Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Кадам ушул…

"МАЛ-САЛ ДА ТИЛИН БАРКТАЙТ ЭКЕН, МАЛ БОЛУП КАЛБАЙ ЭМИНЕ..."
дейт бир кыргыз күйүп.
Бизди - кыргыздарды же маңкуртка айландырып тыныш керек, же тилибизди таптакыр жоготтуруп, бир жолу эле орусча сүйлөтүш керек. Мына ушундай кара ниет ой орус тилдүү кээ бир айбандардын дилинде жашап турат.
Парламенттеги "ар-намысчы" депутат кызыбыз Камила Талиева вице-спикерлерге "кыргызча сүйлөбөйсүңөрбү" деп нааразылыгын айтса, кээ бир тили буруу, дили буруу маалымат каражаттары ошол сөздөн "улутчулдук" дегенди таап, депутатты талап да жиберишти окшойт. Мисалы, жанагы "24kg" агенствосу тиги депутаттын сөзүнө тырышып кетип жатпайбы "улутчулдук" издеп. Баарынын энесин..., карачы эй, уят сөздүн жарымы менен тилдеп салууга туура келип жатат, толугу менен сөккөнгө жалтак болуп калган жаныбыз батынбай жатпайбызбы...ошолордун тилеги ташка тийсин!

Бу биз эмне деген элбиз? Элбизби деги?! Каалаган улуттар келет да түптүз эле төрүбүзгө өтөт, андан соң төбөбүзгө чыгат, ал жерде да жөн отурбай мээбизге чай кайнатат, "төөматек" алып турушат. А биз "кокуй, төбөбүздөн жыгылып кетпесин" деп калтыраган колубуз менен аларды жөлөп-таяп турабыз жалтана. Энебиз эркек кылып тууганды эркектерибиз унутуп таштадык, кыздарды билбейт экемин...Баарын башыбызга чыгарып алгандыктан өз тилибизде сүйлөсөк эле "улутчул" болуп чыга келебиз. Эми кайда барып жан багабыз?!
Өткөндө тилибиз боюнча мыйзамдын кабыл алынышына карата деп майрамдап салганыбызды кантесиң. Кайдагы майрам?! Трагедия кылып боздогондун ордуна майрамдайбыз да, соолгурдуку!
Президенттин алдындагы тил комиссиясынын төрагасы Рыскелди Момбеков айтып турбайбы "биздин комиссияга болбогон бир акча каралган экен" деп. Бул жетекчиликтин тилге болгон мамилесин таасын чагылдырып турат.
Кыргыз тили деген базардагы күлтүңдөгөн эки катындын урушуна гана кызмат өтөбөстөн, тээтиги БУУнун бийик жеринен да, башка мамлекеттерде да, президент катышкан кеңешмелерде да, парламенттин жыйындарында да, өкмөттүн жыйындарында да, дегеле бардык жыйындарда, салтанаттарда сүйлөнүп туруш керек. Кыргыз тилинде сүйлөсөкпү, сүйлөбөсөкпү деген былжырак суроо да коюлбашы керек. Азыр карасаң, официалдуу иш-чаралар өткөн жыйындардын негизги тили орусча болуп калды. Кээде жиниң келгенинен эмне айла кылып жиберериңди билбей тегеренип-тегеренип кетесиң - ошол эле өкмөттө бир орус жок отурат да, орусча сайрап жатышат.
Бир ирет гезитибиздин жооптуу катчысы Айбек Шамшыкеев кубанычы койнуна батпай кубанып алыптыр. Көрсө, өкмөттүн ошол Айбек катышкан жыйыны кыргызча өтүптүр. Ал ал болуп, эртеси эле тескери кетти өкмөттүн тилге болгон мамилеси.
Айнанайын президент, спикер, премьер, жана башка эрлер, тил деген аны барктай албаган кыргызда гана эмес, жан-жаныбардын, ит-куштун баарында бар. Уйдун бука менен сүйлөшчү "тили" бар, койдуку, эчкиники... анан берки эшектики да бар. Алар өздөрүнө энчиленген "тилде" сүйлөшөт: "мөө" деп, "маа" деп, "аа"деп,"ав-ав" деп, "ыр-р" деп, кишенеп, мекиренип, сайрап, гүүлдөп... ж.б. Жылкы менен эшек жыйырма жыл бирге жашаса да өз-өз тилинде "сүйлөйт". А биз...
ЖЕГЕНДЕР, АНЫҢАРДЫ ҮЙРӨТӨ КӨРБӨГҮЛӨ!
Угуп келатабыз, окуп келатабыз: кыргыз дегениң сөз кудуретине баа берип, баш ийип жашап келген экен. Жанагы "сөзүң өлгөнчө - өзүң өл" деген накыл кеп да ошондон калган белем. Анан да "Айтылганча сөз сенин кулуң, айтылгандан кийин сен сөздүн кулусуң" дегени да бар. Айтор, сөздүн кудурети жөнүндө таасын айтылган накыл кеп жетишинче бар.
Азыр болсо сөзүбүздүн кудурети кайткан убак, сөзүң жөн гана техникалык кызмат аткарып калгандай болду. "Сөз бергенден кийин аткарат" дегениң жомок жагына багыт алган учур.
Ошентип, сөз кудуретинен айрылгандан кийин мыйзам чегинде жашаганга көнүп жаттык эле эми мыйзамыбыз да кыргызга жараксыз өңдөнүп калды. Ошондо эмне кылуу керек? "Ит билсинби" деп атат бир кара мүртөз досум...
