Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Чолпон Султанбекова,
"Республика" фракциясынын депутаты:
"Баяман тирүү болгондо эч качан
саясатка аралашмак эмесмин"
- Чолпон Аалыевна, саясатка аралашуу сизге түйшүк, оорчулук жараткан жокпу?
- Оңой же оор деп айтыштан деле алысмын. Себеби Жогорку Кеңештин иши канчалык татаал болгон менен, жолдошум Баяман депутат болуп жүргөндө, анын иштери аркылуу парламенттин аурасын, табиятын билип калдым десем болот. Ошондон уламбы, өтө деле кыйналган жокмун. Эми бул жерге эл колдоп шайлагандан кийин, интригалар менен алектенбестен, колуңан келген ишти жасап, элиме пайда келтирейин дейт экенсиң.
- Саясатты кир деп коюшат. Аброюңузду булгап алам деп коркпойсузбу?
- Коркпойм. Мен эч бир интригалар менен алектенбейм. Жаман нерселерге дагы барбайм. Депутат болгондон кийин элге керектүү мыйзамдарды иштеп чыгып, ар кандай интригалардан алыс болом.
- Сизди жолдошуңуз Баямандын аты, аброю аркылуу депутат болду деген сөздөргө кошуласызбы?
- Чындыгында эле ошондой. Мен муну жашырбайм. Баяман тирүү болгондо мен эч качан саясатка аралашпай эле үйдө отурмакмын. Саясатка Баямандын жетпей калган максаттарын, ой-тилектерин ишке ашырсам деген ниет менен аралашып калдым. Саясаттан бир ийгиликтерге жетишейин, өзүмдү көрсөтөйүн деген деле ой жок.
- Баяман түзүп кеткен "Алыш" федерациясынын абалы кандай? Дегеним, аталган федерациянын президенти болуп шайланган Алманбет Анапияевге кылмыш иши козголуп издөөдө жүрөт…
- Федерация кудайга шүгүр иштеп жатат. Ошентсе да, ачык айтайын. "Алыш" федерациясынын тагдыры кызыктай эле болду. Баямандын учурунда Бакиевдер саясатташтырып бир топ бут тосуулар болду. Кийин Баяман кайтыш болгондо деле Бакиевдер кысым көрсөтүп жүрүштү. Ошонун айынан "Алыш" федерациясы башка чет мамлекеттердегидей Кыргызстанда кеңири тамыр жая алган жок.
Ошол кезде Алманбет: "жеңе, жардам кылып көмөктөшөйүн, шеф түзүп кеткен федерацияны өнүктүрөлү" - деп, жардам берип жүрдү. Муну саясатташтырыштын деле кереги жок. Мен депутаттыкка өтүп кеткенден кийин, "Алыш" федерациясынын президенттигине талапкерлигин коюп президент болуп шайланып алыптыр. Учурда уюшкан кылмыштуу топтун көрүнүктүү өкүлү деп жатышат. Эми ар кимдин тагдыры ар бөлөк да…
- Алманбет Анапияев "Алыш" федерациясын сизден коркутуп тартып алып койгон деген сөздөр айтылган эле. Ошондон кийин аталган федерациянын президенттигин колуна алган дешет. Ушул сөздөр чынбы?
- Алманбет мени эч качан коркута албайт. Ал менин кол алдымда иштеген. Мен андан эмнеге коркушум керек? Коркпойм дагы. Экөөбүздүн ортобузда эч кандай душмандашуу болгон эмес. Бирок ал "Алыш" федерациясынын президенттигине талапкерлигин койгондо уруксаат сураган да, конференцияга мени чакырган да эмес. Бул чын. Анда Алманбетти Баямандын жигити катары федерацияга шайлап коюшкан.
- Жолдошуңуз Баяманды тууралуу "Кыргызстандын түштүгүн кармачу, кылмыштуу топтор менен тыгыз байланышы бар" делген сөздөр айтылчу эле. Сиздин өзүңүздүн оозуңуздан уксак, жолдошуңуздун чындап уюшкан кылмыштуу топтор менен жакшы алакасы болду беле?
- Баяман уюшкан кылмышкерлер менен аралашкан эмес. Эми жаш кезинде болсо болгондур. Жигиттердин ортосунда жаш кезекте ар түрдүү уруш-талаштар болот да… Кийин саясатка аралашып, элге таанылып, депутат болгондо, уруш-талаштан оолак жүрчү. Баямандын колунда миңдеген спортсмендер тарбияланды. Бири дагы тамеки чегип, арак ичип, баңги зат колдончу эмес. Баяман баарын катуу кармачу. Азыр айтып жатышпайбы, Ошту кармап турчу деп. Эми анысы чын. Эгер Баяман тирүү болгондо эч качан Оштогу кандуу окуя чыкмак эмес. Мен буга жүз пайыз кепилдик берем. Бакиевдердин тушунда Баяманга окшогон бир топ мыкты жигиттерибизди жок кылып жиберишкендиктен улам, ушундай окуялар болду.
- Баяман киши колдуу болгондон кийин, өзбектер ак боз бээ союп той өткөрүшкөн деген чынбы?
- Бул чын. Оштун борборундагы чоң ресторанда өзбектер чогулушуп, "мына эми эркиндикке чыктык" - дешип бука союп майрамдашкан. Бул факт.
- Баямандын киши колдуу болгондугу боюнча козголгон кылмыш ишинин жыйынтыгы кандай болуп жатат?
- Азырынча жыйынтыгы жок. Эгерде, бир адам кимдир бирөөнү атып салган болсо ал тез эле табылат. Ал эми мамлекеттик заказ болгон болсо, ал табылбайт. Баямандын иши ошол бойдон эле турат. Техникалык өкмөт келгенде Баямандын ишин көтөрүп чыгабыз, бетин ачабыз дешкен. Бирок алардын дагы чамасы келбей калды окшойт. Жыйынтык болгон жок.
- Учурда уюшкан кылмыштуу топторго каршы катуу күрөш жүрүп жатпайбы. Баямандын иши ордунан козголгон жокпу?
- Мен бул туурасында парламентке Ички иштер министри келгенде айткам. "Бир эле Баяман эмес, бир катар мыкты жигиттердин өлүмүнүн бети ачылбай кала береби?" - деген суроо бергем, министр "азыр бул ишти кароого колубуз тийбей, азырынча токтоп турат" деген. Кудай буюрса, кылмыш ишинин бети ачылып калар.
- Аталган кылмыш ишинин токтоп турганына караганда, бийлик аралашкан деп ойлойсузбу?
- Сөзсүз бийлик аралашкан. Ошол бийлик кеткен менен анын артында калган айрымдар бул кылмыш ишинин ачылышына бут тосуп жатат деген ойдомун. Эгер олуттуу мамиле жасалып, чындап иш жүрсө, кылмыш иши эчак ачылып калат болчу. Эми буга чейин күтүп келдик, дагы чыдап күтөбүз го… Министрликке адилеттүү, өз ишине күйүмдүү адам келип калса, кылмыш иши ачылып калгысы бардыр.
- Баямандын артында канча баласы калды эле? Учурда эмне менен алектенишет? Спортко жакындыктары барбы?
- Эки уул, бир кызы бар. Улуу уулубуз Москвада юридикалык кесип боюнча билим алып жатат. Күрөш боюнча кара курдун чебери. Мектепте окуп жүргөндө шаардын биринчилигин эч кимге берген эмес. Кудай буюрса, ушул уулум атасынын ордун басат го деп ойлойм. Экинчи балам мектепти жаңы аяктап, дипломат болом деп экзамен тапшырып чуркап жүрөт. Атасы дипломат кылам дечү эле. Кичүүсү кыз. Быйыл жетинчи классты аяктап жатат.
- Сиз Жаштар саясаты, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү комитетин жетектеп келе жатасыз. Бул тармакта кандай мыйзам долбоорлорун иштеп чыктыңыз?
- Биздин иштеп жатканыбызга 6 айдын жүзү болуп калды. Бул аралыкта биз 3 мыйзам долбоорун парламенттин кароосунан алып өттүк. Биринчиси, мамлекет тарабынан көңүл бурулбай калган улуттук оюндарды колдоо, деңгээлин көтөрүү боюнча мыйзам долбоору болду. Мурун улуттук оюндарга мамлекет тарабынан акча бөлүнбөй, бюджеттен ашкан каражаттан анча-мынча каралса, эми биз кабыл алган мыйзамда аз да болсо улуттук оюндарды өнүктүрүүгө бюджеттен түздөн-түз каражат каралмай болуп жатат. Башкача айтканда, майрамдарда гана көрсөтүлүп калган оюндарыбызды өнүктүрүүгө шарт түзүп бергенге аракет кылдык.
Ал эми экинчи мыйзам долбоорунда билим берүү тармагында спортсмендерге шарт түзүп берүү жагы каралды. Бул дагы өтө зарыл мыйзам. Анткени спортсмендер спорттук карьерасы менен алектенип жатышып, окууга убактылары болбой, жогорку адистикке ээ боло албай калган учурлары арбын учурайт. Натыйжада, спортсмендердин карьерасы кыска убакытка гана созулгандыктан, кийин жогорку билими жоктугуна байланыштуу жумушка орношо албай, көптөгөн спортсмен жигиттерибиз көчөдө калышкан учурлар көп кездешет. Ошонун айынан уюшкан кылмыштуу топторго кошулуп кеткендер толтура болот. Мына ушул нерсени алдын алуу менен мамлекетибиздин туусун желбиреткен спортсмен жигиттерибизге билим алууга оңтойлуу шарт түзүү багытында мамлекетибиздеги университеттердин бюджеттик бөлүмдөрүндө экзаменсиз окууга өтүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоорун депутаттар кабыл алып беришти.
Үчүнчүсү, спортсмендердин стипендиясынан алынчу салыкты алып таштоо тууралуу салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун дагы депутаттар колдоого алышты. Мындай жагдай дагы спортсмен жигиттерибизге аз да болсо камкордук кылууга багытталган. Себеби мамлекеттин атын чыгарып, туусун желбиреткен спортсмендердин стипендиясы эң эле аз сумманы түзгөнүнө карабастан салык алынат. Мына ушул нерсени жоюу менен спортсмендерибизге стипендиянын көлөмүн көбөйтүп бере албасак дагы, салыктан бошотуп, жеңилдик кылалы дедик. Анткени Олимпиаданын, Азиянын, Дүйнөнүн, эл аралык турнирлердин жеңүүчүлөрүнө төлөнгөн стипендиянын көлөмү ар бөлөк. Эң көп Олимпиаданын жеңүүчүлөрү 20 миң сомдун тегерегинде стипендия алышса, көпчүлүгү 2-3 миңдин тегерегинде арзыбаган стипендия алышат. Биз ушул нерсени эске алдык.
Албетте, биз спортсмендерди салыктан бошотпой эле, стипендияларын көбөйтүү жолдорун карап, алуучу каражаттарын көбөйтүп берсек жакшы болмок. Тилекке каршы, экономикалык абалыбыздын начардыгы менен бюджетибиздеги тартыштыктын айынан оптималдуу вариант катары салыктан бошотуу жагын туура көрдүк.
- Спортсмендерге төлөнчү стипендиянын көлөмү ар түрдүү деп жатасыз. Ушул нерсе туурабы?
- Чынында, баарына бирдей деңгээлде көңүл бурулуп, бирдей шартта камкордукка алынса жакшы болмок. Анткени Дүйнөлүк олимпиада деле, Азия оюндарына арналган олимпиада деле төрт жылда бир болот. Экөөнүн деңгээли эки бөлөк каралган менен, спортсмендер төрт жыл бою кара тер төгүшүп эмгектенишет. Башкача айтканда, бирдей эле күч жумшашат. Ошондуктан биринен-бирин төмөн коюп, төлөнчү стипендиянын көлөмүнө чек койбой бирдей кылып койсо жакшы болмок. Бирок мамлекетибиздин экономикалык шарты баарына бирдей деңгээлде каражат төлөп берүүгө мүмкүн болбой жаткандыктан, бул багыттагы мыйзам долбоорун астыга жылдырып койдук... Мамлекетибизде өнүгүү болсо бул маселелер сөзсүз көтөрүлөт.
- Спорт тармагын көтөрүү үчүн мамлекеттик деңгээлде улуттук идеология болушу керек го…
- Ооба, туура айттыңыз. Бизде дал ушул нерсе жетишпей жатканын танууга болбойт. Мен муну мамлекетибиздеги кемчилдик катары ачык эле айта алам. Бизден башка мамлекеттерде спортсмендерге түзүлгөн шарт, камкордук таптакыр бөлөк. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү өмүрүнүн аягына чейин мамлекет тарабынан камкордукка алынып, бардык шарттар түзүлүп берилет. Албетте, биздин экономикалык абал менен алардыкын салыштырып болбойт. Бирок жок деп эле алакан жайып отура бербестен, колдон келген мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришибиз керек. Бул үчүн сиз айтып жаткандай мамлекеттик деңгээлде улуттук идеология жүргүзүлүшү зарыл.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу