Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Келдибек Ниязов,
КРнын эмгек сиңирген артисти:
"Айрым өзбек туугандар
жер карап уялып калышты…"
- Келдибек агай, жакында эле Сыймык Бейшекеев экөөңүздөр Ош облусунун алыскы айылдарынан бери кыдырып, концерт коюп келиптирсиздер. Алыскы айылдарга чанда эле артисттер барбаса, көпчүлүгү барчу эмес эле. Сиздердин ал жакка барышыңыздарга эмне түрткү болду?
- Алыскы айылдарга чейин барганыбыздын себеби өзбектер менен кыргыздардын достугун бекемдеп, жарашкан эки улуттун ортосундагы алаканы чыңдоо, элдин маанайын көтөрүп жүздөрүнө күлкү тартуулоо максатында айылдарды кыдырып, концерт коюп келдик. Эл абдан жакшы кабыл алды. Баргандан келгенге чейин коноктон колубуз бошогон жок. Калпагын кийгизип, чапанын жаап, айтор, аябай сыйлашты. Элдин көпчүлүгү Ош окуясынын так иликтенбегендигине нааразы экендиктерин жашырышкан жок. "Ош окуялары боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болгон Абдыганы Эркебаевдин чыгарган чечимине таптакыр каршыбыз, болгон окуяны толук иликтеп элге жеткире албады Абдыганы Эркебаевге айтып коюңуз"- деп саясатчыдан бетер мага аманат кылышты. "Ой, мен ал кишиге кантип айтам, Ак үйдө иштесем бир жөн"- десем,- Анда гезит аркылуу кулак кагыш кылып коюңуз"- дешкенинен арга жок уккан-көргөнүмдү айтып коёюн деп силердин гезитке кайрылып отурам. Июнь окуясында кырчындай уул-кызынан ажыраган энелер, жолдошунан ажыраган жубайлар көз жашын төгүп, буркурап ыйлаганын көрүп ушунчалык зээним кейиди. Жанагы АКШнын жашыл акчаларына манчыркаган укук коргоочулар келсе, чачтарын бирден жулат элек деп кыжырданышты. Кыскасы, өкмөт Ош окуяларын кайрадан иликтеп элдин көксөөсүн суутпаса болчудай эмес. Ошондой эле өзбек айылдарын чабалекейдин уясындай кылып, жыбыратып үй кура бербей, үч кабаттуу же беш кабаттуу кылып үйлөрдү куруп койсо өзбек кыргыз аралашып жашап, улуттар аралык чыр-чатактан алыс болмок экен. Өзбектердин үйлөрүн көрүп жаныман түңүлдүм. Короолорунун бийиктиги жөн эле үй боюндай. Короосунда эмне иш кылып атканын биле албайт экенсиң. Лейлекке барсак, Жусуп деген бир аксакал айтат: "жанагы козу карындай жайнап, бийликте отурган чиновниктер башкасын коюп, чек араларды тактай турган карта чийип, ар бирибиздин колубузга бирден карматып койсо, карапайым эл чек араны өзүбүз эле коргоп алат элек"- деп, анткени өзбек-тажик атуулдарынын ар биринин колунда карта бар экен. Бир нерсе болсо картаны жая салып, карапайым эле адамдар чек арасын коргоп алат тура. Депутаттар ушул маселени да ойлонуп көрүшсө жакшы болчудай экен. Дагы бир баса белгилей кетчү маселе КТРК мурда Баткендин алыскы айыл-кыштактарында тартпагандыктан, өзбектердин каналынан башканы көрүшчү эмес. Биринчи каналдын жыштыгын которгондон бери КТР чаңкайып көрсөтүп калыптыр. Аны көрүп, КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаевге аябай ыраазы болдум. Айрым депутаттар президенттик шайлоо жакындаган сайын К. Оторбаевди ээрден оодарып, ордуна өздөрүнүн адамын дайындоонун аракетин көрүп жатышат. Ошолор КТРКны коюп, элдин турмушун ойлошпойбу.
