presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Токон Мамытов,
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты, ЖКнын Ош окуясын иликтөө боюнча комиссиясынын төрагасы:
"Биз жол ачып бердик,
калганын өздөрү чечиши керек!"
(Башы өткөн санда)
"Укук коргоо органдары дале бизнес жасап жатышат…"
- Силердин комиссия иликтөө иштерине канча каражат сарптады?
- Эл аралык комиссия канча каражат сарпташканын ачыкка чыгарышкан жок, бирок каражаттын көп эле сарпталганы байкалып эле турат. Себеп дегенде, эксперттерин Казакстан, Өзбекстан, Россияга жибериптир. Комиссиянын курамында да бир топ адамдар иштешиптир. Улуттук комиссия канча каражат сарптаганын билбейм. Ал эми биздин комиссияга атайы каражат бөлүнгөн жок. Бирок эч кимиси каражат маселеси боюнча эч сөз айтышкан жок. Мен аларга ыраазымын! Кыскасы, комиссиянын төрагасы деген класстагы дежур окуучудай эле экен да. Класста бор түгөнсө, бор алып келиши керек, окуучуларды чогултушу керек, бөлүп коюшу керек дегендей…
Мени өкүндүргөн айрым жергиликтүү күч структураларынын жетекчилери жана кызматкерлери окуяны иликтөөгө кайдыгер карап, шалаакылык кылып коюшканы болду. Ушул окуядан кийин ушу күнгө чейин өзбектерди, же кыргыздарды кармап алышып кадимкидей бизнес жасап жатышат. Ушундан улам, биринчи кезекте өзбектердин, айрыкча жаштары, алардан кийин кыргыздар ар кайсы жактарга мигрант катары качып жатышат. Муну эч ким эске алган жок. Албетте, бул абдан өкүнүчтүү.
- Ош окуясын бир жылга жакын убакыттан бери 7 комиссия иликтеп, жиликтеп чыгышты. Бириники да элдин купулуна толгон жок. 8-комиссия болуп жаткан силердин комиссиянын жыйынтыгы элдин купулуна толот деп ишенесизби?
- Жок, минтип айтуунун өзү туура эмес болот. Биздин чыгарган жыйынтык окуя боюнча бүт суроолорго жооп берди десем, мен калпычы болом. Мен бир нерсени гана айтайын. Архивдерге барып, 90-жылкы документтерди казып, окуп чыктым. Ошол жыйынтык документтерден мен кемчилик таптым. Себеп дегенде, биздин жыйынтыкты мындан 3 айдан кийинби, 3 жылдан кийинби, айтор, кайра бир изилдеп чыгышса, кемчиликтерди табышат. Бул өзү ошондой болушу керек. Биринчи комиссияны, экинчи комиссия толуктап, кеңейтет. Калган комиссиялар да бирин-бири толуктап олтурушту. Баарылап, ашып кетсе окуяны 70-80 пайызга иликтей алдык. Тарых үчүн дагы калат.
- 90-жылкы Ош окуясына байланыштуу 10го жакын жашыруун материалдар бар экен деп жатасыз? Азыр аны ачыкка чыгарса болобу, андан бери 20 жылдан ашпадыбы…
- Мен УКМКнын жетекчилеринин бири болуп жүрүп, 90-жылкы Ош окуясына байланыштуу материалдар бар экенин билем да. Анан ошол материалдар керек болуп, УКМКдан сурадым. Сурасам: "ал материалдар жашыруун, эч кимге берилбейт" - дешти. Ошентип, бербей коюшканынан улам, интернеттен карасам, баягы жашыруун деп эсептелген УКМКнын материалдары бүт эле жүрөт. Интернетте ачык эле жарыяланып жүрсө, кайсынысы жашыруун? Ал материалдардын өзөгүн айта турган болсок, ошол кездеги КРнын борбордук комитетине окуяны ким уюштурган, эмнеден улам чыккан, кандай болгон деген баяндамалары, отчеттору экен. Негизи, андай жашыруун деп эсептелген материалдарды окуянын жарасы айыкканча, ашып кетсе, 3 же 5 жылга чейин эле кармап туруш керек. Анчалык көпкө кармоонун кажети жок, ачыкка чыгарып иликтөө иштерин жүргүзгөндөргө жана окумуштууларга бериш керек.
- Улуттук комиссия УӨнүн күнөөсү бар экенин ачык эле айтып чыгышпадыбы, силердин жыйынтыкта бул жагы кандай?
- Биздин жыйынтыкта, алардыкындай жеке адамдарды күнөөлөгөн доомат жок. Бирок жалпысынан ала келгенде, албетте, УӨнүн күнөөсү бар. Биринчи кезекте УКМКнын күнөөсү бар экенин ачык эле айтам. УКМК эмне үчүн окуяны билбей калды? Камаздарды жасап, Он-Адырда окопторду казып, элди уюштуруп жатышса, кантип билишпей калды? Буларды сөзсүз билиши керек эле. Анткени алар бул үчүн айлык алышат, мындайча айтканда, алардын май токочу эле . Эмне үчүн ИИМ, жергиликтүү бийлик жана прокурорлор билишкен жок?
Окуя болуп өткөндөн кийин Байболовдун ММКларга берген маегин окугула. Ал расмий түрдө: "Мынча көзгө атар кармадык, Тажикстандын жарандары экен" - деп маалымат берип жатат. Булардын көрсөтмөлөрүнүн баары топтолуп тергөө иштерине тиркелип, каттоодон өткөн. Бирок мен атайы суратсам, бирөө да жок экен. Эми Дүйшөбаев ошол убакта: "Мынча кармалды, анын 7си Ош окуясына түздөн-түз тиешеси бар, улутун айтууга азыр эрте, жакын арада ачыкка чыгарабыз"-деп ал да расмий маалымат берген. Мен УКМКга да ушул боюнча расмий түрдө кайрылдым. Тилекке каршы, анын маалыматында айтылгандар жок экен.
"Булар чекисттер эмес, чиновниктер жана "случайный" адамдар…"
- УКМКда да, Чек ара кызматында да жетекчилик кызматта иштеп кеткен тажрыйбалуу адис катары бул эки күч тармагынын ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
- УКМКнын ишмердүүлүгүн жанатан бери айтып атабыз. Керек болсо, УКМК УӨтү окуя 20-июнда болот деп алдап койгон. Ал эми Чек ара кызматы боюнча айта турган болсок, мисалы бүт чек ара пункттары толук кандуу иштеп жатат. Баары көзөмөлдө дегендей, бирок ошондой болсо да Кадыров, Абдырасиловдор кантип качып кетишти? Андан мурунку окуя, 7-апрелден кийин Жаныш баштап баары кетип качып кетишти? Бул эмне деген кызмат? Каякты карап олтурушат? Азыр чек арада башаламандыктар көп. 1998-жылы Россиянын аскерлери биздин чек арадан чыгып кеткенден кийин, чек араны кайтарганды же башкарганды билбей, айласы кеткенде бизнеске айлантып алышты. Ошондой эле чек аранын каймактуу, акча түшчү жерлеринин баарын УКМКга берип койду да, күн кайнаган, суугу сөөккө жеткен заставаларын чек аранын өзүнө калтырды. Мындайча айтканда, бир бүтүн аскерди эки бөлүп салгандай болду. Мына ушуну убагында Акаевге түшүндүрүп жатып, кайра бириктиргенбиз. Ал эми Бакиев учурунда Чек ара кызматы минтип бөлүнбөй, бир болгон. Тилекке каршы, былтыр 7-апрелден кийин да, Чек аранын каймактуу жерлери УКМКга өттү, баягы ак кар көк муздуу жерлери Чек ара кызматында калды. Чек ара кызматынын жетекчисинин айтымында, ал капитандык аскер наамына чейинки (начальник заставаларды дайындай алат, кетире алат) кызматтагыларды эле дайындайт экен. Андан жогоркуларын Дүйшөбаев өзү дайындайт экен.
