presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Тасма дүйнө

Назым Мендебаиров,
актер, режиссер:
"Борбордогу кинотеатрларда
кыргыз киносуна орун жок"
- Саламатсызбы Назым мырза, "Жубайлар" тасмасы сиздин алгачкы тарткан тасмаңызбы?
- Бул менин толук метраждуу тасмаларымдын төртүнчүсү. Эң алгачкысы "Кайып булак", кийинки "Достор" тасмасын Рысбек Жабиров менен биргеликте тартканбыз. "Достор" фильмин тартып жаткан учурда ооруп калып, кээ бир кадрларын Рысбек Жабиров тартып, аягын экөөбүз биргеликте бүтүргөнбүз. Үчүнчүсү, "Дудук кыз" тасмасы, төртүнчүсү комедия жанрындагы "Жубайлар же уруш атаңдын башынан чыгабы" тасмасы болду. Бул фильмди өткөн жылы тартканбыз. Үч айдай даярдык көрдүк. Эки айдын ичинде тартып бүтүп, төрт ай монтаждоого кетти. Баш-аягы биригип бир жылга жакын убакытта тартып бүттүм.
- Кинолоруңузга атагы чыгып элге таанылып калган ырчыларды тартууну көрөрмандарды кызыктыруунун, тартуунун жолу деп билсек болобу?
- Бул жагы да бар. Искусство институтунда окуп билим алган актрисаларды деле чакырсам болмок. Бирок учурда кино жана театр жаатында Айперинин курагындагы жаш актриса кыздар аз. Болсо да алар башкалардын тасмаларына тартылып, көбү бош эмес. Ошол себептен да Айперини тандоого туура келип калды. Анан да Айпери менен "Достор" фильминде иштешип калгам. Анын мүмкүнчүлүктөрүн жакшы билем, ошол себептен бул тасмага тартылууга да чакырдым. Ал эми Асел Турдалиева ырчы катары таанылганы менен, анын актриса экендигин баарыбыз билебиз. Ташкенттен актерлук бөлүмдү бүтүп келген. Билимдүү, тажрыйбалуу мыкты актриса. Назира Жетигенованын ролуна болсо, бир аз юморго жакын актриса керек эле. Назиранын талантын мурда көрүп-билип жүрчүмүн. Тасмадагы каармандын ролун ачып берерине ишенгем. Негизи театрга сөзсүз профессионал актер-актрисалар талап кылынат, ал эми тасмада болсо типаж деп коет. Эгер роль көчөдөгү адамдын мүнөзүнө, келбетине туура келсе тарта берсе болот. Тасмада жалаң эле ырчылар эмес, арасында катардагы жөнөкөй эле жигиттер да бар. Ошондуктан ырчыларды коммерциялык багытта гана тандап алдым дегенден алысмын. Эгер менин максатым өз фильмимди коомчулукка жайылтуу болсо, анда бардык актер-актрисаларды атактуу ырчылардан тандап алмакмын.
- Акыркы кездерде турмуштан алынган тасмалар көп тартылып, коомчулукка сунушталууда. "Жубайлар" тасмасын тартууңузга эмне түрткү болду?
- Бул казак драматургунун пьесасы болчу. 2000-жылдары театралдык училищада мугалим болуп иштеп, 2004-жылы бүтүрүүчүлөрдү чыгаргам. Ошондо ушул чыгарманы дипломдук иш кылып спектакль койгом. Чыгарманын жеңилдиги, турмуштун ачуу чындыгы камтылганы, адамдарга таалим-тарбиясы күч экендиги мага аябай жаккан. Бүгүнкү биздин оор абалда турган учурда элди кайгыга чөгөрүп, кайгылуу тасмаларды тартуудан алысыраак болгонубуз оң го дейм. Ансыз деле элибиз кыйналып турат. Азыр элдин көңүлүн көтөргөн, күлкүгө бөлөй турган комедиялуу же үмүт шооласын жандырган позитивдүү тасмаларга басым жасоообуз абзел болуп турат. Биздин "Жубайлар" тасмасы, биринчиден, аз да болсо элге күлкү тартуулап, көңүлүн көтөрсө, экинчиден, жаңы баш кошкон ар бир жаш жубайга турмушта чоң сабак бере алат деп ишенем. Анткени биз тасмадан соң, көрүүчүлөрдөн сурамжылоо жүргүзүп, жаңы баш кошкон жубайлардын ойго батып, сабак алгандарын уга алдык.
- "Жубайлар" тасмасы бир үйдүн ичинде болгон окуяны чагылдырат экен. Жакшылап баам салган адамга "Белгисиз маршрут" тасмасына окшошуп кетет экен…
- Мындай тасмалар абдан көп. Бир интерьердин ичинде бардык нерсени камтып, көрсөткөн тасмалар буга чейин деле көп тартылган. Биз "Белгисиз маршрут" тасмасынын идеяларын уурдап алган жокпуз. Ырасында, "Белгисиз маршрут" биздин тасмага чейин жарык көргөн. Ал да бир интерьердин ичинде тартылат. Окуянын башталашы, өнүгүшү, бүтүшү да бир жүргүнчүлөрдү ташыган автобустун ичинде сүрөттөлүп, коомчулукка берейин деген идея толугу менен ачылып берилген. Биздин тасмада да ушундай. Бирок экөөнүн берейин деген идеясы эки башка.
- Ар кайсы жерден тартканга караганда бир үйдүн ичинде тасма тартуу жеңилге турса керек?
- Тескерисинче, бир интерьердин ичинде бүтүндөй бир окуяны берүү абдан оор. Муну тасма тартып жүргөндөр мыкты түшүнүшөт. Бир бөлмөнүн ичинен чыкпай, окуянын жалгаштыруу көп эмгекти талап кылат. Өзгөчө монтаждоо иштери оор болот. Башында бизде да коркунуч туулуп жаткан. Тасманы көрүп чыккан элдин көз карашынан кийин жакшы эле тартылган экен деп калдык.
- Акыркы учурда тартылып жаткан тасмалардын баарынын аягы кубаныч, бакыт менен аяктап калды. Көрүүчүлөр тасманын башын көрүп эле аягын түшүнүшүп калды. "Жубайлар" тасмасын элди ойго салып, өкүттө кала тургандай кылып бүтүрсөңүздөр болот беле?
- Бүгүнкү күндө бизде кинодон башкада үмүт, кубаныч жок. Элге жалгыз гана театр жана кинодо үмүт бере алабыз. Саясаттагы абалдын өзгөрүүсүнө, экономиканын оңолушуна элдин үмүтү жок. Чынын айтканда, учурда мамлекетибизде бир дагы маңдай жарыла кубана турган көрүнүктүү нерсе жок да. Ошондуктан жок дегенде тасмалар аркылуу эле кубаныч, үмүт берип туралы. Сиз балким, жаңылышып жатсаңыз керек "Достор" тасмасынын аягы кайгы менен аяктайт. Тасмадагы башкы каарман Ариет тасманын соңунда каза болот эмеспи. Ал эми "Жубайлар" тасмасынын аягы реалисттик көз караш менен бүтүшү мүмкүн эмес эле. Бул концепция утопия менен бүтүшү зарыл болчу.
- Сизди тасмалардан көп көрчү элек. Актерлуктан режиссерлукка кадам таштооңузга эмне себеп болду?
- Тасма тартуума көп нерсе түрткү болду. Актерлук менен катар эле режиссерлук да дипломум бар. Негизи эле ар бир чыгармачыл инсандын көкүрөгүн өйүгөн бир ойлору болот. Жүрөгүмдө жашаган идеяларды коомчулукка жеткирейин деп тасма тартууга кадам таштадым.
- Мындан ары турмуштагы кандай көйгөйлөрдү тасма аркылуу эле жеткирейин деп жатасыз?
- Пландарым көп. Алардын баарын тең айтыш кыйын. Себеби азыркы заманда идея көп уурдалат эмеспи. Ошондуктан идеяларымды айтпай эле турайын. Жакында "Мурат" деген аталыштагы жаңы студия түзгөм. Ошол студиядагы жигиттер менен биргеликте ат үстүндө ойноо боюнча СССРдин үч жолку чемпиону, белгилүү спортчу Төлөн Райымкуловдун өмүр баяны, жасаган иштери туурасында документалдуу тасма тартып баштадык. Кудай буйруса, күзгө маал журтчулукка сунуштайбыз.
