылып жатышат.
- Легендарлуу парламенттин депутаты болуп турганда мамлекеттик символикаларды сиздер кабыл алдыңыздар эле. Учурда мамлекеттик туунун өзгөрүшүнө кандай карайсыз?
- Мамлекеттик туунун түсүнүн кызыл болушуна мен ошондо эле каршы чыккам. Негизи туунун түсү көк болууга тийиш. Анткени көк асман, түндүктү ачсаң көзүңө дароо эле көк асман көрүнөт. Ал эми кызыл түстү болсо, элбиз жоого чыкканда пайдаланышкан. Кыскасы, мамлекеттик символикаларды кабыл алып жатканда айрым депутаттар азыркыдай түндүк-түштүк болуп, экиге бөлүнүп акыры 27 депутаттын ашыкча добуш берүүсү менен туунун түсү кызыл болуп кабыл алынып калган. Ошондой эле учурдан пайдаланып, азыркы парламенттик башкаруу туурасында да сөз айта кетейин, парламенттик башкарууга мен толугу менен каршымын. Парламенттик башкаруу бул элди бөлүп-жаргандан башка эч кандай пайдасы жок. Бизге күчтүү президенттик башкаруу гана керек. Парламенттик башкаруу менен өлкөбүздө эч кандай өнүгүү болбойт.
- Сөз нугун жеке жашооңузга бурсак, үй-бүлөңүз туурасында айта кетсеңиз?
- Жубайым Мухабат менен бирге түтүн булатып жашаганыбызга 55 жылдын жүзү болду. Эки уул, бир кызым бар. 3 балам тең менин жолумду жолдоп, чыгармачыл болгон жок. Анын үстүнө балдарымдын чыгармачыл болушун өзүм деле каалаган жокмун. Улуу балам жеке ишкер. Чакан бизнеси бар, кызым турмушта, бактылуу жашап жатат. Кичүү балам болсо студент, АКШда билим алып жатат. Кыскасы, кудайга шүгүр, жашоо-шарт жаман эмес. Эл көргөн күндү көрүп, эл катары жашап жатабыз.
- Ош базарынын айрым бир бөлүгү сиздин уулуңузга таандык экен. Ал тургай мэр Иса Өмүркуловго нааразы болуп, пикетке чыккан сатуучулардын аркасында турган ишкерлердин бири сиздин уулуңуз болгондугу туурасында да коомчулукта ар кандай сөздөр айтылып жатат. Бул боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Баламдын Ош базарынын сыртында Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүн кесилишинде дүкөнү бар. Дүкөндү өз аракети менен иштеп жүрүп ачкан. Ош базарына эч кандай тиешеси жок. Айтылган сөздөрдүн баары былжыраган ушак сөз.
- "Белгилүү кино актриса Таттыбүбү Турсунбаева менен Мар Байжиевдин мамилеси абдан жакшы болгон"- деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Туура, Таттыбүбү экөөбүздүн мамилебиз абдан жакын болгон. Таттыбүбүнү сахнага алып келип кино жаатына аралаштырган да мен болгом. Эми болгон окуяны жашырбай эле башынан айтып берейин. 3-курста окуп жүргөндө "Тил табышкандар" деген пьеса жазып, ошол пьесамдын аркасы менен кыргыз киностудиясына хроника боюнча редактор болуп жумушка орношуп калдым. Бир күнү эле кыштын күнү болчу, жетекчибиз "Нарынга барып, сюжет тартып кел"- деп тапшырма берип калды. Барса барып келейин деп жаныма оператор баланы ээрчитип алып экөөбүз Нарынга жөнөдүк. Барсак, Ашыралы Боталиев Нарында жүрүптүр. Ал киши мени көрүп сүйүнүп кетти. "Ой, Мар, сенин бир комедияң бар экен ошону бул жакта тал чыбыктай болгон сулуу кыз аткарып жатат" - деп калды. Ал күнү кеч кирип кетип, баягы кызды көрө албай калдым. Кечинде театрдын жатаканасында уктап жатсам, кыйкырып-өкүргөн аялдын үнү чыгып калды. Чочуп кетип көзүмдү ачсам, маңдайымда бир келин, анын артында чачы артына жайылган, көздөрү балбылдаган оозу-башы оймоктой, дене бою керилген бир бийкеч туруптур. Көрсө, ал болочоктогу актриса Таттыбүбү экен. Ошентип, бир чети Таттыбүбүнүн сулуулугуна суктансам, бир чети талантына ашыгып эртеси шаарга келдим. Кийин Новиков деген орус менен биргеликте документалдуу кино тартыш керек болуп, ушундай Жумгалда сулуу кыз бар десем "анда жүрү"-деп экөөбүз Жумгалга барып, Таттыбүбү агасы Нуркан экөөнү тең катыштырып документалдуу кино тарттык. Көп өтпөй эле жаш актёр-актрисаларды Ташкентке окууга жибериш керек болуп, Таттыбүбүнү жиберип, өзүм билим алганы Москвага кеттим. Москвадан келгенден кийинки тарткан кинолорума Таттыбүбү роль жаратып жүрдү.
Кийин Таттыбүбү экөөбүздү жабыштырып, кызы Аселди менин кызым кылып жүрүштү. Эл көзүндөгү адам болгондон кийин ар кандай ушак сөздөр ээрчибей койбойт экен.
- Т. Турсунбаеванын эстелиги бүгүнкү күнгө чейин тургузула элек, буга кандай карайсыз?
- Таттыбүбүнүн эстелигин тургузуу боюнча депутат болуп турганда Панфилов паркынын кире беришинен жер чийдирип койгом. Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күнгө чейин чийдирип койгон жерге эстелигин тургуза албай жатышат. Ал гана эмес, Ч. Айтматовдун дагы эстелиги тургузулбай жатпайбы.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев