Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Маданият майданы…

Замир Эралиев,
кинорежиссер:
"Кыргызфильм" студиясы туура эмес жолдо баратат…"
- Замир агай, маегибизди бүгүнкү кыргыз тасмаларынын сапаты туурасында баштасак. Кыргыз киносу акыркы 4-5 жылда саны жагынан өсүп жатканына өзүбүз күбө болуудабыз, а сапат жагы кандай болууда?
- Бул өтө оор суроо. Кыргыз тасмаларынын бүгүнкү күндөгү абалы туурасында "Азаттык+" телекөрсөтүүсүндө жакында эле Темир Бирназаров, Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Рысбек Жабиров, Жамбыл Камчиев, Асема ж.б. болуп отуруп, талкууга алдык. Ушул жерден айта кете турган нерсе, программаны алып барган Жанар Акаев мени 90-жылдан баштап 2000-жылга чейин тартылган тасмаларды талкуулоо үчүн чакырган эле. Бирок мен ал жерге барганда тема такыр башка нукка бурулуп, режиссерлордун ортосунда катуу сөздөр айтылып кетти. Негизи, мен бирөөнү сындаганды жаман көрөм. Сынды айтуу жеңил. Өзгөчө кыргыздар сындоо жагынан алдыбызга ат салдырбайбыз. Ошол көрсөтүүдө азыр сиз берген суроо мага берилди. "90-жылдан тартып, 2000-жылга чейин тартылган тасмалардын деңгээли жакшы эмес" - деген жоопту айтсам, Темир Бирназаров чычалап: "Сиздин ушул кезге чейин тарткан бир дагы тасмаңыз эл аралык фестивалдардан байгеге ээ болгонун уккан жокмун" - деп мага сын айта баштады. Ага жооп айткан жокмун, уялдым. Кыргыздарда ыйман кетип, улуу-кичүү деген түшүнүк болбой сый кетип тургансыйт. Мен бирөө менен акыйлашканды жаман көрөм. Бирок телекөрсөтүүгө чыкканда менин сөздөрүмдүн бир топ жерлери кыркылып калыптыр. Ушуга аябай нааразы болуп калдым.
Бүтүндөй кыргыз эли көргөн КТРге режиссерлор топтолуп алып, бири-бирибизге сын айтышпай, тескерисинче, кыргыз тасмасынын азыркы абалын талдап, кемчиликтерибизди билсек болмок. Тилекке каршы, мындай болгон жок.
- Темир Бирназаров белгилегендей, чынында эле эл аралык фестивалдардан эч кандай сыйлыкка ээ боло элек белеңиз?
- Ар кандай сыйлыктар бар. Европадан дагы, Россиядан дагы, Кыргызстандан дагы алгам. Кээде мага күлкүлүү болот, кээ бирөөлөр Алмата, Ташкент, Душанбеден байгесин алып келип жатышат. Мен дагы учурунда ушул жерлерден сыйлык алып келгем. Бирок ал сыйлыктарга мактаныч кылбаш керек. Сыйлык бул эмне? Сыйлык - болгону сый, көңүл. Угушумча, кээ бирөөлөр чет өлкөлөргө барып, акча берип деле сыйлык алып келип жатышпайбы. Темирдин: "мен мындай сыйлык алып келдим, - дегендерине - ага эмне мактанасың"- деп ичимден таң калып отурдум. Кеп эл аралык фестивалдарга катышып, сыйлык алууда эмес, кеп тасма аркылуу улуттук идеологияны көтөргөндө болуп жатпайбы. Ошондо элдин сыйына жетесиң.
- Кээ бир режиссерлор кыргыздын кемчилигин көрсөтүү менен сыйлыкка жетип жатат деген сөздөргө кандай көз караштасыз?
- Бул сөзүңүзгө кошулам, бул пикириңизди колдойм. Акыркы кездерде эл арасында байма-бай айтылып жаткан сөздөр туурасында көп ойлоно баштадым. Сүймөнкул Чокморов жөнүндө фильм тартып калдым. Ал кишини ачып берүү үчүн анын жанында бир жыл жүрдүм. Ошол бир жыл аралыгында Сүймөнкул Чокморов аябай катуу ооруду. Оорусуна байланыштуу көп учурда ал кишини күтүүгө көп убакыт кетчү. Бирок ал өзүнүн ооруп жатканын, жанынын кыйналганын такыр эч кимге көрсөтчү эмес. Бир жолу "Сиз, ооруңузду такыр эч кимге көрсөтпөйсүз, - десем, - Ооба, мен өзүмдүн начар абалымды эч кимге көрсөткүм келбейт. Бирөөнүн менин көз жашымды көрүшүн каалабайм. Менин жакындарым, тааныган-билгендерим дени сак адам катары гана билишин каалайм"- деп жооп берди. Кайратына таң калып койгом. Бир күнү сөз арасында "Мен кыргыз кинорежиссерлоруна нааразымын - деп калды, - Эмнеге? - десем, - Анткени биздин кээ бир режиссерлор элибиздин жашоосунун жаман жагын көрсөтөт. Фильмдердин көбү айыл жергесиндеги эскилиги жеткен үйлөрдө, мезгилден артта калган күлкүлүү адамдардын коштоосунда тартылган. Бул азыркы кинонун туура эмес саясаты болуп жатат"- деп айтканы бар. Муну ал киши 1987-жылы эле айтып койгон. Азыр ошол тенденция күч алып, кино жаатында байге алуунун негизги саясаты болуп калды. Буга жол бербеш керек.