- Учурдагы кыргыз тасмалардын көбү тарых музейинде коюлууда. Сиз эмнеге драмтеатрды тандап алдыңыз?
- Тарых музейи 2012-жылдын жай айына чейин бош эмес. Ким алдыга умтулуп, акчаны көбүрөөк берсе, ошол алып алган. Эми борбордогу кинотеатрлар туурасында айтсам, ал кинотеатрларда кыргыз тасмаларына орун жок. "Россия" кинотеатрына кыргыз тасмасын койгонго болбойт. Анткени аны Москва чечет. "Ала-Тоо" менен "Октябрь" кинотеатрларына коюу үчүн тасмадан түшкөн каражаттын 50 пайызын театрга беришиң керек. Анда да кинону ары-бери калчап, 50 орундугу бар кичи залын берип коет. Албетте, биз тасманы 200-300 миң долларга тартпайт чыгарбыз. Бирок бир тасмага кеминде 10-20 миң доллар каражат менен бирге эле 10-20 миң долларлык нерв кетет. Тасманы го тартасың, кеткен чыгым кайтарылбаса… Бизге мамлекет тарабынан каражат да бөлүнбөйт. Баарын өз акчаңа тартасың, карыздайсың. Анан кинодон түшкөн каражатты "Ала- Тоо" менен "Октябрь" кинотеатрларына бөлүп берип койгонго да болбойт го.
- Мына, тасманы көрүүчүлөргө сунуштап бүтүп калыпсыздар. Кеткен чыгымдардын орду толукталдыбы?
- Кеткен чыгымдардын ондон бир бөлүгүн гана таптым. Эми бул жерге азырынча эл көнө элек. Күз айларында дагы коомчулукка сунуштасамбы деген ойлор бар.
- Режиссерлорго сын айткандарга кандай карайсыз?
- "Колуна камера көтөргөндүн баары эле режиссер эмес", "кино тартуунун сырларын билбейт" деген айыптоолор биздин дарекке байма-бай айтылууда. Менин оюмча, бул туура эмес. Биз учурда ички рынокту эсепке албай жатабыз. Ички рыноктун талабы башка, сырткы рыноктун талабы башка. Биз учурда элдин суроо-талабына ылайык келе тургандай тасмаларды тартуу менен, келечекте элдин тасмага болгон маданиятын көтөрүүбүз зарыл. Азыр эч ким 1000 сомдук оригинал дискти сатып алып кино көрбөйт. Акчасы капчыгына батпай турган байларыбыз да 25 сомдук пираттык дискти сатып алат. Анткени бизде кино көрүүнүн маданияты өсүп жетиле элек. Тасмалардын сапатын режиссерлордон талап кылуудан алгач, кино көрүүнүн маданиятын өстүрүү зарыл. Андан кийин гана сын айтып, чектөө коюп, лицензия берсе туура болот. Бир чети, режиссерлорду сындап жаткандар менен да макулмун. Кээ бир тасмалар чынында талапка жооп бербей жаткандыр. Алар оңолсун, буга каршы эмесмин. Бирок баарына тыюу салып, кино тарттырбай коюуга болбойт. Эгер профессионал режиссерлор дей турган болсок, учурда кыргызда 4-5 эле профессионал режиссерлор бар. Качан ошолордун тасма тарткысы келет, качан ошолор тартат деп күтүп отура берсек, кыргыз киносу алдыга жылабы?.. Качан кыргыз эли кыргыз кинолорунан турган дискти алып үйүндө кино көрөт?.. Мезгил өтүп кетпейби…
- Сизди мындан кийин да тасмалардан көрө алабызбы?
- Сунуштар түшүүдө. Бирок өзүм кино тартып жаткандыктан бошобой, тасмаларга тартыла албай жатам. Кино деп жүрүп, театр да калып калды. Азырынча театр жаатында эле эмгектенип, илимий диссертациямды бүтүрүп алайын деп турам.
Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??