presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Батыров, "Чөөнүн сааты", Кильюнен ортосунда кандай байланыш бар?
Бычактын мизинде турган Кыргызстандагы улуттар аралык кырдаалды курчуткусу келген сепаратисттер арам ойлорунан кайтпай, кан төгүүнү дагы деле каалап жаткандай. Маалыматтык күрөштө деле артта калып келебиз. Акчасы ашып-ташыган батыровчулар дүйнөлүк ММК беттеринен түшпөй, кыргыз элин бир жактуу көөлөп атышат. Эл аралык комиссиянын жыйынтыгы да көптөгөн күмөн ойлорго жем таштады. ЖК депутаты Исмаил Исаков дагы "Эл аралык комиссиянын жыйынтыгы менен чуулгандуу "Чөөнүн сааты" китебинин ортосунда байланыш бар. Кадыржан Батыровдун кытайлык маалымат булактарына берген маеги аркылуу Киммо Кильюнен отчет жасаган. "Чөөнүн сааты" китеби дагы, эл аралык комиссиянын отчету да кыргыздар күнөөлүү деген ойду айтууда"-деген пикирин билдирди. Ал ортодо кыргыз жаштары Кильюнендин отчетуна наарзычылыгын билдирип, ар кандай акцияларды уюштуруунун алдында турушат.


Текебаев "бычып салалы" дейт
Динара Ошурахунова аттуу укук коргоочу 11-майда "Ата Мекен" социалисттик фракциясына отчет бергени барып, былтыркы июнь окуясындагы гендердик зордук-зомбулук маселесин көтөргөндө фракция лидери Өмүрбек Текебаев 13 жашка чейинки улан-кыздарга зордук кылган аңгилерди химиялык кастрация, бизче айтканда, бычып салуу жолу менен жазалоо идеясын көтөрүп, көпчүлүктүн оозун ачырды. Укук коргоочубуз деп жүргөндөр муну угуп алып, жүрөктөрү оозуна кептелип, "конвенция, гумманизм" деген жатка билген жадыбалдарын кыйкырып чыгышты. Бирок бир чети Өмүкеңдин мындай өзгөчө оюн колдоп койсок болчудай, себеби андайларга мындай жаза да жеңилдик кылат эмеспи…


Туудан чыккан чуу
"Ата Мекен" фракциясы мурдагы күнү мамлекеттик символикаларды алмаштыруу маселесин талкуулашты. Ал талкууда буга чейин фракция башчысы Текебаев менен ата мекенчилерди каржы жагынан каржалтпай карап келген олигарх депутат Самаковдун ортосунда кайым-айтышуу болуп, "эки үлкөн "ыркырашып" жүрөт" деген кептер өзүнөн өзү ачыкка чыкты. "Мамлекеттик символикаларды алмаштыруу тарыхый окуя болушу керек. Эгер көзүңө кан көрүнүп атса, врачка кайрыл. 7-апрелде депутаттын түшүнө кан кириптир деп эле, бүбү-бакшылардын деңгээлине түшүп, ар кандай ырым-жырымга ишенбешибиз керек"-деп Самаковго саймедиреди эле, Какең да жөн калбай "кызыл жиптерди бак-шакка байлаган ырым-жырым эмеспи?"-деп Өмүкеңе былтыркы шайлоодогу бактарды шөкөттөп чыккан жоругун эстетип, "өчүргөндөй" болду. Бирок лидери баш болгон бардык партиялаштарына жалгыз каршы чыккан Карганбек мырза айтканынан кайтпай, эшикти тарс жаап, басып кетти.
Айтмакчы, "Ата Мекенде" Карганбек Самаковго окшоп Текебаевге ичи жылыбаган дагы төрт-беш депутат бар экенин уктук. Балким, өкмөттүн короосуна буларың да өтө качса, оппозициянын арыгын жалгыз Өмүкең эле чаап калат го.


Мырзакматов салык салып акча табат дейби?
Акыйкатчы Турсунбек Акун Ош, Жалал-Абаддагы орун алган июнь окуяларын иликтеген эл аралык көз карандысыз комиссиянын жыйынтыгы боюнча өз пикирин билдирип, өзбек лидерлери Кадыржан Батыров, Имонжан Абдирасуловдун чагымчылдык иштери жана Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун улутчулдук иш-аракеттерин иликтеген жок деген оюн ортого салган. Тактап айтканда, Турсунбек мырза: "М.Мырзакматов улутчулдук иш-аракеттери аркасында өз кишилери аркылуу өзбек лидерлерине салык салып, акча өндүрүп, пайда таап келген. Ошондой эле, анда трайбализм, регионализмдик мүнөз бар. Биздин иликтөө тобу Ошко барганда М.Мырзакматов ачык эле: "биз силердин коопсуздугуңарды камсыз кыла албайбыз. Бул жакта эмне кылып жүрөсүңөр, силер түндүктүксүңөр" - деп айткан. Өз ичибизден чыгып жаткан кемчиликтерди да карашыбыз керек. Намыс кылуунун кереги жок бул жерде" - деди.


