Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Калматов жер тилкелерин
эч кимге саткан эмес
Өткөн сандарыбыздын биринде мурдагы прокурор, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Анарбек Калматов Кубанычбек Жумалиевдин жакын тууганы, мурдагы башкы прокурорлор Э.Сатыбалдиев менен Н.Турсункулов группалашы экендиги жана Бишкек шаарынын прокурору болуп турган маалында прокуратура күнүнө карата берилген жер тилкелерин кол алдындагыларга сатып ийген деген таризде чакан материал кеткен эле. Аталган маселелердин чын-төгүнүн билүү максатында, өзүбүз атайын журналисттик иликтөө жүргүзүп, алгач айтылгандарга айрым тактоолорду киргизүүнү туура көрдүк.
Тагыраак айтканда, Э.Сатыбалдиев менен Н.Турсункулов үчөө бир группада окуганы менен, А.Калматов менен К.Жумалиевдин эч кандай туугандык байланышы жок болуп чыкты. Ысымдары белгилүү эки инсан тең Аксы жергесинен чыкканы гана болбосо, бири-бирин жакындан эмес, алыстан гана таанышат экен.
Ал эми жер тилкелерине келе турган болсок, ал Бишкек мэриясы тарабынан прокуратура күнүнө карата эмес, андан бир канча ай мурда эле берилиптир. "Калматов кол алдындагыларга сатып жиберди"- деген кептин узун тарыхы бар экен. Бул макала жарыялангандан кийин тиешелүү жерлерге чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, акыры мындай кептер Калматовдун жүзүнө көө сыйпагысы келгендердин аракети экендигине ынандык. Себеби, Анарбек мырза ошол кездеги Башкы прокуратура жетекчилерине жакпай калыппы, же Калматовдун креслосу керек болгонбу, айтор, акысыз жер алган Бишкектеги 4 райондун прокурорун башкы прокурор өзүнө чакырып алып, "А.Калматов жер тилкелерин бизге акчага пулдап жиберген деп, анын үстүнөн арыз жазасыңар, эмесе ишиңерден айдаласыңар"- деп кыстаганы кийин ачыкка чыккан. Ал тургай Башкы прокуратурада аталган маселе боюнча чоң коллегия болуп, анда жер алган кызматкерлер А.Калматовго ыраазы экендиктерин, ал аларга участокторду сатпаганын, кызматынан алса да, жакшылык кылган адамга жамандык кылбаарын билдирип, арыз жазуудан баш тартышкан. Тилекке каршы, ошол төрт кызматкер арыз жазуудан баш тартышканда, айласы кеткен Башкы прокуратуранын ошол кездеги жетекчилиги "анонимдүү телефон чалуу түштү"- деген болбогон шылтоо менен А.Калматовду текшеримиш болуп, кызматынан кетирүүгө жетишкен.
К.Келдибеков, Бишкек ш.




Жаш саясатчылардан балдарга белек...
"Ата Мекен", "Ак Шумкар", "Ар-Намыс", Кыргызстан элдик демократиялык партиясы, Кыргызстан социал-демократтар партиясы, Жашылдар партиясынын жаштар канаттарынын мүчөлөрү балдардын Чүй облустук кургак учукка каршы ооруканасына белек тартуулашты. Телевизор, DVD player, үн күчөткүч, магнитофондуу болушкан оорулуу балдардын кубанычына чек болгон жок. Белегин берип жиберип, өздөрү барбай калышкан жергиликтүү, облустук чоңдордон айырмаланып, өздөрү барып, белегин берип, жылуу сөзүн айткан жаш саясатчыларга оорукананын дарыгерлер жамааты да терең ыраазы.




Канат Жалилович, Светлана Геннадьевна Чугунова 10 миң сом сурап жатат, кайдан таап куурадык?!
Газетабыздын өткөн санында "Министр мырза, 10 миң сом сурап атат, не кылалык?" деген бир бүркүм кабар кеткен. Анда Бишкектеги мектеп Караколдогу болуп калыптыр. Ак чөп башта деп жатканыбыз ушул. Караколдогу эмес, Бишкектеги болуп окулсун.
Ал эми кабарга келе турган болсок, Бишкектеги №12 мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Чугунова деген даярдоо бөлүмүн бүтүрүп, биринчи класска барчу 240 баланын ата-энесинин ар биринен 10 000 сомдон акча талап кылып жатыптыр.
Урматтуу Канат мырза, жогорудагы чээнден чыккан кеп бекер айтылбагандыр. "Шодокондун ургаачы бүркүтүндөй жулунган" Чугунова айымдын ал кылыгын прокуратураны аралаштырбай эле өзүңүз териштирип-тескеп койсоңуз тазалыкты кууган болор элеңиз.
Кеп кезеги Сизде, урматтуу Канат Жалилович!
А.Муратов, Ысык-Көл обл.




