Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жүзүңдү ач, Кильюнен!
Кыргызстандагы трагедияны иликтейм деп келип, эки элдин ортосундагы жикти андан ары чубап салган финляндиялык Киммо Кильюненди кыргыздар гана эмес, алыскы Скандинавиядагы өзүнүн эле жердештери жемелеп, жекирип атышат. Кильюнендин бир жактуу былжырак жыйынтыгынан кийин финляндиялык абройлуу басма сөз каражаттарында акыркы күндөрү ал тууралуу чуулгандуу материалдар басыла баштады.

"Этел саймаа": Ызалуу отчет
Мисалы, "Этел саймаа" деп аталган гезит "2010-жылдын июнь айындагы каргашадан кийин Кыргызстан дагы бир жолу "жарылышы" мүмкүн. Эгер ошол окуя кайра кайталанып кетсе, мында былтыркы окуяларды иликтеген Эл аралык комиссиянын башчысы, биздин жердешибиз Киммо Кильюнендин салымы чоң болот. Кыргызстандыктардын пикири боюнча, Кильюнен өзбек тарапка ачык эле жан тартып, фактыларды бурмалап, кагылыштын объективдүү себептерин ачып бере алган эмес. Кильюнен бул жыйынтыгын көпкө созуп келип, Финляндиядагы парламенттик шайлоо аяктаган кийин гана, эртеси жарыялап атат. Албетте, эми экс-депутат болуп калган Киммо мырзанын утулуу ызасы анын психикасына өз таасирин бериптир. Киммо Кильюнен баштаган социал-демократтар партиясынын "Таза Финндер" улутчул партиясына болгон жеңилүүсүнөн улам анын ызасын Эл аралык комиссиянын акыркы, оңдолгон отчетунан байкасак болот. Кильюнен бардык күнөөнү кыргыздарга оодарып, аларды этникалык улутчул деп катуу айыптаган. Муну "Таза финндерге" карата кыйыр түрүндө болсо дагы Кильюнендин жообу деп түшүнсөк болот. Демек, Кильюнендин докладын обьективдүү деп атасак болобу?"-деп жазылган.

"Стаканнан Канса": Кильюнендин айынан жаман сөзгө калдык
Ал эми дагы бир финляндиялык "Стаканнан Канса" деп аталган гезит "Косовонун боштондук армиясынын фашисттик баскынчылыгынан жабыр тарткан сербддер жана Сербиянын жарандары бизди (финндерди - ред.) ансыз деле каргап атышат. Мунун баарына БУУнун шыкагы менен Сербиянын бөлүп-жарып Косово автономиясын өз алдынчалыгын жарыялап ийген "Косовонун архитектору" аталган мурунку президент Марти Ахтисаари күнөөлүү. Ахтисааринин айынан миңдеген сербдер өз жеринен куулуп, дагы миңдейи этникалык кыргынга учурады. Эми Ахтисааринин кол баласы Кильюнендин айынан кыргызстандыктар да бизди айыптоодо. Биздин саясатчылар бирөөлөрдүн геосаясий заказын аткарып атканда, анын кесепети тууралуу эч качан ойлонушпайт. Акыры келип бардык каргыш, жаман сөздөр финндердин башына үйүлүп атат. Кыргыз депутаттары Хельсинкини этникалык чыр-чатакты кайра тутантууга аракет кылууда деп ачык эле айыптап атышат. Кыргыздардын кыжырын кайнатып аткан Ош окуясы тууралуу "Чөөнүн сааты" китеби бизде басылган деп айтылып атат. Бул, балким, Кильюнендин жашыруун көмөгү менен "Интернешнл Кризис Групп" аркылуу басылышы мүмкүн"-деп жазат.

"Туруни Саномат": Кильюнен өзбек сепаратисттеринен акча алгандыгы далилденген
"Туруни Саномат" гезити болсо "кыргыз бийлиги Киммо Кильюнен кыргыздарды бир тараптуу күнөөлөш үчүн кызыкдар тараптардан, башкача айтканда, окуянын анык күнөөкөрлөрү өзбек сепаратисттеринен ири суммадагы акча алган деп ачык эле айыптоодо. Биздин ишенимдүү жашыруун булактарыбыздан алган маалыматта, Кильюнен өзбек сепаратисттеринен ири суммадагы акча алгандыгы тууралуу факт далилденген. Бул Финляндияны эл аралык чоң чырга алып барышы мүмкүн"-деп жазат.




< Каныбек мырза туура маселе көтөрдү…
Жогорку Кеңештин "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев 3-июнда парламентте июнь окуялары боюнча депутаттык комиссиянын иликтеген корутундусун талкуулаган учурда "Кыргызстанда мындан кийин өзбек автономияны орнотуу, өзбек тилинин статусун көтөрүү маселелерин улуттук сепаратизм катары караш керек" - деген идея көтөрүп, "мындан ары бул аракеттерди көтөргөн адамдарды улуттук сепаратизмди колдогондор деп таануу керек" - деп, токтомго киргизүү сунушун билдирди. Чындыгында, Каныбек мырза эң туура, жүйөөлүү маселени көтөрдү. Кыргызстанда кайсы улуттун өкүлү болсун, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирчү маселелерди көтөрсө, сөзсүз түрдө мыйзам чегинде жоопко тартылышы зарыл. Антпесе, эртең эле өзбек элининби, же башка улуттун болобу, "тилибизге статус бергиле, автономия бергиле" деген сепаратисттик маанайдагы өкүлү чыкпайт деп кепилдик берүү кыйын. Андыктан ушундай нерселерди алдын алуу үчүн Иманалиевдин идеясы колдоого арзырлык.


Ысык-Көл дүйнөдөгү эң кооз көлдөрдүн тизмесинде
Дүйнөлүк атак-даңкы бар "Трэвэлэрс зоун" деп аталган басылма өткөн жумада жер жүзүндөгү эң кооз 25 көлдүн тизмесин жарыя кылды. Тизменин 21-сабынан кыргыз бермети аталган Ысык-Көлүбүз орун алыптыр. Биринчи орунду Кения менен Эфиопиянын чектешкен жериндеги Туркан көлү ээледи. "Ысык-Көл - планетадагы экинчи орундагы эң туздуу жана деңиз деңгээлинен эң бийик жайгашкан экинчи орундагы көл. Ысык-Көл дүйнөдөгү эң популярдуу туристтик эс алуучу жай болуп эсептелет"-деп жазылган аталган басылмада.


Уюлдук бизнесте жаңы атаандаш
Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен өткөн жумада мамлекеттик "КыргызМобайлКомпани" деп аталган жаңы уюлдук компания негизделди.
100 миң сомдук алгачкы капиталы бар "КыргызМобайлКомпаниге" мамлекеттик байланыш кызматы жыштык жана 3G, GSM, "WCDMA/UMTS" стандарттарындагы уюлдук байланыш кызматын камсыздап берүү милдеттендирилди. Кыргызстандын тарыхындагы эң алгачкы бул уюлдук компания чет элдик "МегаКом", "Билайн", "Фонекс" компанияларына атаандаштык жаратып, алдыга суурулуп чыга алабы аны убакыт көргөзөт.

Семетейден
Сейтек төрөлдү…
Кыргыз журналистикасынын белдүү журналисттеринин бири, "Лозунгду" жаап, "Добулбасты" иштетип баштаган кесиптешибиз Семетей Талас уулу уулдуу болду. Образдуу айтканда, Семетейден Сейтек төрөлдү. Кыргыздар айтмакчы, жарык дүйнөгө жашоого укук алган наристенин туулганына эмес, турарына сүйүнөлү. Семетей менен Айымдын бешик боосу бек болсун! Бактылуу ата-энени кубанычка бөлөп турган наристенин ден соолугу чың, өмүрү узун, кыргыздын камчыга саптуу жигиттеринин бири болсун! Ар дайым эле ак жолтой уул болуп, артынан ини-карындаштарын ээрчитип келе берсин!
"Фабула" гезитинин жамааты




Өкмөт контрабандага каршы катуу күрөшөт
Учурда Баткендин өзүндө дизель күйүүчү майы 44 сомго жеткен. Ал эми Лейлек районунда 55 сомго чейин көтөрүлүп кеткен. Бул кырдаалдын анык себебин билиш үчүн КР Премьер-министринин тапшырмасы менен биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов 2-3-июнь күндөрү Баткен облусунда атайын иш сапары менен болуп кайтты.
Белгилей кетсек, өткөн айда Лейлек районунда 140 миң литр дизелдик отун колго түшкөн. Мурда Баткен областы бир айда 1100 тонна жанар май пайдаланса, азыр бир айда 1700 тоннага жеткен. Бул маалыматтарга ылайык, 600 тонна күйүүчү май ашыкча келип жатса да, контрабанда жолу менен сыртка ташылып кетип жатып, Лейлек районунда күйүүчү май 55 сомго жеткен.
Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов: "Өкмөт өзгөчө чек ара кызматына, бажы тосмолору менен каржы полициясына катуу талап коёт. Бул көрсөткүч дагы бир ирет кайталана турган болсо, кызмат ордуларынан кетишет. Эгерде бул иш боюнча фактылар чыкса мыйзамга ылайык кылмыш иши козголот.
Коом менен Өкмөт бир максатта иш алып баруу керек. Бул багытта жергиликтүү эл да контрабандалык жолдорго көзөмөл салып, кандайдыр бир фактыларга күбө болушса Өкмөткө билдирүү жасашы керек" - деди.


Кыргызстандыктар Кытайда өлүм жазасына тартылды
Бул тууралуу Консулдук кызмат департаментинин башчысы Айдит Эркин кабарлады. Мындан 4 жыл илгери Кытайдын жаранын өлтүргөн жана буйрутма берген делинип айыпталып жаткан Кыргызстандын 3 жараны өлүм жазасына тартылды. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кытайлык сот өкүлдөрүнөн бул жазаны дагы алты айга аткартпай турууну өтүнүп, алардын макулдугун алышты.





br>