presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Чачыла…

Бүбүсара тирүү
болгондо 85 жашка
чыкмак…
21-майда Опера жана балет театрында улуу балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын туулган күнүнө арналган эскерүү кечеси өтөт. Маданият жана маалымат министрлигинин билдирүүсүнө таянсак, кечеде А. Асафьевдин "Бахчисарайский фонтан" балетинин башталышы менен ачылат. Андан кийин Бермет Мамбеталиеванын "Жоголбогон кат, же Дзержинкадагы сүйлөшүү" китебинин бет ачары болмокчу. Китеп Бүбүсаранын жакын курбусу Э. Абдыкулованын эскерүүсүнүн негизинде жазылган. Учурда аталган китеп орусчадан кыргыз тилине которулууда.


Сайкал Садыбакасова тасмада…
"Кыз-Бурак" тобунун эки чылбыр, бир тизгинин колго алган таланттуу ырчы Сайкал Садыбакасова тасма жаатында да өз чеберчилигин көрсөтүп, күчүн сынап көрүүнү туура көрүп, "Жыйырманчы жаз" тасмасынын режиссеру Алим Токторовдун жаңы тасмасына тартылууда. Жакынкы күндөрү коомчулукка сунуштала турган тасманын аты азырынча коюла элек. Тасмада Сайкалдан сырткары чыгармачыл чөйрөдө жүргөн адамдардан белгилүү куудул Келдибек Ниязов да роль жараткан. Кудай буйруса, Сайкал менен Келдибек мырзанын актерлук чеберчилигине аз күндө күбө болуп калабыз.


Эрлан
Андаштан жаңы
клип…
Жаштар арасында популярдуулукка ээ болгон белгилүү ырчы Эрлан Андаш "Сагындырба" аттуу ырына клип тарттырды. Клип "Манас" университетинде эки күн бою тартылып, жалпысынан клипке 3 миң АКШ доллары сарпталган. "Сагындырба" аттуу ырдын сөзү жана обону Жанышбек Кочкоровго таандык. Дагы бир белгилей кете турган нерсе, клипке Эрландын келинчеги эмес, Алина аттуу студент кыз тартылган. Кийинки клиптеринде ырчы келинчегин тартууну максат кылууда. Азыр болсо Эрлан "Жалгыздык" деген ырынын бет ачарына даярданууда.


"Аят- 2"
тасмасы тартылууда…
Ушул жылдын 1-майынан тартып, Азамат Артыков режиссерлук кылган "Аят-2" тасмасы тартылууда. Тасмада башкы ролду Азамат өзү ойнойт. "Аят" тасмасынын биринчи бөлүмүн көргөндөрдүн эсинде болсо керек, аталган тасма жашоодогу кара менен актын ортосундагы кармашты чагылдырат. Ошол себептен, тасмада криминалдык кармашуулар көп орун алат. "Аят- 2" тасмасынын башталышы эле ар кандай трюк, уруш-мушташ менен башталды. Баш кесер кирминалдар менен спортсмендердин кармашын тартуу аябай кыйынчылыкты туудурду. Тасмага тажрыйбалуу каскадерлор менен спортчулар катышты. Учурда тасманын жарымы тартылып бүтүп калды. Кудай буйруса, күзгө жакын коомчулукка сунушталат"- дейт тасманын режиссеру.



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??