Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Назарбаевдин шылдыңына
Кыргызстан мисал
Астанада болуп өткөн кайсы бир жыйында Казакстандын түшпөс президенти Нурсултан Назарбаев: "Астананын бюджети жалпы Кыргызстандыкына караганда көп, - деди. - Кыргызстандын бюджети 1,8 млрд. доллар болсо, Астананыкы 2 млрд. доллар".
Бул маалымат жөн гана айтылбастан, Кыргызстанды шылдыңдагандай айтылып жатканы белгилүү эмеспи. Болбосо, мисал келтирчү мамлекеттер Африка менен Азияда толо эмеспи.
"Казак-кыргыз бир тууган, өзүбекти ким тууган" деп илгертен айтылып келатты эле, эми анын мааниси да өзгөрүлдү.
Тарыхчылар сайрап эле жатпайбы, "илгери казактарда ачкачылык болгондо, алар кыргыз жергесине жан багам деп жанталашып келгенде, кыргызың оозундагысын алып ал боордошторго берген экен" деп.
Былтыр биздеги революцияда казактар чек араны жаап салып, биздин экономикабызга катуу сокку урду. Ошондон соң, "орус менен дос болгондон башка жолубуз жок" дегендерге кошулбаска болбой калды.
Биздин мурунку эки президенттин айбандыктары менен ушинтип казактарга шылдың-мисал болуп жатабыз. Азыркы бийлик бул жөнүндө катуу ойлонуп, андан катуу аракет кылаттыр…




Феруза Жамашева кимге жабышты?
Эсиңерде болсо өткөн сандарыбызда акча үчүн күнөөсү жок замандаштарыбызды ак жеринен түрү суук түрмөнүн түбүнө чиритип, алеки саатта чириген байларга айланып аткан сок билек сотторду "сорттоп", элдин элегинен өткөрүп туруу үчүн "Светафор" деген аталыштагы рубрикабызды ачкан элек. Акыйкаттык издеп карайлаган калкыбыздан аз-аздан каттар келе баштады. Кудай буйруса, четинен бере баштайбыз. Бирок бүгүнкү каарманыбыз Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Феруза Жамашева болуп отурат. Эсиңерде болсо бул айымды былтыр сентябрь айында Президент Роза Отунбаева дайындаган. Бирок президенттин айланасындагы ишенимдүү адамдардын айтымында, Феруза айым "эми сиз баары бир бийликтен кетесиз да" - дегенчилик кылып, Президенттин сөзүн сөз дебей, сот бийлигиндеги баягы эски ботколорду өз билгениндей чалып атканын уктук. "Мени парламент бекитет"-деп ЖК спикери Акматбек Келдибековго жакындап, ага жагуунун айласын издеп, анын айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарып аткан имиш. Айтор, ЖС төрайымынын аппетити аңырдай ачылгандыгы тууралуу аңыз кептер байма-бай айтыла баштады. Анын үсүтүнө Президенттин ЖКдагы өкүлү Азимбек Бекназаров 7-апрель окуясы боюнча айыпталып аткандардын кылмыш иши ноябрь, декабрь, январь айларында кыскарып калгандыгын айтты. Албетте, буга Жогорку сот жооп бериши керек.




Ирина Карамушкина Нариманды томсортту
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина июнь окуяларын иликтеген депутаттык комиссиянын чыгарган корутундусун талкуулаган парламенттеги жыйында "7-апрелдеги окуяга күнөөлүүлөр качан жооп берет, качан Нариман Түлеев жооп берет" -деген маселени кабыргасынан коюп, "булар эч качан жооп бербейт. Ошондуктан парламент бирөөнү каралаганды, бирөөнү күнөөлөгөндү токтотуп, мыйзам чегинде иш алып баралы. Коррупциялык режимди кулаткан бийликти каралоону токтотсок", - деди. Иринанын айткан ачуу сынына Нариман ак да, көк да дей албай бозоруп отуруп калды. Ошол бойдон бар-жок экени билинбей томсоргон бойдон ооз ачалбай шүк отурду.


