Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Байболовдун "башына кылыч айланат"
Кечээ күнү Бишкектин мурунку прокурорлору К. Абылов, М. Нишанов, А.Хегай жана А. Намазалиевдер маалымат жыйын өткөрүп, экс-Башкы прокурор Кубатбек Байболовдун былыктарын чукуп чыгып, жоопкерчиликке тартууну өлкө башчыларынан өтүнүштү.
Алар Байболовдун бир катар шектүү иштери боюнча атайын комиссия түзүп, иликтеп чыгуусун дагы суранышты. Алсак, экс-прокурорлор Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан К. Бакиев жана анын жакындарына козголгон кылмыш иштери сотко жетпей калганына Байболовдун тиешеси бар экендигин, тергөөчү Кыдыралиевдин Латвияга барып келгенден кийин Белоконь башкарган "Манас-Банктын" эсептерине коюлган камак дароо алынганын, Башкы прокуратурадагы эки чоң башкармалыктын жетекчилери менен Байболов АКШга бир нече ирет кимдин эсебинен барып келгенин, өмүр бою мамкызматтарда иштеп жүрүп эсепсиз байлыкты кантип топтоду ж.б. иштерди тактоону өтүнүштү. Маалымат жыйынына сүйлөгөндөр Байболов үч айдын ичинде кантип бакандай төрт кызматта иштөөгө үлгүрдү деп жакасын кармашты.
Байболов тийиштүү жазасын алса, анда башкаларга "эч качан чоң кызматтарга отурарың менен өз арбайыңды согуп кирбе, антсең бирди көрөсүң" деген сонун сабак болмок!
Эмдиги сөз бийлик башындагыларда. Байболовдун күнөөсүн изилдетип, күнөөсү болсо жазасын тарттырып туруп анан кетирсин Америкасына.

Субанбеков пайда болуптур
Бир жылдары ИИМин жетектеп, кийин Бакиевге аз-маз оппозиция болумуш этип, кара жанын калкалап, чээнге кирип кеткен Бакирдин Субанбеков деген бар. Бакиевдер ашынып турганда, оппозиция өкүлдөрү "кантсе да генерал эмеспи"-деп жанына тартууга канча аракет кылды. 7-апрелдин алдында да Сагынбек Абдрахманов баш болгон чүйлүк жердештери "чогуу бололу, кошул бизге"-деп барганда, жүрөгү оозуна кептелип жашынып алган жайы бар. Эми ошол "чокчолой баатыр" генерал Субанбеков мырза ат тезегин кургатпай, Атамбаевге каттап, алды-артынан түшүп атканын эшиттик. Айтмакчы, былтыркы парламенттик аламан байгеде "Ак шумкар" менен аттанып, бирок акчадан же мандаттан жок ортодо калган. Балким, эсине келип, Атамбаевдин артынан эле ээрчийин дегени го. Прогрессивдүү саясатчылардан делинген Темикең да тескери кетпей, бир күчкө топтолушса, балким, таза, акыйкат бийлик орношуна көмөктөшөт беле?


Ашыркулов чээнден
чыгыптыр дейт…
Акаев заманында ал замандын каймагын калпый жашаган жана да "дос-секретарь" деген наамды алган Мисир Ашыркулов мырза Адахам Мадумаровду президенттик шайлоодо колдойт экен деген кабар тарап кетти.
Мисир мырза президенттик администрацияны да, коопсуздук кызматын да башкарган, андыктан ал Акаевдин айбан иштерин мыкты билген жана да ага көмөктөш болгон адам катары бааланса туура болор. Ошондон улам Акаеви айдалгандан кийин эле анын кайда жүргөнү билинбеди, кийинки бийликтин бир жерине да илинбеди.
Өтө сак жүрчү, өтө так жүрүүгө аракет кыла жүрчү Ашыркуловго Мадумаров кылтакты кай туштан илди болду экен? Маселе ушунда болуп турат.


Кильюнен тебилди
Моокунубуз канып турат. Себеби ушул: жанагы Эл аралык комиссиянын башчысы Кильюнен деген "жинди-финди" парламентибиз экинчи Кыргызстанга келгис кылды.
Ии, кыргыз деген оңой эмес, нанын алдырганга чыдаса да, намысына тийгенге чыдабай калсын! Жогорку Кеңешибиз ишин баштагандан бери эң көрүнүктүү чечими да дал ушул чечим болду окшойт. Эми өзүбек сепаратисттери Кильюненине көңүл айтып палоосун каалашынча баса берсин…
Парламентибиз мындан ары да биздин ички ишибизге кийлигишип, башка улуттарга басынтууга аракет жасаган кандай гана адам, уюм, коом же мамлекет болбосун чечкиндүү аракетин көрүп, катыгын тойгуза берип турат деп ишенебиз.
Баса, өткөндө биздин гезит "Кильюненди көчүккө тебиш керек" деп жаздык эле, ырас эле ал Брюсселге барып талп этти!




Үч түрлүү бир жыйынтык…

25-май күнү апрель-июнь окуяларын иликтеген депутаттык комиссия үч ача пикирин шардана кылды. Ар-намысчы Токон Мамытовдун вариантында Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү аз-маз чымчыланып, кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү бар делинсе, ата-журтчу Жылдыз Жолдошеванын "Коогалаң" деп аталган өздүк видео тасмасы менен коштолгон вариантында Асылбек Текебаевдин Кадыржан Батыров баш болгон өзбек сеператисттери менен болгон байланышы айтылып, Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөсү тең күнөөкөр деген жыйынтык чыгарылган. Ал эми социал-демократ Исмаил Исаковдун жыйынтыгында, июнь окуясына Бакиев жана анын былгытма саясаты күнөөлүү деген тыянак чыгарылды. Жогорудагы жыйынтыктар боюнча Убактылуу Өкмөттүн ошол кездеги айрым мүчөлөрүнүн оюн ортого салууну эп көрдүк.


Топчубек Тургуналиев,
Убактылуу Өкмөт мүчөсү:
- Эми тарыхта, дегеле турмушта эч нерсе, эч ким токтото албаган окуялар болот. Бу Ош окуясы кечээ эле болгон жок. 90-жылдагы коогалаңдан кийин кандуу калабаны баштап ийсемби деп турган өзбек топторуна эч кандай чара көрүлгөн эмес. Бул акыры келип былтыркы окуяга алып келди. Убактылуу Өкмөт колунан келгенин жасады. Колунан келип туруп, жасабай койгон учурлары да болду. Алсак, Бакиевдер Ош менен Жалал-Абаддын ортосунда тайраңдап жүргөндө, жолдун эки четинен эки БТРди токтотуп туруп, колго түшүрүп, жазасын берсе болот эле. Балким, Бакиевди кармаганда мынчалык кан төгүлбөйт беле… Үчүнчүдөн, коогалаңды болтурбоо Убактылуу Өкмөттүн колунан келбейт болчу. Анткени өзбек куйтуларынын бул окуяга даярдыгы көптөн бери эле жүрүп келген.

Рыскелди Момбеков,
Маданият жана маалымат
министрлигинин экс-министри:
- Ош окуясы боюнча ошол кездеги Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү жооп бериши керек болсо, анда апрель окуясы боюнча Бакиевдин өкмөтүндө өзгөчө кызмат өтөгөндөр жооп бериши керек болуп калат. Алар кимдер жана кайда экендиктерин элибиз эң жакшы билет. Андыктан азыркы парламент депутаттарынын 90 пайызын апрель окуясы боюнча жоопкерчиликке тартса болот. Анткени алар кан төккөн Бакиев бийлигине кам көргөн чиновниктерден болгонун эч ким, эч убакта унутпаса керек. Эмне үчүн ушул эле эл өкүлдөрүбүз апрель окуялары боюнча комиссия түзүшүп, анын ак-карасын карап чыгышпайт? Ош окуялары боюнча Отунбаеванын өкмөт мүчөлөрүн отургузгулары келишсе, алгач апрель окуялары боюнча ал кездеги өкмөт мүчөлөрүн отургузгандары оң болот. Дегеле, токой чарбасын жетектеген Топчукеден мурун, топтошкон бакиевчилерден баштасак, акыйкаттан алыс, калыстыктан карыш чыкпаган болобуз.

Темир Сариев,
Каржы министрлигинин
экс-министри:
- Бул окуя боюнча Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө жалаа жапкысы келген кандайдыр күчтөр бар. Бирок мындан эч кандай жыйынтык чыкпайт. Эл өз баасын берген, керек болсо дагы да баасын бере алат. А жанагылардын элдин атынан сүйлөгөнгө эч кандай моралдык дагы, башка дагы укугу жок. Мунун баары тоталитардык-үй-бүлөлүк бийликтин кесепетинен болгон. Ошол бийликке салым кошкондордун бүгүн чыгып алып элдин атынан сөз сүйлөөгө акысы жок!

Алмамбет Шыкмаматов,
Мамлекеттик каттоо
кызматынын мурунку башчысы:
- Убактылуу Өкмөттү мындай бир беткей каралоо бул аша чапкандык. Баарыбызга белгилүү болгондой, ал кезде кырдаал таптакыр башкача болчу. Туура, Убактылуу Өкмөт ошол кезде бийликте болчу, жоопкерчиликти мойнуна алган. Бирок июнь окуясындагы жара ондогон жылдардан бери чогулуп келип, ошондо чыйкан сыяктуу жарылды да. 90-жылдагы коогалаңдан кийин бул окуяга үстүртөн гана баа берилип, эч ким, эч кандай жазага тартылган эмес. Ушундай чыңалуулар мамлекетте саясий олку-солку болуп турганда жарылат. Ошонун кесепети былтыркы кайгылуу окуяларга алып келди. Бул жерде Убактылуу Өкмөттү күнөөлүү деп айтыш туура эмес.