Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Чубактын кунундай чубалжып...

Ош окуясынын
күнгөй-тескейи, же
чындык өлгөн жерде…
Мамлекетибиздин түштүгүндө орун алган 2010-жылдын июнь айындагы улуттар аралык коогалаңды иликтеген депутаттык комиссия өз бүтүмүн президент Роза Отунбаева, өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү менен чогуу-чаран эки күн бою талкуулады. Талкууга 7-апрелден бери Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү болуп кызмат кылышкан адамдар дагы катышты. Депутаттык комиссиянын курамына 5 фракциядан 5тен депутат мүчө болушкан. Алардан үчөө: Исмаил Исаков, Жылдызкан Жолдошева, Ширин Айтматова комиссиянын корутундусуна кол койгон эмес.
Депутаттык комиссиянын июнь окуясы боюнча чыгарган жыйынтыгына эки күндөн кийин, тактап айтканда, төртүнчү күнү чекит коюлат. Кошумчалай кетсек, Т. Мамытов башында турган комиссиянын жыйынтыгы азырынча негиз катары кабыл алынды. Бирок ал негиз боло турган токтомго депутаттардан 60тан ашуун ар кандай сунуштар түшкөн. Төмөндө, биз ЖКнын залында сүйлөшкөн айрым саясатчылардын сөзүн окурмандардын назарына сунуштамакчыбыз.

Роза Отунбаева ,
КРнын Президенти:
- Июндагы коогалаңды иликтеген депутаттык комиссиянын чыгарган корутундусун өкмөт, парламент болуп чогуу-чаран эки күн бою талкууладык. Эми кабыл алуучу токтомдо 7-апрелдеги жана июндагы эки чоң окуяны калыстык менен карап, адилет жыйынтык кабыл алышыбыз абзел. Биз 7-апрелдеби, июнь коогалаңында болобу оттун арасында жүрдүк. Албетте, бизден кеткен кемчилдиктерге жооп бергенге даярбыз. Бирок болгон бардык нерсени акыйкаттык менен анализдешибиз абзел. Дегеним, былтыр 7-апрелде жарандарыбыз Бакиевдин аттырган огунан кайтыш болуп жатканда, ушул залда отурган айрымдар ошондо ушул жерде отурушкан. Комиссиянын төрагасы Токон Мамытов докладында: "7-апрель болбосо, июнь коогалаңы болбойт эле" - деп туура белгилептир. Ошондуктан бардык нерсени бар жактуу карап, бир тарапты гана күнөөлөгөн туура эмес деп эсептейм.
Бул жерде эки маселеге өзгөчө көңүл бурулду. Биринчиси, каргашалуу окуялардын күнөөкөрлөрү жазасын алыш керек деген көп сөз болду. Экинчиси, мындан ары кандай кылсак, коогалаңдуу окуяларга жол бербейбиз деген ойлор айтылды. Биз дал ушул экинчи маселеге көбүрөөк көңүл бурушубуз кажет эле. Азыр элдин колунда миңдеген курал-жарак бар. Анын баарын кайтарышыбыз керек. Беш миңден ашуун кылмыш иши ачылган. Алардын баарысын иликтеп, ордуларына коюу зарыл. Ал үчүн сот тармагындагы маселелерди чечүү өтө маанилүү иштерден болуп турат.
Мына, депутат Мыктыбек Абдылдаев Эл аралык сот боюнча маселе козгоп, Кыргызстандын маселесин эл аралык сотко берсе эмне болот деген оюн билдирди. Мен айтып коюшум керек, бизге эл аралык кылмыш сотунун, эл аралык комиссиянын отчёту боюнча күчү өтпөйт. Себеби биз бул эл аралык кылмыш сотуна мүчө эмеспиз. Анын үстүнө июнь коогалаңын иликтеген эл аралык комиссиялардын чыгарган корутундуларын биз таанып ратификациялаган жокпуз. Анткени июндагы кандуу каргашалуу окуя адамзатка каршы жасалган кылмыш ишине жатпайт.