- Концертиңиздерде кандай өзгөчөлүктөр болду?
- Концертибиздин бирден-бир өзгөчөлүгү жандуу үн менен ырдалган фольклордук ырлар басымдуулук кылды. Эстрадалык ырлардан деле эл тажап калыптыр С. Бейшекеев комузун колуна алып ырдаганда эл дүркүрөтө кол чаап кубаттап турушту. Негизи комуз, аккордеондун коштоосунда ырдалган ырлардын кадыры жогору экени байкалды. Ошондой эле, С.Бейшекеевдин өзбек ырчысы Юлдуз Осмонованын ырына жооп катары жазган "Төр талашпа" деген ырын угуп, айрым өзбек туугандар жер карап уялып калышты.
- Азыр алыскы айыл-кыштактарда маданий жайлардын абалы кейиштүү эмеспи…
- Бир-эки жыл мурун Казакстандын айылдарын кыдырып концерт коюп калдык. Маданий клубдарынын абалы биздин шаардагы анча-мынча театрларга караганда алда канча жогору экен. Ар түркүн тамак-ашты алдыбызга жайнатып, сыйлап эле жатышты. Биз таң калып: "эмнеге мынча сыйлап жатасыңар?"- десек силер бизге акча төлөп жатпайсыңарбы дейт. Көрсө, сахнага төлөгөн ижаранын ичинде тамак-аш да бар экен. Бизде болсо, сахнага, тамак-ашка, жатаканага, айтор баарына өз-өзүнчө төлөйсүң. Ошон үчүн Кыргызстанга башка өлкөлөрдүн ырчылары келбей жатат. Эми Оштун айрым айылдарындагы маданий клубдардын жүзү курусун. Кийим илгенге илгич жок, чаңдан тайгаланып, желенин баары башыңа оролот. Ошого карабай, клубдун жетекчиси, айыл башчысы баш болуп, ижара акысын төлөгүлө деп тапкан акчаңдын теңинен көбүн сыгып алышат экен. Ижарадан түшкөн акчага жок дегенде 10 кг акиташ алып, клубдун ичин актап койсо ыраазы болбойсуңбу. Баары эле качан акча берет деп мамлекетти карап отурушат. Анысы аз келгенсип, чакыруу барагын айылдагы алдыңкы адамдарга беришибиз керек дешип, билетиңдин көбүн күчкө салып тартып алышат экен. Маданият министри Нурланбек Шакиев ушундай көз боёмочулук жоруктарды калыпка салып, маданий реформаны алыскы айылдардан баштаса туура болчудай.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев




  КТРКнын көрсөтүлөрүнө көз караш...

Азыркы мезгилдин маңкуртташтыруусу
Эгемен мамлекет катары Кыргыз Республикасынын өзүнүн мамлекеттик маалымат айдыңынын, маалымат саясатынын болушу - мамлекеттик коопсуздугубуздун бирден-бир орчундуу маселеси. Былтыркы июнь коогалаңы баштала электе эле чет өлкөлүк журналисттер тобу Ошко чогулганы, алардын дароо эле кыргыздарды каралаган маалыматтарды бере баштаганы, ошол окуялардын Батыштын маалымат каражаттарында кыргыздарга каршы бир жактуу чагылдырылып турушу ошол учурда "заговор теориясынын" дүйнөлүк маалымат айдыңында Кыргызстанга каршы иштеп турганын айгинелейт.

Былтыр апрелдин аягына жетпей эле коомдук болуп өзгөртүлгөн биздин КТРКдагы ошол коогалаңдан бир топ күн мурда жарнакта бир клип (же ролик дейбизби) күнүгө орусча, кыргызча көрсөтүлүп турган. Анда биздин жаштарыбыз ар кандай кадрларда көрсөтүлүп: "Биздин көз карашыбыз ар кандай... Биз ишенгенбиз... Биз тилегенбиз... Биз талашканбыз..." деген сөздөр айтылып, "биз талашканбыз..." деген жеринде жигиттердин жулмалашып кармашып жатканы жана кыздардын буттарын кере тепкилешкени көрсөтүлүп турган. Түштүктөгү окуялардан кийин бул клип тык токтотулду да андан кийин таптакыр көрсөтүлгөн жок. Бул окуяны "коогалаңды уюштургандар биздин телеэкрандан элди каршылашууга кыйыр түрдө үгүттөп турган" дегенден башка эмне деп атоого болот?
