Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жолдошбек Бузурманкулов,
Кылмыш жана жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Үмүт" гезитинин редактору:
"Ырымды Түгөлбай ырдап чыгып, азыр жаш ырчы Мирбек Атабеков ырдап жүрөт"
..."Эл оозунда элек жок" дегендей, ар кандай сөздөр айтыла берет экен. Байзаков түрмөлөрдүн, коррупцияга баткан мекеменин абалын жакшыртыш үчүн болгон аракетин көрүп иштеп жатат. Имаратыбызды капиталдык ремонттон өткөрдү. Коррупцияга аралашкан кызматкерлердин баарын кызматтан алды. Кыскасы, жакшы иштеп жатат. Коррупцияга белчесинен баткандардын баарынын сазайын окутуп жатат...


- Жолдошбек агай, укук коргоо кызматкери болуп канча жылдан бери эмгектенип келатасыз?
- 1969-жылы катардагы милиция кызматкери болуп жумушка орношуп, 2005-жылга чейин милиция кызматкери, кыргызча айтканда, өмүр сакчысы болуп иштеп келдим. Көп жылдык сиңирген эмгегим бааланып, полковник деген жогорку наамга ээ болдум. Бир топ жыл ИИМдин басма сөз катчысы болуп иштедим. Учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Үмүт" гезитинин башкы редактору болуп иштеп жатам. Жалпысынан, 12 министр менен иштештим. Мактангандай болбоюн, ИИМдин басма сөз кызматын жетектеп турганда министр болобу, же журналист болобу бирөө менен дагы жаман-жакшы көрүнүшкөн жокмун.
- Жалпысынан, 12 министр менен иштештим деп жатасыз. Ошол 12 министрдин кимиси Сиздин жүрөгүңүзгө жакын туюлат?
- Бардыгы тең эле кыргыз деп күйгөн мыкты министрлер болду. Бирок, алардын ичинен жүрөгүмө эң жакыны Абдыбек Суталинов. Мен милиция кызматкери болуп Свердлов райондук милийсасына жаңыдан кызматка орношкондо кылмыш изилдөө бөлүмүндө инспектор болчу. Ошол эле жылы "ага лейтенант" наамын алып, көп өтпөй эле Октябрь райондук милийсасынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп кызматынан жогорулап кетти. Суталиновдун аркасы менен офицердик наам алып, далай жыл милийсанын түйшүгү түмөн ишин аркалап келдим. Кийин ИИМдин басма сөз кызматы уюшулуп калып, басма сөз кызматына жетекчи болуп дайындалгам. Суталинов болбогондо мындай даражага жетет белем, белгисиз. Ошондуктан ал кишиге ыраазымын. Абдыбек Суталиновго ыраазылыгымды айтып жатып, берки министрлердин баасын төмөндөткүм келген жок. Алрдын ар кимиси жөнөкөй эле адамдардан эмес да. Чыгаан болгону үчүн министр болот да. Ар ким эле министр боло бермек беле…
- ИИМдин учурдагы басма сөз кызматы кандай иштеп жатат деп ойлойсуз?
- Жаман же жакшы иштеп жатат деп ал кызматка сөз тийгизгим келбейт. Колдорунан келишинче иштеп жатышат. Мурдагыга караганда министрликтин техникалык шарттары жакшырып, иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондуктан басма сөз кызматынын кызматкерлери дагы жакшы иштесе керек деп ойлойм. Биз убагында журналисттер менен жакшы иштешчүбүз. Журналисттик десант дегенди уюштуруп, журналисттерди чогултуп алып облустарды кыдырып, милициялардын көйгөйү менен жеринен таанышып чыкчубуз. Өзүң менен чогуу иштешкен Баратбай байкеңден деле сурап көр, милийсадагы болгон иштин баарын журналисттер менен кабардар кылып, алар сураган маалыматтардын баарын берип турчумун. Өтүнгөн учурда каалаган милийса жетекчиси менен маектерди, кезигишүүлөрдү уюштуруп берчүмүн. Айтор, менин кабинетимден ар дайым журналисттер үзүлчү эмес.
- Сиздин акын экендигиңизди кийин уктум, ырларыңызды айрым ырчылар ырдап жүрүшөт экен. Эмнегедир, мага поэзия менен милициянын кайнаса каны кошулбагандай сезилет.
- Поэзия менин каным менен кошо жаралып, тырмактайыман бирге келатат. Аман Токтогулов, Түгөлбай Казаковдордун агасы Эсен Токтогулов деген акын менин Керим деген бир тууган агамдын классташы болчу. Ошол кишиге байкем ээрчитип барып: "Мына бул инимден бир нерсе чыгабы деп жүрөм, уйкаштырып эле эки сөздүн башын бириктирип чиймелей койчу болду, карап көрүп, көз сыныңыздан өткөрүп бербейсизби, - десе ал киши күлүп, - 15 ыр жазып кел, - деп мага 10 күн убакыт берди. - Эгер жакшы жазып келсең, 3 ырыңды гезитке жарыялайм" - деди. Ошентип, ташка, сууга айтор, көзгө көрүнгөн нерсенин баарына арнап отуруп 15 ыр жазып келдим. Эсен байке арасынан 3 ырымды тандап алды да, чийгилеп оңдоп чыкты. Карап отурсам, менин сөздөрүмдүн баарын чийип салды.
"Жазганымдын баарын чийип салдыңыз, гезитке өз атыңыздан эле бериңиз, - десем, - башка бирөө болсо, ырас, оңдоп чыкты деп кудуңдап отура бермек, намысың бар жигит экенсиң, азаматсың!"- деп башыман сылады.
Ошентип, поэзия дүйнөсүнө сүңгүп кирип, акындык өнөр менен ооруп жүргөн мезгилде Байдылда Сарногоев, ошол кезде кадамы катуу чыгып жаткан акын-жазуучулардын ырлары камтылган "Дүбүрт" деген аталыштагы көлөмдүү жыйнак чыгарды. Китеп чыгаары менен колума алдым. Кайда барсам, ошол китеп колумда жүрдү. "Колуңан китеп түшпөй калды го, бирөөнүн жазган ырын окубай, ырыңды аларга окутпайсыңбы"- деп атам намысыма тийген учурлары көп болду. Ошондуктан ыр жазаарым менен момундай жаздым деп атама көрсөтчүмүн. Эң алгачкы жазган "Тун сүйүү" деген ырыма Түгөлбөй Казаков обон чыгарып ырдап жүрдү.
"Ильяздын ыры" деген ырымды дагы Түгөлбай ырдап чыгып, азыр жаш ырчы Мирбек Атабеков ырдап жүрөт, Султан Садыралиев "13 жашар баланын арманы" деген ырымды кыскартып ырдап жүрөт. Бул ырды Ыраматылык Орозбек Кутманалиев аксакал ырдап чыгам деп жүрүп, кайтыш болуп кетти. Бир жолу Мурадил Сагынбаев филармонияда дастан кылып айтып чыгып, биринчи орунду алган. Чырмаш Төрөбеков ж.б. көп эле ырчылар ырларымды ырдап жүрүшөт.
- Ыр илхом келмейин жаралбайт деп коёт эмеспи. Сизге илхом кандай учурларда келет?
- Эми илхом ар кандай учурларда келе берет. Көпчүлүгү түндүн бир маалында уктап жатып ойгонуп кеткенде келет. Бирок ордуман туруп жазып кала албайм. Мисалы, "Ильяздын ыры" деген ырымды жазганда Түгөлбайды мотоциклге салып алып, Бишкектин көчөлөрүн кыдырып жүрүп жазгам. Кийин Түгөлбай обонуна ылайыкташтырып сөздөрүнүн айрым жерлерин өзгөртүп ырдап жүрөт. Ошондой эле бул ырга кийин Кыргызбай Осмонов клип тартып ырдап чыкты. Сураштырып көрсөм, бул ырымдын обонун Түгөлбай Казаков эмес эле анын досу чыгарыптыр. Ал обончу менен 40 жылдан кийин тааныштым.
- Жазганыңыз менен ырлар жыйнагыңызды чыгара элексиз го?
- Жыйнагымды чыгара элекмин. Буюрса, жакынкы жылдары чыгарсамбы деп жатам. Байбичем Насбүбү кесиби математик болгону менен, чыгармачыл адам, мага окшоп ыр жазат. Жакында эле "Коломтобуз өчпөсүн" деген аталыштагы китеби жарык көрдү. Журналисттер союзуна мүчө болуп кирди. Обончу Бакыт Мамаев 6 ырына обон жазып ырдап чыгуу алдында турат. Кыскасы, ырларың чыгып, эл арасында ырдалып жүрсө сыймык экен.
- Сурай кетейинчи, полковник Шейшенбек Байзаков тууралуу коомчулукта ар кандай сөздөр айтылып жатат. Ал тууралуу эмнелерди айта аласыз?
- "Эл оозунда элек жок" дегендей, ар кандай сөздөр айтыла берет экен. Байзаков түрмөлөрдүн, коррупцияга баткан мекеменин абалын жакшыртыш үчүн болгон аракетин көрүп иштеп жатат. Имаратыбызды капиталдык ремонттон өткөрдү. Коррупцияга аралашкан кызматкерлердин баарын кызматтан алды. Кыскасы, жакшы иштеп жатат. Коррупцияга белчесинен баткандардын баарынын сазайын окутуп жатат. Анан анны жамандаган, кызматтан алдыргысы келген адамдар көп экендиги өзүнөн өзү белгилүү эмеспи. Пайгамбар жашынан небак өткөм, калп айтып не, кошомат кылып көргөн да жан эмесмин, Шейшенбек Байзаков өз ишин мыкты билген жана так аткарган азаматтардын бири.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев