Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Үлгүлүү иш...

Улуу Жеңиштин урматына арналган Кочкор жергесиндеги салтанат...
9-май күнү Жеңиштин 66 жылдыгына карата Кочкор районунун борборунда Улуу Ата Мекендик согушта кайтпай калган аталарыбыздын жаркын элесине, Афган согушунда, Баткен коогалаңында, 7-апрель революциясында кайтыш болгон эр жүрөк жигиттерибизге арналган эстелик комплекстин салтанаттуу ачылыш аземи болду. Эстелик комплексти кыргыздын мыкты уулдарынын бири Рахатбек Ирсалиев өз каражатына куруп, карапайым калктын алкоосуна татыды.
Аталган иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Кочкор районунун акими Сарыбаев Рыспай, Нарын облусунун губернаторунун орун басары Сардарбеков Сабыр, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева, "Акыйкат" партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов, Афган согушунун катышуучусу Темирбек Асанбеков сыяктуу бир топ мамлекеттик, коомдук ишмерлер жана жергиликтүү тургундар катышты. Сөз алып сүйлөгөндөрдүн баары ардагер аталарыбызга таазим кылышып, элибизге, мекенибизге тынчтык тилешип, жеке каражатына эстелик комплексти тургузган Рахатбек мырзанын элине жасаган ак эмгегине алкыш айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти.
Келечек муунга үлгү болорлук улуу жөрөлгөнү ишке ашырган Рахатбек мырза жыл сайын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине таазим кылып, колунан келген көмөгүн көрсөтүп келет. Быйыл эстелик комплексти курууга 1 миллион сомдон ашык каражат сарптап, жылдан жылга азайып бараткан ардагерлерге сый тамак уюштуруп, батасын алды.

Рыспай Сарыбаев,
Кочкор районунун
акими:
- Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, урматтуу салтанаттын катышуучулары, сиздерди 9-май Жеңиш күнү менен Кочкор районунун администрациясынын атынан чын дилимден куттуктаймын.
1941-жылы кан жыттанган каардуу майданга Кочкор жергесинен 5510 киши аттанып, алардын ичинен 1380 адам дайынсыз жоголуп, 2037 адам каза таап, 1052 киши гана үйлөрүнө кайткан. Бүгүнкү күндө болгону 21 гана ардагер аталарыбыз арабызда отурат. Өкүнүчтүүсү, аталарыбыздын арасы күндөн-күнгө суюлуп баратат. Ошондуктан аталарыбызга мамлекет жана коомчулук тарабынан камкордук кылуу биздин милдет.
Бүгүн ачканы турган эстелик монумент комплексте - жеңиштин лавр жалбырагын кармап турган эненин, жергебиздеги бейпилдиктин, тынчтыктын символу болгон ак кептер чагылдырган. Бул эстелик комплекс Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылыштагы депутаты, жердешибиз Рахатбек Ирсалиевдин жеке каражаты менен курулду. Учурдан пайдаланып, элине кызмат кылган азаматка ыраазычылык билдирип кетемин.
Бүгүнкү күнкү салтанатты майрамдап жатып, тынчтык күнү согушта кан-жанын аябаган ардагер аксакалдарыбыздын арты менен келгенин унутпай, ар дайым барктап, таазим кылалы. Бизге тартууланган бейпил турмушка шүгүрчүлүк кылып, жерибизди душмандарга тебелетпей, Ата Мекенибизди аздектеп-барктоо азыркы муундун, бийлик жетекчилеринин, жалпы эле журтубуздун ыйык милдети деп эсептеймин. Баарыбыз ынтымактуу болуп, мекенибизге ак ниет, абийирдүүлүк менен кызмат кылалы. Жалпы журтубузда тынчтык, ынтымак болсун.
Бар болгула, бизге жеңиш күнүн тартуулаган аталар! Ден соолугуңар чың болсун! Аман болуңуздар!

Сабыр Сардарбеков,
Нарын облусунун губернаторунун
орун басары:
- Кыргызстандын жалпы эле ардагерлерин 9-май Жеңиш күнү менен куттуктайм!
"Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт" - деген кыргызда жакшы сөз бар. Бүгүнкү Улуу Ата Мекендик жана Афган согушунда кайтпай калгандарга, 7-апрелдеги окуяда курман болгондорго арналып тургузулган эстелик комплекс, Кочкор элин кыйын кезеңдерде ынтымакка, биримдикке алып келе турган улуу жөрөлгө катары бааланып отурат. Рахатбек Ирсалиевдин облустук бизнес форумда эстелик комплексти өз каражатына курууну мойнуна алып, ишке ашырып жатканына Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбековдун жана өзүмдүн атыман терең ыраазычылык билдирем. Рахатбектин мындай жакшы иштери элиме кызмат кылам деген инсандарга, бизнесмендерге үлгү болоруна ишенем. Ошондуктан Рахатбекке, үй-бүлөсүнө, ыраазычылыгыбызды билдирем.

Дамира Ниязалиева,
Жогорку Кеңештин КСДП
фракциясынын депутаты:
- Бүгүн Кочкор эли бүткүл дүйнө эли менен улуу Жеңишти майрамдап жатабыз. Улуу Ата Мекендик согуштун, Афган согушунун баатырларына, 7-апрелдеги кандуу окуяда шейит кеткен жигиттерибизге арнап, кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири Рахатбек Ирсалиев эстелик комплекс куруп, жаштарга үлгү болуучу жакшы бир жөрөлгө жасап отурат. Ушундай кыргыздын чыгаан жигиттери көбөйө берсин. Учурдан пайдаланып, Жогорку Кеңештин, КСДП фракциясынын атынан бүгүнкү салтанаттын катышуучуларын, ардагер аталарыбызды 9-май Жеңиш күнү менен куттуктап кетмекчимин. Элибизде ар дайым тынчтык, ырыскы болсун!

Жоомарт Дүйшөнбиев,
7-апрель окуясында жаракат
алгандардын бири:
- Бүгүнкү 9-май Жеңиш күнү менен ардагер аталарыбызды куттуктап, аманчылык, ден соолук каалайм. Өтүп кеткен аталарыбызга, баатырларыбызга эстелик комплекс тургузган байкебиз Рахатбек Ирсалиевге терең ыраазычылык билдирип кетет элем. Мына, былтыркы 7-апрелдеги кандуу окуяда шейит кеткен 89 жигиттин ичинен 5 жигит Кочкор районунун кулундары болгон. Бизге бейпилдик, тынчтык тартуулаган ата-бабаларыбыздын эмгектери эстен чыкпай, биздин саясатчыларыбыздын, өлкө жетекчилерибиздин жүрөгүнө ыйман уялап, калыстык болуп, элибизде ынтымак, ырыскы болсун.
Рахатбек Ирсалиев,
эстелик комплекстин автору:
- Мен 2002-жылдан бери тогуз жыл болду Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын куттуктап келем. Ошол кезде 212 ардагер аталарыбыз бар болчу. Учурда 21 гана ардагер атабыз калыптыр. Мына ушул аталарыбыздын бизге тартуулаган жеңиши болбогондо, биз кандай заманда жашайт элек бир кудай билет... Ошондуктан ардагер аталарыбыздын мамлекетке, элге кылган зор эмгектерин сезип-туюп, баалап, жыл сайын 9-май күнү куттуктап туруу жөрөлгөсүн уюштуруп алгам. Былтыр 2010-жылы Жеңиштин 65 жылдыгына карата Кочкор районунан согушка катышкан аталарыбызга арнап 1000 нускада "Эс тутум" деген китеп чыгарып, мекеме жетекчилерине, ардагерлерге тапшырылган.
Быйыл дагы ушул китептин 450 даана нускасын учурда ардагер аталарыбыздын эрдиктерин, басып өткөн жолун, тажрыйбасын келечек муун окуп үйрөнүп, мекенчил, патриот уул-кыздарыбыз тарбияланып өссүн деген ниет менен, Кочкор районундагы 33 мектепке таратып берип жатабыз.
Ал эми эстелик куруу тууралуу ой 2004-жылы 9-май Жеңиш күнүнө арналган салтанатта кабыл алынып, так ушул жерге капсула көмүлгөн. Андан бери 6 жыл өтүп кетиптир. Былтыр курайын деген элем, өзүңүздөр билгендей, белгилүү себептерден улам курулбай калды. Бирок бүтө турган нерсенин өз убагы бар окшойт. Быйыл эки айдын ичинде куруп бүттүк. Бул Улуу Ата Мекендик согуштун, Афган согушунун, Баткен коогалаңынын катышуучуларына, былтыркы 7-апрель революциясынын баатырларына арналып курулган эстелик комплекс - Кочкор жергесине келген коноктор, жергиликтүү элибиз ар дайым куран окуп, сыйынып турган, таалим-тарбия берүүчү маданий комплекс болуп калат го деп ишенем.
Иштей турган көп иш бар. Ошондуктан Кочкордун жаштарына келечектеги муундар үчүн колуңардан келген жардамыңарды киндик кан тамган айлыңарга, районуңарга, мамлекетибизге эч качан аянбастан, талыкпай эмгек кылгыла деп айтар элем. Ошондо биздин мамлекетте тынчтык, өнүгүү болот.


Юруслан Шыгаев,
сүрөтчү:
- Урматтуу калайык-калк, сиздерди 9-май майрамыңыздар менен куттуктайм. Аталарыбыздын биз үчүн жасаган эрдиктерин эскерип, эстеп туруу үчүн досум Рахатбек Ирсалиев эстелик комплекс куруп чоң иш жасап отурат. Ар дайым Кыргызстанга, элибизге эмгеги сиңген жарандарыбыздын элеси өчпөй, элибиздин эсинде сакталып жүрсүн.
Даярдаган
Алмаз Темирбек уулу