presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



МегаКомду менчиктештирбесек кечигебиз
Кызык эле болуп атат. Жакында Бишкек шаардык сотунун чечимине негизделген Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги ЖАК "БиМоКоМду" 100% акциясын таламандын тал түшүндө талашып жаткан Serpeus компаниясына кызга нике кыйгандай эле кыя салышты. Нике ырымында "мындай ак ниет сатып алуучу" болобу дегенди кайта-кайта айтышты. Ошентип, МегаКомдун 49 пайызы болсо да чөнтөктө деп турган Кыргызстан кыйла кызык абалда калды.

Себеп дегенде "БиМоКоМ", "МегаКом", "Альфа Телеком" деген аталыштар, бир кыздын Айнаш, Айнашка, Айнашжан деген атындай эле бир эле түшүнүк. Бул компания күндө күмүш, айда алтын тагынган ушундай кыз накыштуу болгону үчүн эл аралык эченди "чапкан" аферисттер, өзүбүздүн эркектана М.Бакиевдер карегинен кагылып, эртели-кеч жалынып турчу да. Анан эмне болуп жатат дебейсиздерби? Эмне болмок эле, Максимден калганы ушу деп А.Бекназаров атка өңөрүп келген 49 пайыз үлүшүбүзгө Serpeus тарабынан кыл аркан ыргытылып жатат. Тагыраагы, ыргытаарына бир эле кадам калгандай. Анткени МегаКом соода маркасы менен чыгып жаткан "Альфа Телекомдун" киндиктеши дал ушул "Serpeusкa" тийген "БиМоКоМ". Анан "БиМоКоМду" алган немелер киндигин чорт кесип, "Альфа Телекомду" ар жакка ыргытып жибербейт да. Анда эле эч кандай базалык ресурстарсыз, активсиз калган "БиМоКоМ" дем ала албай оо дүйнө кетиши мүмкүн. Кыргызча айтканда, рейманчылар уруусунан чыккан Penwell компаниясы Serpeusчуларды бери болгондо эле күндөшүндөй көрөт. Буларды жолото көрбөгүлө, болбосо, МегаКомдогу 49 пайыз акцияңардан айрылып каласыңар деп кыргыз өкмөтүн көкүтүп келет. Алар муну Кыргызстанга күйгөнүнөн айтып жатыптырбы. Мен эле талашайын, бирдеме өнүп калаар дегени эмеспи. Алар ушинтип, бир-бирин чукулашып Кыргызстан эске алып койчу сонун фактыларды келтиришкен. Кашайганда биздин сот системабыз байкабай калып жатпайбы. Айта кетсек, Рейман тектүүлөр ("Penwell") Serpeusчуларды жеткен жандими атап, булар "БиМоКом" үчүн 195 млн. жашылбай төлөгөнбүз деп жатат. Мунусу кызылдай жалган. Кана кандай далили бар экен. Эч нерсе көрсөтө албайт. Дагы уялбай Кыргызстан кеп жебей койсо кеткен чыгымымды төлөп берсин деп жүрөт. Анык бети жок турбайбы. Ой, минткенге юридикалык жактан таптакыр акысы жок да. Кууп салбайсыңарбы деп чырылдаган. Ошондой эле "Serpeus" компаниясынын 25 млн. доллар мамлекетке салык төлөгөм дегени да суу кечпейт. Ошол акчаны көргөнүңөр барбы? Ал каражат бюджетке түшпөй эле "кайсы бир" банктын казанында кайнап жатып , өзүнөн-өзү соолуп калган дешип тимеле түтөп кетишкен. Ушунун баарын соттун жүрүшүндө Serpeusчуларга каршы пайдалансак болмок. Аттиң, анте албадык. Белгилүү болгондой, Penwellчилер "Альфа Телекомдун" 51 пайызын меники, сен каяктан келип жармаштың деп Serpeusчуларды көргүлөрү келбей жатышпайбы. МегаКом кызыбыздын таржымалын билгендер ал "БиМоКоМ" аталып жүргөндө М.Бакиев банкрот кылуу жолу менен анын 49 пайызын өзүнүн Forntek компаниясына нике кыйдырып, 51 пайызын Penwellчилерге ыйгарган. Кийин Penwellчилер жөн турбай ээсин алмашып ийгенде М.Бакиев сооп болду деп туруп, баягы эле банкрот ыкмасына салып, "БиМоКомду" колунан жетелеп кеткен. Анан А.Елисеев деген эрикпеген немесин шилтеп жиберсе, анысы "Альфа Телеком" деген жабык тибиндеги акционердик коомун түзө салып, МегаКомдун 100 пайыз акциясына ээлик кылып калат. Апрель революциясынан кийин айтылуу А.Бекназаров М.Бакиевдерге таандык ушул 100 пайыз акцияны баса калбай шорлотуп отурбайбы. МегаКом мээ чакмайы башталгандан бери ушул сөз көп айтылды. Кайталагандан келме бузулбагандай дагы да айта беребиз. Анткени шайтандын куйругу чыгып турганы менен МегаКом кызыбыздын күндө тапкан күмүшүн, айда тапкан алтынын эч ким менен бөлүшпөй эле Кыргызстандын кызыкчылыгына кызмат кылдырсак деген тилектебиз. Себеби "М.Бакиев и К" командасынын кыргызга кылбаганы барбы. Канча байлыгын сыртка чыгарып кетти. Канча адамдын канына забын болушту. Жогоруда Serpeusчулар сотто утуп алды дедик. Эми алар "Альфа Телекомго" капкан салбай карап тура албайт. 49 пайыз энчибизге кыйшык көзү менен карай баштайт. Penwellчилер да оозунан алдырган бөрүдөй улуп-уңшуп отуруп бербейт. Ызы-чуу күчөйт. Андыктан Кыргызстан 100 пайыз акциясы А.Елисеевге таандык "Альфа Телекомду" мамлекеттин менчигине азыр да алып койсо сонун болгон турат. Эми, МегаКом кызыбыздын шакек-сөйкөсүн эсептеп көрөлү. Жакында болуп өткөн ЖАК "Альфа Телекомдун" акционерлеринин кезексиз жыйынында МегаКом өткөн жылы 1 753 988 000 (бир миллиард, жети жүз элүү үч миллион, тогуз жүз сексен сегиз миң) сом таза киреше тапканы аныкталды. Ал эми 49 пайыз энчибизге эмне тиет десек, 859 454 120 сом чыгып жатат. Ичибиз күйбөс үчүн 51 пайыздын энчиси жөнүндө кеп кылбай эле коелу. МегаКом быйылкы жылы 40 022 978 доллар таза киреше менен чыгамын деп турат. Ал эми бюджетке айына 40 миллион сом салык төлөп келгенин да унутпайлы. Көрүнүп тургандай, мындай кызды (МегаКомду) талашканга эле бере берсек болбойт. Мамлекеттик кызыкчылык кайда калат. Андыктан МегаКомго көзүн кызарткандар өз ара мушташып жатканда анын 100 пайыз акциясын мамлекетке алуубуз зарыл. Болгондо да эртерээк. (Өзүбүздүн Кыргызбайлардан деле күйөө чыгып калар). Ал эми эл депутаты С.Жапаровго окшоп тигилердин ортосуна түшө калуунун кереги жок. Бөөдө көзгө жешиң ыктымал.
Асан Козиев




  Кримбек, абалың кандай?

