presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Түбөлүктүү
гүлдесте…
Совет эли Ата Мекендик согуш мезгилинде фашисттерди жергебизден кууп чыгуу үчүн кан майданда жана тылда болсун, дүйнө жүзүндө болуп көрбөгөндөй баатырдыкты, эр жүрөктүүлүктү, тайманбастыкты көрсөтүштү. Бардык совет элинин башына түшкөн оор кыйынчылык биздин да башка түштү. Бирок бул катаал мүшкүл элдин чыгармачылык талантын мокотуп кое алган жок, элдин бүткүл рухий күчү баскынчыларды жеңүүгө багытталды.

Согуш башталган күндөн тартып эле жоокерлерге арналган ырлардын катарында совет эли акыры сөзсүз жеңишке ээ боло тургандыгы ишенимдүү айтылган. Ата Журтту сүйүү, Мекенди коргоо, душманды жек көрүү идеясы жана элибиздин адилет күрөшү жөнүндөгү ой жүгүртүүлөр согуш мезгилинде жаралган чыгармалардын баарында тең чечмеленип өтөт.
Согуштун оор запкысынан күйүткө чөмүлгөн энелердин зары, алганынан ажыраган келиндердин күйүтү, атасыз жетим балдардын ыйы, арманы, көз жашы чагылдырылган чыгармалар мына ушул согуш мезгилинде жаралды. Мына ушул согуш апаатынын натыйжасында келип чыккан эли, жери жана Мекени менен коштошуу, ант жана наказ берүү, тылдан фронтко, фронттон тылга жазылган катар, эскерүү казалдары, жоктоо-кошоктору жана жеңиш ырлары элдик ырларда өтө басымдуу ырдалды, топтолду.
Тылда эмгектенгендер майданда кызмат өтөгөн жоокерлерге колдорунун келишинче өздөрүнүн улуу үмүтүн айтып, баскынчы душмандарды түп-тамырынан бери талкалап, жерибизди тепсетпей кууп чыгаруу жагын эскертип наказдарды беришти.
Душманыңды талкалап,
Тезирээк ата, келе көр.
Кордукту көрсүн фашисттер,
Аябай канын төгө көр!..
Улуу согушта душман менен салгылашып, оор жарадар болгон Бекин аттуу жигит жанындагы эки жолдошуна:
Курдашым Жапар, Алыке,
Куу кайгы түштү жүрөккө.
Жеримде өлсөм дечү элем,
Жетпедим ошол тилекке!
Ааламда ар кыл пенде бар,
Пенделик өлүм элде бар.
Муңайткан өлүм тузагы,
Жарадар Бекиш менде бар.
Арманымды айтайын -
Алыбек, Жапар тыңдаңар.
Жылгадан качкан аркардай,
Жыйырма алты курагым,
Куурап, соолуп баратам,
Кулунчактай курагым.
Ажалга кетти алтын баш,
Айрылды алган ынагым.
Азаптуу душман огунан,
Ажалга башым багынды.
Көрбөй кеттим кантем ай -
Күйүттүү энем Жаңылды… - деп кайгырган. Ал эми согуштун майыптары Иманкулов Медеркул (Кочкор району), Турсунбаев Мырзаалы (Жумгал району), Сейитказиев Жоробек (Караван району) ж.б. согушка баргандан келгенге чейин аскердин кандай кызматтарында болгонун, кайсы жерде кызмат өтөгөнүн, кайсы шаарга согушка киргенин, кай жеринен жарадар болуп, үйгө кайтып келгенине же келбей калганына чейин узак ыр саптары менен ырдашат. Иманкулов Медеркулдун "Аксак аяк казалы" аттуу ырында эки баласы (Айтыгул менен Жекшенкул) жаш, ата-энеси кары жана аялы жалгыз калганын айтып келип: "Бир аз чыдагыла, жерибизден душмандарды кууп чыгууга аз эле убакыт калды. Тылда жакшылап эмгектенгиле!"- деп, дем-күч берет. Жогорудагы аты аталган Турсунбаев Мырзаалы: Кыйноону тарттым ошерде,
Кыбыраарга алым жок.
Жамбаштан төмөн жарылып,
Жаратым оор -
Жоон саным жок.
Үстөмөндөп жыгылам,
Үзүп кеткен аткан ок… - деп эскерет.
Согушта курман болгон аталарына, күйөөлөрүнө, балдарына, бир туугандарына арналган толуп жаткан балдардын, келиндердин, ата-энелердин жүрөгүн жаралап, так салган душманга наалат айтуу мазмунунда айтылган кошок жана жоктоо ырлары эң эле көп. Сай-сөөктү сыздаткан "Каралдым өлдү бурулбай" деген кошокто:
Жайлаган жери кыргыздын,
Жайлоосу сонун жер беле.
Жазыксыз сени аткандай -
Душманың көркоо эл беле?
Жалпы немис баарысын
Көркоо деп айтсам болбостур,
Жазыксыз канды агызган
Көркоо - Гитлер оңбосун!
Күңгөйдүн куму куюлмай,
Элинен тузу буюрбай,
Күйөөрүм өлдү бурулбай.
Калкынан тузу буюрбай.
Каралдым өлдү бурулбай - деп жоктолот. Мына эки эл бирин-бири жек көргөндүктөн согушуп жаткандыгын, Гитлер жана анын жан-жөкөрлөрү сыяктуулар, ач көздөрдүн гана ("Жалпы немис баарысын, Көркоо деп айтсам болбостур") башка элди жек көрүү идеясын таратып, өз элин өлүмгө кириптер кылып жаткандыгын туура түшүнгөндүк бар. Ал эми "Гитлерге жетсин убалың!" деген экинчи бир кошокто: Беренди кийгем этиме,
Беш тырмак тийди бетиме.
Беш тырмак десем кол экен,
Фашисттин койгон жолу экен!
Караны кийгем этиме,
Кан тырмак тийди бетиме,
Кан тырмак десем жол экен
Душмандын койгон жолу экен!
Жылкы ичинде чубарың,
Чубарга таккан тумарың.
Жаш кезинде жайраткан
Гитлерге жетсин убалың! - деп узакка каргайт. Тылдагы карындашынын:
Өлгөн эмес талгандыр,
Өлгөндүгү жалгандыр.
Кан төгүлгөн согушта
Кантужин болуп калгандыр.
Каршы келген душманды
Кан жөткүртүп башка аттың.
Кагылам байке, көрүнбөй
Кайгыртып мени какшаттың!
"Ордендүү болдум" деп жазган
Окуп бир катың кубандым.
Оңбогон Гитлер огунан
Оенум байкем, суналдың!
"Командир болдум!" - деп жазган
Катыңды алып кубандым.
"Кайрылбай калдым !-деп жазган
Кабарың угуп муңайдым.
Карындашы Гитлердин
Кайгырып мендей какшасын!
Эрендер менен тең жаттың,
Эл үчүн берип жаныңды.
Ыйлоону коюп душмандан,
Ырастап алам өчүңдү!
Мына ушинтип, жоокердин карындашы согуштун запкысынан кайгыга батып, наалат айтып гана тим болбой, душмандан бир тууганынын өчүн алууга ант берип жатат.
Ушундай эле элдик ырлардын ичинде айрым баатырларга арналган жоктоолорду, эскерүүлөрдү, кошокторду көп эле жолуктурууга болот. Буга мисал катары Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевди эскерүүнү алып көрөлү. Тукубай Тайгараев 1945-жылы 24-мартта согуш аяктаар алдында эрдик менен курман болгон. Мына ушул жердешибизге төмөндөгүдөй эжесинин көлөмдүү кошогу айтылган: …Жан-жаныңа карасам,
Карыган апаң ыйлаган.
Жагалмай сының бар эле,
Жагалмай сындуу жалгызым,
Жаңыдан баатыр болгондо
Жалгыз окко кабылдыңбы!
Туш-тушуңан карасам,
Турумтайдай сының бар
Тумандай жоодо калдыңбы?...
Кара бир кайыш тердигиң,
Кашкарга кетти эрдигиң…
Адырга элим конбосун,
Ак кемсел кыска болбосун
Бул урушту чыгарган,
Эзели, Гитлер оңбосун! - деп айтылат "кубатынан, тирегинен" ажырап, каңырыгы түтөгөн эненин жоктоосу.
Ошентип, убактылуу кайгы-муң акыры элибиздин чыдамсыздык менен күткөн кубанычтуу жеңиши менен аяктады. Бүткүл Совет эли кабактары жарылып, бул ыйык жеңишке чексиз сүйүнүштү:
…Айгышкан жоону жеңгенбиз,
Ар түрдүү жардам бергенбиз.
Атабыз Манас эр болгон -
Ардактуу кыргыз элденбиз.
Кекенген жоону жеңүү үчүн,
Кеткендер аман келүү үчүн,
Аянбай кызмат кылганбыз,
Ата Мекен, жер үчүн!
Талкалоо үчүн фашистти
Жардам берген тылдагы эл.
Берлинге Кызыл Туу сайган,
Кымбаттуу маршал Жуков шер! -
деп ыраазычылыгын билдиришкен.
Биз жогоруда азыноолак кеп кылган Ата Мекендик согушта өз эрдиктерин көрсөтүп, баатырдык менен курман болушкан аталардын, агалардын, инилердин, жалпы эле жоокерлердин эстелигине коюлган, аларга арналган элдик ырларда сакталган, эл оозунда унутулбай айтылып келе жаткан "түбөлүктүү гүлдесте" деп айтмакчыбыз.
Шайлоо Айтбаева,
КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин улук окутуучусу.






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??