Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Замирбек Үсөнбаев,
Улуттук филармониянын башкы директору:
"Менин кызматта отурганыма кээ бирөөлөрдүн ичи тарып жаткандыр…"
Акыркы кездерде бир жылдан бери Улуттук филармонияны жетектеп келе жаткан айтылуу төкмө акын Замирбек Үсөнбаев агай туурасында коомчулукта "Замирбек Улуттук филармониянын ижара акысын кымбаттатып жиберди. Өзүнүн атасынын атын чыгаруу үчүн айтылуу "Эл ырчысы Эстебес" тобун жоет имиш"- деген күбүр-шыбыр сөздөр көп айтылчу болду. Биз журналисттик милдетибизди аткарып, эл ичинде айтылып жаткан уу-дуу кептердин чын-төгүнүн тактоо максатында Замирбек агайга бир нече суроо менен кайрылдык.

- Замирбек агай, Улуттук филармониянын жетекчилигине келгениңизге бир жылга чукул убакыт болду. Бир жыл аралыгында кандай алгылыктуу иштерди жасай алдыңыз?
- Улуттук филармониянын жетекчилигине өзүм чуркап, тааныш салып, мен болоюн деп суранып, же болбосо жеке өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн келген жокмун. Мындан беш-алты жыл мурда эле кесиптештерим менин талапкерлигимди жетекчилик орунга көрсөтүшүп келишкен. Ар кандай себептерден улам, 2010-жылдын 1-июндан тартып, кызматка кириштим. Азыркы замандын тили менен айтканда, чиновник болоюн деген менин ниетим деле жок болчу. Бирок элдин талабы менин бул орунга келүүмө негиз түздү. Мына, быйыл күзүндө филармониянын ачылганына 75 жыл толот. 75 жылдык тарыхында өзүбүздөн чыккан бир дагы киши жетекчи болбоптур. Союз учурунда жетекчилерди партия алып келчү экен. Ошонун кесепетинен искусствого тааныштыгы жок адамдар да Улуттук филармонияны башкарып келишкен. Кийин эгемендүү мамлекет болгондон соң, жогору жактын көрсөткөн адамы гана жетекчи болуп, бул жерде иштеген коллективдин пикири эске алынбай келген. Ошондон улам, жаңы бийлик келгенде, бул жерде иштегендер чогулуп, акылдашып бир кепке келип, мени жетекчиликке көрсөтүштү. Жаңы бийлик да элдин суроо-талабын эске алды. Эми мен бул жерге сырттан келген адам эмесмин. Кыргызда: "Коен жатагына чейин билем"- деген макал бар эмеспи. Филармония мага тааныш. Бармактай кезимде келип, ушул жерден урмат-сыйга жетип, өстүм. Ал эми бир жылда аткарган иштер туурасында айтсам, кызматка келгенден тартып филармониянын чыгармачыл жагына көңүл бура баштадык. Анткени мурда чыгармачылык жактан аксап жатат деген дооматтар көп коюлган. Филармонияда иштеген кызматкерлер моралдык, материалдык жактан колдоого муктаж болуп келишкен. Колдон келишинче, бир жылдан бери чыгармачыл адамдарга ээн-эркин иштөөгө шарт түзүп жатабыз. Бир жыл аралыгында бир топ концерт бердик. Апрелден тартып, филармониянын 75 жылдыгына карата ар бир коллектив өзү басып өткөн тарыхына кайрылып, өзүнүн жеке концертин тартуулады. Учурда сентябрь айынын орто ченинде филармониянын 75 жылдык мааракесине арналган чоң майрамдык салтанатыбызды өткөрүүгө даярдык көрүп жатабыз. Мындан сырткары чет жерлердеги чыгармачыл адамдар менен байланыш түзүп жатабыз. Жакында эле Түркиянын белгилүү дирижеру жана элдик жанрдагы беш музыканты келип, биздин камералык оркестр менен биргеликте концерт берип кетти. Германия, АКШдан чакырдык. Колдон келишинче башка мамлекеттер менен да байланышты үзбөй, иш-аракеттерди көрүп жатабыз.
