presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Америкалык Ганси авиабазасы Кыргызстанга коМпенсация төлөп бериши керек!
"7-апрель жаштар кыймылы" саясий партиясынын өлкө жетекчилерине жана элге
кайрылуусу
Урматтуу эл башчылары!
Өлкө экономикалык кризистин балчыгына батып турган маалда элибиздин жыргалчылыгы үчүн күрөшүүбүз керек. Замандаштарыбыздын жүрөгүндө чочулоо күч жана эртеңибиз көпчүлүктү тынчсыздандырат. Элдин көпчүлүгү эч кимге ишенбей калды. Ар ким өзү менен өзү болуп, таянычты эч кимден жана эч жерден таппачудай абалга кептелди. Бирок өтүп кеткен жылдын апрель айындагы элдик толкундоолордун арты менен келген бийлик төбөлдөрүнө болгон ишеними арткан. Тилекке каршы, азыркы тушта элдин ишенимдери таш каап бараткансыйт. Коррупциянын айынан адилеттикке жана калыстыкка жетүү мүмкүн эмес, мыйзамдар сакталбайт жана иштебейт. Мындай кадамдар аркылуу криминалдан, алдамчылыктан, зомбулуктан коргоно албай калышты. Айрыкча, мындан жакыр адамдар жабыр тартууда. Мамлекетибиздин ичинде жакырчылык менен күн өткөрүп келген жарандардын саны жылдан-жылга көбөйүп барат. Ошол себептен, коррупцияга каршы күрөшүү менен сырттан келген акчаларды элдин жашоосунун жакшырышына жумшоо- мезгилдин талабы. Муну менен катар эле, өз мамлекетибизди сырткы күчтөрдөн коргоп, эч ким биздин ички саясатыбызга кийлигишпөөсү зарыл. Антпесек, өз алдынча өлкө болуп жашаганыбыз кайсы?! Мисалы, апрель окуясынан кийинки Кыргызстандын түштүк аймагында болуп өткөн этникалык араздашууларда эл аралык комиссия кайсы тараптан күнөө кеткендигин аныктоодо бир жактуу эле жыйынтык чыгарып салды. Мындай жыйынтыкка "7-апрель жаштар кыймылы" саясий партиясы макул эмес. Анткени эл аралык комиссия статусуна ээ бул комиссиянын эки тараптуу эмес, бир тараптуу корутунду чыгаруусу - эл аралык стандартка да төп келбейт. Биз муну менен улутчулдугубузду көрсөтөлү дегенибиз жок. Албетте, өз алдынча эгемен өлкө өз тагдырын өзү чечип, киндигин өзү кесиши зарыл. Дегенибиз, эл аралык комиссиянын жыйынтыгын карап, ага макул болбостон, өзүбүз гана чечишибиз керек.
Мындан тышкары америкалыктардын Ганси авиабазасын Кыргызстанда турушу туура эмес. Буга да биздин партия каршылыгын билдирет. Азыркы тапта эл аралык макамына ээ болгон "Ганси" авиабазасы калкка терс таасирин тийгизип жатат. Айта кетсек, алардын учактарынан куюлуп түшкөн күйүүчү майлары жергиликтүү тургундардын ден соолуктарына зыян алып келсе, экинчи жагынан наркотрафиктин жолу катары баңгизаттар сырттан агылып келүүдө. Мындай жосунсуз жорукка бай бул абабазасынын Кыргызстанда да сакталып турушу менен коомчулукта көптөгөн чочулоолорду жаратат. Анткени байыртан ата-бабаларыбыз көздүн карегиндей сактап келаткан кыргыз жергесин эл аралык уюмдар өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип тургандай абалда башкарып жаткандай таасирин калтырышты. Себеби америкалык Ганси авиабазасы мурунку өлкөнүн президенттери тарабынан түзүлгөн келишимдер бир канча жолу оңдолуп түзөлүүгө дуушар болду. Албетте, Аскар Акаевдин жана Курманбек Бакиевдердин чечкинсиз жана өз кызыкчылыктарын алдыга койгон максаттарынын негизинде келишимдер бат-баттан өзгөрүлүп турган. Мындан улам, кыргыз жетекчилеринин тамырын тарта билген чет жактагы досторубуз билген талкандарын чалууга өтүштү. 80ден ашуун эр-азаматтарыбыздын өмүрүнүн кыйылышы менен келген азыркы бийлик төбөлдөрү эч качан элдин кызыкчылыгын басмырлоого моралдык укугу жок. Мындан улам, азыртадан Ганси авиабазасын өлкөдөн чыгаруу туурасында чечимдерди чечкиндүү түрдө чечиши зарыл. Бүгүнтөн баштап, бул маселеге кирбесе, эртең дагы кандайдыр бир шылтоолор менен беш жылга андан ары он жылга, чейин узарып кетиши ыктымал. Мындай ойлордон улам, Россиянын же кандайдыр бир топтордун кызыкчылыгын көздөп жатат деген пикирлер жаралышы мүмкүн. Мындай ойлорго барган саясий топтор же америкачыл саясатчылар чоң жаңылыштык кетирет деп эсептейбиз. Биз АКШнын да, Россиянын да кызыкчылыктарына кызыкдар эмеспиз. Биз Кыргызстандын жарандарынын гана кызыкчылыктарын көздөөрүбүздү эсиңиздерге сала кетели. Себеби эл ушул тапта жакырчылыкта жашап турганы аз келгенсип, Ганси авиабазасынан келген зыяндардан жапа чегишкени маалым. Ошол себептен, Ганси авиабазасы эл аралык жана Кыргызстандын аймагында турган компания катары - өлкөнүн жарандарына компенсация төлөп берип турушун жана ар кандай багыттагы жардамдар менен камсыз кылууну талап кылабыз. Анткени эки тараптын негизинде түзүлгөн келишимде эч кандай зыяндарды тийгизбөө боюнча кол коюлган, жана бул эл аралык декларацияда да бадырайып жазылып турат. Демек, жергиликтүү тургундарга - Кыргызстанга зыян келтирип жаткандыгы үчүн, жабыр тарттыргандыгы үчүн компенсация төлөп берип турушу - алардын милдети. Ал эми баңгизаттарды ташуунун жолу болуп бараткандыгы, коомчулукту дүрбөлөңгө салуучу маселе. Кыргызстан антитерроризмге ж.б. күчтөргө каршы күрөшмөк тургай, наркотрафиктин өлкөсүнө айланаары шексиз. Экинчи Афганистанга айланып калуу коркунучу жаралат. Бул сыяктуу фобияны жаратып жаткан Ганси авиабазасын өлкөгө кармап туруунун кажети бар беле? Жок! Ошол эле учурда айта кетүүчү жагдай, мамлекетке төлөй турчу акчаларынын саны бирде төмөндөп, бирде өсүп турат. Мындай ыкма менен мамлекетке түшүргөн пайдасынан, зыяны көбүрөөк болду.
Чоро Суеркулов,
"7-апрель жаштар кыймылы" саясий партиясынын төрагасы




Кыргыз тилинин жана кыргыз адабиятынын сааттарын "тооктун жүнүн жулгандай" уйпалап жатышат
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Келдибековго
Кайрылуу

Урматтуу Ахматбек Келдибекович мырза!
Ар бир мамлекеттин тили мамлекеттин коопсуздугу болуп саналат. Мекенди сүйүү тил аркылуу ишке ашат. Тил аркылуу таалим-тарбия берилет. Тил аркылуу келечек муун тарбияланат. Тил бул улуттун жаны. Тил жоголсо, улут жоголот. Улуттун жоголушу мамлекеттин жоголушуна алып келет. Тилдин жоголушу анчалык деле кыйын маселе эмес. 1917-жылдан тартып 1978-жылга чейин, болгону 60 жылдын ичинде Россиядагы 196 улуттук тилдин 96 улуттук тили жашоосун токтоткон. Демек, улуттук тилге, өзгөчө 3,5 миллион адам сүйлөгөн тилге аздектеп, аяр мамиле жасабаса, анын келечеги күмөн бойдон калат. Ошондуктан улуттук тилге улут өзү кам көрбөсө, эч ким аны ойлонбойт.
Тил - идеология. Тилибизди өстүрүп, өнүктүрбөсөк элди, тактап айтканда, Кыргызстандын элин бириктире албайбыз. Тилин сыйлабаган урматтабаган улутту эч качан, эч бир эл сыйлаган эмес жана сыйлабайт дагы.
Кийинки жылдарда тилге болгон кыянатчылар көбөйдү. Кыргыз тилин окутууга бөлүнгөн мектептердеги, жогорку окуу жайларындагы сааттар себепсиз 60 пайызга кыскартыла баштады. Анын башкы себеби Болон системасына өтүп жатабыз деген шылтоо. Болон системасына өтүүнү шылтоо кылган тилге, элге күйбөгөн айрым адистер кыргыз тилинин жана кыргыз адабиятынын сааттарын "тооктун жүнүн жулгандай" уйпалап жатышат.
Улуттук тилди, улуттук адабиятты жана тарыхты Болон системасына, тактап айтканда, кредиттик системага өткөрүү мүмкүн эмес. Кредиттик система менен тилди үйрөтө албайсың жана үйрөтүүгө да мүмкүн эмес. Тил үйрөтүү бул түздөн-түз баарлашуу болуп саналат.
Биз Кыргызстандын билим берүү системасы Болон системасына өтүүсүн каршы эмеспиз. Өтөлү, бирок ал системанын негизги максаты адистештирүү, өлкөгө керектүү адистерди даярдап чыгаруу болуп саналат. Ал адис Россияга барса да, Америкага барса да же Европага барса да иштеп кетүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Ал эми кыргыз тили жана адабият боюнча адис Европага же Америкага барып кыргыз тили жана адабиятынан адис болуп, сабак бербейт да. Андай сабактар ал жерлерде жок. Кыргыз тили Кыргызстанда гана жашайт, өнүгөт, өсөт.
Айрым өлкөлөр Болон системасына билим берүүнү өткөрүүдө тилин, адабиятын, тарыхын киргизбестен, өзүнчө блок катары калтырып, мурдагы окуу планындагы сааттарды сактап калууда. Россия дагы, Казакстан дагы Болон системасына өтүүчү окуу планына орус тилине, казак тилине көп саат бөлүп, мурда канча саат бөлүнсө, ошончо саатты калтырып, тилдин өнүгүшү үчүн кам көрүп жатышат. Бизде, тескерисинче, тилибизди өнүктүрүп-өстүрө албай жатсак, кыргыз тилинин жана адабиятынын сааттарын кыскартуу маселеси байма-бай көтөрүлүп жатат. Бул улутка болгон, кыргыз улутуна болгон кыянаттык болуп эсептелет.
Тактап айтканда, республикадагы жогорку окуу жайлар катары бул маселе өлкөбүздө жетиштүү кадыр-баркка ээ болгон Кыргыз-Россия Славян университетинде да өзгөчө мамилени талап кылган маселеге айланууда.
Аталган университетте азыркы учурда кыргыз тилин окутууга жалпысынан 1-2-курстарга бөлүнгөн сааттын көлөмү 288 саатты түзөт. Болон системасына өткөн окуу программасы боюнча көрсөтүлгөн сааттын көлөмү мурунку сааттын 60% түзүүдө. Ушуга байланыштуу кафедра жамаатынын 60%ын кыскартууга туура келүүдө. Азыркы мезгилде өлкөбүздөгү экономикалык, социалдык кырдаалдарды эске алсак, кыскартууга дуушар болгон окутуучулардын тагдыры окуу системасынын курмандыгына кабылууда. Ошону менен бирге эл аралык окуу системасынын практикасына таянсак, жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди окутууга өзгөчө статус берилген жана бөлүнгөн сааттын көлөмү алда канча жогору.
Кайрылып жаткан себебибиз, Кыргызстандын билим берүүсүн Болон системасына өткөрүп жатканда улуттук тилдин жана адабияттын келечегин, абалын эске алып, өзгөчө маани берип, терең анализдеп жана ойлонуп ишке ашыруу зарыл.
Мектептердеги, жогорку окуу жайларындагы кыргыз тили жана адабияты сабагына бөлүнгөн сааттардын санын механикалык түрдө кыскартуудан мурда аны терең талдап, салмактап, келечектеги келтирүүчү пайда-зыяны жети өлчөп бир кесип, маселенин оң жагынан чечилишине көмөк көрсөтүүңүздү суранабыз.
Кыргыз-Россия Славян университетинин
кыргыз тили кафедрасынын жамааты:
Байтымбетова Г.,
Айталиева А.,
Макеева А. ж.б.




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??