Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Убада аткарылбаса, бир катар чиновниктер кызматынан кол жуушат…
Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев 16-майдагы өкмөттүн жыйынында: "эгерде мугалимдер жана дарыгерлер өз убагында жогорулатылган маяналарын алышпаса, бардык чиновниктер кызматтан кетишет" - деп билдирип, 2-июнда бардык мугалимдер жана дарыгерлер өкмөт убада кылган жогорулатылган эмгек маянаны алышы керектигине токтолду. Алмаз мырза өз сөзүндө: "Эгерде бул тапшырма аткарылбаса, ведомстволордун жетекчилери жана облус губернаторлору ишсиз калышат. Кээ бир губернаторлор мага келип, "иш жакшы аткарылбай жатат" деп айтып жатышат", - деди премьер-министр. Муну менен өкмөт башчысы Билим берүү министрлигинин ишин сынга алып, каржы жактан кыйынчылыктарга карабастан, өкмөт маяналарды көтөрүү боюнча акча каражат тапты, ал эми министрлик ал акчаларды туура бөлүштүрө албай жатат деп сындады. Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо министрлигине ар бир оорукананын башчыларына "эгерде дарыгерлер акча албаса, иштен кетет" деген тапшырманы жеткирүүнү айтты. Бул тапшырма бардык мектептердин директорлоруна дагы тиешелүү болду.
Айтмакчы, ушул эле жыйында Атамбаев экс-башкы прокурор Кубатбек Байболовдун биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановго каршы дооматтарынын баарынын эч бир фактысы жок экендигин Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссия аныктагандыгын дагы айтып, Байболов жалган дооматтары үчүн мыйзам чегинде жоопкерчиликти тартышы керектигин кошумчалады.


Бабановдуку бүттү, кезекте Рысалиев
Ички иштер министрибиз Зарылбек Рысалиевге болгон айыптоолор азыркы күндүн актуалдуу маселесине айланып кетти. Эмнеге бул ишке эл өкүлдөрү аралашып кетти десек, айтканынан кайтпаган Зарылбек мырза спикер Ахматбек Келдибеков баштаган бир топ депутаттарга кылмыш ишин козгоп жиберген экен. Атургай, Ахматбек мырзанын айтканына карабай, анын иш бөлмөсүндөгү айрым буюмдарын экспертизадан өткөрүүгө буйрук берип салыптыр. Экинчиден, азыркы убакта абактарда жаткан уюшкан кылмыштуулук топторунун мүчөлөрү ачыктан-ачык эле айрым эл өкүлдөрүнө, "бизди бошотконго алыңар келбесе, анда ИИМ министрин бошоткула, болбосо көргүлүктү көрөсүңөр" кыязында кысым кылып жатышыптыр. Артында калбыры бар айрым депутаттарыбыз, ушундан улам Зарылбек мырзага ар кандай сюрприздерди уюштуруп жаткан кербези экен. Байкадыңыздарбы, азыркы министрге асылып жаткандардын көпчүлүгү "Ата-Журт" партиясынан. Кара пиарды уюштуруп жаткандар дагы аларга тиешелүү маалымат каражаттары. Демек, Зарылбекти жаманатты кылгандар, жанагы жаман жерден этеги айрылгандарга жан тарткандар десек болот.


Ажы "абысындар" баяны
Эзелтен бери чабышып келе жаткан азыркы акыйкатчы менен мурунку акыйкатчынын акыйнеги дагы уланды. "Ар-Намыстын" депутаты Турсунбай Бакир уулу Турсунбек Акун абактагылардан акча өндүрөт деп айыптап чыкты. Бакир уулунун айтымында, Турсунбек Акун шылуунчулук үчүн айыпталып, абакта жаткан "Азия Курулуш" компаниясынын башчысы Адина Турдубаевадан 8 миң доллар өндүрүп алган экен. Адина Турдубаеванын акыйкатчы акча өндүргөндүгү тууралуу баяндаган катын ЖК спикери Акматбек Келдибековго өткөн жуманын акырында тапшыргандыгын кошумчалады.
Чатагы бүтпөгөн ишкананы Бектур Асанов басабы?
Мамлекетибиздеги эң эле майлуу-сүттүү ишканалардын катарында Кочкор-Атадагы "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коому эсептелет эмеспи. Бакиев тушунда Максим менен Акматтын капчыгын кампайтып келген бул ишкана былтыртан бери чоң талашка түштү. Биринин сөзүн бири укпай, жамаатты экиге бөлүп алып жаатташып аткан мурунку жетекчи менен азыркы жетекчи эки Өмүрбек башчылык кылган "Ата Мекен" жана "Республика" партияларынын адамдары дешет. Кийинки жетекчи Кеңешбек Масировдун дайындалышы бардык юридикалык жагынан төп келип турса дагы, Асылбек Текебаев коргоп, колдоп атат делинип аткан эскилер ачык эле догурунуп, кызматын бошотпой аткан экен.
Акыркы күндөрү губернаторлук креслосу кыйшая баштаган Бектур Асановду ата мекенчилер алдыга сүрөп, "Кыргызнефтегазга" отургузууга катуу кам көрүп атканын да уктук.


Президент Дүйшеев менен Бекназаровго чара көрөбү, же...
Былтыркы 12-13-июндагы Жалал-Абаддагы "Санпа" заводунун жанындагы карапайым адамдарды мыкаачылык менен өлтүрүү окуясына байланыштуу кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр кармалган эле. Бирок адилет териштирилип, сот жоопкерчилигине тартылбастан, Сузак районунун соту Ж. Бекназаров тарабынан акталышкан. Буга байланыштуу Бекназаровдун мыйзамга каршы чечими үчүн 2011-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Соттор Кеңеши тарабынан сот болуп иштөө укугунан ажыраткан чечим Президенттин Аппаратына жөнөтүлгөн.
Бирок Президенттин Аппаратында соттук байланыштар бөлүмүн жетектеген К.Дүйшеев деген неме Соттор Кеңешинин чечимин бузуп, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, мыйзамга каршы иш жүргүзүп, сот болуп иштөөгө моралдык да, юридикалык дагы укугунан ажыратылган Ж.Бекназаровду борбордук райондордун бири болгон Ысык-Ата районунун соту кылып дайындап салган.
Ушундан улам ойлойсуң, мыйзамга каршы иш жүргүздү делип кызматынан алынган сотту, мыйзамга каршы иш аракети менен өзүм билемдик кылып борбордук районго сот кылып дайындай салган Дүйшеев дегендерди теске салып койчу жан жокпу деп каңырыгың түтөйт экен.
Президенттин Аппаратында мындай өзүм билемдик болуп жатса, башка жердегилер тууралуу ооз ачпай деле койсок жарашчудай. Президент айым аппаратындагы мындай шылуундарды теске салып койбосо, элге жаманатты кылган иштерин уланта береринде шек жок. Ушул жагын ажо айым эске алып, өзүм билемдик кылып каалаганын жасаган кол алдындагылардын тизгинин кагып коёр. Антпесе коомчулук Дүйшеевдердин жасап жаткан жоруктарынын артында президент өзү тургандай түшүнүшү мүмкүн. Андыктан президент К.Дүйшеев менен Ж.Бекназаровго чара көрөт деп ишенели.


Акылбектин Айымдары
Илгери Акаев куулгандан кийин Кара-Кечеден Мотуев кубалап чыккан Камчыбек Жолдошбаев деген бар эмес беле. Күн тийген жердин күкүгү болуп, дегеле бийликке акаарат айтып көргөн эмес өмүрүндө. Ошол Камчыкенин өзүнө окшогон Акылбек деген иниси бар экен Ат-Башыда. 7-апрелден кийин ажылдаган алты аялды алдыга салып алып, Ат-Башынын акими болом деп адыраңдап барып, анысынан майнап чыкпай калган экен. Эми социал-демократтардын райондогу штаб башчысы болот элем деп баягы айымдарын чогултуп, анча-мынча адамдарын казы-карта чучукка тойгузуп, өзүн-өзү координатор шайлап алыптыр дешет. "Атамбаевге бепбекер иштеп берем, машинам бар, акчам толуп атат"-деп Ак үй менен Көк үйгө да байма-бай каттап жүрчү экен. Бирок жакында эле социал-демократтардын бул аймактагы өкүлдөрү барып, Акылбек Жолдошбаевди, төштөрүн "дзотко" тосмокчу болгон "айымдарына" кошуп туруп өз ордуна коюп келиптир. Акыркы мезгилдерде аялдардын артына жашынып иш кылган эркек сөрөйлөрүбүз көбөйүп баратат, атаганат!