Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Нурдин АБДЫЛДАЕВ,
Ысык-Көл облусунун губернатору:
"АЗЫРКЫ БАШКЫ МАКСАТЫБЫЗ - ТУРИЗМДИ ЖАКШЫРТУУ"
- Нурдин мырза, Сиздин губернатор болуп келгениңизге төрт айдан ашык убакыт болду, ошол убакытта эмне иштерди бүтүрүүгө үлгүрдүңүз?
- Кандай гана жетекчи болбосун, биринчи иретте, кол астындагы адамдар менен, алар иштеген өзү жетекчи болуп келген объект, ишкана, жер менен таанышат эмеспи.
Областтык администрациянын күндөлүк иши өз кезеги менен жүрүп турду, ошол эле убакта мен бардык райондорду кыдырдым, райондук администрациянын коллегияларына катыштым. Андан кийин айылдарды кыдырып, элдин көйгөйүн, кайсы бир маселе боюнча ойлорун уктум, жазып алып турдум. Анан эртеси эле администрациянын бөлүм башчыларын чогултуп, жазып алгандарым боюнча конкреттүү тапшырма берип, алар райондорго барып ал ишти аткарууга аракеттенип турушту. Иш ошол багытта уланып жатат.
Азыркы убакта эл жетекчилердин аткарган ар бир ишин билип туруусу керек. Андыктан айыл өкмөттө иштегендерден баштап, облустун губернаторуна чейин эл менен бат-бат жолугушуп, аткарган иштерин ийне-жибине чейин айтып турушу керек. Ким эмне иш аткарып жатканы ошондо билинет. Анан эле кабинетте олтуруп алып эле иштей берүү, телефонго таянуу менен дурус иштер бүтпөйт. обладминистрациянын бөлүмдөрүнө, райондук бөлүмдөргө да айтып жатам: ар бириңердин бүгүн эмне иш бүтүрдүм, эртең эмне иш бүтүрөм деген планыңар болсун деп. Антпесе болбойт. Азыр баары ошол жолдо иштөөгө аракетин жасап жатат. Бул система болуш керек.
Мен бир нерсени баамдадым: жетекчилер эл менен кезигишкенден качат экен. Анткени жетекчилердин бир тобу ишинде таза эмес, мыйзам бузган иштерди жасаган, бир жерден акча жеп койгон же бир нерсе алып алган. Ошол жөнүндө суроо берет деп коркушат тура. Азыр эл деген жетекчилерден коркуп олтурушпайт, каалаган суроосун берет, каалаган талабын коет, кемчиликтерин бетке эле айтат. Бул абдан туура.
- Айыл округдары менен толук жолугушуп чыктыңызбы.
- Айттым го, бардык айыл округдарында болдум. Азыр айыл округунун башчысындагы бийлик, керек болсо меникинен чоң. Анткени алардын финансысы, жерлери, жайыттары бар. Алар чын дилден талбай, таза иштеп берсе, элибиздин турмушунун оңолушунун башы ошол жерде.
- Жазгы жумуштар кандай аяктады?
- Аткарылган ишти санап олтурбайын, бир гана маалымат - быйыл былтыркы жылга караган да 30миң гектар жер көп айдалды.
- Адатта, жаңы келген жетекчи "өз командамды түзөт элем" деп эле чакчелекей чыгарып жиберчү эле. Сиз команда түздүңүзбү?
- Жок, мен анткен жокмун. Менин оюмча, андай иштин зарылдыгы жок. Команда түзөм дегендин жакшы жагы да, жаман жагы да бар. Жакшы жагы ошол өзүң көптөн бери билген, мыкты иштеген адамдарды жаныңа алып алсаң, иш илгерилейт. Ал эми жаман жагы "командам" деп коюп жакшы эле иштеп жаткан адамдарды кызматынан бошотуп, өң-тааныштарды, жакын адамдарды алып келгендин тескери жагы бар эмеспи. Мурун иштеп жаткандар кайда барышы керек? Жок, алардын укугун бузууга болбойт. Менде бул жагынан бир гана принцип: кайсы кызмат болбосун менин таанышым эмес, ишти мыкты билген жана ошол иштен мыкты жыйынтык чыгарган адам иштесин. Мен азыр ошол принцибимди карманып турам. Кол алдымдагыларга да ошол маселени түшүндүрдүм деп ойлойм.
- Мурунку жетекчиликтин кээ бир өзүм билемдиктерин байкай алдыңызбы?
- Мурунку жетекчиликтин кетирген кемчиликтери бир топ эле бар экен. Мисалы, облустук администрациянын алдындагы микрокредиттик агенттиктеги акчаларды мурунку жетекчилик бизнесмендерге да берип, алар бизнесин жасашчу экен. Албетте, жөн эмес да, кандайдыр бир суммада пара алат. Азыр ал жол токтотулду, эми микрокредиттер жаш мугалимдерге, медиктерге жана өтө муктаждарга гана берилет.
Анан да "Кумтөрдөн" өнүктүрүү фондусуна түшкөн акчалардын 50%ы Жети-Өгүз, Тоң райондору менен Балыкчы шаарына, калган жарымы Ак-Суу, Түп, Ысык-Көл райондору менен Каракол шаарына бөлүнөт. Карап көрсөм, мурун бир айыл округуна, мисалы, мектеп салат деп 20 млн. сом бөлүнсө, жанындагы эле айыл округуна бир сом да бөлүнбөй келген. Мурун губернатор баш болгон жетекчилер эле бөлүштүрүп койчу экен. Азыр ал жол дагы токтотулду. Азыр райондор өздөрүнө керектүү каражаттар жөнүндө эсептеп туруп жазып келишет да байкоочу кеңешке берет, анан алар акчаны өтө керектүү деп тапкан айыл округдарына бөлөт.
- Өткөндө Кытайга барып келдиңиз. Ошол визитиңиздин жыйынтыгы кандай болду?
- Ооба, Кытайга официалдуу түрдө бардым. Губернатор катары тосуп алышты. Үч-төрт шаарда болуп, бир топ жетекчи кызматтагылар менен, бизнесмендер менен сүйлөштүм. Алардын көбү биздин мамлекет менен иштөөгө кызыгышат экен, шартыбызды жакшы билишет экен.
Азыр кытайлыктар азга чочуп турушат. Анткени былтыркы түштүктөгү окуялар коркутуп коюптур. Биз тарапта-көлдө баары тынч эле өтпөдүбү, ал эми түштүктөгү тополоңдо кытай ишкерлеринин баары качып кеткенге аргасыз болушкан. Ошондон улам чочуп турушат. Анан да президенттик шайлоону күтүп жатышат, кандай адам келет, ал Кытай менен болгон мамилени кандай жүргүзөт деген ойдо.
Экинчиден, кытайлыктар айтып жатышат, туристтик сезонуңар жакшы өтсө бизге жакшы болот деп. Ошол визитте мени менен сүйлөшкөн кытайлыктар минтип жатпайбы, "былтыр ойлодук дейт, кыргыздар адегенде өзүбектерди талкалайт, анан Токмок тараптагы дунгандарды талкалайт, анан кезек бизге жетип, кытайларды кубалай баштайт экен деген имиштерден корктук" деп. Андай сөздү чыгарган атайын өлкөдөгү абалды дестабилдештирүүчү күчтөр бар да…
Кытайлыктар биздеги кен байлыктарды иштетүүгө ынтызар. Баарыбыз билебиз, биздин облуста кен байлыктын көп түрү: алтын, темир, көмүр, нефти, калай ж.б. бар. Аларды иштетүү гана керек. Ошондо да планы менен, өлчөмү менен. Муну менен бирге кытайлыктар энергетика боюнча, шамал менен алынчу, күндөн алынчу энергия боюнча да иштешкиси келет.
Кандай болсо да келечекте Кытай мамлекети тараптан инвестициялар келе тургандыгы бышык. Азырынча ачыктап айтпай турайын, бир аз убакыттан кийин эки ишкананы кытайлыктар кура баштайт.
- Венгрияга да кеткени жатыпсыз?
- Президентибиз Роза Исаковна мени да делегациянын курамына кошуптур. Роза Исаковна Венгриянын президенти менен кездешет. Мен ал жердик бизнесмендер менен сүйлөшөм. Аларда туристтер көп барчу көл бар экен Балатон деген, балким, ошол жердиктер менен биздин көлдөгү элди достоштуруу жөнүндө сүйлөшөм. Пландар көп.
- Бүгүнкү күнү көлдө, дегеле бүткүл Кыргызстанда туризм маселеси алдыңкы орунда турат. Ушул жагын айтсаңыз?
- Туризм маселеси, туристтер көп келчү Ысык-Көл облусунда гана эмес, бүткүл эле Кыргызстандагы көп көңүл бурчу маселе. Санап олтурбайын, дүйнөдөгү ондогон мамлекеттердин негизги кирешеси туризмден түшөт. Биз дагы ошондой деңгээлге жетишибиз керек, ал үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Аткарыш гана керек.
Биздин облуста туристтерди кабыл алчу 244 дарылоочу-эс алуучу жай бар. Алардын 220сы Ысык-Көл районунун аймагынан орун алган. Эки жарым айга созулган туристтик сезондо бул районго адам батпай кетет. Адам канча көп болсо, маселеси да ошончо көп эмеспи. Аймактын санитардык тазалыгы, тартипти сактоо, адамдардын бейпилдигин камсыз кылуу, тамак-аш тармагынын ишин кардарлар суктангандай кылуу, жолдорду оңдоо, почта жана башка элди тейлөөчү тармактардын иштерин жакшыртуу сыяктуу толгон маселелер бар.
Биз пансионат-курорттордун даярдыгы менен таанышып чыктык, алардын дээрлик көпчүлүгү туристтерди жогорку деңгээлде кабыл алууга даяр. Кемчилиги бар жайлар анысынан арылып жатат.
Туристтик сезондун эң жооптуу маселеси - туристтердин бейпилдигин сактоо. Бул жагынан облустук администрация менен бирдикте иштелип чыккан ички иштер органдарынын иш-пландары бар. Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жалил Илипаевдин айтуусу боюнча милийсалардын быйылкы даярдыгы жакшы. Буюрса, бейпилдик камсыз болот деп ишенимдүү айтсак болот.
- Түп-Кеген жолу бүтсө сонун болбойт беле?
- Буюрса, ал жол да бүтөт. Өкмөткө кат да жөнөткөнбүз, бир жума мурун Алмаз Шаршеновичке ушул маселе боюнча кирсем, ал киши: "Нурдин, ал ишти бүтүрөбүз" - деп ишенимдүү айтты. Жакында акча которулса, жолдун иши кайра уланат. Жолчулар ишке даяр.
Эгерде бул жол бүтсө, казак тараптан туристтер аябагандай көп келет. Казак туугандар келчү дагы бир жагдай: эгер жайкы туристтик сезон эки жарым айга созулса, кышкы сезон беш айга созулат. Кышкысын Казакстандан лыжа тепкенге туристтер көп келе баштады. Эгер жол бүтсө, анда кышкы туристтик сезондо туристтердин келиши арбып, жергиликтүү элдин кирешеси артат, мамлекетибиздин бюджетине дурус кошумча болот. Облусубузду жыл бою туристтик сезон болгондой абалга жеткиришибиз керек.
Былтыр мурдагы жылдарга караганда туристтер аз келди. Ага себеп белгилүү эмеспи, апрелдеги революция, бөтөнчө, андан кийинки түштүктөгү кайгылуу окуялар туристтерди чочутуп салган да.
Былтыр официалдуу эсеп боюнча көлгө 180 миң турист келген, 2009-жылы болсо, туристтердин саны 380 миңдей болгон экен. Официалдуу сан менен чыныгы факт туура келбейт, туристтердин официалдуу санына караганда туристтер 3-5 эсе көп болушу мүмкүн. Былтыр жергиликтүү элдин күткөнү аткарылбай калды. Туристтер көп келсе баланча акча табабыз деген тилектери ишке ашпай калып жатпайбы.
Быйыл туристтер былтыркыга салыштырмалуу аябай эле көп келет. Прогноздор боюнча миллиондон ашат деп турабыз. Турист канчалык көп келсе, элибиздин байлыгы ошончо ашат. Көлдүн эли жер-жемиштерин, сүт азыктарынан жасалган тамак-аштарын, алма-өрүгүн, этин, картошкасын ж.б. продукцияларын сатат. Мамлекеттин бюджетине киреше кирери го түшүнүктүү.
Туризмдин дагы бир пайдасы бар: чет элден келген туристтердин арасында ар кандай деңгээлдеги бизнесмендер да болот. Эгерде алар эс алып жүргөндө элдин мамилеси жакса, жердин кооздугу жакса, анда алар кайрылып дагы келет, ошондо бул эли да, жери да сонун жерге эмнеге бир жакшы ишкана курууга болбосун деп, жок эле дегенде чаканыраак инвестиция менен баштап көрөт. Мындай адамдар көп болсо, албетте, пайдасы чоң болот.
Өткөндө Новосибирск облусунун губернатору да келип кетпедиби. Аны адегенде премьер-министр Алмаз Атамбаев кабыл алып, андан соң бизге келди. Жакшы келишимдерди түздүк. Мен Оренбург облусунун губернатору жана башка бир топ орус жетекчилери менен сүйлөшүп жатам. Маселе жалаң гана туризм жөнүндө эмес, бир топ эле кеңири тармактар жөнүндө.
- Нурдин мырза, негативдүү салт да болуп калды, Сизге келип кызмат сурап акча сунуштаган учурлар болдубу?
- Андай окуялар болду. А мен андайга таптакыр каршымын. Эч качан пара алып кызматка койбойм. Мен эч качан акчага алданган эмесмин. Мени жакшы тааныгандар муну билет.
Кандай гана кызмат болбосун иштин көзүн билген адамдар иштеши керек. Акчанын күчү менен кызматка тургандар ишин жакшы иштей албай мамлекетибиздин өсүп-өнүгүп кетишине тоскоолдугун тийгизип жатат. Буюрса, андай негативдүү көрүнүштөрдөн арылчу күн да келет. Ар бир кызматта ошол кызматтын профессионалы болгон, мыйзамды ыйык тутуп сыйлаган, пара алуу оюна да келбеген жана элинин маселесин өзүнүкүнөн жогору койгон, жасалма эмес, накта патриот адам отурса, анда эч качан иш жаман болбойт.
- Ишиңизге ийгилик!
- Рахмат.
Маектешкен Баратбай АРАКЕЕВ