"Кызылдар" менен "каралардын" согушу!
Жыйынтыгы кандай?
(Башы өткөн санда)
Издөөгө алынган
"каралардын"
карышкырлары…

o КӨЛБАЕВ Камчыбек Асанбекович, 1974-жылы туулган. Атактуу Камчыга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ГСИН) тарабынан издөөгө алынган. Расмий маалыматтарда, Камчы Дубайда "эс алып" жүрөт, эч нерседен коркпой-үркпөй…

o АНАПИЯЕВ Алманбет Мамадаминович, 1973-жылы туулган. "Каралардын атасы" делип жүргөн Камчы Көлбаевдин оң колу болуп эсептелет. КРнын Кылмыш-жаза Кодексинин 123, 125 жана 168-беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Учурда ИИМ тарабынан издөөгө алынган, расмий маалыматтарда Алмамбет мырза Дубайда качып, тойс "эс алып" жүрөт. Албетте, качан кармалары белгисиз?

o БӨРБҮЕВ Сыдык Сеиткадырович, 1985 - жылы туулган. КРнын Кылмыш-жаза кодекси 97 - беренеси боюнча кылмыш козголгон. КРнын ИИМи тарабынан издөөдө. Кайсыл жакта жашырынып жүргөнү тууралуу маалыматтар жок.

o КАСЕНОВ Адилет Жакыпович, 1983-жылы туулган. Адилетке КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 241,168 жана 341- беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ИИМдин Ленин райондук ички иштер бөлүмү тарабынан издөөдө. Кайсыл жакта качып жүргөнү белгисиз.

o ТОКТОБАЕВ Жеңишбек Жумаевич, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. ИИМдин Каракол Ички иштер бөлүмү тарабынан издөөгө алынган.

o ЖУМАГУЛОВ Чыңгыз Адашканович, 1981-жылы туулган. КРнын Кылмаш-жаза кодексинин 241, 168,341-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, качкында жүрөт. ИИМдин ,Ленин райондук ички иштер бөлүмү тарабынан издөө салынган.

o АЙСАЕВ Данияр Турсунжанович, 1986-жылы туулган. КРнынКылмыш-жаза кодексинин 246- беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. ИИМдин Москва райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан издөөгө алынган.

o МАМБЕТКАЗИЕВ Арыстанбек Төлөбекович, 1973-жылы туулган. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. ИИМдин Ленин райондук Ички иштер бөлүгү тарабынан издөөгө алынган.
Айбек ШАМШЫКЕЕВ




  Өкмөт билдирет...

Премьер туу менен гимнди өзгөртүүгө каршы
Мындай оюн Алмазбек Атамбаев жакында коомдук телеканалга берген интервьюсунда ачыкка чыгарды. Өкмөт башчысынын пикири боюнча тууну жана гимнди өзгөртүүгө азырынча тиешелүү негиз жок. Мамлекеттик символдор улам өзгөртүлө бербестен, стабилдүү болууга тийиш.

Эми шекерибиз арзандайт
Кыргызстандыктардын жылдык шекерге болгон муктаждыктары 125 миң тонна, маселен, былтыр өлкөбүздүн дыйкандары 14 миң тонна эле шекер өндүргөн, же шекерге болгон муктаждыктын 11 пайызын эле камсыздалган. Быйыл кыргызстандыктардын шекерге болгон муктаждыктарын 15 пайызга жеткирүү айыл чарба министрлиги тарабынан пландалган. Быйыл мындай таңкыстыкты жоюу үчүн, арзандатуу максатында Өкмөттүн сунушу менен Жогорку Кеңеш сырттан кире турган шекерге мамлекеттик 30 пайыздык алымды алып салды. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча ушу күнгө 7000 гектарга чейин кант кызылчасы эгилди. Быйыл пландоо боюнча 9500 гектарга жеткирүү милдети турат. Былтыр 8500 гектарга чукул кант кызылчасы эгилген. Быйыл министрлик азык-түлүккө болгон муктаждыкты чечүүнү колго алып, кызылчанын 45 тонна уругун дыйкандарга бекер таратууга жетишти. Таластык дыйкандарга 10 тонна, 35 тонна урукту Чүй облусундагы дыйкандарга таратылды.



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??