Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Гезит майданга дагы бирөө кошулат
Ошентип, келерки жумада гезиттер жарышына дагы бир жарк эткен жаңы гезит кошулганы турат. "Доордун добушун салып, чындыкты бек тутунуу менен сөздүн күчүн колдонуп, далайлардын жүрөгүн болк эттиребиз" деген дем менен "Добулбас" аталышындагы гезит окурмандарга сунушталганы турат. Башкы редактору бакандай болгон Семетей Талас уулу. "Карапайым калктын кат-кат болгон көйгөйүн жазып, шайлоого карай шымаланып турган үлкөндөргө коңгуроо кагабыз" - дешет добулбасчылар. Бешик боосу бек, өмүрү узун, окурманы көп болсун деп тилек кылып туралы.



  Кадам ушул…

Президент болчусу арбын,
алы жетери аз…
Аз өтсө президенттик шайлоо күнү белгиленет. Шайлоо болсо азыркы президенттин мөөнөтү бүтөргө эки ай калганда болот.
Ошентип, шайлоо күнү жарыялана электе эле президент болчулардын узун тизмеси пайда болду, аны менен бирге кээ бир кандидат болчуларга компромат чабуулдары башталып турат.

"Президенттик шайлоого аттанам жана мен гана президент болууга жарап берем" маанисинде талпынып жаткандардын азырынча кыска тизмесин тизмектеп коелу: Алмаз Атамбаев, Темир Сариев, Адахам Мадумаров, Марат Султанов, Темирбек Асанбеков, Мирослав Ниязов, Кубатбек Байболов, Нариман Тулеев, Камчыбек Ташиев ж.б.
Ушул тизмеге шашпай көз жүгүртүп, ой жүгүртүп, антипатия менен симпатияга алдырбай тырышып айта турган болсоң, президентикке жарап берчүсү, албетте, бар, бирок, "эл дүрбөсө… кошо дүрбөйттү" эске салгандары да бар. "Ошол неме бул" деп айтып соттошкубуз келген жок, эл билет эмеспи, беш колундай эле.
Туура, президенттин укугу кийинки Конституциябызда жазылгандай таптакыр эле төмөндөп калды. Анткен менен, анын жалпы мамлекет үчүн жооп бере турган милдетин эч ким алып сала элек. Ошол, президент болчу адам билимдүү болсо, акылы ишин тескеп турса, эң негизгиси, алдым-жуттумдан алыс таза адам болсо, анда анын укугу Конституцияда жазылгандан да жогору болот. Бул деген жазылбаган мыйзам. Ал эми ошол шайлап алган президентибиз "кудайдан жөө качкан" неме болсо, анда ал кызматтын кыкка турбай калганы ошол!
Тигине, дүйнөдөгү килейген мамлекеттер Америка, Россия, Франция Бразилия, Казакстан сыяктуулар президенттик башкаруу менен өсүп-өнүгүп жатат. Кенедей мамлекет болсок да бизде деле президенттик башкаруу сонун жолун улап кетмек. Ал жолду тиги эки айбан - Акаев менен Бакиев бууп коюшпадыбы. "Элдин баары эле ошол экөөндөй жексур бекен, уучубуз куру эмес, дагы бир мыктыбыз чыгар" дегенди ойлоп, ошол чечимге токтобой, жалкып калган жаныбыз, Текебаев баш болуп, калган билермандар төшүрөөк болуп, Конституциябызды да өзгөртүп, парламенттик башкаруу кылып таштадык. Мыйзамы менен кыймылдаса бул башкаруу деле дурус өңдөнөт, бирок азыркы кээ бир депутаттарсыз дейли. Парламенттик башкаруу деген кандай экенине акылы жетпеген депутаттар парламентте жетерлик бар болуп жатканы жаман.
Кыргыздын тарыхында коллегиялуу башкаруу болгон эмес экен, жомокторубуз менен болумуш, уламыштарыбыз деле ошону айтат. Манас башкарат, Семетей башкарат, бир хан башкарат дегендей…соцзаманда деле Разаков, Усубалиев, Масалиевдер башкарган…тияктагы Сталин, Хрущев, Брежнев, Горбачевдордун "тактекеси" болуп…
Биздин менталитетке темирдей эрки бар, керек болсо каардуу адам башкарган эле өлкө болуп жашашыбыз керек экен деп да коем. Парламенттик башкаруу дегениңде эки-экиден, болбосо топ-топ болуп кармашуу боло берет экен, ар кимисинин кызыкчылыгы менен. "Жеке кызыкчылык" деген нерсе, оозундагысын башкага бере койчу кыргызга качан жукканын да билип болбой калды. Дал ошол жеке кызыкчылык деген айбандык бүтүндөй жамандыктарды алып келип жатат!
Кез-кези менен "Акаев Бакиевге караганда дурус экен, аны Кыргызстанга алып келиш керек" деген ары жок, намысы жок үндөр угула калып жатат. Алардын бирөөсү жылма тартып, кыйтыр жылмая кыргыз элин бир топ жыл катынына башкартып, байлыгын жалмап кетсе, экинчиси бала-чакасы, бир туугандары биригип каракчылык жол менен талап кетти. Экөө тең кыргыз элинин душманы катары каралышы керек! Элин эл дебеген, жерин жер дебеген айбандарды аягандыктын, жан тарткандыктын өзү айбандык болор! Жөнөкөй эле ойлонолу да: ушул экөөнө ырыскы бир келди, элиңди башкар деп келди. Бүтүндөй элдин тагдырын чечүү милдетин алып, чексиз бийлигине ээ болуп туруп, элим үчүн деп эч нерсе жасабай жалаң гана өздөрүнүн байлыгын көздөп туруп алган немелерди ким деп атоого болот?!
Ооба, президенттик шайлоого аз гана убакыт калды. Шайлоого катышам деген Алмаз Атамбаев премьерлигин убактылуу таштап, тыныгууга кетет экен. Бул туура эмес деген оппоненттери ар кандай аргументтери менен чыгып жатышат. Биздин мыйзамдарда таккесе айтылган жерлер аз болот эмеспи, ошондон улам, биздин мыйзамдар кай жакка чойсоң ошол жакка чоюла берет, көбүнчө күчтүүлөр, жулунуп жаланып-жулунган жагына. Андыктан Атамбаевдин бул кадамы мыйзам чегиндеби же жокпу, так айтуу мүмкүн эмес. Бир гана нерсе дилде дааналанат, президент болуп берчү адамдардын алдыңкы сабында, президенттикке татыктуу деген сынын алып Атамбаев турат. Бул ойдун талаша турган жери деле аз…
Президенттик шайлоо кыймылы башталып жаткан учурда парламент тараптагы аба ырайы "же жаайт, же жаабайт" таризинде тургандай.
Анткен менен, "Ар-Намыстын" он депутаты акылдуулук кылды, Ташиев сыяктуулар дүргүтүп турган парламентти бир аз жоошутуп таштады. Ал он депутаттын акылдуу иш жасаганын, буюрса, парламент ишин дурус алып кетип жатканын анын спикери Келдибеков деле аз мурун айтып турду. Бирок, оппозициядагы "Ар-Намыс" партиясынын фракциясы толугу менен коалицияга кирүүсү ана-мына абалында турат. Анын себеби: партия лидери Кулов Атамбаевден партиялаштарына бир топ эле жогорку даражадагы кызматтарды сурап салган экен, ага Атамбаев көнө бербептир. Анткени Куловдун "аппетити" ашкере ачылып кеткенине жини келсе керек. Куловду болсо "Химсинтезге" байланыштуу окуялары эсине түшүп, анан да вертолеттордун үнү уктатпай жатса керек да…
Парламентте бейпилчилик өкүм сүрүп турган кезде бакиевчилерди жазалоо иштери да солгун тартып турат. Элинин кызыкчылыгына каршы турган, булар соттолуш керек дегендер четинен бошотулуп жатат. Ушул жагдай улана берсе, анда бир аз жылдан кийин жанагы Бакиев деген диктатор кайра келип, элдин шорун биротоло кайнатары бышык иш!
Сот процесси жүрүп жаткан учурда күнөөлүү деп шектелип жаткан Малеванная, Турсункулов качып кетпеди беле. Ошондо соттоп жаткан тарап "кармасак, өлөсүң" маанисинде кыйын болуп жатып, анан тигилердин экөө келгенде камап салуунун ордуна, кайра эле башынан сылай эркелетип "үй камагына" дегенин ыйгарып турат.
Дегеле, бүтүндөй сотторго катуу чара көрүлмөйүн кылмышкерлер туура жазасын алышпайт! "Бийлик сотторго кысым көрсөтүп жатат" деп тээ бир топ жылдан бери эле жумурай-журт айтып келатат, анда эмне азыркы бийлик кысым көрсөтпөй жатат. "Туура, соттогула, эмне үчүн кылмышкерлерди коргоп жатасыңар, анте берсеңер бирди көрөсүңөр!" деп сотторду солкулдатып турбайбы ошол бийлигиң. Же бийликке баары бирби?.. Баам салыңызчы, милийса кызматкерлери күнү-түнү бел түзөбөй иштеп, кээде жанды оозго тиштеп алып аракет кылып кармап келген кылмышкерлерди сот акең жазаламыш этип жатат. Мунун өзү кылмыш. Ошондой чечим чыгарган соттордон эки-үчөөнү жалпы журт таразасына алып чыгып туруп сазайын колуна берсе, соттор кекиртектерин тыяр беле?
Сен айтчы, окурманым.

Баратбай
АРАКЕЕВ,
саясий
баяндамачы




Мухтардын ордун ким басат?
"Замандаш" партиясы кечээ "Дасмия" ресторанына саясатчыларды, коомдук ишмерлерди, журналисттерди чакырып, маркум Мухтар Өмүракуновдун арбагына багыштап куран окутту. Албетте, кыргыздын кыраан уулдарынын бири болгон Мухтар Өмүракуновду ойлогондо, айласыздан кейийсиң. Ушундан улам, "Мухтардын ордун ким басат?" деген аялуу ой ар бир адамда жашап келет. Мухтар мырза өзү 2003-жылы түптөп, андан бери (8 жылдын ичинде) эл колдогон алгылыктуу партиялардын бирине айланткан "Замандаш" партиясынын да бул маселеге кайрылууга али эртелик кыларын эл жакшы түшүнүп турат. Себеби Мухтар мырзанын кыркылыгы өтө элек. Топурагы сууй элек…
Ошентсе да, ой деген күлүк да, коомчулук Мухтар мырзанын ордун басчу адамды билгиси келип жатканын жашыруунун эч кажети жок. Эртеби-кечпи бул маселе кызуу талкууга алынары турган иш. Мухтар мырзанын артында 7 баласы жетим калды деген менен, ал атасыз калган балдардын канаты кагыла элек, балтыр эти ката элек, жаш экени белгилүү. Мухтар мырза Кубага кетерине аз калганда, "Замандаш" партиясынын тең төрагасы кылып шайлап кеткен Станислав жана Таалай мырзалар бир канча убакытка партиянын иштерин уланта бериши мүмкүн.
Бирок коомчулукка аздыр-көптүр таанымал болуп калган, 2000-жылдары Мухтар мырза түптөгөн, (учурда бул фирма Орусиянын 30дан ашуун шаары менен иштешет ) "Би Каргонун" жетекчиси, Мухтардын бир тууган агасы Эмил Өмүракунов маркум инисинин партиядагы жана саясаттагы аткарылбай калган иштерин аткарып, Мухтар мырзанын ордун басышы толук мүмкүн.