Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Ой пикир…

Ар кайсыл жерден жыландын
башы кылтыйып келатат…
Жетинчи апрель жана Ош-Жалал-Абад окуясы Кыргыз элинин бүгүнкү дагы, эртеңки дагы бүтпөс кайгысы, муңу болуп ар бирибиздин жүрөгүбүздө өчпөс так бойдон түбөлүк кала берет. Мына ушул коогалаңдуу окуяга байланыштуу өтө маанилүү өтө чоң талаш-тартыштар болууда. Албетте, буга ар кимдин көз карашы ар башка. Ар ким өз алдынча эли-жери үчүн, күйүп-бышып келет. Бирок ошол өз алдынча күйүп-бышкан айрым ач-кыйкырык куу сүрөөн патриотторду карап туруп, бүгүн дудукка да тил кирчүдөй болуп турат. Барган сайын улам аралап, ар кайсыл жерден жыландын башы кылтыйып келатат. Эми, булар Ош окуясынын себебин Курманжан даткадан башташпаса болду.
Бүгүнкү парламенттеги ит тартышты карап туруп, ал жерде Ош-Жалал-Абад окуясын иликтөө эмес, 7-апрелде К.Бакиевдин бийлигин кулаткандардан өч алуу, аларды кандай гана жол болбосун эптеп жоопко тартуу маселеси каралып жатат. Себеп дегенде, "Ата-Журт" партиясы парламентке келген күндөн баштап, Убактылуу Өкмөттү, президент Р.Отунбаеваны баш кылып, үстөккө-босток сындап келет. Адилеттик үчүн алардын эмгектери жөнүндө кең-кесири айтууга ооздору барбайт. Негизинен: кылдан кыйкым издемей; бутактын бутак чыгармай; далилсиз караламай; мушташмай; эртеси жазышмай; албууттанган Жылдыз айым. Ушуларга карап туруп шаардын мэри И.Өмүркулов Ош базарын ушул жакка көчүрүп келгенби деген ойго кетесиң. Мындай көңүл иренжиткен көрүнүшкө бир депутат айым туура баа берди: "Бышкан ашка конок көп, бүткөн ишке сынчы көп" - деп. Кыйын кезде эл башына туруп берген аял кишини, президент Р.Отунбаеваны, колго түшкөн күнөөкөр катары орунсуз суроолорду берип, бүтүндөй өлкө алдында омуроологондору ата-журтчуларга эч бир аброй алып келбейт.
Ошол берген суроолорунун баарын документтерин, далилдеп туруп сотко кайрылышы керек эле. Менимче, түштүктүн эли деле түп көтөрө бул болуп өткөн окуяга Убактылуу Өкмөттү күнөөлөшкөн жок. Карапайым калкка бүгүн, мындан аркы тынчтыгы керек. Бирок, тилекке каршы, ошол тынчтыкты сактап, эл камын көрчү депутаттарыбыздын ичинде өз ара тынчтык болбой турат. Түндүк-түштүк маселесин жана башка улут аралык маселелерди ушул "Ата-Журт" партиясы козутуп турат. Анткени бул жерде К.Бакиевдин куйруктары "Болору болду эми, эл үчүн иштейли!"- дегендин ордуна ачыктан-ачык Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнөн өч алууга өтүштү. Эгерде булар эртерээк эс-акылдарына келип, өздөрү айткан эл ынтымагын каалашса, парламент ичиндеги ыйкы-тыйкыны токтотуш ушулардын колунда. Түштүк окуясына байланыштуу күнөөлүүлөрдү издей турган жерден издебей, издебей турган жактан издеп келебиз. К.Бакиев 7-апрелде Бишкекти канга бөлөгөнү аз келгенсип, Ошко качып барып, "керек болсо кандан көл кылам!" - деп өз элине убада берген. Ошону айткандан көп узабай, Ош аймагында кан көлгө айланды. Кыргыздардын бийлик талашып, түндүк-түштүк болуп тирешип, колтуктары көрүнүп турган маалда К.Батыровго окшогон өзбек улутундагы адамдар өз максаттарына жетиш үчүн, Убактылуу Өкмөттүн көзүнө чөп салды. К.Батыровдун күнөөсү бул окуяга тоодой. Эртеби-кечпи баары бир жоопко тартылат. Аны өзбек улуту дагы, кыргыз улуту дагы күтүшүүдө.
