Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Осмон Артыкбаев,
"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жетекчиси:
"Кыргызалтын да чоң мафия
менен күрөшүп жатат…"
- Осмонбек мырза, "Кыргызалтынды" алты айга чукул убакыттан бери жетектеп келатасыз. Мына ушул убакыттын ичинде кандай иштерди аткарууга үлгүрдүңүз? Деги аталган мекеменин ишмердүүлүгү боюнча айтып берсеңиз?
- Мен бул мекемеге жетекчи болуп келгенден бери бир топ маселелерди иликтеп-аныктап чыгып, бир катар кардиналдуу чечимдерди кабыл алып, ишти алдыга жүргүзүп жатабыз. Эң башкысы, биздин карамагыбыздагы ишканалардын ишин үзгүлтүккө учуратпай, алардын толук кандуу иштешине колдон келген мүмкүнчүлүктөрдү түзүү аракеттерин көрүүдөбүз. "Макмал" алтын комбинаты тууралуу айта турган болсок, ал комбинат 1986-жылы ачылган. Долбоор боюнча 1996-жылга чейин иштеш керек экен. Ошол жылдан тартып, 2010-жылга чейин жалпысы 34 тонна 800 кг. алтын казылып алынды.
Учурда ал комбинатта 1200 адам иштейт. Тилекке каршы, өткөн жылдагы саясий окуяларга байланыштуу бул комбинат 3-4 айга токтоп, иштебей калган экен. Былтыр "Макмалдын" ишмердүүлүгү 100 миллион сом чыгым менен жыйынтыкталган экен. Учурда бардыгы ордуна келтирилип, керектүү жабдуулар менен камсыздап берип, жакында экинчи массалык жардыруу ишин жүргүздүк. Ошондой эле кадрлар маселеси менен, андан тышкары уурулук көйгөйү да күчөп бараткан экен, ал боюнча иш жүргүзүүдөбүз. Руданын чыгышын көбөйтүп жатабыз. "Кылдоо" кен чыккан жерди иштетели деген аракеттер көрүлүүдө. Алтындын запасын кеминде 15 тоннага чейин кеңейтүү үчүн чалгындоо иштерин күчөтүүдөбүз. Кыскасы, азыр "Макмал" комбинаты бир нук менен иштеп баштады.
Ал эми "Макмал" комбинаты жергиликтүү элге да социалдык жардамдарды тынымсыз көрсөтүп келатат. Айтсак, Тогуз-Торо өрөөнүндө 25 миңге жакын адам жашаса, жогоруда айткандай, анын 1200дөйү ал аймактагы жападан-жалгыз ишкана болгон "Макмалда" эмгектенет. Жолдорун оңдоп берип жатабыз, кышында дайым жабылып кала турган Ак Мойнок жана Кара-Көө деген ашууларды ачып туруу иштерин жүргүзүп келебиз. Ишкерлерди колдоо үчүн жылына 1 млн. сом бөлүп атабыз. Салыкка бир топ сумма төгүлүүдө. Жакында эле таштандыларды ташый турган атайы чоң автоунааны 30 даана контейнери менен алып бердик. Кыскасы, ар тараптан жардам берүүгө аракеттер көрүлүп атат.
Ошондой эле аталган аймакта калдыктарды сактоочу жайлар бар. Калдыктарда да алтын калып калат. Мына ушуларды иштеткенге аракет кылып атабыз. Бул маселе боюнча америкалык "Холломан" деген дүйнөгө белгилүү компания менен баштапкы келишимдерди түзүүгө жетиштик. Калдыктарды сактоочу жай курулса, ал жакта да кошумча иш орундары түзүлөт, кыскасы, бул маселе өзүбүздүн пайдабызга толук чечилмекчи.