Алмазбек Атамбаев,
Өкмөт башчысы:
- Былтыркы каргашалуу окуяны иликтеген комиссияга рахмат айтам. Абдан чоң жумуш жасашты. Өткөн жылы эле Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары 14-июнда кайгылуу окуяны алдын албагандыктан, тынчтыкты сактай албай калгандыктан, элден кечирим сураганбыз. Бирок бул жерден өзүңүздөр угуп жатасыздар, былтыр 7-апрелден кийин абал өтө оор болуп, Убактылуу Өкмөттүн Кыргызстандын түштүк аймагын башкара албай калганын. Албетте, каргашалуу кандуу окуянын түпкү себеби - ыйман, абийир дегенди унуткандан келип чыкты. Ошондуктан биз былтыр эки бир тууган мусулман элдин урушун автоматка караганда имамдар, молдолор токтотот деп, 13-14-июнда кырктай имамды чогултуп Ош, Жалал-Абадга жибергенбиз.
Алмазбек Атамбаев 20 жылдан бери ушакка көнүп бүткөн. Гезиттер аркылуу мени шыбап жатасыңар. Бирок трибунадан ушакты айтканды токтоткула. Ошондуктан Атамбаевдин, Текебаевдин Кадыржан Батыров менен жолугушканын айткан телефондук сүйлөшүүнү тактоо үчүн экспертиза текшерсин.
Эми биз экинчи мындай кандуу окуя кайталанбасын десек, Кыргызстан гүлдөгөн өлкө болсун десек, башкача бир жолду тандашыбыз зарыл болуп турат. Агайын-тууганда эч качан мындай каргашалуу окуя кайталанбасын. Биз андай каргашага жол бербейли. Менин тилегим да, каалоом да ушундай.

Акматбек Келдибеков,
Жогорку Кеңештин төрагасы:
- Июнь коогалаңын иликтеген комиссиянын үч отчётун карадык. Токон Мамытов башында турган комиссиянын көпчүлүк өкүлдөрү кол койгон отчёту негиз катары карап, ал эми комиссиянын жыйынтыгына макул болбогон Исмаил Исаков менен Жылдыз Жолдошеванын отчётторун өзгөчө ой пикир катары уктук. Апрель, июнь окуялары кыргыздын тарыхындагы кара тамгалар менен жазылып калган эң трагедиялуу окуялардан болду.
Мен жакында Казакстанга барып келип, аябай таң калдым. Отуз-кырктай казак илимпоз окумуштуулары чогулуп алышып, казактардын 100 томдон турган тарыхын жазып жатышыптыр. Биз болсо жыйырма жылдан бери тарых жазмак түгүл, бийлик талашып, ызы-чуудан көтөрүлө албай, акыры кан төгүлүп, кайгылуу окуяны баштан кечирип отурабыз. Мунун себеби эмнеде? Жыйырма жылдан бери улуттук идеологияны унутта калтырып, жеке арбайыбыздын кызыкчылыгын көздөп калганыбызда. Биз, кыргыз эли, Кыргызстан биздин мекенибиз дегенди кайсы улуттан болбосун ар бир жарандын жүрөгүнө салмайын, эч качан өнүп, өспөйбүз. Биз ушул нерсени унутта калтырыптырбыз. Андыктан кандай мыйзам жасабайлы, кандай мамлекеттик башкаруу системасына өтпөйлү кыргыз элин сүйүп, кадырлап, барктамайын жакшылыкка жетпейбиз.
Мына Кадыржан Батыров камалсын дегенден кийин бир жума бою эмне себептен кармалган жок? Эмне себептен Салахидиновду кармап келишсе, кайра коё берип жиберишкен? Эмне себептен 7-апрелде телефон менен баарын башкарып буйрук берип жүргөн Оксана Малеванная, сот болуп жатса оңой-олтоң чыгып кетет деген көптөгөн суроолор туура берилди. Ошондой эле тил көйгөйү, мектеп маселеси боюнча да туура пикирлер айтылды. Эмне себептен жүздөн ашык өзбек мектептери болуш керек? Өзбек мектептери Кыргызстан китеп менен камсыз кыла албагандыктан, Өзбекстандан китептерди алып келип окушат экен. Ал жактан алынып келинген китептерде Кыргызстандын тарыхы, желеги, гимни, президенти жок. Бүт баарысы Өзбекстандыкы. Ушунун баары биздеги улуттук идеологиянын жоктугунан чыгып отурат. Мектептерди китеп менен камсыз кыла албагандан кийин, мамлекетибиздин келечегин кантип элестетебиз? Ошондуктан болгон мектепти жүз пайыз китеп менен камсыз кылышыбыз абзел.
Урматтуу депутаттар, биз бул иликтөөдөн кимдир бирөөнү жазалаганга эмес, кандуу окуялардын экинчи кайталанбай турганына басым коюшубуз керек. Ансыз дагы жетишерлик кан төгүлдү. Албетте, бул окуяга адилет, калыс саясий баа беришибиз абзел. Саясий баа бере албасак, келечектеги 10 жылдабы, 20 жылдабы кандуу окуя кайра кайталанбайт деп кепилдик берүү кыйын. Ошол үчүн токтомду кабыл алып жатканда мындан ары кайгылуу окуялар кайталанбаш үчүн парламент, өкмөт, президент эмне иш алып барыш керек дегенге көбүрөөк көңүл бурушуңуздарды өтүнөм.

Өмүрбек Текебаев,
"Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси:
- Мамлекетибиздин түштүгүндөгү июнь окуясынын негизги себептери 6-7-апрелдеги окуялар. Ал эми 6-7-апрелде күнөөсүз элдин канын төккөн үй-бүлөлүк, криминалдык, кландык режим. Курманбек Бакиев 7-апрелде өз элине ок аттырып, жүзгө жакын адамдарды өлтүрүп, жүздөн 500гө жакын адамды жарадар кылып качып кетти. Ошол учурда Убактылуу Өкмөт саясий жоопкерчиликти өзүнө алды. Ырасында, ошол кезде Убактылуу Өкмөттүн өлкөнүн түштүгүн башкарууга толук күчү жетпей жатканы абсолюттук чындык болгон. Мына ушундай абалдан пайдаланган айрым чагымчыл деструктивдүү күчтөр өз кызыкчылыктарына иштей башташты. Муну эл аралык дагы, биздин мамлекеттин дагы, Токон Мамытов башында турган депутаттык комиссия дагы белгилешти.
Бакиевдер өлкөгө криминалдарды пайдаланып, ага урук-туугандары кошулуп ачыктан-ачык күрөш жүргүзүштү. Мамлекеттик мекемелер бир нече жолу басылып алынды. Реваншисттер менен ыңгайлуу учурду күтүп жүрүшкөн сепаратисттердин кызыкчылыктары төп келип биригип кетишти. Криминал, наркобизнесмендер да аралашты. Мына, сиздер айтып жаткан Салахидинов "Ак жол" партиясынын мүчөсү, Иномжан Абдрасулов "Ак жол" партиясынын Ош облусу боюнча төрагасы, Кадыржан Батыров 2007-жылкы парламенттик шайлоодо "Ак жол" партиясын ачыктан-ачык колдоп чыккан. 2009-жылы президенттик шайлоодо биз Атамбаевди колдоп чыкканда, Кадыржан Батыров Курманбек Бакиевди колдогон. Ушунун өзүнөн эле ким кимдин адамы экенин билүүгө болот. Алар учуру келгенде реваншисттер менен биригип, бийликтин алсыздыгынан пайдалангылары келди.
Убактылуу Өкмөт үч ай бийликте болуп, берген убадаларын аткарды. 10-июндагы каргашалуу окуя болгондо, 14-июнда расмий түрдө: "Урматтуу мекендештер, биз сиздердин бейпилдигиңиздерди камсыздай албай калдык. Бүлүндүргүчтөр бизге
...караганда күчтүүрөөк болуп чыкты. Биз бул жоопкерчиликти мойнубузга алабыз" - деп Убактылуу Өкмөттүн атынан чыгып билдирүү жасады. Ал эми жүздөгөн адамдын өмүрүн кыйган Бакиев кечирим сурадыбы? Сурамак "түгүл, акчага сатылган, наша чегип алган адамдар бийликти басып алабыз деп барып өлүштү" деген сөздөрдү айтты. Болуптур, Бакиев жалгыз бирөө экен дейли, анын жанында жүргөн адамдар, ошол учурдагы өкмөт мүчөлөрү бизден дагы күнөө кетти дешип кечирим сурап коюшкан эмес. Тескерисинче, чекчеңдеп чыгышып, "эмнеге алар Ак үйдүн темир торун келип кармашат? Кармаган соң атат да" дешип бүгүнкү күнгө чейин айтып отурушат. Ал гана эмес, Бакиевди кайра алып келебиз дешип алакан чаптырып, добуш жыйнап жүрүшөт.
Убактылуу Өкмөт убадасын аткарып, таза шайлоо өткөрүп, тынчтык жолу менен бийликти алмаштыруу салтын түзүп берди го. Бийлик алмашып, куугунтукталып, түрмөдө чирий тургандар бийликке келишти го. Берген убадаларыбызды тоскоолдуктарга карабастан аткардык. Анын жыйынтыгы мына силерсиңер.
Урматтуу депутаттар, Башкы прокуратура кандуу окуяга түздөн-түз күнөөлүүлөрдү иликтеп чыгып жоопко тартышы керек. Негизгиси биз мамлекеттик идеологияны иштеп чыгып, аны аксакалдан тартып, жаш балдарга чейин сиңиришибиз зарыл. Мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтиргендерди жоопко тартуунун ийне-жибине чейинки механизмдерин иштеп чыгуубуз абзел. Биздин бүгүнкү талкуубуз, чоң социалдык, саясий, экономикалык программаларды иштеп чыкканга мүмкүндүк ачат деп ойлойм.

Эркинбек Алымбеков,
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты:
- 7-апрель менен июнь окуяларынын тамыры бир. Эгер 7-апрелдеги окуялар болбогондо, сиздер менен биз чогуу отуруп бүгүнкүдөй ачуу чындыкты айтканга мүмкүнчүлүк болмок эмес. Президентке, Башкы прокурорго, өкмөт мүчөлөрүнө ачуу сындарды айтмак түгүл, Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев, Максим Бакиев эле эмес, алардын арзыматтары болгон Елисеев, Гуреевич сыяктуу "эр-азаматтардын" кастюм-шымынын чаңын тазалап жүрмөкпүз. Мына бир жарым жыл мурда Жогорку Соттун соттору менен сүйлөшүп калганыбызда алар айтышчу: "Максимди айтпай эле коёлу Елисеев деген телефон чалмак түгүл sms менен тигил ишти мындай чечесиң, бул ишти мындай чечесиң деп буйрук берип калды" - деп. Ошол үчүн Убактылуу Өкмөттү күнөөлөгөндөн мурда берген убадаларын аткарышкан, кандуу окуяларда тикесинен тик туруп, туруктуулукту камсыз кылышкан 14 эр-азаматтарыбызга ырахматыбызды айтышыбыз керек. Эгер Убактылуу Өкмөт өлкөнү турукташтырып, легитимдүү бийликтин келишин камсыз кылбаганда, 5-6дан Убактылуу Өкмөт болуп, ар кайсынысы ар кайсы жерде талаа командирлерине айланып бийлик жүргүзүп калса эмне болот эле? Ошондуктан урматтуу депутаттар, окуяга калыс баа берип, кандуу окуянын чыгышына себепкер болгон чагымчыларды жоопко тартышыбыз керек.
Исмаил Исаков,
КСДП фракциясынын депутаты:
- Кыргызда: "Чындык чычалатат" - деген сөз бар. Мына ушунун негизинде бир окуя эске түшүп олтурат. 2002-жылы болуп өткөн Аксы окуясын ЖКнын атайы түзүлгөн комиссиясы иликтегенде да, мен алып келген материалдар ЖКда өтпөй калган. Укпай коюшкан. Анда да, төртөөбүз калганбыз, төртөө эле кол коюлган. Ал кезде, А. Эркебаев спикер болчу. Темирбек Акматалиев Ички иштер министри болуп турган. Ошол Акматалиев ЖКда: "Аксы окуясында 70тен ашык милиция жарадар болду, аларга эл ок аткан"-деген жалганды, кудайды карабай туруп калп айткан эле. Бирок ал эч качан чындыкка коошпогонун кийин комиссия иликтеп чыкты го. Мына, бүгүн да ушул өңдүү калп сөздөр айтылып кетип жатат. Урушту, жаңжалды токтотконго салым кошкондорду күнөөлөп жатабыз. Айрымдар: "Жаңжалды эл өзү токтотту"-деп айтып жатышпайбы. Кудай элге сабырдуулук берди. Бирок күч тармагы начар болсо да, коменданттык саат киргизип, түнү менен аскерлерди тартип үчүн көчө-көчөлөргө коюп, токтотууга аракеттер көрүлгөнүн эмне үчүн айтпайбыз. Болбосо, баарыбыз билебиз, эл деген бир толкуса толкун экенин. Ошон үчүн өйдө-төмөн сөздөрдү токтотуп, келгиле, калыс карайлы. Кемчиликтерди калыстык менен айталы. Бир тараптуулукту токтотуп, окуяны үстүртөн карабай терең карайлы.

Темир Сариев,
Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү:
- К. Бакиев Ынтымак курултайын чакырганда, мына ушул жерде олтургандардын көбү барып, ардактуу конок болуп катышкан. Айрымдар жакшы сүйлөп, чындыкты айтканга жараган. Бирок акыркы чечимге келгенде, алар менен макул болуп калышпадыбы. Конституциялык органдар эмес, Конституциялык эмес органдар чечим кабыл алып турбадыбы. Эмне үчүн 6-апрелде штаб түзүлгөндө, аны Малеванная башкарып олтурду? Ошондо коопсуздукту көзөмөлгө алып, тартипти орното турган министрликтер Малеваннаянын көрсөтмөсү менен иштеп турду. Ал болсо саат сайын "Максим Курманбекович менен сүйлөштүм, ал мага ушундай көрсөтмө берди, ушундай кылабыз"-деп ачуу чындыкты айтып турду. Бул да окуянын жүрүшүндөгү негизги чындыктын бир бөлүгү. Бирок чындыкты эл алып чыгат, окуяга эл өзү баа берет. Андан кийинки, реформалардын, шайлоолордун негизинде бүгүнкү күн келди, өкмөт куралып, парламент куралды. Жакында президенттик шайлоого барганы турабыз. Бул да болсо биздин алдыга биригүүгө болгон кадамыбыз. Ушулардын ичинде мен бийликсиз олтурам. Чычалабай эле, ыйлабай эле жаңы нукка баш ийип олтурабыз. Ушинтип, нукка түшүп, эрежеге келип, мына тартипке келерде, кандайдыр бир реваншисттерге жол бергенибиз болбойт. Жол берсек, эл бизди кечирбейт. Себеби реваншисттердин тилеги бештен белгилүү.

Азимбек Бекназаров,
Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү:
- Мына, Кыргыз ССР ичинде өзбектерден 18 адам Социалисттик эмгектин наамын алышса, эгемендүүлүккө жеткен 20 жылдын ичинде 18 адамыбыз КРнын Баатыры деген жогорку сыйлыкты алышса, анын экөө өзбек улутундагы адам. Ошондой эле андан ары санасак илимдер академиясында 2 академик бар экен, 42 адам ар кандай тармактардан КРнын эмгек сиңирген адамы болушкан. ЖКга 15 өзбек улутундагы адам депутат болуп шайланган экен. Дагы экөө министр, биринчи секретарь, ж.б. жооптуу кызматтарды аркалашкан. Ал эми социалдык чөйрөнү ала турган болсок, өзбек тилинде сабак жүргүзүлгөн 136 мектеп бар экен. Ошону менен катар бир канча, ЖОЖдор, соода түйүндөрү да бар. Мына ошондуктан кыргыз бийлиги акыркы 20 жылдын ичинде жана мурда өзбек улутундагы адамдардын укугун чектөө болгон эмес. Экинчиси, тил маселеси да козголуп жатат. Деги эле кыргыз менен өзбектин ортосунда котормочунун кереги барбы? Жөн эле сүйлөшүп келатабыз го. Тил статусун көтөрүү ошол сепаратисттердин көтөрүп чыгып жатышат. Үчүнчүсү, автономия маселеси. Кыргыз бийлиги күчсүз, алсыз турган кезде Батыров, Салахидиновдор абдан аракет кылышып, кудай алардын тилегин таш каптырды. Ошон үчүн бул окуянын тамыры терең. Үчүнчү күчтөр деп, үчүнчү күчтөрдү айтып келебиз. Үчүнчү күчтөр - бул бейөкмөт уюмдары экенин ачык айтышыбыз керек. Чет элдин акчасы менен өлкөдө болуп аткан ар бир ишине кийлигишип, каалаган жыйынтыгын чыгарып, ММКларда элдин башын айлантып жатышат. Ушундай себептерден, Убактылуу Өкмөттү каршылаштар маалымат майданында утту.

