presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сандан-санга

Баратбай АРАКЕЕВ
МЕНТ
(Повесть)
- Салоом-алейкум, - дешип экөө катар салам айтып, кол беришти.
Машаевдин кыраакы көзү Марстын элеңдей калганын жаздым кетирген жок. Бир азга наркы-беркини сүйлөшкөн болуп, анан минтти:
- Помидор-сомидор алайын дедим эле. Милийсада да курсак бар, - деди бир маалда Машаев. - Тандаганды да жакшы билбейм. Жолдош, жүрү, тандашып берчи. Сен тың көрүнөсүң.
- Жүрүңүз, - деди ал дароо эле. - Жакшысынан, арзанынан алып берейин, тааныштар да бар.
Экөө быкпырдай кайнаган базарды аралай басканда Машаев:
- Жолдош, жүрү, тиякка барып отуралы, сөз бар,- деди. Экөө базардын четиндеги бакты аралай басып, бир орундукка отурушту.
- Жолдош, - деди Машаев экөө орун алган соң, - экөөбүздүн сөз ушул жерде калсын, түшүндүңбү?
- Айта бериңиз.
- Азыр эле Марс менен уруша кеткен эки жигит ким?
- Аны кайдан көрдүңүз? - Жолдош таң кала карады.
- Айта бер…
- Жакшы тааныбайм, биринин аты Каныбек экенин билем. Марс менен кайдан тааныш, кимдер экенин билбейм, байке. Марс мага эчтеке айтпайт, дулдуюп жүргөнү - жүргөн. Баягүнү бир жакка конуп келди. Кайда барганын сурасам - айтпайт. Бир балакет болгонбу деп сарсанаа болбодумбу. Таңзаардан келди.
- Кайсы күн экенин эстей албайсыңбы?
- Так эсимде жок, он күндөй болду го…
- Эстегенге аракет кылчы.
- Ии, эртең - суббота, соода жакшы болот. Эртең келсе экен деп ойлогом Марсты.
- Демек, бешинчи күнү конбой калган тура, ээ?
- Ии…
Машаев календарын алып карады, дал ошол күнү Шүкүрдүн үйүнө каракчылар келген. Кызык ушуякта тура.
- А жанагы балдар менен эмнеге урушканын биле алган жоксуңбу?
- Жок, нараак турушуп, акырын сүйлөшүштү. Марсты жанагы Каныбек дегени желкеден алганын гана көрдүм. Эмне болду десем эч нерсе айткан жок. Иши кылып, алар тынч немелер эмес.
- Болуптур, - деди Машаев Жолдоштун колун кысып. -Жашылча алып бердим, соода кылганды билбеген келесоо неме экен деп кой.
- Өзүм деле билем, кичине эмесмин…
Дал эртеси Марсты алдырып, бир кабинетке отургузуп, күттүрүп койду. Өзү көрүнгөн жок. Алып келген оперлер бир ооз гана:
- Бул жерге эмнеге алып келгенибизди билесиңби? - деп керээли-кечке Марс менен сүйлөшпөй, бар-жогуна кошкөңүл өңдөнүп, майда-барат менен кармалгандарды сурай беришти. Кеч кирди. Марс кое бергиле деп айта албай, жок эле дегенде менде эмне күнөө бар деп да сурай албай, кубаргандан кубарып, мелтейип отура берди. Качан гана түн киргенде Машаев келди:
- Ии, Марс, ойлондуңбу? - деди.
- Эмнени?
- Каныбек менен чатагың бүттүбү?
Марс селт этти. Бирок анысын билдирбеске аракет кылып:
- Эч кандай чатагыбыз жок, - деди ал. - Жакшы да тааныбайм. Бир жолу менден тамеки алып жатып таанышып калган. Анан дагы бир-эки ирет тамеки алган. Болгону ошол.
- Эмесе мындай, Марс иним, дагы бир-эки күн ойлон, анан айтып берээрсиң, бар кете бер.
Сыртта Машаевдин машинесинде эки опер даяр отурушкан. Машаев чыкканда айтышты:
- Тиги шаша басып, төмөн кетти.
Машаев машинесин ошол тарапка айдады. Бир көчөдөн кийин көрүштү Марсты, аз жерден чуркай жаздап кетип баратат. Бир опер артынан түштү, жүз кадамдай алыста. Марс дагы эки көчө өтүп, туура көчөгө өттү да, үч-төрт үйдөн кийинки дарбазаны кагып, аны бирөө ачканда шып кирип кетти.
Машаев машинени алыстан токтотуп, жанындагы экөө алдыда күткөн шеригине келишти.
Машаевдер Марс кирип кеткен үйдүн жанында дагы бир саамга турушту да, үйдөгү ызы-чуу күчөп баратканда дарбаза кагышты. Аздан кийин бирөө дарбаза ачты.
- Марста жумушубуз бар эле, - деп Машаев уруксаты жок эле кирип баратканда тиги:
- Эй, сен эмне өз үйүңдөй кирип баратасың, ия?! Чык эшикке! - деди Машаевди каруудан кабыштыра кармап, эңгезердей неме экен. Оңой менен алдырчудай эмес. Машаев дароо айтты:
- Эй, тарт колуңду! Биз - милийсаданбыз, угродон!
Тиги неме шарт колун тартып алып, делдейе түштү да анан көчүгү түшкөн аюудай бакырып калды:
- Качкыла-а! Милийса-а!!.
Үн чыгары менен үйдөн экөө атып чыгып, огородду аралай качты. Машаевдин эки шериги артынан түшүп, аздан кийин кайра келишти, караңгыда кайда житип кетишкенин таппай калышыптыр. Машаев дарбаза ачкан немени жылдырбай кармап турган, үйгө алып киришти. Төркү үйгө өтсө - Марс бүк түшүп жатат. Өйдө тургузушту, көздөн ары оңбогондой жеген экен - тоодой шишик, мурдунан да кан кетиптир. Машаев ошол эле жерден алгачкы сурак кылды:
- Бетиңди ким "түздөдү"?
- Бул жакка келатсам жолдон сабап кетишти.
- Жолдон биз сени кайтарып келбедикпи?
- Ой, энеңди.. десе, менттерди сен ээрчитип келген турбайсыңбы! - Жанагы күлтүйгөн неме өзү араң отурган Марсты өпкөдөн ары тээп калды. Угронун эки жигити аны баса калбаганда, өлтүрүп коет беле.
Машаев суроосун кайра берди:
- Ким сокту дейм?
- Буларга акча карыз болчумун, ошону убагында бере албай…
Жанагы тепкен неме аны коштоду:
- Жарым жылдан бери алдап жүрөт бизди...




Асыкбек ОМОРОВ
УЛУУ ЭМИР ТИМУРДУН ИМПЕРИЯСЫ
...Улуу эмир адегенде шаардын жанындагы дөңсөөгө өз лагерин орнотот. Анан шаарга тынчтык ниетте багынып бергиле деп шарт коёт. Шаардан үч атчан аскер Темирлан менен сүйлөшүмүш болуп, ууланган канжар менен сайып өлтүргүлө деген буйрук алган болот. Бирок Темирландын жанындагы согуштук кеңешчилери аларды жакындап келгенде токтотуп, жакшылап тинтүүгө алып, ууланган канжар таап алышат. Алар кандай максат менен келгенин моюнга алып, болгонун төкпөй-чачпай айтып беришет.
Фараджанын армиясы чынында чептин сыртында кылкылдаган Темирландын аскерин көрүп жүрөксүп, Египет жакка качканга даярданып калат. Бирок алардын оюн билгенсип, Темирлан шаарга чабуул жасабай, чегине баштайт. Темирландын мындай согуштук тактикасынын максаты - Фараджаны аскерлери менен шаар чебинен ээн талаага чыгаруу эле. Фараджанын аскерлери айткандай эле Темирландын аскерлери узаганда шаардан чыгып, алардын артынан сая түшөт. Фараджанын аскерлери Дамаск чебинен толугу менен чыкканда аларды тыл жагынан улуу эмирдин буктурмада жашынып калган аскер бөлүгү курчоого алат. Кармаш учурунда Улуу эмирдин баш баанек издеп жүргөн карындашынын баласы султан Хусейин колго түшөт. Султан Хусейин Фараджанын армиясынын бир бөлүгүнө башчылык кылган эле. Айыгышкан согуштун экинчи күнү шаар курчоого алынганда Фараджа баш болгон аскер башчылары Египетке түн жамынып качып кетишкен.
Кийинки күнү шашкеде шаардын ак сөөктөрү, окумуштуулары, теологдор, имам-казылар баш болгон алдыңкы тобу ак желек көтөрүшүп, улуу эмирдин астына жан соогалап, кечирим сурап келишет. Аларды белгилүү философ Ибн Халдун баштап келет. Кийин Ибн Халдун Темирлан жөнүндө араб тилинде мемуар жазган. Темирлан элчилерди кабыл алып, сый көргөзөт.
Улуу эмир жеке эле согушчан адам гана болбостон, ар бир элдин маданиятын, тилин, дилин музыкасын, кол өнөрчүлүгүн жана тарыхын билип барктаган адам болгон. Маданияттын, адабияттын чыгаан өкүлдөрүнө камкордук көрүп, алар менен баарлашып отурганды абдан жактырчу экен.
