Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кулов колдоочуларынан куру жалак калдыбы?
Жакында "Ар-Намыстын" атасы Феликс Кулов күзүндөгү президенттик шайлоого катышпай тургандыгын так кесе айтты. Президенттик мансапты көптөн бери эңсеп келген Куловдун мындай кадамы көпчүлүккө табышмак болду. Бир катар орусиялык маалымат каражаттары бул табышмактын сырын Куловдун чет элдик демөөрчүлөрүнүн колдоосунан куру жалак калышы менен түшүндүрүшкөн экен. Былтыркы парламенттик ат салышта "Ар-Намысты" колдон-буттан алып, алдыга сүйрөгөн чет элдик колдоочулары Куловдун мажүрөө саясий жүрүштөрүнө нааразы болуп, "ага короткон кайран мээнет, кайран акча"-деп өкүнүп атышкан имиш. Башкаруучу коалиция куралып атканда, "мага премьерликти гана бересиңер, болбосо коалицияңарга кирбейм"-деп Феликеңдин ар дайым асманды чапчыган амбициясын айтып, догурунганы да ушундан улам экен. "Эки тизгин, бир чылбырды колго алса", балким, ишеничтен чыкпайт беле…


Төрага "кембагал" депутаттарды аяды
Өткөн жуманын акырында ЖКнын пленардык жыйынында ар-намысчы Дастан Бекешов 1-июндагы балдарды коргоонун эл аралык күнүн эстеп кетип, депутат кесиптештерине "балдарга белекке 2 миң сомдон чогулталы"-деген асыл оюн айтып чыкты. Кабактары бүркөлө түшкөн эл өкүлдөрүбүздү төрага Акматбек Келдибеков: "Койгула, андан көрө мен спикердин резервдик фондунан эле акча бөлдүртөйүн. Депутаттарды кыйнабай эле коелук. Ансыз деле аз айлыкка иштеп атышат"-деп куткарып кетти. Акматбек мырза бул кебин чындап айттыбы, же мыскылдап айттыбы, ким билсин, бирок залда отурган депутаттарыбыздын бирөө да "2 миң сомдон кемип кетмек белек, берели"-деп койгонго жарашкан жок эй! Эмне демекчибиз, буйрусун!


Орун басарлар орун алышты
Өткөн жуманын акырында бир катар кызматтык дайындоолор болду. "Ак шумкардан" депутаттыкка талпынып, максатына жетпей калган илгерки "Ак жолдун" активдүү депутат айымы Гулнара Дербишова Социалдык коргоо министринин орун басары болуп дайындалды. Ал эми Камчыкенин кан кудасы Юстиция министри Абылай Мухамеджановдун орун басарлыгына Бишкек шаарынын Юстиция башкармалыгынын башчысы, республикачы Нурболот Кутманов отурду. Талас ИИБин башкарып келген Айтыбек Рысалиев Финполдун биринчи орун басарлыгына бекиди.


Адахамга кудай берди болду…
Президент Роза Отунбаева "Конституциядагы карама-каршылыктарды жоюу үчүн өзгөртүүлөрдү киргизиш керек" деген оюн билдиргенден бери, Адахам Мадумаров "Конституциядагы карама-каршылыктар боюнча бир жылдан бери айтып келген сөзүм башынан аягына чейин туура экени айкын болду. Конституциянын чийки экенине, бир топ карама-каршылыктар бар экенине Роза Отунбаева эми ынанып айтып жатат. Ошол кезде эле эринбестен Конституцияны окуп, Мадумаровдун айткандарын салыштырып көрсө болмок да" - деп, чечекейин чеч болуп, кубанычын жашыра албай ар кайсы гезитке маек берип, "менин айтканым келди" деп дердейип эле калды. Ошондой эле президенттик шайлоонун камын көрүп, эл-жерди кыдырып Мадумаровду "авария" болгон машинага салыштырган Ташиевди дагы келекеге алып, "мен авария болгудай тумшугумду бир жерге барып сүзүп алган жокмун да" - деп, Алтынбек Сулаймановдон тумшукка жегенин кыйытып, какшыктап өтүптүр. Айтор, Адахамга кудай берди болуп, Ташиев айткандай "авария" болгонун унутуп, оңду дагы, солду дагы "соктуруп" өкүртө сындап турган чагы. Кайсы жерге барып токтоор экен…


Кыргызстан кен байлыгын алмай болду!
Кыргыз эл башчыларынын саясий кемпайлыгынан пайдаланып, 20 жылдан бери Кыргызстандын жаратылыш кен байлыгын каалагандай пайдаланып келишкен өзбек кошуналарыбызды эпке келтиребиз дейт эл өкүлдөрүбүз. "Республика" фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекованын айтымында, Жогорку Кеңеш кошуналар пайдаланып атышкан кен байлыкты Кыргызстанга кайтаруу тууралуу чечим кабыл алышыптыр. "Саясий көз караштарданбы, же президенттик башкаруу болгондуктанбы, айтор бул маселеге олуттуу түрдө эч ким кайрылган эмес. Бул жерде эч кандай территориялык маселе жок. Эки өлкөнүн чек арасы делимитация, демаркацияланышын күтүп отуруунун эч кандай кажети жок. Анткени бул кен байлык Кыргызстандын аймагында. 20 жылдан бери Өзбекстан биздин нефтти, газыбызды жөн эле пайдаланып келишет. Эгер бул жерди мамлекетке кайтарып алсак, Түштүк аймагын толук газ менен камсыз кылмакпыз"-деди.
Ал эми дагы бир эл өкүлү Эгемберди Эрматов Кыргызстандын газы менен нефтисин 20 жылдын бери колдонуп келгендиги үчүн Өзбекстан Кыргызстанга 5 миллион доллар төлөп бериши керектигин айтты. Эскерте кетсек, өткөн жумада ЖК депутаттары "Өзбекнефтегаз" улуттук холдинг компаниясы тарабынан иштетилип келген Түндүк Сох газ кенин, Түндүк Сох жана Чоңкара Галча нефть жана газ кенин Кыргызстанга кайтаруу тууралуу чечимин кабыл алышкан.


Кыргызстандан армяндар көчүп кетет
Жакынкы күндөрү Сталиндик бийликтин айынан кыргыз жергесинде мекендеп калышкан 200дөй амшендик армян үй-бүлөлөрү Тоолуу Карабахка, мекенине кайтканы турушат. Бул тууралуу Орусиядагы армян диаспорасынын "Еркрамас" гезити жазып чыкты. Кыргызстандагы амшендик армяндардын коомунун башчысы Руслан Карабаджаков Армения жана Карабахта болуп, көчүп баруучулар жайгашуучу жерлерди тактап келген. 200дөй үй-бүлөнүн миңден ашык жашоочусу кийинки айларда Карабахтын Мартакерт районундагы бир кыштакка отурукташат.


Миллиардер Усманов кыргыздарды жакшы көрөт экен
Былтыркы июнь коогалаңын уюштурууга көмөктөшкөн деп, анда-санда аты атала калып жүргөн орусиялык атактуу олигарх, миллиардер Алишер Усманов кайсы бир маалымат булагына агынан жарылыптыр. "Мен кыргыз бир туугандарымды аябай жакшы көрөм. Кыргыздар менен өзбектер бир тууганча жашаганга эрки жетет деп ойлойм. Мени каралап аткандар чагымчылар, акмактар. Ушундай ушакты жазган бир интернет булагы менден кечирим сураган. Мен 40 жылдан бери Москвада жашайм"-деген Алишер Усманов Кыргызстанга кымындай да арам ою жок экендигин кошумчалаптыр. Эскерте кетсек, Алишер Усманов Орусиянын бешинчи, дүйнөнүн 25-тизмесиндеги капчыктуу адам болуп эсептелет.


Эми ата мекенчилер коалицияга киреби?
Парламенттеги эң эле ынтымактуу фракциядай көрүнгөн "Ата Мекен" фракциясында кийинки кездери бири-бири менен пикири келишпеген депутаттар арбып жатканы акырындап ачыкка чыгууда. Өзгөчө "Ата Мекендин" "атасы" делген Өмүрбек Текебаевге ичи чыкпагандар күндөн-күнгө көбөйүп, аталган фракциянын ыркы кете баштаганы туурасында парламентте күбүр-шыбыр болгондор көп. Буга Өмүрбек мырзанын акыркы учурларда ойлонбой эле ар кандай сөздөрдү урдуруп койгону себеп болуп жатканын айрым фракциялаштары эле кеп кылып жүрүшөт. Маселен, Карганбек мырзага "догдурга көрүн" деп догурунушу, кыз зордуктагандарды "бычтырып салыш керек" дегендей билдирүүлөрү фракциялаштарын ичиркентип, Текебаевге кыйгач көз менен кароого түртүп жатыптыр. Ушундан улам, "Ата Мекендин" беш депутаты коалицияга кирүүгө белсенишип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп жатканы айтылууда. Чындап эле мындай кадамдар жасалып кетсе, Өмүрбек мырза досу Куловдун тас кейпин кийип калар бекен. Сынчынын сыңар өтүгү майрык болуп…