Камчыбек Ташиев,
"Ата-Журт" фракциясынын
жетекчиси:
- Биз алгач мыйзамдуу түрдө 7-апрелге саясий баа беришибиз керек. 7-апрелде элди атып жатканда Ак үйдө кимдер болгон, кимдер буйрук берген, алар кантип качып чыгышкан, сөзсүз мунун хронологиясын түзүү кажет. Бул хронологияны түзүүнү Роза Исаковна өзүңүз колго алсаңыз. Ошондо кимдер бакиевчи экени аныкталат.
Ал эми июнь окуясына ким күнөөлүү деген суроо коюлуп жатканда, мен Токон Мамытов, Исмаил Исаков, Жылдыз Жолдошеванын отчетторун карап көрүп, болуп өткөн окуяга, биринчиден, Убактылуу Өкмөттүн жоопкерчиликтүү мүчөлөрү, экинчиден, өзбек улутундагы сепаратисттер, үчүнчүдөн, бийлик талашкан чагымчылар деген жыйынтыкка келдим. Булардын кимисинин күнөөсү канчалык экенин тергөө иштеринде такталышы зарыл. Эл аралык комиссиянын чыгарган жыйынтыктары болсо негизсиз. Анткени кыргыз эли эч качан сепаратисттерге, бузукуларга, чагымчыларга баш ийип, тизе бүккөн эмес. Биз ушуну туура түшүнүшүбүз абзел. Негизгиси, 7-апрелге, июнь окуясына күнөөсү бар адамдар жоопко тартылышы керек. Биз ушул маселеге жооп таап, чекит коюшубуз кажет.

Токон Мамытов,
ЖКнын Ош окуясын иликтөө
комиссиясынын төрагасы:
- Урматтуу депутаттар! Мен баятан угуп олтуруп, айткан сөзүңөрдүн көбүн комиссиянын жыйынынан алып айтып атканыңарды байкап олтурам. Анда эмне үчүн, комиссияда айтылгандай деп, комиссияга "ссылка" кылбайсыңар. Ошон үчүн комиссияга көп эле шек келтире бербегиле. Роза Исаковна былтыр: "Күч органдары, күндүз Убактылуу Өкмөткө иштесе, түнкүсүн Жаныш, менен Курманбек Бакиевге иштеген"- деп айтканы бар. Мына ушундан да көп нерсени байкаса болот…
Кыскасы, комиссиянын жыйынтыгын саясатташтырбагыла. Жыйынттыкка көп сөз тийгизбей, сындасаңар менин жеке өзүмдү сындагыла.

Бөдөш Мамырова,
вице-спикер:
- Болот Шерди Таластан камабаганда, Таластын эли толкумак эмес. Исмаил Исаковду камабаганда Алайдын эли суукка тоңуп митингге чыкмак эмес. Адилетсиздик болбогондо Нарындын эли толкубайт болчу. Бардык нерсе ушундай нерселерден келип чыкты. Мына, бүгүн мен күнөөлүү эмесмин, сен күнөөлүү эмессиң болуп жатат. Эл бүгүн бизди бирөөлөрдү күнөөлөп бер деген жок. Эл чындыкты айтып бергиле деп жатат. Чындыкты айткан кишини эл өзү коргоп алат...

Даярдагандар
Алмаз Темирбек уулу,
Айбек Шамшыкеев.