Негизи эле тасмада коомдун терс жагы чагылдырылып, көйгөйлүү маселе катары көтөрүлүп чыгышы керек. Бир улуттун, элдин терс жагы жар салынбашы зарыл.
- Азыркы кинолордун көпчүлүгүндө актердук билими жок эле адамдар тартылууда. Бул биздин тасмалардын сапатынын начар болушуна салым кошушу мүмкүнбү?
- Нукура таланттар бар. Сөзсүз эле бир жерден окуп билим алуу деле зарыл эмес. Мисалы, Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Сүймөнкул Чокморов эч билими жок эле алдына ат салдырбаган актерлордон болушкан. Булардан өткөн чебер, өз кесибин мыкты билген актерлор бар деп айта албайбыз. Кеп билимде эмес го. Кеп адамдын талантында да. Болгону режиссер чыгармадагы каарман менен ал ролду аткара турган адамдын окшоштук жактарына карап тандап алышы керек. Ал эми режиссерлордун билим албай эле тасма тартып жаткандарына кошула албайм. Анткени бул өзүнчө бир чоң, татаал кесип. Кино тартаардан мурун, алгач анын тилин түшүнүү зарыл. Биз Москвада окуп жүргөндө режиссурадан сабак берген мугалим-устатым Сергей Герасимов: "Силер кино тартканда адамдын оюн да, өзүн да көтөргөнгө аракет кылгыла"- деп айтканы бар. Азыр болсо көп фильмдер адамды төмөн көрсөтүп жатпайбы. Кыргыздын далай режиссерлорун окутту эле деп чуркап жүрүп, ошол агайыма Бишкектеги аты жок бир тоонун чокусун ыйгарттыргам.
- Кыргыз киносун дүйнөгө тааныткан С. Чокморовдун аты бир дагы чокуда жок болсо керек…
- Ал киши каза болгондон кийин С. Чокморов атындагы фонд түзүлүп, мени жетекчи болуп бер деп чакырышкан эле. Бирок мен сунуштан баш тарткам. Анткени анын эстелигин тургузуу үчүн марафондорду өткөрүп акча жыйнайсың, ар кандай иш-чара уюштурасың. Акча бар жерде ушактар айтылат. Жаман сөздөр ээрчийт. Ошондон баш тарттым. Мисалы, мындан төрт жыл мурда марафон өткөрүп, 2 миллион сом чогулган. Ал акча кайда кетти? Кана эстелиги? Азыр дагы бир фонд түзүлдү. Алар дагы жакында марафон өткөрүштү. Ошолор С. Чокморовдун атын чокуга ыйгаруу маселесин көтөрүп чыгышы керек да. Мен жетекчи болсом чуркамакмын. Бирок ар кандай айыңдардын айынан ал ишке барбай жүрөм. Анткени Сүймөнкул байке мен үчүн аябай бийик адам. Анын деңгээлин түшүргүм келбейт.
- Сиз Союз мезгилинен бери кино жаатында эмгектенип келе жатасыз. Совет мезгилинде тартылган тасмалар, СССРдин идеологиясын жүргүзгөн деген сөздөргө кандай жооп айтат элеңиз?
- Ооба, Союздун идеологиясынын арты менен тартылган. СССРдин өзүнүн идеологиясы болгон. Бирок ал кездеги тасмалардын берген идеясы, жүргүзгөн идеологиясы жакшы болчу. Элге оң жолду көрсөтүп, туура багытка салчу. Баарын эле жаман деп айтууга болбойт.
- Жакында тарткан "Тоо канышасы" фильмиңизде Курманжан датканын жаш кезин Жаным Айзат деген ырчы кыз аткарыптыр. Курманжан датканын образын өз деңгээлинде ачып бере алдыбы?
- Албетте, Жаным Айзат менен Курманжан датканын деңгээли бирдей эмес. Курманжан даткага кино жана театрдын дөө-шаалары болгон залкар актрисалар да тең келе албайт. Ал кайталангыс, уникалдуу аял болгон. Мыкты деп мен айта албайм. Айзат ролду мен күткөн деңгээлде аткара алган жок.
- Анда аны эмне үчүн тандап алдыңыз?
- Мен тасма тартаардын алдында элден Курманжан датканын аябай сулуу болгонун уккан жайым бар болчу. Мен Айзаттын сулуулугуна карадым. Ошол себептен тандап алгам. Балким, андан да таланттуу, сулуу кыздар болгондур. Өз мезгилинде аларды көрбөй калсам керек.
- Тандооңуз сиздин купулга толбой калыптыр. Сулуулугуна карап, тандап алганыңызга өкүнгөн жоксузбу?
- Кеп кинонун календарлык планында болуп жатпайбы. Биз кастинг жарыялап, кыздарды тандоого убакыт бөлө алган жокпуз. Алты айдын ичинде фильмди бүтүрүү керек болчу. Бизге ушундай тапшырма берилген. Муну тартуудан режиссерлордун көбү качкан. Албетте, тасмадан кийин өкүнүп калдым.
- Качан кинотеатрлардан көрө алабыз?
- Менин оюмча, "Кыргызфильм" киностудиясы өтө туура эмес саясатты жүргүзүп жатат. Муну мен телекөрсөтүүдөн да ачык айттым. "Курманжан датка" кайрымдуулук фондусунун жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошева: "Бул фильмди биз тарттырганбыз, кино биздики"- деп алып койгонуна таң калып жатам. "Кыргызфильмдин" жетекчиси да бардык укуктарды Ж. Жолдошевага берип, алардын пайдасына чечип бергени абдан туура эмес чечим болду. Жакында Т. Кулмендиевге кирип, "Жок дегенде мага көчүрмөсүн бер - десем, - Сиз эмнеге аласыз?"- дегени юридикалык жактан туура эмес иш болуп жатканына далил болуп турат.
- Тасма ким тарабынан каржыланды эле?
- Каражатты мамлекет бөлгөн. Анан эле Ж. Жолдошеванын ээлик кылып жатканы мени бир чети таң калтырып жатат.
- Автор катары кандай чара көргөнү жатасыз?
- Ойлонуп жатам…
- Сизди "Тоо" кыска метраждуу көркөм тасма тартам деп мамлекет тарабынан бир жарым миллион каражат бөлдүрүп алып, азырга чейин бүтүрбөй жүрөт" деп айтышат. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Ооба, 2007-2008-жылдары каражат бөлүнгөн, бирок тасма чынында эле бүтө элек. Мунун себеби мындай: мен "Кыргызкино" Улуттук концернинин жетекчиси болуп иштеп жатканда кайсы бир режиссер фильм тартып баштаса, ошол фильм бүтмөйүн, эч кимди тынч алдырчу эмесмин. Ошол эле Темир Бирназаров "Жолоочу" деген фильмдин сценарийин жазып, көркөм кеңештен өткөрүп, мен аны колдоп жардам берип тургам. Темир ишин баштап, анан эле бир күнү 200 000 миң сом короткондон кийин, эмнегедир "жок, мен муну тартпайм, - деди. - Актер жакпай жатат" (творческий брак катары санап коюңуз деп суранды). Ошондо айлам кетип, мен фильмди токтоттум. Аны прокуратурага бербей сактаганга аракет кылдым. Бир аз убакыт өтпөй, Темир "Белгисиз маршрут" деген кино тартам" - деди, ага да макул болуп, мен ал фильмге дагы 3 000 000 сом акча таап берип, Темирдин киносун бүтүртүп бердим. Мен бул окуядан кийин бир нерсени түшүндүм: жакшылыкты түшүнбөгөн кишиге жакшылык кылыш өтө кыйын экен. Андай киши жакшылыкты көтөрө албай кайра сага жамандык алып келет турбайбы. Мен Темирди кудайга койдум, ал эми өзүмө чоң сабак болду. Мисалы, мен өзүм фильм тартып баштаганда Кыргыз кино департаментинин жетекчиси Пазылов, киностудиянын директору Б.Карагулов менин фильмиме директорду өздөрү дайындашкан. Бөлүнгөн акча толугу менен ошол адамда болду. "Кел, каражатты тактайлы, - десем, - Бул биздин иш, сиз чыгармачыл жагы менен иштеңиз" - деп койду. Анан эле киногруппа 15 күн сүемкага киноэкспедицияга чыкканда, эмнегедир "акча түгөнүп калды", - деп директорум Наташа Филипова башка кызматка качып кетти. Жетекчиликке: - Эмнеге андай болду? Эмнеге жоопко тартылган жок?! - десем, алакандарын жайышты. Каржы полициясына арыз жазсам дагы менин фильмим токтоп калды. Б. Карагулов "кыйын" жетекчи экен. Ар кандай шылтоолорду айтып жатып, кутулуп кетти. Дагы бир нерсе, өзү "Төкөр" деген фильмди тартам деп, Бакыт Карагулов да бир жарым миллион сом бөлдүрүп алган. Бирок анын тасмасынан бир дагы кадр жок. Ошентип, бүгүнкү күндө "Кыргызфильмде" 3 чоң фильм токтоп турат. Бул маселеге эч ким көңүл бурбай жатат!
Ал эми менин "Тоо" деген фильмим тартылып бүткөн. Болгону монтаждоого гана каражат керек. Азыр айлам кетип, өзүм каражат издеп, бүтүрүүнү көздөп жүрөм.
Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова