Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Сандан-санга

Баратбай АРАКЕЕВ
МЕНТ
(Повесть)
- Иши менен имирең калсын. Ушундай болуптур деп гезит-пезиттен окуп, жүрөк түшчү эле, эми өз башыма түшүп отурбайбы… Айбандар!..
Үй ээси буларды баштай басып, жүзүм чулганган сөрүгө отургузду.
- Аксакал, атыңыз ким?
- Шүкүр. Фамилиям - Калдыбаев. Инженер элем, заводубуз токтогондон кийин үйдө элемин. Жеңеңер соода кылат, ошого жардам берген болом.
- Түндөгү ишти айтып берсеңиз.
- Жана эле силердин балдарга айттым эле. Мейли эми, дагы айтайын. Уктап жатканбыз, анан эле ит ажылдап үрүп калды. Ордуман туруп, короого чыгайын деп эшикти ачаарым менен эле башыма бир нерсе тийип, жыгылып түштүм. Чала тийгенби, кайра ордуман турдум. Короодо жарык күйүп турат, даана көрдүм - төрт килейген неме баштарына маска кийип алышыптыр. Биринин колунда жоон темир, биринде бычагы жүрөт. Дегдеңдетип үйгө сүйрөп киришти. Аялым уктап жатат эле тургузушту. Анан жүрөгү түшкөн аялым экөөбүздү диванга отургузуп, "Давай, тезинен акчаңарды алып чыккыла" - деди бири демитип. "Акча жок" - дедим. Ким эле маңдай тер менен тапкан акчасын дароо бере коймок. Ошондо эле берсем болмок экен. Башка-көзгө койгулап калышты. Ошондо эсим оой түшүптүр. Эсиме келсем - аялым бакырып ыйлап жатат: "Алгыла, жанды койгула" деп. Жанагы айбандардын бири кипятильникти көтөрүп алыптыр. Көрсө, аны ысытып келип, бетине басам деп жаткан тура. Акча аңтарылма дивандын алдында болчу. Аялым өз колу менен алып берди. 2 миң доллар анан 50 миң сом болчу. Аны алып, бири мени кайра жаткыра чаап кете беришти.
- Төртөөнүн биринин да бир белгисин байкап кала алган жоксузбу?
- Кайдан байкадым. Жүрөк оозго тыгылып турса. Анын үстүнө маскачан болушса…
- Аксакал, азыр тааныштар "наводчик" болуп тоногондор көбөйдү. Тааныгандарыңыздан, туугандардан шек алган бирөө-жарымы жокпу?
- Кимден шек аласың? Ойго да келген жок.
Машаев бу кишинин кошуна-колоңдорун, ушул шаарда турган туугандарынын кай жерде иштээрин, аты-жөнүн шашпай жазып, дагы бир топ суроосун берип коштошту. Кетээринде догдурга көрүнүңүз десе тиги киши анын кажети жоктугун айтып, нан ооз тийгизип узатты.
Ошол эле күнү түш оой Машаев экөөнү жиберип, Шүкүрдүн маңдайкы кошунасы, эки ирет түрмөгө отуруп келген наркоманды алдырды. Ал кырктарга таяп калган, узун бойлуу, ширидей каткан кара неме экен. Машаевдин маңдайына отургандан кийин эле суроо салдырбай, өзү кетти:
- Начальник, мен тазамын. Баарын таштагам. Эки жолу баланда ичип келгем. Момундай тойгом. - Ал кекиртегин жанып койду. -Бир нерсени "илгени" жатасыңбы, начальник? Антсең да "илинчү" нерсе жок.
- Эмне кылып жан багып жатасың?
- Эмне кылмак элем, кемпирге жардам берем.
- Кемпириң ким?
- Ким болмок эле, энем. Ал экөөбүз огород иштетебиз. Огородубуз чоң, баарын айдайбыз. Сатабыз, өзүбүзгө да жетет. Ак эмгекке көнүп калгам, начальник.
- Тартасыңбы?
- Кээде тартам.
- Жаап салсамчы?
- Начальник, сен адегенде карма анан жаап сал.
- Болуптур, эми иш мындай. Кошунаң тонолгонун уктуңбу?
- Кулакты уксун деп берет.
- Эмне айта аласың?
- Начальник, биринчиден, эч нерсе билбейм, экинчиден, билсем да "стукач" болуп жаралбапмын, үчүнчүдөн, үйгө кетейин, кемпир эмдигиче ыйлап атып жинди болуп калды го…
- Болуптур, бара бер. Анын үйүнө киши көп келеби?
- Өзүнөн сура, начальник. Тентеги бар, жоошу бар…
Наркоман ушуну айтып, сырдуу жылмайды, анан кошумчалап койду: -Аялынын инилери да келет… Мен кеттим, начальник. Таза кишинин бу жерде турганы болбойт, начальник.
Кыраакы Машаев мунун чын эле таза экенине көзү жетип турду. Бирок анын бир билгени же шек алганы бар. "Тентеги келет, жоошу келет, аялынын инилери да келет" деп бекер айткан жок…
Машаев түз эле Шүкүрдүкүнө келди. Тонолгондон кийин аялы экөө эсине келе албай, соодасына чыга элек экен. Машаев Шүкүр менен сүйлөшүп, кайнилери жөнүндө сурады. Аялы менен аталары бир тууган, анан алысыраак дагы бир инилери келип тураары, экөө тең базарда майда-барат сатып оокат кылып жатканын айтты. Экөө тең адамга кылдай зыяны жок балдар дейт.
Эртеси Шүкүр айткан дарек боюнча Машаев экөөнү таңзаардан жалдаган квартирасынан тапты. Угродонмун дегенди угушуп, экөө тең чочуп турушту. Шүкүрдүн аялына жакын инисинин аты Марс, алыс тууганыныкы Жолдош экен. Марсы жоош, Жолдошу бир аз шыпылдагыраак көрүнөт. Булар эжесинин тонолгонун угушпаптыр, таң калып, капа болуп турушту…
Машаев алар менен бир саатча сүйлөшүп анан кетти. Жолдошунан шек алган ой пайда болду да дал ошону байкоого алды…
Эки жигит тең базарда катар туруп, майда-барат сатышат экен. Алыстан туруп үч-төрт жолу байкоо жүргүздү. Шек-шыбаа билинбейт. Дагы бир жолу дагы бир-эки суроо салмакка аларга жөнөдү. Эл батпайт. Экөө турган жерге жакындай берип Марс менен эки жигит бир нерсени сүйлөшүп жатканын көрүп, алыстан токтой калды. Тигилер дагы он мүнөтчө сүйлөшүп, бирине-бири кайсы бир маселени мээсине жеткире албай жатат. Анан жигиттердин бири Марсты желкеден кыса кармаганда тиги мойнун толгоп алды. Заары бетине чыкканы көрүнүп турду. Тиги экөө кеткенден кийин Машаев ал эки соодагердин жанына барды:
- Соодаңар болсун, жигиттер!




Асыкбек ОМОРОВ
УЛУУ ЭМИР ТИМУРДУН ИМПЕРИЯСЫ
Темирланга бизден качып барган адамдарыбызды кайра бизге кайрып бер деп талап коёт. Фараджанын мындай эрдемсигени, ал кумдуу кургак жерлерде согушууда жакшы күч берет деп өзүнүн аттарына, экинчиден, шаардагы чебинин бекемдигине ишенген. Мына ошентип, эки коңшу күчтүү империялар касташып калышат.
Мамлюктардын императору Фараджа амалдуулук кылып Багдаддын султаны жана түркмөндөрдүн Кара Ордосунун эмирлери менен жашыруун согуштук келишим түзөт. Темирлан Фараджага каршы согуш жарыялап жолго чыгарда ал жерде күтүүсүз бир чоң окуя болот. Чогулган катардагы жоокерлерден баштап аскер башчылары эмирлерге чейин бир кишидей болуп Темирландын астына чөгөлөшөт. Темирлан аскер башчысы: "Улуу эмирим жоокерлер Индия, Грузиядан бери бардыгы чарчашты, аттарыбыз дагы чарчады, жылдыз санакчылар, төлгөчүлөр сизди согушта Каирден өлөт деп жатышат. Ошон үчүн быйыл Триполи шаарына барып деңиздин жээгинде жазга чейин эс алып, күчтөнүп алып анан, Египетке кол салалы",-деп сунуш айтат. Темирлан ага жооп кылып: "Тескерисинче, батыраак даярдангыла, алар баарысы чогулуп бириге электе түштүк жакка өтүп кетип бир-бирден талкалаш керек",-дейт. Темирлан: "Жеңиш кол көп топтогон тараптыкы эмес, жеңиш кудайым сүйгөн тараптыкы", - деген. Ошол жерден армия улуу эмирдин оюна ынап, жортуулга даярдана баштайт.
Улуу эмир 1400-Балык жылынын октябрь айында армиясы менен Сирия аймагына кирип келет. Жолдон Антихиюну жана Алеппону багынтат. Ал эми Фараджанын чалгынчылары Темирлан эбегейсиз көп сандагы армиясы менен кирип келе жатканын байма-бай билдирип жатышты. Ошол кезде мамлюктардын бир хронисти мындай деп жазып кеткен экен: "Булар армия эмес, кандайдыр шайтан аралаш кумдун үстүндө катуу келаткан куюн".
Фараджа армиясын тезинен Алеппонун жанына чогултат. Ал эми түрк, күрд, түркмөндөрдү Темирландын тыл жагынан чабуулга өткүлө, алапайын таппаган Темирландын армиясы аргасыздан коргонууга өтөт жана азык-түлүгү бат түгөнөт деп союздаштарына билдирет.
Бирок Фараджа мурунку убактардагы каардуу-камбылдуу аскер башчылары Бейбарс же Беркук болгон эмес. Анын үстүнө анын армиясында аскердик тартип дагы мурункудай бекем эмес болчу.
Темирландын армиясы чепти курчоого аларда дагы бир кызыктуудай окуя болот. Чепти тегерете курчап, дөңсөөгө чатыр тигилген болот. Ошол чатырдын ичинде отурган Темирлан сыртка жаңыдан чыккан убакта чептин ичинен ыргытылган чоң таш чатырдын даана өзүнө тийип, талкалап таштайт. Темирланды кудай сактап аман калат. А балким, жылдыз санаган көзү ачыктар төлгө тартып алдын ала билген окуя ушулдур.
Темирландын жоокерлери жооп кылып, ошол ташты кайрадан катапультка салып, чептин ичин көздөй ыргытат. Ал чоң таш чептин ичине кирбей, дарбазанын өзүнө тийип талкалайт. Азаг шаарынын дарбазасы талкалангандан кийин аскерлер токтоосуз чабуулга өтүшөт. (Сириядагы 1400-Балык жылындагы Азаг шаары талкалануу алдындагы учуру. Жогоруда Темирландын эс алуу чатыры). Андан кийин Улуу эмирдин аскерлери Дамаск шаарына өткөн. Бул шаарды алаарда Темирландын Индиядан алып келген 120 согуштук пилдери чоң ролду ойногон. Кооз жабдылып жасалгаланган пилдер топтому армиянын ортосунда болуп, Темирландын астында жүрүш жасаган. Сирия аскерлери атчан-жөө аралаш болуп, колдоруна туш келген найза, кылыч, чокмор ж.б. согуштук куралдар менен куралданышкан эле. Алеппо шаарынын дарбазасынын жанында өлгөн аскердин саны ушунчалык көп болуп кеткен. Улуу эмирдин атчан аскерлери кыйынчылыктарга карабастан тез-тез чепке кирип жатышты. Шаар аскерлери менен шаар тургундары ошол эле күнү Улуу эмирге багынып беришти. Темирлан өз аскерлерине шаарды үч күн талап-тоноого уруксат берет. Бул Алеппо шаары жантайыңкы тоодо болуп, туш тарабы суу менен курчалган болот. Качан Сирия жоокерлери багынып бергенде, Темирлан өзүнүн жиберген аманатынын өлтүрүлгөнүнө жооп кылып өлгөн сириялык кишилердин башынан эки мунара тургузган.
Улуу эмир Алеппо шаарын алгандан кийин өз армиясы менен Дамаск шаарын көздөй жүрүш жасайт. Жолдон Хам жана Хомс чебин талкалайт. Бирок алар бат жеңилип бергени үчүн салыктарды аз алган, андан кийин Баалбек чебин көздөй багыт алат. Чептин аскердик кошууну бири да калбай качып кеткен болот. Армия бул жерден көпкө кармалган эмес, себеби ашпозчулар эски арабдардын шаарынан кыштын суук күндөрүндө жашылча-жемиштерди таап алат. Бул шаар убагында Соломон падышанын буйругу менен курулган эле.
Баалбек шаарынан чыккандан кийин армия Бекаа өрөөнүнө түшөт. Андан кийин Захле чебине жетпей Керик-Нух мүрзөсүнө токтошот. Ал мүрзөнүн узундугу ондогон, туурасы бир метрден ашпаган узун мүрзө болот. Эл оозунда айтылган легендага караганда дүйнөнү топон суу каптагандан кийин Ной атабыз ушул жерге көмүлгөн болот. Темирланды атчан аскерлери Бейрут жана Сайды аймактарына жортуул жасап келгендердин баары кайра ушул жерден чогулушат. Бул жерден бириккен армия андан ары түштүктү көздөй Дамаск шаарына жылып жөнөшөт. Көптөн күткөн убакыт жетип эми 1400-Балык жылынын декабрь айында Улуу эмир байыркы Сириянын борбору болгон Дамаск шаарына келет. Темирлан куполдуу (жарым шаарча) чатырлары бар эл жашаган ак түстүү көптөгөн үйлөрдү көрөт. Иран менен Аравиядагы кум-таштуу талаада жаткан шаарларга караганда бул шаар Темирландын көзүнө тирүүчүлүктөгү бейиш катары көрүндү. Бул жерди бекеринен "жер үстүнүн сулуу даны" деп аташпаганын түшүндү. Бул шаар Библия тарыхында Авраамдын мекени жана чыныгы шиит мусулмандарынын борбору болгон.


Чыгарма боюнча кызыккан суроолорго: 0772-411-357 байланыш телефону аркылуу автор жооп берет.