presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ө.Бабановдун кайра кызматка келишине кандай көз караштасыз?
Мар Байжиев,
Кыргыз эл жазуучу:
- Кыргыз саясатында Ө. Бабановдой саясатчылар аз. Мындай саясатчыларды орой айтканда, эшекче иштетиш керек. Ошондо өлкөбүз гүлдөп өнүгөт. Сөздүн кыскасы, Ө. Бабановдун кайрадан кызматка келишин кош колдоп колдойм.


Абдыганы Эркебаев,
коомдук ишмер:
- Ө. Бабанов өзүнө байланышкан чуулгандуу иштер иликтенип бүткөнчө кызматын таштап, чечкиндүүлүк кылды. Эми депутат А. Жапаров башында турган комиссия кандай жыйынтык чыгарат болду экен? ошол жыйынтыкка жараша баа бергенибиз туура болот го деп ойлойм. Эгер чындап эле Бабановдун күнөөсү жок болсо, кайрадан ээлеген кызматына барып иштегени туура болот го деп ойлойм.


Гүлсүн Мамашева,
КРнын эл артисти:
- Бабановду жакындан тааныбайм. Ошол себептен анын дарегине сын айтуудан алысмын. Ал кишинин кайра кызматка келер-келбесин тергөө органдары чечиши керек го дейм. Эгер чындап эле анын күнөөсү жок болуп, мамлекеттин экономикасынын көтөрүүгө салым кошуп жаткан болсо, аны калп күнөөлөп, ары-бери сүйрөбөй ордуна калтыруу зарыл. А чынында күнөөлүү болсо, анда мыйзам алдында жооп бериши керек.


Тилектеш Ишемкулов,
коомдук ишмер:
- Саясатчылар бир жерден экинчи жерге учуп-конуп, кызмат алмаштырганы бизде көнүмүш адат болуп калды. "Тигил саясатчы бул кызматка барыптыр", же "ээлеген кызматынан алыныптыр" десе, эч ким деле таң калбайт. Керек болсо, ал саясатчыны эч ким тааныбайт. Мен Ө. Бабановду ошол саясатчылардын бири катары эсептейм. Ошондуктан Ө. Бабанов кайрадан кызматка келеби-келбейби ал мени кызыктырбайт.


Азиза Абдрасулова,
укук коргоочу:
- Өмүрбек Бабановго "МегаКом" боюнча, ж.б. дооматтар кандай негизде коюлуп жатат түшүнбөйм. Ошого карабай, Ө. Бабанов убактылуу кызматынан четтеп башка саясатчыларга абдан жакшы үлгү көрсөттү. Эгер ага коюлуп жаткан дооматтар негизсиз болсо, вице-премьер-министр болуп иштей бериши керек. Анткени Ө. Бабанов экономиканы чемичкедей чаккан, иштин көзүн билген саясатчы.


Таалайбек Кулмендиев,
"Кыргызфильм" студиясынын жетекчиси:
- Биз азыр бири-бирибизди соттоо, сындоо менен алектенбей, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсү, мамлекетибиздин алга жылуусу менен алектенишибиз керек эле. Кимдин канчалык деңгээлде күнөөсү бар экендигин орган кызматкерлери аныктайт. Муну менен алектенүү мамлекеттик кызматкерлердин иши эмес. Өмүрбек Бабанов өз дарегине айтылган сындардын канчалык деңгээлде чындыгы бар экендигин аныктоо үчүн кызматынан убактылуу кетти. Бирок азыркыга чейин аны сындагандар күнөөсүн мойнуна коюша элек. Демек, ал таза. Ошондуктан өлкөнүн келечеги үчүн ак жерден каралабай, иштейм деген адамдарга кызмат берүү керек. Ө. Бабановдун кызмат ордуна кайра келишине макулмун. Анткени ал дурус иштеп жаткан.


Темир Бирназаров,
режиссер:
- Кыргыз бийлигиндегилер жогорку кызматтан эч качан өз каалоосу, эрки менен кеткен эмес. Биринчи вице-премьерлик кызмат бери турсун, жөнөкөй эле айыл өкмөтүнүн креслосунан түшкөндө кээ бир чоңдорубуз соттошуп, ыйлап, кызыл чеке болгонго чейин барышууда. Ө. Бабанов өзүнүн кызматынан убактылуу болсо да кеткени азыркы бийликтегилерге чоң жаңылык болду го десем жаңылышпайм. Мындай кадамга азыркы саясатчылардын көбү бара албайт. Бабанов азыркы саясатчылардын алдыңкы сабында турган мыкты жигит. Болгону ал бизнесмен болгондуктан, кызматы менен бизнеси аралашып кетип жатат окшойт. Анын кайра кызматка келишине толугу менен макулмун. Анткени Ө. Бабановдо жаштык, курчтук, ишкердик бар. Экономикалык жактан кризиске батып турганда иштин көзүн билген Бабанов сыяктуу жигиттер мамлекетке абдан керек.


Айданбек Акмат уулу,
журналист:
- Өмүрбек Бабановдун кызмат ордуна кайра келишине каршы деле эмесмин. Болгону эл ичинде, алар менен бирге менде да чоң бизнесмендердин мамлекеттик кызматтарга келиши эски синдромдун кайталанышына алып келбейби деген күмөнсүнүүнү пайда кылып жатат. Кандай гана учур, кырдаал болбосун, ишкердик өз кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттин иши экинчи орунда калып кетет.

Даярдаган
Мирлан АЛЫМБАЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??