Амалында чек жок белем, чиркин…
Жалал-Абад шаарындагы "Телтору" ат майданында 7-майда Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаев: "Биз 7%дан жеңилдетилген кредит беребиз деген элек, 7 болбосо да 9%дан 1 млрд. сом кредит бердик. Электр энергиясын өз баасында төлөөгө жетишебиз дегенбиз, бул боюнча эл аралык комиссия иштеп жатат. Жыйынтыгында, өз баасы кандай болсо, ошол бааны гана төлөйсүздөр, ал 70 тыйындан ашпаш керек" - деп билдирди. Муну менен Бакыт мырза Өкмөттүн 9 пайыз менен дыйкандарга берип жаткан насыяны "Республика" партиясы аткарып жаткан жетишкендик катары баалап жибериптир, кайран эргул. Ал эми өздүк баада электр энергиясын беребиз деген убадалары туурасында, "эл аралык комиссия чыгарган бааны төлөйсүңөр" деп, буйт бериптир. Кайран жигиттин амалына чек жок көрүнөт… Баракелде дегенден башка арга жок…


SOS: Молдовановка катастрофа алдында!
Чуулгандуу чатактардын чордону аталып келген айтылуу Молдовановкадагы абактардын экөөндө кургак учук менен ооругандар жазасын аткарышат эмеспи. Эсил кайран СССРдин тушунан бери бир да жолу тыңдуураак ремонт жасала элек бул жайлардын даараткана канализациясынын жедеп эскилиги жетип, жешилип бүтөйүн деп калыптыр. Чоң Чүй каналына жакын жайгашкан жаза өтөөчү бул мекемелерди тез арада оңдоп-түзөбөсөк, эртең элибиз катуу жапа чегип калчудай. Кургак учуктун ачык түрү менен ооругандар камалган бул колониялардын акыр-чикири Чүй суусуна аралашты дегиче, кечээки Барскоон окуясы биякта эле калат. "Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" демекчи, бул жайларды эртерээк эптештирбесек, эртең кеч болуп калат.


Ой-тобоо, Акылбек орден ойлоп тааптыр!
Кыларга иш таппай калгансып, айрым эл өкүлдөрүбүз обу жок ойлорун ортого салып, өздөрүн көрсөтүүнү адат кылышты. Экономикабыз эңшерилип атканда туубузду тууралайбыз деп чыккан депутаттарыбыздын артынан Акылбек Жапаров да "акылдуулук" кылып, жаңы ордендин түрлөрүн ойлоп тааптыр. Тээ илгерки эсил кайран СССРдин тушундагы Кызыл Жылдыз, Кызыл Туу сыяктуу "Ийгилик", "Эл сыймыгы", "Мекен кызматы" деген жаңы ордендерди бекитишибиз керек -дейт Үсөнбек аксакалдын Акылбек деген баласы. Жапаровдун айтымында, Кыргызстандагы үч түрдөгү "Манас" ордени, "Данакер", "Баатыр эне" сыяктуу ордендердин даражасы өтө бийик болуп, аларды Ата Мекенге сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн бериш керек экен. Ал эми калган майда-чүйдө сиңирген эмгектерге ал айтып чыккан ордендерди таксак жакшы болмок экен.
Ким билет, балким Акылбек мырзанын акылы деле дурустур, бирок азыр кайсы арыбызга орден тагынганы атабыз? Алгач Кыргызстаныбызды гүлдөтүп, өнүктүрүп алып, анан орден жагын ойлонуштурсак эп болоттур…


Акмат акталабы?
Жалал-Абаддын көмүскө кожоюну атка конгон Акмат Бакиев беш жыл ичинде Түштүк аймагындагы толгон-токой бизнестин баарын өкүм зордук менен тартып алганы көпчүлүккө маалым. Бирок Акмат Бакиевдин ишин тергеп аткан прокуратура кызматкерлери далилдерди жашырып, материалдарды фальсификация кылгандыгын экс-президенттин инисинен жапа чеккен Касым Исманов аттуу жеке ишкер айтып чыкты. Тергөөчүлөр, соттор ачыктан-ачык эле Акмат Бакиевге тартып жаткандыгына нааразы болгон бул адам Аида Саляновадан акыйкаттык издеп, кат жолдоду.
"Сот кызматкерлери сот залынан Акмат Бакиев менен жылуу учурашып атканы көптөгөн күмөн ойлорду туудурууда"-деген Касым Исманов күйбөгөн жери күл болуп аткан экен.
Беш жыл бою Кыргызстанга менчигиндей мамиле кылган Бакиевдердин ач тырмагы дагы деле өз үстөмдүгүн кылып аткан сыяктуу. Өзгөчө күч структураларында үй-бүлөгө үзүлүп түшүп кызмат кылгандардын көбү бүгүн да өз кызматтарында. Ыңгайы келгенде эски шефтеринин өтүнүчүн орундатып ийип атканы да айтылып келет.


"Ата-Журттагы" амбициялар алышы
Ашкере амбициялуу саясатчылар чогулган "Ата-Журт" партиясында абал тынч эмес дешет. Марат Султанов менен Нариман Түлеев ажолукка барышаарын ачыктагандан бери Ташиев, Келдибековдор да өзүнчө тандем түзсөкпү деп атышкан экен. Ал ортодо Мыктыбек Абдылдаев да өз тарапташтарын чакырып, президенттик шайлоого кам ура баштаптыр. Айтор, "Ата-Журттун" ичинде эле үч топ пайда болуп, ал топторду баштаган үч кочкордун башы партиянын казанында кайнабай аткан экен. Кыйышпас достор Келдибеков менен Ташиев да "ким президент болот?" деген суроонун үстүндө баш оорутуп, бир пикирге келе албай жатышыптыр. Чын-бышыгын ким билсин, айтор Ак үйдөгү биз менен ымалалалаш бир атка минердин айтымында, спикер мырза берки досуна "сен эми жанагы окуялардан кийин аброюңду түшүрүп алдың, президенттикке мен эле барайын"-деген имиш.


Фабула-пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??