Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Соройгула, соттор келатат!
Жакында жакырчылыкты сезбеген биздин "адилет соттор" эл өкүлдөрү тарабынан электен өтмөкчү болуп турат. Ушул жерде бир чоң коркунуч бар. Анткени комиссия түзүүдөн чарчабаган азыркы парламенттеги беш фракция шайлана турган сотторду беш топко бөлүп, ар бир фракция өз талапкерлерин өткөрүүгө өзгөчө кам көрүп, аягында баягы эле алкымы чоң адилетсиз соттор калып калышы мүмкүн болуп турат. Буга чейин сотторубуз парламент элегинен жалаң эле жашыл акчанын жардамы менен өтүп жүргөнүн эске алсак, ал адат азыр дагы кайталанбай койбойт. Андай жол менен өткөн соттор, оболу ошол каражатынын ордун толтуруш үчүн адилетсиз кадамдарга барып, калыстыктан тайып, карапайым калкыбыздын канын "ичип" келгени калп болбосо керек. Ошондуктан оозу менен курсагы чоң ошондой сотторду оодарып түшүш үчүн эл дагы өз элегинен өткөрүшү керек. Эки жердеги экини беш кылган, казандын түбүн ак кылган, ак адамды инфаркт, адам өлтүргөндү хулиган кылган соттор оголе көп эмеспи. Ошондой фактыларды биздин "Фабула" гезитине жазып жиберсеңер, биз атайын "Светофор" деген рубриканын астында жарыялап, "апакай" соттордун кара тизмесин түзүп, карапайым элибизге кабарлап турмакчыбыз. Жанагы, "жашыл акча жашыл жарык" дегендерге ушундай жол менен кызыл жарыкты жандырып койсок, эл өкүлдөрүнүн элеги бекем болобу деген тилек. Анда, кара тизменин алгачкы каармандарын кат аркылуу кабарлай берсеңиздер болот.


600 миң долларлык кызмат сатылат?
Майлуу-сүттүү мансаптар өлкөбүздө дагы деле өз баасын жогото элек. Илгеркилер түзүп кеткен соодалашуу схемалары боюнча эми бүгүнкүлөр өз кишилерин кызматка түртүүнүн аракетин көрүп келишет. Алсак, Мамлекеттик салык кызматынын Түндүк аймагы боюнча башкармалыгынын башчысы Замирбек Мамбеткулов кызматтан айдалгандан бери бул орунга көзүн кызарткандардын саны оголе көп болууда. Алардын бири мурунку "Ак жолдун", азыркы "Ата-Журттун" балык ооз депутаты кадимки Жаныш Кудайбергеновдун бир тууган агасы Жаныбек Кудайбергенов экен. Былтыркы парламенттик шайлоодо социал-демократтардын короосуна жойлоп кирип, партиянын таасирдүү адамдары менен мамиле түзүп, депутаттык тизменин арткы жагынан орун алып койгон кайран Жакең КСДП партиясынын үлкөн бир чиновнигин ортого салып, мурунку начальник Мамбеткуловдун мансабына куда түшүп аткан экен. Майлуу-сүттүү бул мансап Максим менен гаипкуловчулор бычкан баа боюнча 600 миң доллар турат экен. Акчасы кенен Кудайбергеновдордун бирөөсү жакын арада бул кызматка келип кала турган болсо, анчалык таң калбай деле койсок болчудай.


МЧС таптамакчы болгон талапкерлер: Ниязов, Ибраимова, Шерниязов
Чуулгандуу "Викиликс" сайты дагы бир чуулуу сырды чубап чыкты. Аталган сайттын маалыматында мурунку Президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө Бакиевдердин тиешеси бар экендиги айтылат. Себеби ошол жылы ыраматылык Медет Чоканович оппозициянын башын ошол кездеги вице-премьер министр Эльмира Ибраимованын тегерегине чогултуп, бир күчкө бириктирип, 2009-жылы өтүүчү президенттик шайлоого бир талапкерди таптамак экен. Ал талапкерлердин арасында Эльмира Ибраимовадан тышкары Болот Шер, Мирослав Ниязовдордун да ысымы аталган экен. Садыркуловдун бул долбоору бакиевчилерге өтө чоң коркунуч туудуруп, акыры Кой-Таш айылындагы жогорку бийлик жактан уюштурулган "кокустук" окуя болуп өткөн экен. Садыркулов таптамакчы болгон талапкерлердин бири катары "Викиликсте" аты аталган Мирослав Ниязов бул сайттагы маалыматтын кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар экендигин мойнуна алыптыр.


Сүрөттөр сүйлөйт тарыхтан...
Мадумаров, Үсөнов, Нур уулу, Чудинов жана Тагаевдер мамлекеттик гимнге таазим кыла жүрөгүн басып турганы. Бу жакшы. Бирок булардын баскан жолун билген адамга, булар жүрөгүн баспай эле чөнтөгүндөгү акчасына демденип жаткандай да сезилип кетет экен…
Мадумаров президент болом деп турат. Үсөнов болсо, береги эле Алматыда качан контрреволюция болот деп күтүп жаткан учуру.
Нур уулу, бечара, интеллектиси өлчөлүү эмеспи, анын үстүнө чоң кызматтын кай жеринен кармаарын биле албады. Азыр экинчи орчун кызматка алынбасын билип-туюп тынчыган кези…
Чудинов орустан чыккан куу эмеспи. Алчусун алган. Анын орустугунан коркот эмеспизби, андыктан бул орустун дагы бир жерден чыгышы турулуу.
Тагаев спикер болуп, ал эмне экенин дурус түшүнүп үлгүрбөдү. Акчасы көп болсо эле түшүнүгү артып кетпейт экен. Бул чындыкты Тагаев сонун далилдеп берди.


