Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Максим менен Реймандын сыры...

Жолдоштор, Реймандын жолу менен кетесиңерби?
"МегаКомдун" иши боюнча ар кандай саясий талашып-тартышуудан кийин кыргыз сот адилетти өзүнүн таасын сөзүн айтты. Бишкек шаардык соту мобилдик операторду ак ниет сатып алуучу катары Serpeus Inc. компаниясын тааныды. Бирок мыйзамдуу вердиктин аткарылышына саясий-коррупциялык максатты көздөгөндөр жолтоо болушу талашсыз. Эгерде, бир катар мамлекеттик чиновниктер "Реймандын" таасирин түшүнбөсө, мыйзамга байланыштуу проблемаларды жаратып жана республиканын аброюна шек келтирилиши жөнүндө сөз кылбаганда деле, жок эле дегенде алар отставкага кетиши мүмкүн.
Бирок ага карабастан, "МегаКом" иши соңуна чыгып, май айынын башында Serpeus Inc. компаниясынын өкүлү Асель Маджикова уюлдук оператордун Башкы директору болуп бекитилди. Ошентип, КРнын Адилет министрлиги Бишкек шаардык соту Serpeus компаниясын оператордун 100% үлүшүн ак ниет сатып алуучу катары тааныган чечимин аткарды.


Пунктуация эрежеси
Бишкек шаардык соту "МегаКомдун" контролдук пакет акциясына тийиштүү менчик укугу жөнүндөгү маселелер боюнча чарбалык талашка чекит койду. Бишкек шаардык сотунун 22-апрелдеги кассациялык инстанциясынын токтомунда "ОАО "Ermen TOO Resourses" (Serpeus Inc. көзөмөлдөгөн компания - автордун белгилөөсү), сатып алуу жөнүндөгү тийиштүү келишим боюнча кабыл алган бардык милдеттенмелерди толук көлөмдө аткарып, "БиМоКом Лтд" ЖЧКсынын 100% акциясын кынтыксыз, таза сатып алган" деп жазылган. Сатып алуунун наркы 195 миллион доллардан көп эмес, аз эмес сумманы түзүп, Кыргызстандын бюджетине түз салык түрүндө 797 миллион сом түшкөн.
Биринчи эле көз караштан алып караганда чыр-чатактуу процесс өз нугу менен эле бүтүшү керек. Соттун чечими жарыя кылгандан эле мыйзамдуу күчүнө кирет. Өз учурунда абалды жөнгө салганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жумушчу тобунун башчысы Акылбек Жапаров өзүнүн өзгөчө пикирин билдирген. "MegaCom" уюлдук операторунун мүлктүк комплексин, радиожыштыгы жана абоненттик базасын "Альфа Телеком" ЖАКтын пайдасына тартып алынышын сот тарабынан мыйзамсыз деп аныктаганын эске алып, "БиМоКом ЛТД." ЖЧКсынын менчигин кайтарып алуу үчүн мыйзамда каралган бардык иш чараларды кабыл алууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Башкы прокуратурасына тапшырылсын"- деп жазылып турат Жапаровдун билдирүүсүндө.
Канткен менен, "Альфа Телекомдун" артында турган Кыргызстандын экс-президентинин баласы Максим Бакиев жана чыры менен белгилүү россиялык миллионер Леонид Рейманга түздөн-түз байланышы бар "Penwell" компаниясына мындай чечимдин жагышы күмөн, ошондуктан алар окуянын жүрүшүн өзүлөрүнүн пайдасына оодуруш үчүн бар болгон "күч-кубатын" пайдаланышы талашсыз. "Penwell" компаниясына карата чыгарган соттун өкүмүнө ушу кезге чейин мыйзамдуу аргумент таба алышпаганы кызык. Бул процессте өтө маанилүү эч нерселерди айта албай туруп, компаниянын пикири боюнча чындыкка дал келбейт дешип, таратылган маалыматтарды күнөөлөшүп, массалык маалымат каражаттарын сот менен коркута баштады. "МегаКом" иши боюнча алар соттун чекитин үтүргө айландыра алар бекен, ал эми көп чекитти мезгил көрсөтөт. Ошону менен бирге, тирешүүнүн мүнөзү көрсөткөндөй, Рейман менен Бакиевдин экөөнүн бизнесиндеги адаттагы көрүнүшкө айланып калгандай, эрежесиз оюндар жүрүшү күтүлүүдө.

Процесстин кыймылдаткычы
Экс-президенттин качкын уулу менен "питердик байланышчынын" өз ара алакасы жөнүндө көп эле айтылды. Алардын алакасынын тарыхында бизнести жүргүзүүдө татаал баш айланткан жүрүштөр жана кыйын кырдаалдарда бирин-бири алдап кеткен учурлары кездешет. Бирок эки өнөктөштүн тең жалпы белгиси - негизинен бийликте турганда бизнести натыйжалуу жүргүзүүгө, ал эми жалпы негизде алып караганда колунан эч нерсе келбегенге жөндөмдүү. Максим Бакиевдин "МегаКомго" байланышкан "таланты" белгилүү болгону менен, али да билине элек нерселер көп. "Үй- бүлө" бийликте турганда компания ийгиликтүү өнүккөн, а бирок "күйүк жыттана" баштаганда, кылмыш кодексинин беренелерине туш келген табышмактуу окуялар жүз бере баштады. Акцияларды сатуу жана кайра сатуу, кирешелерди оффшордук эсептерге чыгарып кетүү жана башка шектүү "чыгармалары" менен Кыргызстандын финансы полициясынын маалыматы боюнча мамлекетке 200 миллион сом чыгым алып келген. Бул эми "МегаКомдо" жок болуп кеткен 80 миллион доллар кредитти, жана ошондой эле башкарууга чейин компанияга ээ болуу укугу үчүн "Serpeus" компаниясы 200 миллион доллар инвестиция жумшаганын кошпогондогу чыгым.
Кичи-Бакиевдин компаньонун Леонид Рейман өз учурунда кызматынан кыянатчылык менен пайдаланып, өзүнүн бизнеси менен мамлекеттик кызыкчылыкты айырмалай албагандыктан, коомдун байлыгы болгон мүлктү оффшордогу эсебине ташыргандыгы үчүн Россия Федерациясынын жогорку министрлик постунан ажырап, аны менен бирге Президенттин кеңешчиси кызматынан кол жууган.
2007-жылдын ноябрында Британиянын Виргин аралынын Прокуратурасы (BVI) ар кайсыл учурларда министрдин "менчиктеген" жогорудагы белгиленген активдерин жайгаштырган бермуддагы IPOC фондунун ишмердүүлүгүн иликтөөгө жардам берүүгө АКШнын Адилет министрлигинен суранган. Шектүү IPOC, россиялык министр Реймандын кол алдындагы бул фонд "кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдоо үчүн өзүнчө эле кампа" болуп эсептелген. 2006-жылдын май айында Цюрихтин арбитраждык трибуналы IPOC фондунун ээси Россиянын байланыш министри экенин тастыктаган.
IPOC жаңжалы "питердик байланышчы" үчүн жөн эле бомба болду. Ошону менен бирге узак жылдардан бери телекоммуникация империясындагы "Мегафон" жана "Скайлинк" уюлдук операторлору жана башка бир катар олуттуу компаниялардын "Связь - банкынан" өөнөп алган активдери жайын таппай калды. Россиянын эң ири ААК "Связьинвест" телекоммуникациялык компаниясына көзөмөлдүк кылууну сактап калыш үчүн Байланыш жана массалык коммуникация министри Игорь Щеголов менен болгон чыр-чатагынын аягы РФнын президентинин кеңешчисинин кызматынан ажыратты. 2010-жылы Дмитрий Медведов аны кызматтан бошоткон.
Журналисттер белгилегендей, эгерде Реймандын ишин токтотпогондо, аны күнөөлөгөн билдирүүгө: кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануу, миллиарддаган долларлык менчикти тартып алуу жана салыктан качуу, алдамчылык, жасалма кол коюу, чет өлкөгө активдерди алып чыгып кетүү, мыйзамсыз финансылык операцияларды жасоо кошулмак. Мындай мыйзамды бузган кылмыштуу "гүлдесте", Россия Федерациясынын мыйзамдары боюнча 29 жылга эркинен ажыратууга "шанс" берет.

Ардактуу салттын мураскерлериби?
Чыр-чатактуу олигархтын Бишкекке жасаган бир гана жолку иш сапарынан кийин, бир катар мамлекеттик ишмерлердин "МегаКомдун" айланасындагы болуп жаткан көз карашын өзгөрткөнү кызык. Эки жума мурда мобилдик оператордун ишин мыйзамдуу жолго салуу жана абалды аныктоо үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңештин жумушчу тобу "МегаКомго" менчик ээси укугун сот гана аныкташ керек деген чечим чыгарып беришкенин эсиңиздерге салабыз. Ага чейин мамлекет компанияны өзүнүн көзөмөлүнө алмак болгон. Бирок 20-апрелде топтун көпчүлүк мүчөсү жумушчу тобунун башчысы Акылбек Жапаровдун өзгөчө пикирин четке кагышып, рейман-бакиевдик кызыкчылыкты көздөгөн "Penwell" компаниясын бир жактуу жактаган документке добуш беришти. Леонид Рейман Бишкекке келгенде дагы кимдерге жолугуп, "МегаКомдун" тагдырын талкуулашты экен? Биз жакынкы күндөрү буга жооп табабыз. Мына ошондо "Penwell" компаниясынын позициясын коргоого сот инстанцияларына каяктан басым жасалып жатканы ачык болот.

Толкунбек Токторбаев