Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Кат куржун…

Мээ
"Мен эми кайда…, кайда, кайда барам" дегендей баш айланып, турмуштун айынан кайда барарыңды, эмне кылаарыңды билбей, өз бай-манаптарыбыздын кулу болуп, укуктарыбыз тебеленип-тепселенип, топтой болуп тепкиленип бараткан кез. Ошол эле бийликтегилерге ээ (бай-манап) урматтууларыбыз болсо элди унутуп коюп, бирин-бири көрө албай жамандашуу, ушакташуу, тирешүү, бийлик-байлык талашып, кек сактап өч алуу кайра жарашып, калпак чепкен кийгизишип, "клоун" болуп калмай, жалаң өз иштери (бизнеси) менен алек болуп, элге ылайык мыйзамдарды кабыл алуунун ордуна, өз көмөчтөрүнө күл тартып, эл каякта, жер каякта деп асмандап учуп алган чак.
Ал эми алардын мээсинен; элин-жерин сактоо, урматтоо, сыйлоо, бири-бирин көтөрмөлөө, жардамдашуу деген жакшылыктар чыгып кетсе…, эми эмне айла кылмакчыбыз?
"Эсиң барда, этегиңди жый" дегендей айла кеткенде төмөнкүдөй анекдот эске түшөт экен. Базарда еврейдин, орустун кыргыздын мээлерин сатып жатыптыр. Сатып алуучу еврейдин мээси канча турат десе 200$ дептир, ал эми орустукучу… 300$. Ал эми мобу кыргыздыкычы десе, көпкө жооп бербей туруп, анан кайра сураса, ал 400$ байкеси…, - дейт. Сатып алуучу таң калып эмне мынча кымбат десе, ал "свежий" бойдон, иштей элек "масловый" да ошон үчүн кымбат - дейт.
Дагы да темага байланыштуу анекдот: Кудай жер бөлүштүрүп жатат экен. Орустар биринчилерден болуп, жетишип жердин көбүн алат. Келгендери да өз үлүштөрүн кечикпей алышат. Ал эми кыргыз уктап калып кеч барат. Жер калган жок дейт кудай. Ээ кудай ырайым этип коюңуз деп жалдырайт. Анда кудай, мейли кыргызым өз дачамдан жер бөлүп берейин, коруп, сактап багып ал дейт.
Ушундан кийин кантип оюңду билдиргиң келбесин, кантип отура бересиң да санаасыз жата бересиң. Ошол дачадай болгон кыргыз жеринин сулуулугун, көркүн, байлыгын айт.
Ушундай жерди көздүн карегиндей сактай албай биздин урматтууларыбыз нээти бузук чет элдердин арам акчаларына тебелетип-тепсетип "айланайындар" жардам бергиле, кенибизди казып, жолубузду салып, курулуш куруп бергиле, үлүшүңөрдү алып, анча-мынчасын калтыра көргүлө деп жалдыраса, кудай суроо менен барабар, жашоого алып келген кимдер! "Ишенген кожоң сууга акса, алды - алдыңдан тал карма" дегендей, ар ким өз алдынча тал кармап, күн көрүп жашоо менен алек.
Качан эми бир чукул бурулуш болот. Качан эми…, арзанчылык болот. Качан эми… ? Төөнүн куйругу качан жерге тиет деп күтүп жүрө берсек жыл өтөт, кылымдар өтөт, жашоо бүтөт. Ошондо "Миллион лет тому назад киргизы" болобуз. Карапайым калк кыйналгандан кыйналып, ал эми буржуйлар буржуюп эле баратат. Жарылып кетпегей эле. Урматтууларыбыздын мээлерин качан колдонобуз? Кай жакка? Же "масловый" бойдон сактаганыбыз оңбу…? Себеби "масловый" деген "масловый" да! "Масловый" десең базарда өтпөй калып, мээбиздин биринчиси, экинчиси чет өлкөлөрдө чирип жатат. Эми үчүнчүсүнүн убагы жетип, мээбиз чачыраган турат. Айта берсең, жаза берсең арман көп, пайда чыкпаган соң…, "Мен эми кайда…, кайда, кайда барам" деп аяктагым келди.

Коммунист
Темирбек Мамбеталиев.