Акыйкатчынын абийирин ачыптыр
Америкалык экс-элчи айым Татиана Гфеллер акыйкатчы Турсунбек Акун тууралуу "коомчулук көз алдында жүрүүнү каалаган адам. НПОдогулардын айтымында, абактагылардын жаза мөөнөтүн азайтып берип, кызматын сатып келген. Акун укук жаатында Өкмөттүн ишин сындай алат, бирок кайсы бир чиновниктерге конкреттүү түрдө тийишпейт. Президент Бакиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу дегеле жаман айтпайт" - деген мүнөздөмөсүн америкалык дипломаттардын жашыруун каттарын ачыкка чыгарып аткан "Викиликс" сайты жарыя кылды. Ошондой эле 2010-жылдын 25-январында Акун Гфеллер менен жолукканда "Садыркулов менен Павлюктун өлүмүнө Мурат Суталинов менен Жаныш Бакиев жоопкер" деп айткан экен.


  Пулуң болсо, кулуңмун…

Роза Бадалова эркиндигин 150 миң долларга сатып алдыбы?
Эсиңиздерде болсо, гезитибиздин өткөн сандарында "Ак үйдү, Көк үйдү, чиновниктерди сатып алган Роза Бадалованын бейнеси…" аттуу макала жарык көргөн болчу. Ал макалада Роза айымга тиешелүү болгон 186 тонна күйүүчү май контрабандалык жол менен (май айынын башында) Баткен аркылуу Тажикстанга ташып бараткан жеринен кармалганы жана бул аялдын мындай "ишмердүүлүгүн" дээрлик акыркы 20 жылдан бери ийгиликтүү улантып келатканы ачыкталганы баяндалган эле. Чынында эле ушунча жыл ичинде Роза Бадалова өзү туулуп өскөн Жайыл районунун укук коргоо органдарынын жетекчилеринен баштап, облустук, андан кийин республикалык деңгээлдеги жетекчилерин, андан тышкары Бажы тармагынын, Ак үйдүн, жана бийликтин ар кайсы бутактарындагы таасирлүү адамдарды колго алып, өзүнүн мындай мыйзамсыз бизнесине ар дайым "жашыл жарык" күйгүзүп келген.
Мына ушул жүйөөлүү себептен улам, 20 жылдан бери колго түшпөй, түшсө да кайра тез аранын ичинде чыгып кетип турган. Жогоруда айтылгандай, Бадалованын мыйзамсыз иштери аныкталып колго түшүрүлгөндө, ИИМдин Кант шаарындагы бөлүмүнө камакка алынган эле. Ал камакка алынары менен, аны кандай да болсо бошотуп алуу үчүн, бир топ аттуу-баштуу чиновниктер буту үзүлгөнчө чуркап жүргөндүгү ачыкка чыккан болчу. Ал эми Бадалова болсо өзүн ИИМ жок жерден эле камап салганын айтып, (күнөөсү так далилденип турса дагы) ЖКнын төрагасы Келдибеков, ЖКнын мыйзамдуулукту сактоо боюнча комитетинин төрагасы Турат Мадылбеков баштаган бир катар жетекчилерге арыз менен кайрылганга үлгүргөн.
Кыскасы, шамал ким тараптан сокту ким билсин, айтор, Бадалованын сотторго же кайсы бир таасирлүү чиновниктерге 100 миңден, 150 миңге чейин доллар пара берип, эркиндикке чыгып кеткендиги айтылууда. Бирок бул маалымат азырынча расмий түрдө тактала элек. Ошентсе да, бул чоң сумма тар чөйрөдө суктануу менен айтылып жүрөт. Демек, бул маселени тактай турчу мезгил жетти. Эгер Бадалованын мындай иш-аракеттери кылдаттык менен иликтене турган болсо, анын аркасы менен (аны колдоп келишкен) бир топ чиновниктердин чыныгы жүзү коомчулук үчүн айкын болот эле. Балким, биринчи кезекте адилетсинген бир катар соттордун ысымы сороюп чыгышы толук мүмкүн эле.
Ал эми расмий маалматтардын дагы бир бөлүгүнө таяна турган болсок, Роза Бадалова сотто суралып жатканда, "кокусунан" жүрөгү кармап жыгылып калган имиш. Кудайга тобо келтирдик. Жүздөгөн тонна күйүүчү майларды контрабандалык жол менен эч коркпой ээн-эркин ташып жүргөндө кармап калбаган жүрөгү, сот залынан кандайча кармап калат? Айтор, бул жагы да, анча түшүнүксүз түркүн дүйнө болуп тумандап турат.
Кыргыз бийлиги качанкыга чейин мыйзамды одоно бузган адамдарга чара көрө албай, оозун ачып кала берет? Акчага сатылган, кызмат абалынан пайдаланган, мамлекеттин акчасын "тамагы айрылганча" жеген акмак чиновниктердин жок эле деген 10-15ин аныктап элге салып берип, элдик сот кылмайынча мындай көрүнүштөр миллиондоп кайталана берери турган иш. Дагы бир ирет баса белгилейли, элдик сот чечиш керек, андай кесепеттүүлөрдүн тагдырын. Болбосо, мамлекетибиздин мыйзамдуу деп эсептелген сотуна ишеним болбостугу анык. Алар азуусун айга жанган ач карышкырлар жана чөөлөрдөн да жаман болуп жетер жерине жетип турган кези… Анан эмне үчүн карпайым эл, адилеттикти издеген эл андай жексур карышкырларга кой кайтартышы керек..?

Айбек Шамшыкеев