Ооба, мыйзамдарыбыздын атасы деп эсептелген Конституциябыздан баштап бүтүндөй мыйзамдарыбыз өзүм билемдикке, наадандыкка, коррупцияга, бандиттикке, арамзалыкка, ичи тардыкка, антипатияга, амбицияга, трайбализмге, ач көздүккө, айбандыкка... жана башка жогорудагыдай тескери иштерге тебеленип-тепселип жатат. Анын натыйжасында мамлекетибиз эмдигиче өнүгүүнүн оптималдуу вариантын таба албай келет, эмдигиче элибиз көроокат көзүнөн учуп, ичсе ашка толук жетпей, кийсе кийимге көңүлү тойбой келет. Жалпынын байлыгы болгон байлыкты бөлө тартып кетишти, аз-аз бирдеме калгандай болду эле аны тытмалап жатышат. Акыры келип эле карапайым элдин шору кайнайт экен.
Элдин байлыгынан жегенге ошол жегичтерге ким улуксат берген, кандай укугу бар элдикин өзүнүкү кылганга. Уят деген, абийир деген, бет деген нерселери кайда?! Ушинтип айтсаң жанагы жеп-ичерлер "бу неме эмне деп жатат, жел тийген эмеспи" деп кайра сага жинденет. Ал айбандар уят-сыйыт дегенди аттап өткөн үчүн жеп жатат да. Алардын сезиминде андай түшүнүктөр өлгөн. Мейли, өлсүн дейли, аны менен жөнөкөй калктын иши канча, жебесин, жеген болсо кайра кайтарсын. Кайтармак, эгерде мыйзамыбызды туура иштетсек, жемек да эмес, эгерде мыйзамдарыбыздан чочуп турсак.
Аскар Акаев, Майрам Акаева, Айдар Акаев, Бермет Акаева, Закиржан Бакиев, Жаныш Бакиев, Акмат Бакиев, Марат Бакиев, Максим Бакиев, Апас Жумагулов, Медетбек Керимкулов, Темирбек Акматалиев, Дастан Сарыгулов, Таштемир Айтбаев, Үсөн Сыдыков, Феликс Кулов, Мамат Айбалаев, Жумагул Сааданбеков, Чолпон Баекова, Болот Жанузаков, Кубанычбек Сыйданов, Нариман Тулеев, Акылбек Жапаров, Данияр Үсөнов, Клара Кабилова, Эднан Карабаев, Токон Шайлиева, Шалкар Жайсанбаев, Тургунбек Кулмырзаев, Искендер Гаипкулов, Курманалиев, Юруслан Тойчубеков, Туйгуналы Абдраимов, Кубанычбек Жумалиев, Муратбек Малабаев, Курмантай Абдиев, Ташкул Керексизов, Асанбек Шаршеналиев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бакирдин Субанбеков, Эмил Узакбаев, Кыдыкбек Исаев, Ишенбай Кадырбеков, Садыр Жапаров, Зоотбек Кудайбергенов, Сапарбек Балкыбеков, Бейшенбек Болотбеков, Нурлан Сулайманов, Арстанбек Ногоев, Марат Кайыпов, Тажыкан Калимбетова, Бакыт Калиев, Нурлан Темирбаев, Замир Эсенаманов, Турсун Турдумамбетов, Камчыбек Ташиев, Марат Султанов, Акматбек Келдибеков, Өктөмхан Абдуллаева, Муратбек Суталинов, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов, Каныбек Жороев, Пайзулла Рахманов, Мелис Мырзакматов, Учкун Ташбаев, Нурлан Шакиев, Болот Борбиев, ... берки "уялаштардан" Танаев, Чудинов, Силаев, Шин, Ширшов, Малеваная, Елисеев, Надель, Гуревич, Белоконь, Давыдов ж.б.
Жогорудагы оюбузга такап коелу деп ушул тизмени шашпай түзүп койдук. Булардын бири курсагы жарылганча жесе, экинчиси ченеми менен жеди. Эмнеси болсо да жеди. Демек, таза эмес. Таза эмес болгондон кийин мыйзамды бузган!
Бул аттары аталган адамдар "мен таптазамын" деп айта албайт, айтса, калпычы болот. Мындан аркы өмүрүн таза өтөсө, жаштарга мен баскан жолду баса көрбө деп акылын айтса анда жакшы. Анан карышкырча бөлтүрүктөрүнө баш тоголотуп көрсөтүп турса, анда эзели оңолбочу журт болобуз, болуп да баратабыз...
Силер окуган тизме элге белгилүү адамдардын гана тизмеси, ал эми алардын жолу менен баскан кийинки чиновниктерди санасак шайдын оошу бар. Майдабы, чоңбу кызматтарда олтурган бир дагы кызматкер таза эмес экендигин билбеген адам жок, аны менен бирге алардын жолун бууп таштачу куралыбыз да жок! Ушундай "көкөй кести".
Бирок, таптакыр эле айла жок дебейли, эгер мамлекеттин башында тургандар акактай таптаза болсо, анда андан кийинкилер таза болот.
Азыр "Отунбаева, Атамбаев, Келдибековдор баланчаны жеп жиберди" деген кеп жок, анда эмне коррупция күчүндө, ыя, окурманым. Беймарал олтурганда көздү жуумп бир ойлонуп көрчү, балким, жообун табарсың...
Баратбай АРАКЕЕВ