Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Эх, Шер Болот, Шер Болот, эми сиздей ким болот?
Канкор Бакиевдер калкынын жонунан кайыш тилип, каяша айткандарын сабап, каршылык кылгандарын камап жатканда кара башын калкалаш үчүн калкын таштап качып кеткендер болгон. Алардын азыркы каймана аттары "качкындар" болуп калган. 7-апрелден кийин жете келген "Жээренче чечендердин" көпчүлүгү "Ата Мекен" партиясында экенин айтсак, эч ким деле талашпаса керек. Өмүрбек Чиркешович ошондой "коёндорун" кайра кабыл албай койгондо, өткөн шайлоодо алдыңкы орунду алмак экенин элибиз эмдигиче айтып келишет. Андайлардын атактарын айткандай болбодукпу, азыр ошол акчанын арты менен келген эргулдар, эч качан эл өкүлү болбогонун өздөрү далилдеп жатышат. Алыс кетпей эле алардын Бабановго болгон атакаларын айтсак жетиштүү болот. Булар менен булганарын сездиби, Шер Болот ат тизгинин артка бурду. Ачыгын айтыш керек, бошогон Шер Болоттун ордуна ону келсе дагы, атактуу партиянын алсыраганы алсыраган, кансыраганы кансыраган бойдон калат.


Эшимканов Султановдун этегин кармады
Ар кандай жүрүштөрү менен карапайым эл түгүл, элита чөйрөсүн эриктирбей келаткан Мелис Эшимканов деген эрен бар. Ар кимдин башын айлантып, ичи-коюнуна кирип, анан тез эле… Закиржан Бакиев Белоруссияга куйрук түйүп кеткенде, Куловдун "куйругун" кармап, президенттик шайлоого барса, пиар компаниясын жүргүзүп бермекчи болуп жаткан. Албетте, бекер эмес. Анан эле Кулов президенттик шайлоого барбай турган болуп калганда, ажолукка ат салышмакчы болуп жаткан Марат Султановдун пиар компаниясын жүргүзмөкчү болуп, этегин кармап, ээрчип калыптыр. Сыягы, Марат мырза Эшимкановго жашыл акчалардын четин көрсөтүп койгон окшойт. Андайды куру кетирбеген эргул, дароо Марат мырзаны жандап, эрмешип алган көрүнөт. Кошомат сөздөрдү келтире айтып… Анткени мындай нерсе Эшимкановдун эзелтеден келаткан табияты эмеспи. Кантсин анан…


  "Светофор"

Ажы-адвокат жеңеби же айым сот жеңеби?
"Аппак" сотторубуздун "капкара" тизмесинин алгачкы каарманы Жогорку сотубуздун төрайымы Феруза айым болсо, экинчи болуп эшикти ачып кирген, эл ушунчалык жакшы билген Мадина Давлетбаева айым болду. Азыркы тапта Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басарлыгында отурган бул айым жалаң гана бийликтин заказдарын аткарып келгенин айта тургандар чекесинен табылат. Кайран Азикебиз канча деген сотторду кара тизмеси аркылуу кашайткандай болду эле, бул айым андан буйтап кеткен окшобойбу. Акин Токталиев деген ажы-адвокат бар эмеспи, дал ошол жигит азыр Мадиночкага 100 миллион сомдук доо коюп, сот менен соттошуп жатат. Арызданган Акин мырзанын айтымында, айым сотубуз куран китебин таштандыга ыргытып жиберген экен. Убагында "Алиби" гезитин Жаныш Бакиевдин уулу Асылбекке 1 миллион төлөттүрүп берген айым, эми Акинге канча айып төлөйт болду экен. Биринчи май райондук соту бул ишти 14-майда караганы жатат.

Эл аралык уюмдар Кыргызстанды жаманатты кылып бүтүрдү
Эл аралык Human Rights Watch уюму Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстандагы июнь окуяларынан кийинки тергөө жана сот жараяндарында олуттуу мыйзам бузуулар орун алганын жар салды. Бул уюмдун "Бурмаланган адилеттик" аттуу баяндамасында июнь каргашасынан кийин Кыргызстанда кыйноолор, негизсиз камоолор көбөйгөнү, кылмышка шектүү адамдар кыйноого кабылганы, алардын көпчүлүгүн өзбек тектүү жарандар түзгөнүн, бул жагдайды Кыргызстандын Башкы прокуратурасы көз жаздымда калтырып жатканы жазылат. Башкача айтканда, прокуратура органдары камактагыларга күч колдонуулар боюнча арыздарды кароодон баш тартканы, соттор кыйноо жолу менен моюнга алдырган фактыларга таянып, айыпталуучуларды узак мөөнөткө эркинен ажыратканы сынга алынган.
Айта кетчү жагдай, эл аралык деген ар кандай уюмдар Кыргызстанды көөлөп, жамандаган ар түрдүү баяндамаларды жасап, мамлекетибизде каалагандай желип-жортуп жүргөн адатка өлкө жетекчилери качан көңүл бөлүшөт? "Эл аралык" деген атка жамынган уюмдар Кыргызстанды бүтүндөй дүйнөгө жаманатты кылып бүтүрдү. Мындайларды өлкөбүздү ээн-эркин аралатып, өз билгенин кылдырбай аз-маз болсо да көзөмөлгө алып, ар кандай келжиреген маалымат тараткандарын Өзбекстан, Венесуэланын бийликтерине окшоп кулактан жетелеп, сыртка чыгарып коюш абзел болуп турат. Ушуга мамлекет жетекчилеринин эрки жетер бекен? Дегенибиз, дал ушул эл аралык делген Human Rights Watch уюму былтыркы июнь коогалаңында "кыргыздар өзбектерди геноцид кылды" деген маалыматты дүйнөгө таратып келжиреген. Эми болсо "Июнь каргашасынан кийин Кыргызстанда кыйноолор, негизсиз камоолор көбөйдү. Кылмышка шектүү адамдар кыйноого кабылды. Көпчүлүгү өзбек тектүү жарандар" - деген бузуку билдирүүлөрдү Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, уялбай-этпей эле таратып жатат. Мамлекетибизди ар качан жаманатты кылгандан башканы билбеген мындай ээн ооз уюмдарды өлкөгө киргизбеш зарыл. Болбосо, мындайлар мамлекетибизди бөлүп-жарып жок кылып жиберүүдөн башка жакшылык жасашпайт. Ушул жагдайды өлкө башчылары туура баалап, эл аралык уюмдарды өлкөбүздө каалагандай чартаңбай тепкенге жол бере беришпесе деген тилек…

