Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Москва сапары:
Маалыматтык саясатыбыздын
чабалдыгы ачыкка чыкты
Жеңиш майрамына карата Кыргызстандан бир катар массалык маалымат өкүлдөрү Москвага барып келишти. Бул пресс-сапарды "Евразиялыктар - Жаңы толкун" фондусу уюштуруп, бардык чыгымдарды өзүнө алды.
Аталган фонддун уюштуруудагы эмгегин баалабай кое албайсың, анткени чындап эле алардын журналисттер үчүн түзгөн программасы абдан кызыктуу жана пайдалуу болду.
9-майда Кызыл аянтка барып, парадды көрдүк. Анда согуштун ардагери, Советтер Союзунун Баатыры, 84 жаштагы карыя менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ардагер 15 жашынан баштап, флотко юнга болуп кирип, согушту деңиз флотунда кызмат кылуу менен аяктап, андан соң өмүр бою аскер-деңиз флотунда кызмат өтөптүр. "Кыргызстандан келдик" - десем, урматтуу ардагер: "силердин Бакиевиңер Американы да, Россияны да алдагысы келген. Ошон үчүн кууп жибердиңер да. Кандай болгон күндө да силер ал жакта, биз бул жерде анчалык деле эмне болуп атканыңарды билбейбиз. Жаңылыктардан эле көрүп калабыз" - дейт. Ардагердин оюнда, Москвада мурдагы Советтер Союзунун курамындагы өлкөлөрдөн келгендер өтө көп, а бирок алардын ичинен кыргыздар эң тынч жана билинбей жүргөн калк. "Кыргыздар аралашкан ызы-чуу иштерди көп уккан жокмун, бул жерге жанагы кавказдыктар келип алып, өз билгенин кылып жүрөт. Тажиктер да өтө көп, бирок алар зыяны жок, кара жумуштарда иштешет, анысына карабай, бул жактагылар аларды кемсинтип, өтө аз айлык беришет", - дейт орус аксакал.
Аңгыча парад башталып калды. Бул жөнүндө бир гана сүйлөм менен чектелсе болот - Россия дагы бир жолу өзүнө да, башкаларга да өз армиясынын күчүн дагы бир жолу далилдеди.
Парад аяктаган соң, фонддун жетекчиси биз үчүн РФ президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары Алексей Громов менен жолугушуу уюштуруп берди. Жөнөкөй жасалгаланган кабинетте фуршет столдору даярдалып, Громов бизди абдан жакшы тосуп алды жана кыздардын баарын бетинен өөп учурашты. Жолугушуу 2 саатка жакын чаап барды. Кирээрибиз менен Громов 9-май тууралуу "А силерде Жеңиш майрамына мамиле өзгөргөн жокпу?", - деп сурады. Анда эч кимибиз ооз ача электе кайсы бир басылманын журналисти, толкунданып кеттиби, билбейм, "булар (парламентарийлер, ред.) азыр 24-марттыбы, же 7-апрелдиби - кайсынысын майрам кылабыз деп чече албай жатышат. Календарды тигиндей да, мындай да өзгөртүп... 9-майга азырынча жете элек, бирок аны деле жоюп жибериши мүмкүн", - деп айтып ийди. Башкаларыбыз (революциячыл-демократиялык өлкөнүн тарбиясы деп ушуну айт) жабыла калып, "эмне үчүн антип айтасыз, өз жеке пикириңизди өзүңүзгө калтырыңыз, эч качан Кыргызстандан 9-майга шек келтирилген эмес жана андай болбойт. Биз үчүн ар дайым бул чоң майрам болуп келбеди беле?", - деп талаш-тартыш, дискуссия болуп кетти. Анысы аз келгенсип, дагы бир кесиптешибиз "орус тили унутулуп баратат, бул жагын күчөтүү керек. Орус улутундагыларга азырынча эч ким деле тийишкен жери жок, бирок бул "азырынча", - деп атпайбы... Москвадан, болгондо да Кремлден ушундай сөздөрдү угуш, чындап эле жагымсыз маанай жаратты. Журналисттерге "ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө" деген сөз ушул жерден эң эле сонун жарашты. Мындай ой-пикирин белгилүү журналист Турат Акимов дагы Громовго билдирди. Ал эми ал кандай түшүндү - биз үчүн табышмак бойдон калды.
Жеке Громов тууралуу айтсам, жөнөкөй адамдай көрүндү. Кичине Орусиядагы саясатчылар, чиновниктер тууралуу да кыйытып өттү. "Бизден деле эл чарчады, анысы байкалып турат. Реформа, жаңылануу, жаштар керек, канча жылдан бери отурабыз", - дейт Громов. Анан да таң калтырганы - кабинетинин шыбынан суу агып, саргарган чоң тактын калганы. Ушундан эле бул адамдын сырткы жалтыракка анча маани бербегени байкалып турду.
Москвада болгон үч күндүн ичинде ал жердеги кыргыздар менен максималдуу түрдө жолугушууга аракет кылдым. Бирок убакыттын тардыгынан, үзүл-кесил, кыска жана аз жолугушуулар болуп калды. Ал жердеги биздин жердештер керээли-кечке жумушта, Москванын ылдам темпине көнүп калып, чуркап иштегендерди эле көрүп аттым. Ал эми алган айлыктары аз, 15 миң рублдун тегерегинде. Бул дүйнөдөгү эң кымбат шаар деп табылган Москва үчүн болбогон акча. Бирок кыргыздардын ушунчалык көп экенине ынандым, анткени күнүгө эң аз дегенде 4-5 кыргызды жолуктуруп аттык. Метро, соода түйүндөрү, көчөдөгү жайма базарлар - 12 млн. калктын арасына кыргыздар сиңип кетпей эле улам жолугуп жатышты. Жада калса, биз стажировка өткөн РИА Новости маалымат агенттигинде пол жууган кыргыз эже жана эки грузчик кыргыз балага жолуктук. (Москвадагы кыргыздар тууралуу репортаждар "Баракелдеге" дагы чыкмакчы).
Ошол РИА Новостиден Киев менен болгон түз телекөпүрөгө күбө болдук (9-майдагы Украинанын Львов шаарындагы жаңжал тууралуу). Андагы катышуучулардын бири - журналист, ОРТ каналынын алып баруучусу, Улуттар аралык мамилелер жана абийирдин эркиндиги боюнча Коомдук палатанын комиссия мүчөсү Максим Шевченко эле. Иш-чара аяктаган соң журналисттер бир нече суроо менен ага кайрылышты. Албетте, Кыргызстандын түштүгүндөгү былтыркы жаңжалга карата эл аралык комиссиянын жыйынтыгы боюнча эң алгачкы суроо берилди. Шевченко мырзанын реакциясы, чындыгында, өтө таң калтырды. "Мен бул боюнча суроолорго жооп бергим келбейт жана силердин азыркы бийликти комментарийлеп, алар менен иштешким да келбейт. Былтыркы июнь окуясы - бул силердин бийликтегилерди трибуналга тарта турган иш. Эмне үчүн эмдигиче буга эч кандай саясий баа берилбейт?", - деп жарылды. Андан ары бул кишинин айткандарын угуп, төбө чачтар тик турду, анткени былтыркы Ош окуялары тууралуу бүт дүйнөдө дагы деле бир жактуу маалыматтар бар экени, биздин Кыргызстан ичибизден эле кайнап, чындыгында эмне болгонун, окуялар кандай өңүттө өнүккөнүн, кимдин канчалык деңгээлде күнөөсү бар экенин өзүбүзгө өзүбүз айтып эле тим болуп жатыптырбыз. Ал эми чек арадан аттаганда, былтыркы окуялар ошол окуялар башталаар замат кандай маалымат тараса, ошондой эле көз караш бекип калыптыр... Шевченко мырзанын эмоционалдуу айткандарын угуп жатып, көрсө, ичибизден ирий бербей, бүт дүйнөлүк коомчулукка окуянын чындап кандай болгонун, ошол күндөрү дароо биз дагы You Tube сайтына илчүлөрдү илип, муңдуу ырларды жаза коюп, клип кылып ырдап, интернетке фотосессияларды жайгаштырсак болмок беле деген ойлор кетти... Бирок бул, албетте, менин жеке оюм. Анткени Шевченконун айтымында, көрсө, тынч жаткан элди кыргыздар мууздап, зордуктап, чек арага чейин бала-чакасы менен кууп, биздин аскерлер танк менен атып, кыскасы, айтымында, "геноцид эмес, бирок ага аз калыптыр". Чырылдап-чыркырап ийдик. НТСтеги Айдай деген кыз экөөбүз эки жактан алыбыз жана орусча сөз байлыгыбыз жеткенче журналистке болгонун болгондой айтканга аракеттендик. Кичине ынанды окшойт. Ошко келгиле, Кыргызстанга келбей туруп, бир жактуу маалыматты чындыктай кылып айтууга болбойт дедик. Ошону менен Шевченко мырза лифтти көздөй жөнөдү. Ал эми биздин делегация эртеси күнү Бишкекти көздөй жөнөдүк.
Көп нерсеге көзүм ачылганына, өз көзүм менен биздин кыргыздардын жашоо-турмушун Москвадан көрүп, материал жыйнап келгениме, эң ири жана белгилүү маалымат агенттиги РИА Новостиден стажировка өткөнүмө, Кызыл аянттан парад көргөнүмө "Евразиялыктар - Жаңы толкун" фондунун жетекчиси Юрий Ануфриевге, фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Лейли Акиловага өзгөчө ыраазычылык билдирем.
P.S. Жогоруда жазылгандардын баарын кыргыз элиме берген кыскача журналисттик отчетум катары баалооңуздарды суранам.
Наргиза Мансурова,
"Баракелде"