- Солтон-Сары боюнча эмне айта аласыз. Ал жакта бир топ башаламандыктар жүрүп жатканын билсеңиз керек. Жергиликтүү эл алтын казабыз деп экологияны бузуп, айтор, өз билгенин кылып атат, ортодо кытайлыктар да жанталашып жатат дегендей…
- Чынын айтканда, акыркы убактарда Солтон-Сары такыр эле каралбай калган экен. Жакынкы үч-төрт айдан бери талапка ылайык иштер жүргүзүлүп баштады. Жолдорун оңдоп, бардык шаймандар менен камсыздап берип, кадр маселесине да көңүл буруп атабыз. Бирок бул жактагы чоң көйгөй - карьерди ачып даярдоодо болуп турат. Убагында бул маселеге көңүл бурбай, оңоюна карап ар кайсы жерлерден каза беришкен экен. Азыр баарын тазалап, ордуна келтириш үчүн 10 жылга жакын убакыт талап кылына турган болуп калды. Ал жерде Ак-Таш, Бучук деген кен чыккан жерлер бар. Убагында "Кыргызалтын" 10 миллион доллар каражат жумшаган экен. Бирок эски бийлик биздин ал жактагы жасаган ишибизди эсепке албай туруп кытайларга өткөзүп берип салган. Азыр биз Ак-Таш, Бучук деген кен чыккан жерлердин лицензиясын кайтарып алуу аракеттерин көрүп жатабыз. Өкмөткө кат жазып кайрылып атабыз. Учурда кытайлар жанталашып айрым таасирдүү чиновниктер менен сүйлөшүп, шымаланып ишти баштайбыз деп турушат. Бирок Өкмөт бул маселени кандай да болбосун, "Кыргызалтындын" пайдасына чечип бериши абзел. Жергиликтүү элдин каршы чыгып жатканына карабастан, алар элге акча жана ар кайсы убадаларды берип алдап коюп жатышат. Бул маселе толугу менен биздин пайдабызга чечилсе, анда биз биринчи кезекте жергиликтүү элдин маселесин толук чечип берет элек.
Андан тышкары биз иштетип жаткан Чаткал менен Ала-Буканын ортосунда жайгашкан Терек-Сай алтын кени тууралуу да кыскача айта кетели. Жалпыга белгилүү болгондой, ал жерге ушул аталыштагы шаарча курулган. Ал жактагы шаарчада 5 миң адам жашайт. Ал жактагы Тереккан, Чапчыма, Чаарташ, Перевальное деген кен чыккан жерлердин инфраструктурасына, кен чалгындоо иштерин жүргүзүүгө биз бир топ каражат жумшаганыбызга карабай, аталган кендердин лицензиясын да мурунку Өкмөт алып койгон экен. Кандай гана болбосун аталган жерлерди кайра бизге кайтарып бериши керек, себеби ансыз биздин келечегибиз жок. Учурда иштеп жаткан фабрика кичинекей, талапка жооп бербейт. Биз ал жакка келечекте чоң завод курушубуз зарыл. Мындан тышкары "Кыргызалтындын" көгүлтүр көлдүн жээгинде жайгашкан "Кыргыз деңизи" аттуу пансионаты бар. Бул мекемеге да акыркы убактарда талапка ылайык иштер жүргүзүлбөй калгандыгына байланыштуу, "пайда түшпөйт экен, чыгым менен жүрө берет экен" дешип сатыкка чыгарып, сатканга камынып калышкан экен. Бирок биз сөздөрдү жокко чыгарып, бир катар алгылыктуу иштерди жүргүзүп, учурда пайда түшкөн тармакка чыгарып койдук.
- Кумтөр боюнча да кеңири айтып берсеңиз...
- Учурда жалпыга белгилүү болгондой, "Центерра Голд Инк" копаниясынын жалпы акциясынын 33 пайызы биздин Өкмөткө тиешелүү. "Кыргызалтын" мына ошол 33 пайызга мамлекеттин атынан көзөмөл кылып, канадалыктар менен бирге иш алып барат. Директорлор кеңешинде, мурун экөө биздин кишилер болсо, азыр биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп дагы бир орунду алдык. Албетте, бул маселе да абдан маанилүү, анткени биз тараптан башкаруунун таасири күчөйт. Ошондой эле катуу талап коюп атып "Центерра Голддун Инк." компаниясынын биринчи вице-президентин кыргыз тараптан дайындоо маселесин макулдашууга жетиштик. Бул да чоң жетишкендик. Бул орунга сынак жүргүзүү жолу менен алынат. Сынактын шарттары "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" гезиттеринин жакынкы сандарына жарык көрдү. Мамлекетибиздин бюджети тартыш болуп, кыйналып жаткандыгына байланыштуу, канадалык компания менен бир нече жолу оор сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атып, натыйжада мамлекеттин бюджетине 33 млн. долларды дивиденд катары котортуп бердик. Ошондой эле аларга "ишканада 99 пайыз адам кыргыз жараны иштеш керек" деген талапты коюп жатабыз. Чынында, 33 пайыз үлүшү биз үчүн аз. Учурда акциянын пакетинин баасы 1 миллиард 313 миллион долларга барабар болуп турат. Акциянын пайызын көбөйтүү маселеси да каралууда. Былтыр канадалыктар Кумтөрдө жалпысынан 17 тонна алтын өндүрүп, 108 миллион доллар салык төлөдү. 6 миллион доллардан ашык "Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна" төлөштү. Быйыл буюрса, Кумтөрдө 18 миң тоннага чейин алтын өндүрүлөт. Салыкка 109 миллион доллар төлөшөт. "Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна" 7, 5 миллион доллар төлөшөт.