КТРКдагы азыркы "12 раунд", "Түнгө карай" деген сыяктуу берүүлөрдө да жаатташып эле кайым айтышуу байма-бай көрсөтүлүп турат. Булар да - кыргызстандыктардын туюк аң-сезимине бөлүнүп-жарылууну кыттай уютуп турган көрсөтүүлөр. Мындай көрсөтүүлөрдө көбүнесе мекенчил көз караштагылар менен батышчыл көз караштагылар "беттешет" да, анын жүрүшүндө алып баруучу да батышчыларга кошулуп жатканы даана байкалып турат.
Мына ушундан улам, "ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт" дегендей, "ала кушту атынан атап", болгонун болгондой ачык айтып, андан тийиштүү жыйынтык чыгарып, ошого жараша иш кылуубуз эл-журт катары сакталып калуубуздун, мамлекеттик коопсуздугубуздун кызыкчылыгындагы зарылчылыкка айланууда.
Улуттук, мамлекеттик Кыргыз телерадио корпорациясы (КТР) демократия, сөз эркиндиги, коом, б. а. эл үчүн деген идеяларда коомдук болуп өзгөртүлдү деп айтылууда. Арийне, бул айтылгандар чындык эмес экендигине бир эле мисал келтире кетели. КТРдин өзүн-өзү пропагандалаган, мактап-жактаган көрсөтүүлөрү азыркы учурда телеберүүлөрдүн кыйла бөлүгүн ээлөөдө. Анын ичинде жакында Жогорку Кеңеште КТР боюнча коомдук угуулар болгондугу жөнүндө да кайта-кайта маалымдалып турду. А бирок, ошол коомдук угууда автордун бул макаланын өзөгүн түзгөн адамдардын аң-сезимин бурмалап-бузуу жөнүндөгү сүйлөгөн сөзү жылчыксыз бекитилип, ал тууралуу бир да сөз айтылган жок. Эгерде КТРде чыныгы демократия, сөз эркиндиги болгондо алардын көз карашына карама-каршы пикирлердин да бар экендиги сөзсүз түрдө экрандан орун алмак.
КТРдин дагы айрым телеберүүлөрү, уктуруулары көрөрман, угармандардын аң-сезимин бир багытка бурууга, б. а. манипуляциялоого карата багытталып жаткандыгы даана байкалат. "Ала-Тоо" кабарлар программасында, эгерде дүйнөнүн кайсы бир жеринде кырсык болуп, ага биздин президент көңүл айтуу жиберсе гана айтылат. Башка учурларда эл аралык жаңылыктар, дүйнөдө болуп жаткан окуялар боюнча эч кандай маалымат берилбейт. Ошол эле учурда КТР коомдук болгондон бери АКШнын элчилиги, "Сорос" фонду, ЮСАИД уюмдары катышкан "Ачык Кыргызстан", "Жаңы башат" деген сыяктуу телеберүүлөр байма-бай көрсөтүлүп келет. Ал эми КТРдин көрсөтүүлөрүнүн көп бөлүгүн (балким, болжол менен 10-15%) ээлеген жарнактарды көрүп отуруп, андагы "ЮСАИДге ырахмат", "Америка элине ырахмат" делип кайра-кайра кайталанып жатканынан улам, "АКШ эле бизди жан бактырып жаткан турбайбы" деген ойго келүүгө болот. Мындай жагдайдан улам, КТР Кыргызстандын көрүүчүлөрүнүн аң-сезимин "силер АКШдан башка өлкөнү билбешиңер керек" деген мааниде манипуляциялап жатканы деген гана жыйынтыкка келүүгө болот. КТРК коомдук болгондон

(Уландысы бар)