  Уурусу күч болсо…

Кара башын алып
качкандар элге күйөбү?
Кудай буюрса, коалиция бекемделип, өкмөтүбүзгө өзөгүнөн өрттөнүп бут тоскондор, ашкере акыл айткандар токтолду, эми ишибиз алга жыла баштайт деп, үмүт оту жанып турганда "Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, кайрадан ичи тар, көрө албастар баш багып, көкөйгө көк таш болуп, көңүлдү иренжите баштады. Ал баягы эле биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тегерегиндеги Чубактын кунундай чубалжыган ызы-чуу. Бул жолу учкундун тутандыруучусу болуп "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов чыга келди.

Республиканын прокурорунун мурдагы милдетин аткаруучу Кубатбек Байболов бул кызматтан кетери менен атасына таарынган баладай өзүнө жакпагандарды жалганына карабай жасабагандарды жасады деп, чукулап кирди. Алардын бири "МегаКомго" байланыштуу биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун ишмердүүлүгү эле. Ал жигитчилик кылып муну териштирип чын-бышыгына жетүү үчүн Жогорку Кеңештен атайын комиссия түзүүнү өтүнүп, өзү болсо комиссиянын ишине тоскоолдук кылбаш үчүн убактылуу кызматынан кетүүнү суранып арыз жазды.
Он чакты депутаттан турган комиссия бул ишти бир айга жакын тиешелүү документтердин негизинде кылдат, так текшерип, анда Ө.Бабановдун эч кандай тиешеси жок экендигин аныктап чыгышты. Ө.Бабанов кайра кызмат ордуна отурду. Бул айрымдардын ичин ачыштырдыбы, депутат Ө.Абдрахманов башкача жыйынтык чыгарды. Анда депутат Т.Туманов баштаган депутаттык комиссиянын жыйынтыктарына макул эмес деген ой айтылган. Бирок Ө.Абдрахмановдун андай далилсиз дооматтарына бир депутаттан башка депутаттар макул болбогондуктан, кол коюшкан эмес. Ошого карабастан, ал өктөм өжөрлүккө салып, өзүнүкүн жактоодон тажабайт. Бул жердеги түпкү эле максат Ө.Бабановго асылуу менен Алмазбек Атамбаев баш болгон өкмөттүн өйдөлөп бараткан ишине ичи тардык кылып көрө албастан кандай да болбосун бут тосуу деп ойлоого болот. Албетте, мында Ө.Абдрахманов жалгыз эмес. Ошол эле Ө.Абдрахманов, ошол эле К.Байболов эл кыйынчылыктарды баштан кечирип, Бакиевдердин басып алуучулук бийлигинде кыйналып жашап жатканда кара баштарын элден өйдө коюп, "эмне болсоң ошо бол" дегендей, Америкага кире качышпады беле. Андай эле мекенчил, эли-жеринин патриот уулдары болсо өз кызыкчылыктарынан өлкө кызыкчылыгын жогору коюп, качышмак эмес. "Эл эмне болсо биз да алар мененбиз", деп туруп беришмек. Эми болсо даяр ашка келип алышып билектерин түрүнө башташкан. Аттиң дечи, А.Акаевдин тушунда "качып кетиңиз" деген сунушка карабай "Кыргызстандан эч жакка кетпейм" деп бир топ жыл түрмөдө жаткан Феликс Куловдун мындай чечкиндүүлүгү да аларга өрнөк, үлгү болмок турсун ойлоруна да келбептир. Өзүңүздөр калыс, адилет баа бергилечи, урматтуу окурмандар, кара жанын калкалап качып кеткен адамдар өлкөгө, элге күйөбү? Сыртынан жанталашып күйүп-бышкан түр көрсөткөндөрү менен, ичтери былгып, жакшы иштерди көрө албай уйгу-туйгу болуп жатышкандай сыягы.
"Жыгылган күрөшкө тойбойт" дегендей, Ө. Абдрахманов асылганын токтотпой "Мен бирдеме болсом Ө.Бабановдон көргүлө" деген ойду бекеринен айтып жаткан жери жок. Манаска шек келтирип газетага жарыяланып кеткен оюн өзү пикирлери келишпеген жактар уюштурууда дегенди билдиргиси келип жатат. Айла канча, бийликтин боштугубу, же айкөлдүгүбү, болбосо ашыкча демократиялуулугубу, ал катуураак болгондо Ө.Абдрахманов да, К.Байболов да арадай жерге чарадай жыйын курмак турсун, куйруктарын кыпчып алып, "Кайдасың, кара башты калкалаган Америкам" деп качып жөнөшмөк. Ошон үчүн "Жылкычым, жылкыңа карап ышкыр" демекчи, өтө эле аңыраңдап, аша чапкандыктын да чеги болот эмеспи. Же биригип бараткан элди жаат-жаат кылып бөлгүңөр келип турабы? Өмүрбек Абдрахмановдун бул ишин ырбатып табышмакка айландырбай Жогорку Кеңеш тиешелүү акыркы чекитти коюш керек. Өмүрбек Абдрахманов мырзага биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановго, ал аркылуу тымызын өкмөткө Манас атабызга асылганды коюп, болбосо элдин талабынан кутулуш оңойго турбайт деп кеңеш айтаар элем.

Жума Мамбетов,
журналист.