Бүгүнкү күндө Кумтөрдө иштеп жаткандардын 95 пайызы биздин жарандар, 5 пайызы чет элдиктер, жалпысынан алганда, 3454 миң адам иштейт. Орточо айлыгы 69 миң сомду түзөт.
- Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы барган сайын көтөрүлүп жатпайбы. Ошол көтөрүлгөн баа менен эсептешесиңерби? Деги эле бул жагынан талаш-тартыш жокпу?
- Албетте, жаңы баалар менен эсептешебиз, дүйнөлүк алтын биржада алтындын баасы канча болсо (алтындын баасын саат сайын эсепке алуу менен), ошол баада сатабыз. Бул маселе дүйнөлүк алтын биржада аныкталат, ошого ылайык чечилет.
- "Жерүй", "Талды-Булак" алтын кендери боюнча эмнелерди айта аласыз? Учурда ал жактардын абалы кандай?
- Талды-Булак алтын кени учурда казакстандык "Саммер голд" компаниясы менен биргеликте иш алып барып жатат. Жакында эле келишим узартылып, директорлор кеңеши кезектеги жыйынын өткөздү. Негизи келишим боюнча 60 пайыз алардыкы, 40 пайызы биздики. Андан тышкары тапкан пайдасынын 40 пайызы мамлекетибизде калат. Ал жакта да жогоруда айтылган Кумтөрдөгү талаптарды коюп жатабыз. Биринчи кезекте жумушчулардын 95 пайызы кыргыз жарандары болушу шарт. Жалпысынан алганда, Талды-Булакта болжол менен 60 тоннадан ашык алтын бар. Чалгындоо иштери дагы улантылып жатат.
Ал эми жер маселеси учурда чечиле элек, азырынча бул маселе жабык турат.
- Мындан башка да алтын кендери тууралуу кандай маалыматтарды айта аласыз...
- Миңдеген кен байлыктарга Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министрлиги лицензия берет. Арасында жакшы каралганы, терең каралбай калганы да бар. Баарын эле чет элдик компанияга кармата бербей, айрымдарын "Кыргызалтынга" берүү маселеси каралышы зарыл эле. Тилекке каршы, бул жагына жакшы көңүл бурулбай жатат. Ушул маселеде биздин таасирибизди, укугубузду чоңойтуп берсе, "Кыргызалтындын" өзү иштетип, өзү инвестиция тартып, талапка ылайык иштерди жүргүзгөнгө кудурети жетмек. Бул багыт боюнча атайы программа жазып жатабыз, жакында Өкмөткө сунуш кылганы турабыз.
- Эми "Кыргызалтындын" жалпы бюджети, жамааты, мамбюджетке төккөн каражаты тууралуу да маалымат бере кетсеңиз?
- 2010-жылы 746 миллион сомго товар чыгарсак, быйыл товардын көлөмүн 1 миллиард 570 миллион сомго жеткизгени турабыз. Сандар менен айталы, 2006-жылы 208 кг. алтын чыкса, 2007-жылы 211, 2008-жылы 830, 2009-жылы бул көрсөткүч кайра 65 кг. түшүп кеткен. 2010-жылы болсо 411 кг. болгон. Быйыл буюрса, 732 кг. көтөрөлү деп атабыз. Ал эми "Кыргызалтындын" жалпы жамаатынын саны 2500 адамды түзөт.
- Сөз башында уурулук маселеси боюнча учкай айтып өтпөдүңүзбү, бул маселени ачыкка чыгарбайсызбы?
- Бизде ИИМдин кызматкерлери да атайы келишим менен иштешет. "Макмалда", "Терек-Сайда", Солтон-Сарыда уурулук иштери болуп келген. Кызматкерлер, айрым жетекчилер да криминалдуу топтун мүчөлөрү менен мамиле түзүп иштеген учурлары болгон экен. Ар кандай жолдор менен уурдашкан. Мисалы, алтындын рудадагы санын азайтып, күзөт менен алып чыгып кетүү ж.б. жолдор менен....
Бул боюнча биз түшүндүрүү иштерин да тынымсыз жүргүзүп жатабыз, бир жагынан ууруларды тазалап да жатабыз. Быйыл мурунку жылдарга салыштырмалуу 7-8 кг. алтынды уурдатпай сактап калдык. Жакында эле Макмалда 20 кг. жардыруучу заты уурдалып, бул боюнча 4 жигит кармалды. Деги эле уурулук боюнча Башкы прокуратурада да бир топ иштер бар. Бирок накта ууру адамдар жоопко тартылбай, соттордон жеңип кетип жатат. Бул жагы абдан көйгөйлүү маселе болуп турат. Кыскасы, "Кыргызалтын" да чоң мафия менен күрөшүп жатат десек болот.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев