Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Дүйнөдөгү жок сулуу"
кыргыз сахнасында
"Учур" мамлекеттик театры ирлан драматургу Мартин МарДонахтын "Дүйнөдөгү жок сулуу" драмасы боюнча коюлган спектаклди тартуулады.
Кыргызстан эле эмес, жалпы Борбор Азияда биринчи жолу коюлуп жаткан бул чыгарма көрөрмандардын кызыгуусун жаратты.

Пато Дули деген ирландиялык жигит жакыр турмуштун айынан Лондонго мандикерликке барып, бели майышып, кабыргасы кайышып оор жумуштарда иштеп, жаны кашайганда көкүрөгүндөгү зар-муңун ыр менен чыгарып алат. Патонун ролун театрдын таланттуу актеру Жолдошбек Жанжигит уулу жеткиликтүү аткара алган.
"Учур" театры сахналаштырган Эрнис Турсуновдун котормосундагы "Дүйнөдөгү жок сулуу" драмасы ушул тапта драматургия, театр, кино өнөрүндө атагы бар Мартин МарДонахтын чыгармасы. Анын теги ирландык, Лондондо төрөлгөн.
Спектаклде жашы жетимиштен ашып калган Мэк аттуу кемпир менен кырктын кырынан ашкан кызы Мориндин ортосундагы психологиялык татаал мамиле, алардын турмушуна аралашкан Пато жана Рэй Дули деген ага-ининин тагдыры көрсөтүлөт.
Бул пьесадагы ирландыктардын мигранттар маселеси дагы көтөрүлүп, алардын Лондондогу жашоосу бүгүнкү Кыргызстандан чет жактарга чыгып кетип жаткан мигранттардын тагдырына абдан окшош.
Ал эми Мэк аттуу кемпир менен нерв жактан ооруулу кызы Мориндин ортосундагы эки башка көз караш, карама-каршылык, жашоодогу тирүүлөй тозок, кызынын колунан мерт болгон эне, сүйүү сезимин жырткычтык сезимге алдырып жиберген кара далы кыздын кейиштүү тагдыры чыгармадагы негизги окуяны түзгөн.
Мына ушундай психологиялык жактан татаал драманы "Учур" театрынын артисттери Мэктин ролунда Бактыгүл Асанова, Моринди - Айнура Чолпонкулова, Патону - Жолдошбек Жанжигит уулу, Рэйди - Атамбек Шамуратов актердук жогорку чеберчиликте аткарып, зал толгон көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырышкан жок.
Спектаклден кийин Назгүл аттуу көрөрман ой бөлүштү:
- Чындыгында жашообуз ушунчалык татаал болуп турганда ушундай психологиялык оор спектаклди коюнун кажети барбы деген суроо дагы туулат экен. Ошондой болсо дагы театрдын артисттери мыкты өнөрлөрүн көрсөтө алды. Өзгөчө Рэй деген жигиттин ролун ойногон Атамбек Шамуратов жасалмасы жок жөнөкөй ойногону менен айырмаланды. Ал эми башкы каарман Мориндин ролун ойногон актриса Айнуранын толкунданганы сезилип турду. Ошондой болсо дагы ролун мыкты көрсөтүүгө абдан аракет кылды.
Декорациялык жасалгалоосун сүрөтчү Садыр Ниязакунов спектаклдин атмосферасына абдан үндөш жасаган. Анын ой жүгүртүүсүнөн жаралган Жер шарына окшогон топурак сахнада төгүлгөн.
Бул оюн режиссер Шамил Дыйканбаевдин өткөн жылы Москва шаарынан окуусун бүтүрүп келип койгон алгачкы чоң спектакли. Ал Москвага чейин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун режиссура бөлүмүн бүтүргөн. Буга чейин Николай Коляданын "Кымбатым" аттуу моно спектакли менен Орусиядагы фестивалда башкы байгеге татыктуу болгон.
Режиссердун бул чыгармасы жеке эле көрүүчүлөрдү эле эмес, театр адистеринин дагы кызыгуусун жаратты.
Кыргыз театр коомчулугунда режиссерлор, сүрөтчү-коюучулар, балетмейстрлер жетишсиздиги айтылып келаткан эле. Ирлан драматургунун чыгармасын кыргызчалаткан режиссер Шамил Дыйканбаевдин бул саамалыгы кыргыз режиссурасындагы жаңы нерсе болуу менен бирге таланттуу жаштар менен толукталып келатканын "Учур" театрынын директору Шаршебек Шейшенов кошумчалады.
- Кыргыз театр искусствосунда буга чейин театр режиссурасы аксап келген эле. Мына азыркы спектакль биздин уучубуз куру эмес экенинин далили. Камат Касенов деген дагы жакшы режиссерубуз бар. Бирок театрларга сүрөтчү-коюучу кесибиндеги жаштар жетишпей турат.
"Учур" телетеатр болуп мындан он жыл мурда Кыргыз улуттук телерадиокомпаниясында түзүлүп, ондогон мыкты спектаклдерди коюп чет элдик фестивалдарда байгелүү орундарга жетишкен. Мелис Эшимканов КТРга башкы директор болуп барганда театрды жоюп жиберип, чыгармачыл топ көчөдө калган.
Өткөн жылы Маданият жана маалымат министрлиги театрга Чатыр-Көл кинотеатрынын имаратын берген. Ал жерде азыр оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Коомдук телерадио корпорациянын жаңы жетекчилиги "Учурду" убактылуу болсо дагы канатына калкалап, чыгармачылык менен иштөөсүнө шарт түзүп бергенин театрдын жетекчиси Шаршебек Шейшенов белгиледи.
Аманбек ЖАПАРОВ
"Азаттык" үналгысы





Жарнама
Таш-Төбө айылы жактан дача сатылат. (Красная гвоздика лагеринин жанында) Бышкан кирпичтен, 3-бөлмөлүү. 8 сотых жери менен. Шаардын борборунан 18 км.
Тел.: (0775) 97-29-76, (0700) 28-52-81.
_______________________________________
Каракол шаарынан төрт бөлмөлүү үй сатылат. Сарай-парайы, мончосу, телефону, суусу бар. Төрт сотых жерине алма, өрүк тигилген. Эгерде Бишкектин тегерегиндеги айылдардагы чакан үйлөргө алмашкысы келгендер болсо, алмашабыз. Каракол шаары, Кравцова көчөсү 173, т: 7-14-73, 0778-31-29-80.
_______________________________________
Бардык жасалгасы менен алты канаттуу, жүз бир баш боз үй сатылат. Баасы келишимдик жол менен сүйлөшүлөт. Тел: 0778 83-08-83, 0550 83-08-82.
_______________________________________
Тынчтык жаңы конушунан 5 бөлмөлүү үй сатылат. (Заря аймагында) евроремонт. Тел. 0555-47 81 46 / 0554-15 18 83
_______________________________________
"Жеңиш" жаңы конушунан 5 бөлмөлүү чоң үй сатылыт. Бышкан кирпичтен салынган. Отделкасы бүтө элек.
Тел.: (0700) 28-52-81
_______________________________________
Окуу борбору күзөт, инкасатор, жан сакчы кызматкерлерин даярдайт. Кыз-келиндерди өзүн-өзү коргоо курстарына кабыл алабыз. Сертификат берилет.
Тел. 0312-32-45-92, 0559-65-56-28.
_______________________________________
Выданную академическую справку ВП №112914,рег №026 от 12.05.2010г.КНУ им.Ж.Баласагына на имя Керимбаева Тилека Каналбековича считать недействительным..
_______________________________________
Мебель на заказ любой сожности от производителей. Спальная, Офисная, Детская мебель. Кухонные гарнитуры. Шкафы купе. Ресэпшн. Компьютерные столы. Замер, доставка и установка бесплатно. 775-97-29-76.
_______________________________________