- Сиздер берип жаткан концерттер филармониянын планын толтуруу үчүн коюла турган концерттер деп айтышууда го…
- Азыр бизде мынча концерт бересиңер, баланча каражат төгөсүңөр деген план жок. Себеби 20 жылдан бери Филармония гастролго чыкпай калды. Анткени транспорт жок. Мурдагыдай коюлган планды аткарууга азыр мүмкүн эмес. Бирок биз өткөн жылдан тартып гастролдорго чыгууга аракет кыла баштадык. Өзүбүздө унаалар жок болсо да, ижарага автоунаа алып, жер-жерлерге концерт бере баштаган болчубуз. Тилекке каршы, өткөн жылы Ош жеринде кайгылуу окуялар болуп, биз гастролдорубузду токтотуп койгонбуз. Буйруса, ушул жылдын июнь- июль айларында кайра жандандыралы деп турабыз. Анткени азыр эл фольклорго суусап, сагынып турат. Муну азыркы борбор калаада коюлуп жаткан концерттерден улам айтып жатабыз.
- Буга чейин филармониянын кызматкерлери сахнага кийген кийимдерин өз каражаттарына тиктирип келишкен экен. Учурда бул маселе кандай болуп жатат?
- Өз каражатына форма тиктиргендердин ичинде мен дагы бар болчумун. Мурда бизге көп каражат бөлүнчү эмес. Ошол себептен, биз жетекчиликти эле карап отура бербей кээ бир майрамдык формаларыбызды өз каражатыбызга эле тиктирип алчубуз. Чынында, филармония тарабынан он жылда бир жолу жаңы кийимдер тигилип турчу. Мен келгенден бери ашыкча каражаттарды таап, көп иштерди бүтүрүп жатабыз. Каражатты биз кайдан табабыз? Залдарды ижарага берип, өзүбүздүн концерттерден түшкөн каражаттар менен кийим тиктирип жатабыз. Биринчи кадамды Карамолдо Орозов атындагы оркестрден баштадык. Филармониянын 75 жылдыгына арналган концертке "Ак марал" бий ансамбли үч жаңы бий даярдап жатат. Аларга да жаңы кийимдерди тиктирип жатабыз. Негизи эле чыгармачыл адамды сахнада кооздогон кийими эмеспи. Бул жагына да алгылыктуу эле көңүл буруп жатабыз. Биздин сахнанын техникалык жабдыгы да начар. Аны да оңдоого демөөрчү издеп, каражат бөлүп, бир топ иштерди жасоого аракет кылуудабыз.
- Залдардын ижара акысы толугу менен филармониянын казынасына түшөбү, же мамлекетке да төгөсүздөрбү?
- Ижарадан түшкөн каражаттар толугу менен филармониянын казынасына келип түшөт. Бирок жалпы каражаттын 20 пайызы мамлекетке которулат.
- Биз билгенден филармонияга көп эле концерттер коюлат. Ижарадан түшкөн каражатка өзүңүздөр деле унаа сатып алсаңыздар болбойбу?
- Биз азыр министрликтен уруксат алып, өзүбүз азыраак каражат топтоп унаа алсакпы деп жатабыз. Буйруса, жакында бул маселе оң жагына чечилет го.
- "Замирбек жетекчи болуп келгенден бери залдардын ижарасын аябай кымбаттаттырып таштады"- деп нааразы болгон чыгармачыл адамдарды көп учурата баштадык…
- Залдарды ижарага бизден башка Спорт ордосу, Цирк, Опера жана балет театры да берет. Алардын ижара акысына караганда биздин залдын ижара акысы бир топ эле арзан. Себеби башка имараттарда залдын ижарасына өзүнчө, концерт учурунда коюлган жарыктарга өзүнчө, аппаратурага өзүнчө төлөнөт экен. А бизде чоң зал, бир саатка 25 миң сом. Эки сааттык концерт болсо 50 миң төлөйт. Бирок баары ошонун ичине кирет. Биз концерт берген ырчыга режиссерго чейин беребиз. Филармониянын элүүдөй кызматкери концерт койгон ырчынын кызматында болот. Алардын баарына өз акысын беришибиз зарыл.
