Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"МегаКомду" кыргыздын
эле "мегамозгдору" башкарат
Жакында эле, тагыраагы 28-майда, "МегаКом" уюлдук операторун башкарган "Альфа Телеком" ЖЧКсынын акционерлери жаңы жетекчисин бекитишти. Ал "МегаКомдун" мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучусу, кыргыздын бычакка сап жаштарынын бири Азамат Мурзалиев.
Эсиңерде болсо, Азамат Мурзалиев былык иштери үчүн Кыргызстандан айдалган Максим Бакиевдин заманынан берки "МегаКомдун" жетекчилери орусиялык мигранттар Силич менен Бороздиндерден кийин сырттан башкаруучу болуп дайындалган. Ортодо экс-башкы прокурор Байболов компаниядан миллиондогон акчаларды мыйзамсыз чыгарып кеткен, Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп аткан делинген Силич, Бороздиндерди актап жиберип, алары күч менен "МегаКомду" басып ала жаздаган март айынын ортосундагы чуулгандуу окуядан кийин, тагыраагы 17-мартта, Азамат Мурзалиев өз эрки менен кызматын тапшырып берген. Ордуна компьютердик технологияларды чемичкедей чаккан жаш адис Алмазбек Абеков убактылуу "Альфа Телеком" ЖЧКсынын генералдык директорунун милдетин аткаруучусу болуп дайындалган. Арадан ай өтүп, "бакырчаак" экс-башкы прокурордун ЖК трибунасынан айткан дооматтары негизсиз экендигин, атайын түзүлгөн депутаттык комиссия аныктап, кимдин ким экендигин мезгил өзү таразалап койду. Ошентип, "МегаКомдун" акчасына көзүн кызарткандардын арам ою орто жолдо калып, чындыктын булагы аз да болсо ачылгандай болду. Ушул жылдын башынан бери альфа телекомчуларга баш-көз болуп, мамлекетке буга чейин өмүрү төлөнө элек дивиденд түрүндөгү ири киреше алып келүүгө эмгеги чоң Мурзалиевдин кайрадан өз кызматын ээлегенге жалпы коомчулук, анын ичинде "МегаКомдун" жалпы жамааты кубанып жатканын өз көзүбүз менен көрүп кайттык. Кошумчалай кетсек, акционерлердин 28-майдагы жалпы жыйналышынан кийин ордуна кайтып барган Азамат мырза эми "МегаКом" компаниясынын генералдык директорунун милдетин аткаруучусу эмес, толук кандуу башкы директору болуп дайындалды. Кыргыз үчүн чын жүрөгү менен иштеп берем деген ниети, каалоосу күч кыргыздын бул жигити ири киреше табуучу саналуу компанияларыбыздын бири болгон "МегаКомду" мамлекет кызыкчылыгы үчүн иштетип берээринен көпчүлүктүн үмүтү зор. Анткени буга далил болуучу олуттуу иштерди Мурзалиев буга чейин эле аткарып койду десек болчудай. Ал эми бир айдан бир аз ашыгыраак компанияны башкарып калган Алмазбек Абеков да аз убакыттын ичинде бир топ иштерди жасаганга үлгүрдү. Ошол бир топ иштеринин эң эле маанилүүсү жана орчундуусу катары Кыргызстандын бардык аймактарындагы мектептерди компьютерлер менен камсыздоо багытындагы долбоорун баштап, ишке киргизгендиги болду. Бул үчүн Алмаз мырза "МегаКомдун" жер жайнаган кымбат баалуу баннердик жарнактарынын санын кыскартып, андан үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен Кыргызстандын эртеңки келечеги болгон мектеп окуучуларыбызга жаркыраган компьютердик класстарды ачып бермек болгон. Жаңы жетекчи да бул демилгенин демин суутпай андан ары улантып кетүүгө убадасын берип атат. Алмазбек Абековдун бул эмгегин да эскерип кетпесек болбойт. Алмаз мырзанын алыскы айыл-кыштактарга чейин компьютер жеткирүү демилгеси да жөн жерден чыга калган жок. Анткени Абеков өзү компьютердик технологиялар боюнча дасыккан адис, Кыргызстандын гана эмес, Казакстандын да мамлекеттик органдарына багышталган интерактивдик окуу куралдарын иштеп чыккан. IT долбоорлорду ишке киргизүү боюнча Кыргызстандагы саналуу адистердин бири. Дүйнө эли нано технологиянын заманында жашап атканда, кыргыздын жаштары да бул илимден артта калбай, көптү билип, көптү үйрөнүп, келечекте мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошсо экен деген аруу максатынын негизинде дал ушул долбоорду ойлонуп чыккан экен. Таш ыргытсаң юристтер менен экономисттердин башына тийип аткан кадрдык башаламан заманда кыргыз жаштары мектеп партасынан акыркы үлгүдөгү компьютерлер менен таанышып, келечегинин пайдубалын түптөп, кийин Абековго окшоп IT адис болуп чыга келсе жаманбы? Негизи эле Кыргызстаныбыз жарды болгону менен, акчасын кайда чачарын билбей, чириген байлыгына көмүлүп калган миллионерлерибиз, миллиардер ишканаларыбыз бир топ эле. Бирок алардын бири да "МегаКомдун" азыркы жетекчилери көтөрүп жаткандай ири долбоорду эл-журтка алып чыгыша элек. Ал эми жанагы баланча миллион мамлекетке инвестиция жумшайбыз деп аткан "Серпус" өңдөнгөндөрдүн ач-айкырыгы эшеги ылайдан өткөнчө эле. "МегаКом" колуна тийгенде аларың Силичтерге окшоп кыйшалаңдаган ырчы-чоорчулардын концертин бердиртип, майда-чүйдө кайрымдуулук иштери менен гана чектелет. Кыргыздын жаштары өнүксө экен, өссө экен, илим-билимге сугарылса экен деген аруу тилек чет элдик мыкчыгер бизнесмендерде эч качан болбойт, болгон да эмес. Бул турмуштун ачуу чындыгы.