Токторалиев
токойдон кетеби?
Биймырза Токторалиев токой чарбага келгени токойчулардан топук кетти. Дегенибиз, "токойдо" күбүр-шыбыр сөз көбөйүп, Токторалиевдин токойго кайдан, кандайча келип калганы талкуулана баштады. Көрсө, бул көзөлүң "Ак шумкардын" канатына жамынып алып, алыска учкан тура. Толкойчулар толугу менен социал-демкораттар үчүн жан үрөп шайлоого катышып, жеңишке жете келгенде жең ичинен жетекчи келип калганына айран-таң. Аягында "Ак шумкардын" лидерлеринин бири Абдыкеңдин (А.Эркебаев) ардактаган кайнагасы Бий мырза Токторалиев болуп чыкпадыбы? Өкмөт башчыбыздын кең пейилдигине кээде ыраазы болуп кетесиң. Анткени "Ак шумкардын" Атамбаевге көзү түз эместиги бир эле болсо, коалицияга кирбеген партиядан Биймырза Токторалиевдин токой чарба агенттигине дайындалышы эки эсе болду. Баса, өкмөт башчынын министрликтер менен агенттиктердин жетекчилерин кайра дайындоосу аяктап калса да Токторалиевди токтотуп турушу токойдон кетиреби деген арсар ойду пайда кылат.
Нургазы Асанов.
Бишкек шаары




Сабырбек Зайыров,
"Бир Эл" биримдик кыймылынын төрагасынын орун басары:
"Берген убадаларынын бирин
да аткара албай жатышат…"
- Сабырбек мырза, "Бир Эл" биримдик кыймылын кандай максат менен түздүңөр?
- Кудай буюрса эл үчүн аткара турган иштерибиздин бардыгы алдыда. Биз башка партиялардай болуп, баарын кыйратабыз-жоёбуз деп бүтүндөй элге убада берүүдөн алыспыз. Азырынча биз Ысык-Көл элинин гана жашоо-турмушун жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз. Көл элинин жашоо-турмушун жакшыртып алсак, андан кийин акырындык менен бүтүндөй кыргыз элинин жашоо-турмушун жакшыртууга аракет кылабыз. Шайлоонун алдында парламентке келген 5 партия тең элге ат көтөргүс убадаларды беришкен.Тилекке каршы, бүгүнкү күндө берген убадаларынын бирин да аткара албай жатышат.
- Кыймылдын башка кыймылдардан айырмачылыгы эмнеде?
- Эң негизги айырмачылыгы башка саясий кыймылдардай болуп чоң-чоң саясий партиялардын кызыкчылыгын көздөбөй, өз алдыбызча иш алпаруу. Учурда ар кандай саясий партиялар, бизге окшогон майда-барат саясий кыймылдарды, ал гана эмес, карапайым элди дагы өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланып жатышат. Ошондуктан биз андай саясий партияларга алданбай, элибиздин эртеңки келечеги үчүн болгон аракетибизди көрүп иш алпарабыз. Биздин кыймылды колдогон адамдардын саны күндөн-күнгө өсүп барат. Жакында эле белгилүү коомдук ишмер Аскар Салымбеков жетектеген "Нарын биримдиги" кыймылынын өкүлдөрү, ошондой эле Талас облусунан атайын өкүлдөр келип, мындан ары биз менен биргеликте иш алпара тургандыктарын билдиришти. Андан тышкары өзүм жетекчилик кылган "Ак-Тилек" саясий партиясынын жарандары толугу менен аталган кыймылга кошулушту. Азыр дагы 3-4 партия кошулуу алдында турат. Эгер биздин кыймылга кошулуп, биз менен биргеликте иш алпарабыз деген коомдук уюмдар болсо, өлкөбүздүн келечеги үчүн кызматташууга даярбыз.
- Кыймылдын курамында мурда-кийин саясатта жүргөн адамдардан кимдер бар ?
- Аттарын атабай эле коёюн көпчүлүгү жогорку адистикке ээ болгон, мурда саясатка аралашып жүргөн тажрыйбалуу адамдар. Мисалы: төрагабыз мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев - болгону 44 жашта. Ал киши алдыда дагы далай иштерди аткарууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле, дагы бир баса белгилей кетчү нерсе, кыймылга мүчө болгон жарандардын көпчүлүгү көлдүктөр анткени алар көл элинин жашоо-турмушун кантип жакшыртууну беш колундай билишет. Башта айткандай, биринчи кезекте Көл элинин жашоо-турмушун жакшыртуу башкы максатыбыз болуп турат.
Маектешкен
Мирлан АЛЫМБАЕВ