Сый тамак үстүндө Темирлан Ибн Халдунду жанынан отургузуп алып, аркы-беркиден кеп салышат. Ибн Халдундун сөздөрүн анын котормочусу Абд аль-Джаббара которуп берип турган. Ибн Халдун биринчи сөзүндө: "Улуу эмирим бүт дүйнө жүзү баары бир өзүң менен бир болот",-деп айтат. Улуу эмир туруп колун сунат, Ибн Халдун эңкейип колун кармап өпкөн. Улуу эмир Ибн Халдундун каякта туулганын сурайт. Андан кийин Танжер кайсы жерде деп сураган. Ибн Халдун Жер ортолук деңиздин бурчунда, же болбосо, Гибралтар деңиз кысыгы аркылуу Испанияга сүзүп чыкса болот дейт. Ушул убакта түрктөрдүн жакшы тамагы болгон ристия тамагын алып келишет.
Тамак жей баштаганда Ибн Халдун котормочу аркылуу сөз баштайт.
- Мен Магребде жашаганда жер жүзүн улуу багынтуучу жөнүндө биз эл арасынан сиз жөнүндө уга баштаганбыз. Бир жолу Фезе шаарында мен константинополдук чоң көзү ачык Абу Али-ибн-Бадиске жолукканда дагы ал: "түндүк менен түштүктү, батыш менен чыгышты бул "Улуу жер жүзүн багынтуучу" келечекте бириктирип бир эл кылат" - деп айткан эле.
Ибн Халдун андан кийин сөзүн улантып, ушул эле жогоруда айтылган Абу Али-ибн-Бадистин Ибн Раяр деген еврей дарыгер, белгилүү астролог мага: "жакында Алланын жиберген бир кишиси бардык элдерди бириктирет", - деп айтып, котормочуга которуп бер деген ниетте башын бурат.
"Ислам дининин туусу астында бүт дүйнө жүзүн бириктирген жалгыз гана сиз болдуңуз Улуу эмирим,- дейт Ибн Халдун. -Бу сизге чейин Цезарь, Искендер Зулкарнайн (Александр Македонский) Навуходоносор жөн гана империя башчылары болгон."
Анда Улуу эмир Ибн Халдунга кайрылып: "ошол сен айткан императорлордун элдеринин баарысы менен элим мына, карап көр",- деп колу менен жаңсап сырттагы сансыз кылкылдаган армиясын көргөзөт. Ошону менен экөөнүн ортосундагы сүйлөшүү бүтөт. Ошол кезде шаардын дарбазасы ачылды деген кабар угулат. Дарбазадан шаардын белгилүү казылары, ойчул, акылмандар, зергерлери өз ыктыяры менен улуу эмир бизге тийбей, өмүрүбүздү сактап калаар бекен деген ниетте чыгышкан эле.
Темирлан ордунан козголгондо бардыгы бир кишидей болуп ордунан турушат. Астына атын жетелеп келишип, жөлөп мингизишет. Улуу эмир Дамаскиге багыт алып бара жатып жолдон Маужата пайгамбардын мүрзөсүнө токтоп куран окутат.
Дамаск шаарына жакындап калганда шаардын ар кыр атактуу адамдарын Темирлан кабыл алат. Аларга эркиндик бер деп өзүнүн жардамчысы шах Маликке тапшырат. Ибн Халдунду өзүнө чакырып алып, "сиз өзүңүз айткан Магреб тууралуу кагазга жаза бериңиз" деп тапшырма берет.
Андан кийин Темирлан өзүнүн эмирлерин жана курулуш инженерлерин чакырып алып, шаар чебин кандай жол менен алыш керектигин көпкө талкуулашат. Акыры шаарды курчоого алышып, катапульттарды орнотуп, күйүүчү майларды, атылуучу таштарды заматта даярдашат. Айыгышкан катуу чабуулга туруштук бере албай шаар бат эле багынып берет. Темирлан ал багынгандардын баарын кечирген.
Улуу эмир Дамаскинин башкаруучуларын кечирип кээ бирлерин өз кызматтарына коюп жатканда абассиддерин Аль-Хаким муундарынан бир адам кирип келип халиф титулун сурайт. Анда Темирлан Ибн Халдундун көзүнчө "болуптур, бардык мечит молдолору жана казылар чогулсун, анан алар эмне деп чечсе, мен ошону аткарам сенин каалоң ошондо аткарылат" дейт. Ошондон кийин мечит молдолорун, казыларды чакырып "бул адам халиф титулу мага таандык деп жатат, буга силер кандай дейсиңер" дейт. Алардын ичинен белгилүү мечит молдосу Бурхан ад-Дин-Муфлик менен Ибн Халдун бул традициянын күчү небак кеткен дейт...


Чыгарма боюнча кызыккан суроолорго: 0772-411-357 байланыш телефону аркылуу автор жооп берет.







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??