Тиленбек Азык




"Кыргызнефтегазга" сырттан башкаруу киргизилди
Премьер-министрдин буйругу менен "Кыргызнефтегаз" ААКна сырттан башкаруучу болуп бир айлык мөөнөткө Жеңиш Жумашев дайындалды. Натыйжада директорлор жана башкаруучу кеңештердин укуктары убактылуу токтотулду. Сырттан башкаруучу катары дайындалган Жеңишбек Жумашев аталган ишкананын мурдагы жетекчиси Каныбек Масировду эле кайрадан жетекчи кылып дайындап койсо жакшы болмок деген пикирин билдирип, "мен К.Масировдун орун басары болуп иштеп келгемин. Экөөбүз чогуу көп жыл иштедик, ошол себептен бул маселени эми өзүбүзчө чечебиз" - деп "Баракелде" сайтына кабарлады. Ал эми учурда өкмөт башчысы өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Н.Момуналиевге эки күндүн ичинде "Кыргызнефтегаздын" 2008-жылдын 1-январынан тарта 2011-жылдын 1-июнуна чейинки каржылык-чарбалык ишин ревизия кылуу боюнча тармактар аралык комиссиянын курамы тууралуу сунуштарды киргизүү буйругун берди.


Нурдин Илебаев кызматынан алынды…
Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев 31-майда Мамлекеттик мүлк министри Нурдин Илебаевди "Кыргызмунайгаз" ишканасынын тегерегиндеги чууга байланыштуу берген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотту. Эске сала кетсек, буга чейин "Кыргызмунайгаз" эмгек жамааты ишкананын мурунку директору Каныбек Масировдун мыйзамсыз кызматтан алынганын айтышып, Маммүлк министри Нурдин Илебаевдин кызматтан алынышын талап кылышкан. Ээлеген кызматынан бошотулган Нурдин Илебаевдин ордуна Таалайбек Аяркулов Мамлекеттик мүлк министрлигин убактылуу жетектемей болду. Эгер "Ар-Намыс" фракциясы коалицияга кирип кала турган болсо, аталган министрлик ар-намысчылардын энчисине тийе турганы айтылууда. Учурда кайрадан кызмат бөлүштүрүү жүрүп жатат дешет, Ак үй тараптагылар…


Замир Эсенаманов креслосун кучактап ыйлаганда…
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев 31-майдагы өкмөт жыйында Жаратылыш ресурстар министри Замирбек Эсенамановго өзүнүн милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялады. Ошондой эле Жалал-Абад губернатору Бектур Асановго дагы жеке жоопкерчиликтен качпай, тиешелүү иштин жоопкерчилигин түз өзүнө алуу боюнча эскертүү берди. Эгерде ал стратегиялык объектилерде карама-каршылык көрсөтсө, ага катуу чаралар көрүлө тургандыгы айтылды. Муну менен Замир Эсенаманов менен Бектур Асановго иштин көзүн билбей, кемчилдиктерге жол берсе, ээрден шыпырылаары туурасында коңгуроо кагылды.
Баса, Ак үйдөгү узун кулактардын айтуусунда, жакынкы убактарда Эсенаманов ээлеген кызматынан кол жууйт экен. Замир мырзаны 7-апрелден кийин Жайыл районунун акиминин кызматынан алганда креслосун кучактап алып, "мен бул кызматты сатып алгам, кетпейм" - деп ыйлаганга чейин барганы анекдот болуп айтылып жүрчү эле, эми министрлик орундан бошосо, жөн эле жер муштап буркурайт го… Ошондуктан кызматынан алынган күнү кан басымы көтөрүлүп кетпес үчүн тез жардамды дагы чакырып койгон оң…


Ташиевдин таскагы күчөдү…
Күздө болуучу президенттик шайлоо ажо болууну көздөгөн атка минерлердин акыл-эсин тумандатып, эмитеден эле аламан байгеге ат салышуунун камын көрүүгө аргасыз кылууда. Президенттик так көзүнөн учкан "оёндор" элеп-желеп болушуп, биринен сала бири эл-жер кыдырышып, бир катар убадаларды беришип, өздөрүн көргөзүп калуунун амалы менен алпурушууда. Мындай амал менен эл-жерди кыдырууда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жетекчиси Адахам Мадумаров менен "Ата-Журттун" анабашчысы Камчыбек Ташиев башкаларга салыштырмалуу ат чабым алыста келе жатышат. Өзгөчө Ташиевдин дымагы күч. Алсак, май айынын аягында Кыргызстандын түштүгүн түрө кыдырып, "жасайм, кыйратам" деген сыяктуу олчойгон убадаларды берип кайтты. Анысын КТРК президенттин сапарын көрсөтүп жаткандай аябай шардана кылды. Түштүктүн эли жакшы колдоо көрсөткөнбү, эми кайран "Ата-Журттун" атаманы өлкөбүздүн түндүк аймактарын кыдырганга белсенүүдө. Колдоо таппай турганын билсе дагы, элдин кабак-кашын байкамакка дегендей… Эл кандай кабыл алар экен…