Ичип алып чек ара кайтарган эргул
"Чек ара башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбековдун чекилик иштери далилденди" - дейт Аскер прокурорунун орун басары Данияр Эркинбаев. Тагыраак айтканда, чек ара кызматынын штаб башчысы Турусбеков кызмат маалында жинди суудан болушунча ичип алып уйку соонун ортосунда Мекенибизди коргоп жүргөндүгү аныкталды. Мындан сырткары кызмат абалынан пайдаланып, кээ бир офицерлерди кемсинтип, айрым айым аскер кызматкерлерине кезектеги наамын мөөнөтүнөн мурда бергендиги да такталды. Мекенибиз үчүн төшүн дзотко тоскон атактуу Чолпонбайдын тырмагына да теңеле албаган Чолпонбек мырза эми тез арада кызматтан айдалышы керек.


"Мындай айлыкка иштесе болот"
Ошентип, мугалимдер менен дарыгерлердин көптөн күткөн май айы да аяктап, Өкмөт убада кылган айлык акыларын ала башташты. Көбөйтүлгөн алгачкы айлык акыларын алышкан медицина кызматкерлери кубанычка батып, Саламаттыкты сактоо министрлигине ыраазычылыгын билдирип телефон чалып атканын басма сөз кызматы кабарлады. "Мындай айлык менен толук кандуу иштесе болот"-деген Жалал-Абад облустук кан борборунун жамааты да кыргыз бийлигине ыраазычылыгын билдирип телефон чалышкан экен. Министр Жумабеков: "Чоң-Алай, Ат-Башы райондорунда 25 миң сомго чейин айлык алган медиктер бар"-дейт. Мамлекет ушинтип коомубуздун аялуу катмарына аяр мамиле кылып турса, мугалим, врач болом дегендерге эртең окуу жайларыбыз батпай калат.


Ак жолчулардын соодасы, Болот Шердин эрдиги
"Ата Мекендин" атактуу саясатчысы Болот Шер генералдык чини менен депутаттык мандатын тапшыргандан бери саясатчы достору тарабынан артынан ар кандай божомолдор айтылып, ар кандай ушак-айыңдарга жем таштады. Бирөөсү күнөөсүн мойнуна алды десе, бирөөсү жоопкерчиликтен качты дегенге чейин барышты. Бирок Болот Шер дос-душмандарынын ар кандай тантырак кебине өзүнүн жообун берди. "Депутаттык комиссиянын жыйынтыгында генералдык чинимди алуу тууралуу президентке сунуштама бар экен. Бирок ушул маселеден комиссиянын кээ бир мүчөлөрү соода жасагысы келгенин жашырбайм. "Ата Мекен" партиясынын депутаттарынан комиссиянын жыйынтыгындагы "Ак жол" партиясынын жоопкерчилигин алып салышса, менин генералдык чинимди алуу тууралуу президентке сунуштама бербей тургандыгын ачык эле айтышкан. Ошондуктан мен кесиптештеримди кыйнабай, өз эрким менен генералдык погондорумду тапшырып бердим. Мен мансаптын жана кызматтын кулу эмесмин. Мага депутаттык кол тийбестиктин кереги жок"-деди.


Жеңишбектин "жели" чыктыбы?
Үй-бүлөлүк башкаруу деген балээни баштап кеткен Акаевдик бийликти ала салдырууга ат көтөргүс эмгеги бар Жеңишбек Назаралиев деген бар эле. Кийин Бакиевдин бийлигин да анда-санда сындамыш болуп жүрдү. 2009-жылы президенттик шайлоого да катышып, аягынан экинчи орунга илинген. Былтыркы жылдагы 7-апрель окуясынан кийин да жаңы бийликке жакшы эле акыл айтып чыккан, бирок акыркы жарым жылдан бери нарколог Жеңиш мырзанын дайыны чыкпай калды. Укканыбызга караганда, учурда бизнеси жүрүшпөй, каржылык жагынан бир топ каржалып аткан экен. Ал гана эмес 2005-жылдагы революциянын очогу болгон Фучик-Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги 5 кабаттуу атактуу медициналык борборун сатууга аргасыз болгон экен. Кыргызстандагы белгилүү жарнамалык сайттардын бириндеги маалыматта Назаралиевдин медициналык борбору жайгашкан имарат 3 300 000 долларга бааланып атыптыр.