Кыскасы, УКМК да Чек ара кызматы да бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт. Ал жакта иштегендер жакшы адамдар. Билимдүү, сабаттуу дегендей. Бирок булар профессионал адамдар эмес. Мисалы, менин Дүйшөбаев менен аласа-бересем деле жок. Мен да ага, ал да мага бир тыйын аласа-бересебиз жок. Бирок булар чекисттер эмес. Буларды чиновниктер, милициялар жана "случайный" адамдар десе болот. Деги эле УКМК жетчү жерине Акаевдин доорунда эле жетип калган. Карап көрүңүз, УКМКны кимдер гана башкарган жок. Асанкуловдон башкасы чекист болгон эмес. Анарбек Бакаев деген чоң саясатчы келип, ошол киши бактыбызга УКМКны кичине сактап калган. Ал кишинин көзү 1996-жылы өтүп кеткенден кийин, УКМКга ар кандай адамдар, катуу айтканда "итпай-чотпайлардын" баары жетекчи болуп келатат. Булардын өлкөнүн коопсуздугу дегенден түшүнүгү жок. Ошол түшүнүгү жок экендиктерин да сезишпей, кебелбей иштеп жатышат. Булар өздөрүн Штрлицтей эсептешет да. Мен өзүмдү антип айткандан уялам.
- Сиз мына УКМКны 15 жылдан бери "итпай-чотпайлар" башкарып келатат деп айтып жатасыз, ошол " итпай-чотпайлардын" арасында өзүңүз "случайно" жоксузбу…?
- Мен өзүм УКМКга кенедейимен келгем. Ал жакта көп жыл иштеп, лейтенанттан генералга чейин жеткен адаммын. Эл өзү ушундан эле жыйынтык чыгарышы керек? Башкаларга окшоп, көчөдөн келген жокмун, ошол көчөдөн келгендер бузуп жатышат. Бул кызматтын бар болгон нерсесин акыл-эсине, жүрөгүнө сиңириши керек. Тилекке каршы, андай жок. Булар: "Комсомолдо кыйын иштегем, милицияда деле кыйын иштегем, бул жакта деле иштей берем"-деп ойлошот. Чынында, кудай да жөндөмдү бериши керек. Бир көрөңгө бербесе, кыйын чекист болуу кыйын. Көрөңгөсү жок адам, эт менен челдин ортосунда жүрүп, системаны жедеп бузуп, уруп, согуп, жеп кетет десек туура баа болчудай. Мисалы, мен деле ИИМге жетекчи болуп келсем, иштей албай кыйналмакмын.
- Сиз бир маегиңизде, Исаковдун Коргоо министрлиги катары Ош окуясын басууга барганын туура эмес, ал жакка Куловду алып барыш керек эле дегендей айттыңыз. Бул өзүңүздүн партлидериңизге жан тарткандык эмеспи…
- Чынында, Исаков жакшы адам. Бирок Исаков түрмөдөн жаңы чыкса, анан аны министр кыла коюп, Оштогу жаңжалды басууга жөнөткөнү туура эмес болду. Исаков андай жаңжалды баса албайт. Анын күнөөсү эмес, чынында Исаковдун мындай кагышууларды басууга билими жетпейт. Мындай жаңжалдарды басууга чекисттерди, милицияларды үйрөткөн. Аскер адамын үйрөткөн эмес. Жаңжалды кантип басуу керек, эмне кылуу керектиги тууралуу жашыруун эрежелер, материалдар бар. Исаков аларды окуган эмес. Андай китептердин бар экенин билерин да кудай билет. Ал китептер чынында чек ара кызматына да, аскер кызматына да берилбейт.
- Жогоруда айткандай, ал китептерди интернеттен алып окуй койсо болбойбу?
- Жок, (күлүп) ал китептер интернетте жок экен, карадык. Исаков, кыскасы, билбейт. Ошол убакта Куловду алып барса болмок, ал жакпайбы Кутуевди алып барсын, ал карып калды дешсе, мени алып барсын, мени бою кичинекей, ал эле бул эле десе, Бошкоев деген азыр "Таатанда" иштеп жүргөн генерал бар, ошону алып барса болмок да. Булар үйрөтүлгөн, билишет кандай кылышты. Ал эми аскер адамы деген бир сөз менен айтканда согушка даярдалган адам болуп эсептелет.

Маектешкен
Айбек ШАМШЫКЕЕВ



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??