Өзүңүз жакшы билесиз, кыргыздын концерти эч качан эки саат менен бүтүп калбайт. Жок дегенде эле эки жарым, үч саатка созулат. Биз 2 сааттын акчасын гана алып, кошумча убакыт үчүн акча албайбыз. Сиз айтып жаткан нааразы болгондор болсо, концерт берип, эл келбей ижара акысын төлөй албай, карыз болуп калышкандар. Мен биринчи жетекчи болуп келгенде Жамбыл Камчиев концерт берип, эл жакшы келбей, бизге карыз болуп калган. Ошондон тартып эле ал көрүнгөн жерге барып, "Филармония эң кымбат. Көп алат экен"- деп айтып жүрөт. Бул сөздөрдү тактоо үчүн жогору жактан текшерүүлөр да жүрдү. Бизден катачылык кетсе, каржы полициясы бир нерсе таап чыкмак да. Эми бул сөздөр пендечиликтен улам айтылып жатат да. Балким, кээ бирөөлөрдүн менин кызматта отурганыма ичи тарып жаткандыр... Көрө албай жаткандар бар. Мындайлар боло берет.
- Дагы бир эл арасында айтылып жаткан сөздү тактай кетсек, "Эл ырчысы Эстебес" тобун кандай максат менен "Эл шайырлар" тобуна кошоюн дедиңиз эле?
- Бул сөз туура эмес тарап кеткен. Биз ал топту жоюп салалы деген эмеспиз. Болгону топту күчтөндүрүүнү максат кылганбыз. Эстекем менен көп жылдары чогуу иштедим. Ал киши атамдын шакирти, биз ал кишинин шакирти болуп калганбыз. Анан кантип Эстекемдин атын алып жүргөн топту жоюп салмак элек. Топ азыр жакшынакай эле иштеп жатат. Көркөм жетекчиси Аалы болчу. Ал өз каалоосу менен азыр филармониядан чыгып кетти. Азырынча жетекчиси жок эле турат.
- Аалынын филармониядан кетишине сиз менен болгон пикир келишпестиктер себеп болгон дешет го?
- Жок, эч кандай пикир келишпестиктер болгон эмес. Өзүнөн да сурап көргүлө. Арызын жазып келгенде "Адам бир жерден өсөт. Бул жерден сен өсөсүң. Ойлонуп көр"- десем, "Жок, өзүмдүн чыгармачылыгыма эркиндик, убакыт керек"- дегенинен макул дедим. Кайсы жерде иштейт, эми ар кимдин өз эрки. Биз адамдарды мажбурлай албайбыз.
- Сиз жетекчилик орунга келгени "Эл шайырлар" тобу чет жерлерге гастролго көп чыга баштады деген сөздөр да айтылууда…
- Ал көрө албастыктан чыккан сөздөр. Мунун чындыгы жок. "Эл шайырлар" тобу 20 жылдан бери биринчи жолу чет мамлекетке чыгып жатат. Кээ бир адамдар сөз кылып жаткандай аларды мен чет өлкөлөргө байма-бай жөнөтүп жаткан жерим жок. Буйруса, "Эл ырчысы - Эстебес" тобун да чыгарабыз.
- Филармонияга жогору тараптан кысым көрсөтүлөт деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Биз маданият министрлигине баш ийебиз. Бирок алар чыгармачылык жактан эч кандай кысым көрсөтпөйт. Чыгармачылыкта эркинбиз. Министрликке тиешелүү каражаты гана төгүп турабыз. Башкаларды билбейм, мен үстү жактан эч кандай кысымды сезген жокмун.
- Сиздин орунга көз арткандар аз эмес экен. Эгер зарылчылык пайда болсо кызматыңызды бошотуп берүүгө эркиңиз жетеби?
- Мага 2004-жылы министрлик орунду сунушташкан. Мен ал кызматка барган эмесмин. Эгер кызмат деп жулунсам, ошондо эле министр болуп алмакмын. Керек учурда креслону бошотуудан качпайм.
- Жетекчилик кызматты аркалоо жеңил эмес, кызмат деп жүрүп чыгармачылыгыңыз экинчи орунда калып кеткен жокпу?
- Ондогон жылдар чыгармачылык менен жүрүп, менин чыгармачылыгым бир калыпка түшүп калган. Кызматым менин чыгармачылыгыма эч кандай кедергисин тийгизбет. Азыр деле күнүнө эки саат чыгармачылык менен алектенип турам. Жетекчимин деп кол куушуруп отуруп алган жокмун. Филармонияда болгон концерттерге катышып, сахнада ырдап эле жүрөм.
Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова