Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

7 жашар
Шириндин
жүрөк сыздаткан
тагдыры
"Эми гана беш жашка чыгып, эки колунан ажырап калган Шириндин ал-ахыбалын билүү максатында борбор калаабыздагы №3 балдар бейтапканасына барып, апасы Мадинаны сөзгө тарттык. Алгач, Медина бейтапканага барганында, кызы: "Апа, менин колдорум кана?" - дегенинен шейшепти ача салсам, колунун чыканактары гана сербеңдеп көрүндү. Ошондо эстен танып жыгылыптырмын" - деп жашып кетти. Кичине өзүнө келген соң, сөзүн андан ары улантты…"
"Эл сөзү" №29, 2009-жыл, 22-сентябрь
Мына ушул макаланы биз эки жыл мурун коомчулукка жарыялап, колунда бар азаматтарды жардам берүүгө чакырдык эле. Бул тууралуу укпаган окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн, окуяны кыскача баяндап берели. Мындан 2 жыл мурун, тактап айтканда, 2009-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Маданият айылында, 20-июль күнү кечки саат жетилер чамасында, жолдун боюнда өтүп келе жаткан 5 жаштагы Мадияр кызы Ширинди жүк ташуучу КАМАЗдын айдоочусу Анаркул Керималиев аттуу адам сүзүп, артка кылчайбай качып кеткен эле. Шириндин канжалап жатканын көргөн таенеси Роза Мукадилова небересин дароо эле райондук бейтапканага алпарган. Ал жердеги райондук врачтар эч жардам көрсөтө албагандан кийин, Талас шаарына алып жөнөгөн. Натыйжада, Ширинге Талас облустук хирургия бөлүмүндө операция жасалып, врачтар эки колун чыканактан ылдый кесип салышып, калганын врачтар Бишкектен жасашат деген шылтоо менен эки колунан ажыраган наристени таенесинин колуна салып беришкен. Байкуш таенеси айласы куруп, небересин шаарга алып келип, №3 бейтапканага жаткырганы менен, кесилген колду улап коюу мүмкүн болбой калган. 1-июнь балдардын эл аралык коргоо күнүнө карата Шириндин ал-ахыбалын билүү максатында апасы Медина Үмөталиеваны маекке тарттык…

Медина Үмөталиева,
Шириндин апасы:
"Орто эсеп менен 15 миң евродой каражат кетти окшойт, бирок…"
- Медина эже, окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн болгон окуяны төкпөй-чачпай башынан айтып берсеңиз?
- "Кырсык деген каш-кабактын ортосунда" дегендей, айттырбай келет тура. Ал күтүүсүз каргаша мындан эки жыл мурун, жайдын саратанында, тагыраак айтканда, 20-июль күнү Бакай-Ата районунун Маданият айылында кечки саат жетилер чамасында болду. Короонун четинде өрүк бак бар болчу. Кызым өзү теңдүү кыздар менен бактын түбүндө өрүк жеп отурган. Мен болсо кызымды "алыс кетип калбасын" деп, сыртынан көз салып, дүкөндө соода кылып аткам. Аңгыча эле күрүлдөгөн КАМАЗдын үнү угулуп, ошол замат эле кызымдын ачуу чаңырган үнү угулду. Чочуп кетип, эшикти карай атып чыксам, колунан каны чууруп кызым жол жээгинде жатыптыр. КАМАЗ болсо, бир топ узап кетиптир. Кошуналар чогулуп, ызы-чуу түшүп, кызымды райондук ооруканага алып жөнөдүк. Барсак, дарыгерлер жардам кыла албасын айтып, Таластагы облустук хирургияга жөнөтүштү. Ооруканага келээрибиз менен, башкы дарыгер Жолдош Үркүнбаев бизден эч кандай уруксаат албай туруп, кызымды операцияга киргизип, бир колун чыканактан өйдө, бир колун чыканактан ылдый кесип салыптыр. Кабыргасынын териси сыйрылып калган экен аны жууп, тазалап туруп, таңбастан кум-ташы менен кошо таңып салыптыр. Бир убакта эле: "Операция абдан оор болду, кызыңардын өмүрүн мен сактап кала алчудай эмесмин. Бишкектен врач чакыртпасак болбойт" - деп врач чакыртышты. Ошентип, чакырткан врачтары келип, эртеси таңкы бештерде кызымды Бишкекке алып келип, №3 балдардын бейтапканасына жаткырдык.
- Учурда кызыңыздын ал-ахыбалы кандай?
- Кызымдын ахыбалын жаман деп айтууга оозум барбайт. Жаман болсо дагы жакшы деп гана тургум келет. Кызым убакыттын өтүшү менен эс тартып, акыл-эси калыптанып келатат. Мурда колдорунун жок экендигине анчалык деле маани бирип, кейий берчү эмес. Чоңоюп, эс тарта баштаган сайын колдорунун жок экендигине кабатырланып, "эки колум жок мен кантип адам болуп, кантип жашайм? Мени төрөбөй эле койсоңуз болмок экен" -деп жүрөгүмдү сыздатчу болду. Кээде эки колун карап алып буркурап ыйлайт. Тамак иче албайт, дайыма жанында бир киши кошо жүрүш керек. Үч жашынан тартып эле тамга таанып окуганды үйрөнүп алган. Ак бантик байланып, сумка асынган өзү теңдүү окуучу кыздарды көрүп калса: "Мен дагы ушулардай болуп окууга барсам" - деп кыялданып калат. Быйыл 7 жашка толду. Окуп билим алса жакшы болмок.
- Кызыңызды коюп кеткен А. Керималиев жана колун кескен дарыгер Ж. Үркүналиевдер жоопко тартылдыбы?
- Эч кандай жоопко тартылышкан жок. Кызымды чет өлкөгө доктурга алпарыш керек болуп, акча таппай зарыгып турганда милиция кызматкерлери А. Керималиевди артынан кууп жүрүп, 300 миң сом алып беришкен. Кийин соту болуп, камалаар алдында 150 миң сом берген. Айрым адамдарга айтыптыр, "Шириндин энесине 1 миллион сом акча бердим, андан сырткары 3 бөлмөлүү үй алып бердим" - деп. "Кулак укса, курсак кайнайт" дегендей, анын айткандарын угуп алып каңырыгым түтөп жатат. Ал "кутулуп кеттим" деп жүрөт окшойт. Соттук иштер али жабыла элек. А. Керималиевдин жооп берээр күнү алдыда. Ал эми Ж.Үркүналиев болсо, мурдагы эле жумушунда иштеп жатат. Жоопко тартылмак турсун, бир жолу басып келип кызымдын ахыбалын сурап койгонго жараган жок. Уялбай кайра "Көп болсо, кызматтан алаарсыңар, андан башка колуңардан эмне келмек эле"- деп жүрөт. Менимче, анын артында таянган адамы бар окшойт.
- "Ширинди чет өлкөгө алып барып, жасалма кол салдырып келиптир" деп уктук эле…
- "Наристелер" фондунун төрайымы Айжан Ибраимова аттуу айым Германиядагы хирургиянын Киевдеги бөлүмүнө алып барып, ал жактагы немец дарыгерлерине жасалма кол салдырып берди. Сарпталган каражаттарды толугу менен немецтер мойнуна алышты. Орто эсеп менен 15 миң евродой каражат кетти окшойт. Бирок жасалма кол деле эч кандай жардам бере албайт экен. Манжасын ачса жумулбайт, жумса ачалбайт. Кандай айла кылаарымды деле билбей калдым. Өткөндө интернеттен карап отуруп, Германиядан жасалма кол салчу дагы бир оорукананы таап алдым. Каражат болсо, ошол жакка дагы бир алып барып көрсөмбү деген үмүтүм бар. Эмнеси болсо дагы кызымдын колу жакшы болуп, кор болбой жашап кетсе деген тилегим зор.
- Өкмөттөн кандай жардам болду?
- Өкмөттөн эч кандай деле жардам болгон жок. Өкмөткө караганда карапайым эл аябай жардам берди. Бир гана К.Ташиев өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда бир айлык акчасын которуп берип сөөктү агарткан. Үйүбүз жок, батирде баш калкалайбыз. Эптеп иштеп акча табайын десем, кызымды караганга киши жок. Дагы жакшы, ата-энем жөлөк-таяк болуп, кызым экөөбүздү багып жатышат. Үй маселесин чечип берээр бекен - деген илгери үмүт менен президентибиз Роза Отунбаевага мындан 10 ай мурун кат жолдогом, ушул убакка чейин ал катымдын жообу жок. Өткөндө вице-премьер министр Ө. Бабанов Таласта жүргөндө кайрылсам, "Бишкекке барганда кайрылыңыз" - деген эле, азырынча кайрыла элекмин. Деги эле, менин кызыма окшогон өспүрүм балдардын мындай татаал тагдырына кайдыгер карабаган кыргыздын колунда бар азаматтарынын бир аз болсо да жардам беришин өтүнөт элем.

Мадияр кызы Ширин:
"Кол салдырып беришсе, апам айткандай батабызды бермекпиз…"
- Колдорум оорубайт. Бир гана жаман жери эч нерсе кармай албаганымда. Жада калса, кашык кармап тамак жей албайм. Мени менен тең кыздардын топ ойноп жүргөнүн көрүп, аябай кызыгам. Сүрөт тартып, мектепке баргым келет, бирок калем кармап сүрөт тарта албайм. Эки колум жок мен кантип адам болуп, кантип жашайм… Жардам берип, кол салдырып берген адамдар болсо жакшы болор эле. Апам айткандай батабызды бермекпиз.
P.S.
Шириндин тагдырына кайдыгер карабаган кыргыздын колунда бар эр-азаматтары, 0550-946301 0552-514185 номерине чалып жардам көрсөтүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Даярдаган
Мирлан Алымбаев