Бир чоң сырды басып эси оогон эки адамдын бири экинчисинен сурайт имиш.
- Чыр эмнеден чыкты? - деп, анда тиги жаны кашайып турган неме, - атаңдын башынан чыкты! - дейт, - Атамдын башынан айланган акмак! - деп тигиниси атырылып бир тиет. Ошентип, ойлонбой айтылган жооптон кайра чыр чыгат. Бизде азыр, сыягы, ошол ахыбал болуп тургандай. Мына бүгүн "Ата-Журт" партиясы алты ай бийликте турган Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүн жакадан алып жарга такап турат.
- Ош, Жалал-Абад окуясына негизги күнөөкөр болуп №1 К.Бакиев анын үй-бүлөсү жана бакиевчилер. Ал эми №2 болуп К.Батыров, аны колдогон өзбек улутундагы тамырында жердешчиликтин каны тээп, куру намыстын айынан башын жаргандар болду. Түштүк жергесинде көптөгөн жылдар бою, элдин социалдык жактан жашоо турмуштарынын бирдей эместиги түрткү болду. Бүгүнкү күндө бизде эмне көп, укук коргоочу, анан көз карандысыз эксперттер көп. Булардын арасында "чала молдо дин бузат" дегендери жок эмес. Мына ушулар Ош, Жалал-Абад окуясын көрүнгөнү көрүнгөндү айтып, татаал окуяны, ого бетер татаалдаштырып, чатыштырып таштады. Бул жерде саясаттын дагы жыты уруп кетти. "Элүү жылда эл жаңы" демекчи, бүгүнкү өсүп келаткан жаңы муундун турмушка болгон көз караштары, суроо талабы башкача. Совет коомунун учурунда биздин "Советтер Союзу!" - деген бир эле адресибиз болгон. Ал эмне бүгүн ар кимибиз өз адресибизди тапкан маалда Түштүк жергесинде эзели кыргыздардын "Сен!" - деген сөздү укпай кожоюн болуп келген өзүбек туугандарга бүгүнкү улуттук аң-сезим ойгонуп, эки жакты карай баштаган кыргыз жаштарынын мамилеси жакпай жатат. Эми, өз көзүбүздү өзүбүз чукуп, өз башыбызды бирөөлөрдүн канжыгасына байлап бербей, аярлап иш кылсак. Бүгүн Ош-Жалал-Абад окуясы боюнча эл аралык, өзүбүздүн мамлекеттик, парламенттик иликтөөчүлөр иш жүргүзүп келишүүдө. Эгерде биз ушул саам өз көз карашыбызга туруп, бирдей үн чыгарып, өз ара саясий оюндан оолак болуп, дүйнө элин ынандыра алсак, анда геноцид деген жалаадан кутулабыз. Болбосо, укумубуздан тукумубузга чейин өзбек элинин алдында күнөөлүү болуп өтөбүз. Ары айтсак да, бери айтсак да болуп өткөн биздин парламенттик шайлоо, мурунку союздук өлкөлөрдүн ичинен өзгөчө демократиялык жол менен өткөн шайлоо болду. Элге опол-тоодой эмгеги сиңген эр-азаматтар эшикте калды. Элге чымчым пайда алып келбеген баш териси жука, бирок чөнтөктөрү калыңдар төргө өтүп кетишти. Бул шайлоодо убактылуу жетекчилеринин, К.Бакиев шайлоону кандай өткөрүп келсе, дал ошондой кылып жасап коюшка толук мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Эгерде ошондой мүмкүнчүлүктөрүн колдонушканда бүгүн Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү өздөрү от менен чок кечип жүрүп түзүп берген парламент алдында сурак берип олтурушмак эмес. Мына ушуну көрүп туруп, эзели көрбөгөн, укпаган демократия бүгүн кыргыз элинде экенин өзүбүз сезип, ошонун үзүрүн элге көргөзүп, коңшу өлкөлөргө сабак кылсак. Кандай айтсак дагы ушул өткөөл маалындагы Убактылуу Өкмөттүн эл үчүн, эл бүтүндүгү үчүн кылган кызматтары зор. Ошондуктан булардын эмгегин бааласак элде ынтымак болот.

Абылкасым Абдырахмнов




Эй, жогору жактагылар!

Кыргызда башкарымыш эткен "акылдуу" атка минер балдар-кыздар түштөн кийин акылдарына келишип, обу жок чачылган, дайыны жок, көпкөнчүлүк менен ысырапкорчулук той-аштарды кыскарталы дегенине акылы тайкы мен өңдөнгөн карапайым адамдар чалкабыздан жатып алып эки колубузду, эки бутубузду көтөрүп жатабыз. Эй, жогору жактагылар, адегенде өзүңөрдөн баштагыла! Силер акылыңарга келип кафе-ресторан, казино, сауналарга барсак бутубуз сынып, тилибиз сүйлөбөй калсын деп эл алдында ант берсеңер эле тыйылат. "Балык башынан сасыйт" дегендей, "казды туурап, карганын буту сынып" жатпайбы. Айылдаш тууганым өткөн жылы ноябрь айында баласын үйлөнтүп, бир кафеге 200 кишиге чукул конок чакырып той берген. Анан эле январь айынын башында балдары ажырашып кетишти. Көрсө, балээнин баары ошол тойдон болуптур. Курган бала алчу кызына тойду "Золотой дракондо" өткөрөбүз, лимузинге салып саякаттатам, тоюбузда Мирбек Атабеков ырдайт деп кыздын кулагына кесмени илген экен. Анын баары каражатка байланыштуу аткарылбай калып, кыз сен мени досторумдун алдында "позор" кылдың деп кетип калыптыр. Бала болсо досторумду кантип карайм деп Россияга кетип дайын жок. Кудалары эл караган бетибиз жер карады дешип, алып келген эмеректерин түн ортосунда ташып кетишти. Мына, азыркы тойдун аркасы.
Мынча болду дагы бир керекке жарап самопал эстеликтерди курганды дагы токтоткула! Кыргызстанда адам суктанып оозун ачып таң калып карап тургандай кайсы бар? Мүмкүн, мен көрбөй жүргөндүрмүн, көзгө сайып көргөзүп берсеңер? Совет-Чүй көчөлөрүнүн бурчунда желекпи, жоолукпу, желбиреткен бир аялдын эстелиги турат. Эч бир образ жок. Ага караганда кээ бир көрүстөндөгү эстеликтерди таң калып жалдырап ойлонуп карап каласың. Андан ары Курманжан апанын эстелиги деген атты алган бир эстелик турат. Аны кургандар эмнени айталы дегенине түшүнүп болбойт. Өңгөнү билбейм, мага моло таштарды аралап келе жаткан актриса аялдын образы келет. Андан ары аянтта түндүк кармап, жумуртка баскан аялдын эстелиги. Аны жазып, айтып жатып тажатышты.
Филармониянын артында "Эл куту" деген эстелик комплекс бар эле. Четинен тирүүлөрдүн, маркумдардын баштарын кемирип отурушуп, каркасы эле калды. Каапыр жаман көрүнөт экен, орустардын крестиндей болуп. Элге уруксат бербейсиңерби түн ичинде сен көр, мен көр кылгыла деп. Жаңы конуштун жашоочулары бат эле тым кылышат. Анткени ал жерде мрамор, темир, бетон бар эмеспи. Дагы айтаарым, Жылдыз Жолдошева деген депутат бакырып жүрөт дейт, мага көлдүн жээгинен 20 гектар жер бергиле деп. Эгерде тезинен чечип бербесеңер мандатымды тапшырып, бомба жарам - деп. Айланайын Жылдыз, жети атасынан бери Көлдө жашаган уул-кыздарыбыз 20 гектар эмес, жети сотых жер ала албай жүрүшөт! Курманжан апанын арбагы Жылдызды уктатпай жаткан имиш. Эртерээк жерди алып пансионат, казино, кафе салдырбасаң арбагым ыраазы болбойт деп. Эгер карга карганын көзүн чокубайт дегендей, 20 гектар жерди берсеңер эртеси эле тартып алабыз. Ушуну эсиңерге салып койгула!
Айланайын көпөс-байлар, андан көрө бала бакча, мектеп, китепкана, маданий үйлөрдү салсаңар боло? Эртең эле окуу жылы башталат. Китеп чыгарсаңар боло, эсил кайран СССРден калган китептерди окута бербей. Чоң энемдин дамбалындай болуп ал китептердин тарпы чыгып бүттү. Жолуңар болсун, кыргыздын азыркы жолойлору! Калганын кийин дагы жазарбыз.

Беккелди Кебай ,
Балыкчы шаары.