Бүткөн ишке сынчы көп, же ажо башындагы чөп
Кайсы бир басылма кадимки Адахам Мадумаровдун Дубай шаарында кримавторитет Камчы Көлбаев менен жолугушканын, андан ажолукка аттанууга уруксат алганын жазыптыр. Каркыранын каргышына кабылбай жүргөн Адахан мырза, "каралар" менен кадимкидей эле мамиледе жүргөнүн көпчүлүк биле бербесе керек. Алманбет Анапияев менен абдан ынак экенин айтып, "эмне кылалы, маркум Рыспек Акматбаевдин тоюнда тамада болгонун айтсак жетиштүү болот го дейм. Айлыгыман башка байлыгым жок" - деген Адахам азыр кайсы айлыгына жашап жатат? Тынбай эле кыдырып жүрөт, кайдан каражат таап жатат? Балким, дүйнөлүк күчтүү наркобарондордун катарына кирген Камчынын калтырып кеткен каражаттарына болуп жүрбөсүн? Аксынын аялдарына эркектигин далилдей албай калган Адахам мырза, ажобузга асылган сайын анын атасы коюп кеткен атынан эмес, "ФИОсу" менен "РИО" деп тергеп келет. Айткандан уялат окшобойбу кызыталак, өзүнүкүнүн аталышы…. омей, айтып ие жаздабадымды.

Өлкө башчы Венада, Өкмөт башчы Ош, Жалал-Абадда
Президент Роза Отунбаева Венгрияга, андан соң Австриянын ордо калаасында өткөн "Европа жана Борбордук Азия" деген аталыштагы дүйнөлүк форумга катышып кайтты. Кыргызстандын мамлекет башчысы Австриянын президенти Хайнц Фишер, канцлери Вернер Файмандар менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Кыргызстандагы кырдаал, парламенттик башкаруунун алгачкы сыноолору, улуттар аралык мамиле тууралуу англис жана немис тилинде баяндама жасап, европалык ММК өкүлдөрүнүн суроолоруна эки тилде жооп берди.
Ал эми премьер-министр Алмазбек Атамбаев түштүк аймагыбызды кыдырып, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы кайра калыбына келтирүү иштери кандай жүрүп жаткандыгы менен таанышып, июнь окуясында жабыр тарткандардын "Ош шейиттери" коомунун мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрдү.
"Өкмөттүн чечими менен бул күн бүткүл өлкө боюнча эскерүү күнү деп жарыяланды. Бул биз үчүн өтө маанилүү күн. Мындай каргаша кайталанбас үчүн баарыбыз аракет кылышыбыз керек. Баарыбыз биримдикте, ынтымакта жашайлы. Акыркы күндөрү калктын кайгысынан упай топтогусу келген айрым саясатчылар өтө эле адыраңдап кетишти. Ооба, чечилбеген маселелер бар, бирок биз аны чечкенге бардык аракетибизди жумшап жатабыз" - деген Өкмөт башчы Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районуна курулган 5 кабаттуу жаңы үйдүн ачкычын былтыркы каргашадан каза болгондордун жакындарына жана жабыр тарткандарга тапшырды.

Жооштон жоон чыгат дегениңер Жолдошева беле?
Жылдыз Жолдошева деген депутаттын деңгээлин дебей эле коёлу, дегендер демейдегиден көп. Бул айымдын саясатка кандайча аралашып калганын азыркы саясатчылар абдан эле жакшы билишет. Азыр деле айтып жүрүшөт, "ар кайсыны бир айтып, ар дайым жардам сурап келе берчү" таризинде. Биз журналисттер деле жакшы билебиз, ар кандай макалаларын орустар айтмакчы "на халяву" бастырып жүргөнүн. Ар кандай оорукчан балдардын сүрөттөрүн койдуртуп, "жардам бергиле" дегендей жаны ачып, этегине өзүнүн эсеп счётун коюп жүргөнүн көпчүлүк билсе керек. Жакында эле Курманжан Датка апабыздын мааракесин шылтоолоп кайрымдуулук марафонун филармонияда өткөрүп алды. Ал жердин ижара акысына, чакыруу билеттерине канча каражат кеткенин айтпасак да, түшкөн каражаттын кандайча сарпталарын эч ким деле билбейт. Бул фонд өкмөттүк эмес уюм болгондуктан, албетте, казанды өзү кармайт, бармагын өзү жалайт. Улуу апабыздын накта урпактары ушул күнгө чейин ушул айым менен күрөшүп, азыркыга чейин адилеттикке жетпей келет. Дегеним, аял депутат болгондон кийин абайлап сүйлөсө. Шайлиевадай болом десе өзү билет дечи, бирок Кадырбековдой камалып кете турган депутаттар жок азыр.