Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Зарылбек Рысалиев, Ички иштер министри:
"Баскан-турганы оңду-солду болсо эле
баарын таластык кыла бересиңерби?.."
Кечээ жакында Бабановдун коомчулукка жагып да, жакпай да келген жагдайдагы "баягы жомокторуна" чекит коюлуп, коомчулук жана журналисттер жаңыдан гана зериге баштаган кезде, Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге байланышкан "жаңы жомоктор" баяны башталып, "кызылдардын" тили менен айтканда, бул маселе боюнча "тергөө иштери" кызуу жүрүп жаткан кези. Тактап айтсак, Нариман мырзанын "Вести.kg" сайты жазып чыккан: "ИИМ министри Рысалиев жалаң чоң кызматтарга өзүнүн жердештерин коюп жатат"-деген маанидеги макаласы (бул макаланын этегине 14 кишинин колу коюлган) министрдин кадыр-баркын төмөндөтүү, ага көө сүйкөө иретинде "заказ" жыттанган макала экендиги ачыкка чыгып калды. Мындан эки күн мурун министр мырза ИИМдин жыйындар залында аталган министрликтин жооптуу кызматкерлердин (региондордон бери чакырылган экен) жоон тобунун жана ММКлардын өкүлдөрүнүн катышуусунда дал ушул маселе боюнча чоң ("тергөө иштерин") жыйын өткөздү.

Зарылбек мырза жыйында эне тилинде эмес, эне тилибиздин бирден бир күчтүү атаандашы болгон баягы эле орус тилинде о, көпкө чейин эмоциянын ыргагында, "жинденип" сүйлөгөндөй болду. Бир эсе, жүрөгүндө карасы жок, карапайым өңдөнгөн министрдин "жинденгени" деле жакшы болду окшойт, себеп дегенде ошол өзүнө көө жапкандарга ачуулангандын айынанбы, же атайы даярданганбы, айтор, буга чейин коомчулук уга элек бир топ кызыктуу сөздөрдү ачыкка чыгаргандай болду. Министр мырза, сөз башында эле, Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен болгон күрөштү кыскача баяндап жатып, өзүнө байланышкан бир "секретти" ачыкка чыгарды. Зарыл мырзанын айтымына караганда, ИИМдин УКТга (ОПГ) байланыштуу чоң жыйыны өткөндөн кийин, 15 минутадан кийин УКТнын белгилүү фигураларынын бири министрдин чөнтөк телефонуна чалып: "Зарыл байке, сиз ОПГга каршы күрөштү токтотуу үчүн, сизге эмне кылып беришибиз керек, шарттарың кандай? "-деген сунуш кылышкан экен. Министр мырза мына ушуга абдан ачууланып, залда олтурган кесиптештерине: "Алар менин телефон номеримди кайдан алышты? Кимдер беришкен? Өзүбүздүн арабыздагылар берип жатышабы? Бир кездерде, балким, азыр да алар менен чогуу иш кылып келишкен ГУУРдун, УБОПтун сотрудниктери берип жатышабы? Эгер бул чын болсо, биз кантип аларга каршы күрөш жүргүзөбүз?"-деген суроону кабыргасынан койду. А, залда олтургандар болсо, бул сөздү биринчи ирет угуп жатышкансып, министрди жалдырай карап олтурушту. "Дагы айта кетейин, бизге каршылар чындыкка жатпаган ушактарды таратып жатышат. "Министр офицерлерди жооптуу чоң кызматтарга 30, 40 миң доллар алып туруп анан дайындайт экен"- деген ушактарга айрымдар ишенип да алышыптыр. Эгер менин 40 миң долларым болгондо, унчукпай эле эс алууга кете бермекмин…" - бул сөздү министр мырза жаны ачыгандан айткандай болду. Ошондой эле "Вести kg" сайтына жазышкан 14 адамдын ал макалага эч тиешеси жок экенин аныкташкан экен. 14 адам суракка алынган кезде, анын 7си кол коюшпагандыгын билдиришкен. Демек, ушундан улам эле, ал макала министрге карата кара пиар экендигин баамдасак болчудай. Жарым сааттан ашыгыраак орусча сүйлөгөн министрди кыргыз тилдүү журналисттер кыргызча сүйлөп коюшун өтүнгөндө, кыргыз тилинде аз, бирок бир сөз менен эле залда олтургандардын баарына жаккандай саз сүйлөп койду. Анысы бул болду: "Баскан-турганы кичине мындай оңду-солду болсо эле таластык кыла бересиңерби?"-деген таамай сөздү айтып, залдагыларды "тарс" эткизе бир каткыртты, кайран министр.
Жогоруда сөз болгон макалада акыркы убактарда кызматка дайындалган 16 адамдын баары таластык болуп калган экен. А, чынында, алардын арасында чүйлүктөр да, нарындык ж.б жактыктар да жүрүшөт. Министр шашылып залдан чыгып кеткенден кийин, 16 офицер тууралуу кептин чын-төгүнүнө жетиш министрдин биринчи орун басары, Жаныш Бакиевдин айтылуу досу иштеп жаткандыгы, же иштебей жаткандыгы белгисиз болгон Бактыбек Алымбеков деген неме ошол 16 офицердин баарысын тең залдын сахнасына алып чыгып, журналисттерге тааныштырып, кызматка качан келгенин, ким дайындаганын жана каяктык экендиктери тууралуу толук маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк түзгөндөй болду. Дагы бир баса белгилеп кетчү жагдай, чынында эле бар экени же жок экени билинбеген Алымбеков мырза ИИМдин кадрлар саясатын (балким) өз билгениндей калчап келатат. Ушундан улам, дагы кадр саясатында түшүнбөстүктөр жаралышы толук мүмкүн?
Ошентип, азырынча Зарылбек мырзанын "жердешчилик оорусуна" жогоруда келтирилген бир катар далилдер менен чекит коюлгансыганы менен, биротоло чекит коюлду деп айтууга али эртелик кылат. Эртең же бүрсүгүнү кайрадан мына ушул сыяктуу "сүйрү приздер" кайдан-жайдандыр пачкасы менен суурулуп чыга берери да турган иш. Анткени биз кыргызбыз да…




  Жүзүңдү ач, Гүлчөтай!

Ак үйдү, Көк үйдү, прокуратураны
жана чиновниктерди сатып алган
Роза Беделованын бейнеси…

Жалпыбызга белгилүү болгондой, ИИМ жыл башынан бери Уюшкан кылмыштуу топко каршы аёосуз күрөш жүргүзүп, жаман эмес жыйынтыктарга жетишип келатат. ИИМ бул УКТ менен күрөшүү, "чоң казаттын" биринчи этабы деп атаса, экинчи этабы: УКТга "крыша" болгон чиновниктер, шылуундар жана жалпы коррупцияга каршы күрөш болуп эсептелет. Министр Рысалиев "бул экинчи этап менен күрөшүү күч тармактары үчүн өтө оор болорун" коомчулукка коңгуроо катары каккандай болду. Себеп дегенде буга бир катар жүйөөлүү далилдер бар. "Чоң казат" кайра өздөрүнө, чоң азап болуп тийиши толук мүмкүн. Министр бул сөздү куру эле айтып койгон жок. Эмесе, жогоруда айтылгандарга өтө элестүү боло турган бир окуяны төмөндө окуп чыгып, өз алдынча жыйынтык чыгарып көрүңүз.
2011-жылдын 6-7-май күндөрү Баткен облусунун Тажикстанга жакын жайгашкан жеринен Бадалова Роза аттуу, улуту карачай, 55 жаштагы аял 185 тонна, 732 литр солярканы контрабандалык жол менен Тажикстан тарапка өткөзүп бара жаткан кезде ИИМдин түштүк боюнча бөлүмдөрү тарабынан колго түшүрүлүп, бул жүк Бишкек шаарынын Москва көчөсүндөгү № 266 үйдөн келип чыккандыгы жана тергөөдө ал жүк Казакстан менен Кыргызстандын чектешкен жериндеги Чалдовар айылынан ташылып келгендиги аныкталган. Ал ташылып бараткан күйүүчү майды Баткендин Тажикстан тарабына жакын жерине эчак иштебей калган май куюучу жайга (заправка) жалган документтер менен каттап коюшкан экен. А, чынында, ал соляркалар контрабандалык жол менен Тажикстандын аймагына өтмөк. Бул жүктү коштоп келаткан "Монополия+" фирмасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголгон экен. Биз сөз кылып жаткан Бадалова Панфилов районунун Чалдовар айылынын тургуну. Мыйзам боюнча Казакстандан бир адам бир күндө 500 литр май алып чыгууга укуктуу болсо, Бадалова деген шылуун аял жасалма паспорттор менен бир күндө 80 тоннанын тегерегинде күйүүчү майды контрабандалык жол менен ташып келип турган. Эң эле кызыгы, Бадалованын мындай жол менен дээрлик 20 жылга жакын эч колго түшпөй, мыйзамды одоно түрдө бузуп иштеп келгендиги кимди да болсо ойлондурбай койбойт. Албетте, кандай жолдор менен иштеп келген? -деген жүйөөлүү суроо туулушу турган иш деңизчи. Жашырып жүрүп эмнеге жеттик? Мынча болгондон кийин ачык эле айталы. Бадалова бул ишти баштаган кезде өзүнө Ак үй, Көк үй, прокуратураны колго алып жана бир топ чиновниктерди сатып алуу жолу менен байма-бай иштеп, байып келген экен.
Бадаловага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда Кант шаарында ИИМдин бөлүмүнө 10 күнгө камалган. Бадалова укук коргоо органдарынын колуна түшүүдөн жаа бою качып, Чалдовар айылынын элин топтоп, ар кандай каршылык көрсөткөн экен. Тинтүү жана иликтөө учурунда ага тиешелүү Кара-Балтада үч заңгыраган особняк үйү, Чалдоварда дагы бирөө жана 6, 7 автоунаасы чыккан. Мындан тышкары да толгон-токой материалдык байлыктар анын балдарына жана жакын туугандарына катталгандыгы айтылат. Ошондой эле атайы күйүүчү май куюуга ылайыкталган бир катар автоунаалар жана май топтоочу атайы жайлар чыккан. Ал жайларда бир нече тонна күйүүчү май да табылган.
Мындай шылуун аял эмне үчүн 10 эле күнгө камалды? Биринчиден, анын аял киши экендиги жана тергөө иштеринин жыйынтыгы чыкканча деген сыяктуу жагдайлар эске алынган экен.
Ишеничтүү булактардан алынган маалыматтарга караганда, учурда дасыккан контрабандист Роза Бадалованы бошотуп алуу үчүн бир катар чиновниктер эт-бетинен кетип, жүгүрүп жүрүшөт. Алар кимдер? Жогоруда сөз кылгандай, Ак үйдөгү, Көк үйдөгү, Башкы прокуратурадагы жана бийликтин ар кайсы бутактарындагы чиновниктер. Мына ошондой буйрук бергенди гана билген азаматтардын жардамы менен карачай улутундагы Роза Бадалова эркиндикке эч нерсе кылбагандай чыгып кетиши толук мүмкүн болгонсуп турат. Эгер Бадалова эркиндикке чыгып кетсе, дагы бир чоң коррупция ачыкка чыкпай калышы мүмкүн.
Акча жасагыч, атка минерлер кийлигишпесе, ИИМ бул иштин күңгөй-тескейин толук ачып чыгат. Ошондо кайсы чиновниктер Бадаловага "крыша" болуп келишкени да ачыкка чыгат эле. Бирок андайга жол беришеби?
Бул боюнча иликтеп көрүп, Бадаловага жан тарткандардын тизмелерин тизип жазууга кийинки сандарыбызда аракет кылабыз.

Бетти даярдаган
Айбек Шамшыкеев