presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жарыяланганга кайрылабыз

"Өлтүртүп туруп көмдүртүп салам"
Талаштан тактык жаралат демекчи, дагы бир тактай турган жагдай жаралды сыяктанды. Себеби 2011-жылдын 1-апрель күнү жарыяланган "Африкадан бакыт издеген кыргыздар" ("Фабула" гезитинин №18, 12-бет) аттуу макалага кеч кайрылышканына карабастан, редакциябыздын эшигин аттаары менен, "Сен чындыкты издедиң беле? - деген урааныңарга өзүңөр жооп бере аласыңарбы, же 1-апрель күнү чындап эле калпычылардын маегин бердиңер беле? - деген суроону түз коюп, макалада берилген маалыматтарга макул эместиктерин билдиришип, өздөрүнө карата айтылган дооматтардын жалган экендигин айтышкан, окурмандарыбыз кайрылышты. ММКнын мыйзамына ылайык, экинчи тараптын пикирин да чагылдырууну туура таптык.

Нурила Жамансариева,
Анголада кыргыздар үчүн иш таап берген жана акча менен камсыз кылган Нусупов Алымбайдын жубайы, беш баланын энеси:
- "Фабула" гезитинин №18, 12-бетине 2011-жылдын 1-апрель күнү жарыяланган "Африкадан бакыт издеген кыргыздар" деген макалада берилген Дүйшөнкул Жанузаковдун, Кошой Жапаркулов, Гүлмира Ибраимовалардын пикирин окуп алып күйбөгөн жерибиз күл болду. Дүйшөнкул Жанузаков да биз турган Ала-Тоо конушунун этегинде жашайт. Аны менен жолдошумдун жакын байланыштыгы деле жок болчу. Болгону бир айылдан деп, анын үстүнө жолдошумдун жанынан чыкпай, ары өтүп бир, бери өтүп бир кирип, жакшы сүйлөп кошоматтанып, тамакка чакырып, жалдырап жатып Анголага кеткен. 2009-жылы кеткенге чейин анын 1,5 миң доллар бирөөнө карызы бар экен. Жолдошум анысын кошо төлөп, анан Анголага учуп кеткенден кийин ага визасына, жолуна 4200 доллар салып, ал жерден жумуш менен камсыз кылган. Жолдошум кошуналардын: "начар адам, сени сатып кетет" - дегенине карабай, айылдашпыз деп жардам берген. "Боор оорусаң, боорго тебет" деген ушул беле? Эми минтип акча талап кылып, анысы аз келгенсип аягы аны күнөөлөп, ар кайсы ММКга жалган маалымат берип жүрөт.
Бул бүтпөгөн чыр эмнеден улам чыгып жатат, Д.Жанузаков Анголага баргандан кийин ал жердеги ынтымакты бузгандыктан, негрдин кыргыздарга карата көз карашы өзгөргөн. Ал жерден жумуш таап, айлыгын берген адамды каралагандыктан (Алымбай Нусуповду - ред.), негрдин көз карашы өзгөрүп, "Мен айлыкты өзүм төлөп берем" - деп айлык акынын берилишин өзүнүн колуна алат. Анан аны кызматкерлер Алымбайдан талап кыла башташкан. Д.Жанузаковдун айлык тууралуу берген сандары да жалган маалыматтар. Башка кыргыз жарандарынан бир кыйла жашы улуу болсо да ал жердеги кылган иштеринин айынан башка балдарга да кесепети тийген.
2009-жылдын сентябрынан баштап, Дүйшөнкул беш баланы кошуп жолдошумдан бөлүнүп, өзүнчө Амильтон (гезитте берилген Авинтон эмес - Амильтон) деген негр менен иштешкен. Бөлүнгөнгө чейин жолдошум 10 800 долларын төлөп бериптир. Ошентип, 8 айдан кийин бөлүнүп кетип, ишенген негри ага акчасын төлөбөй койгон. Ошол акчасын менин күйөөмөн доолап отурбайбы…
Ушул эле 2011-жылдын январында Дүйшөнкул Кыргызстанга кайтып келип, 13-январда кайнатамдын жылдыгына баралы деп чыгып баратканда Жапаркулов Кошойдун машинасына (Степ вагон) Жанузаков Досумбек деген рекет агасы менен келип, жолдошумду салып кетишти. Ошол жерден мүрзөгө алып барышып, "инимдин айлыгын төлөп бер, же болбосо, тирүүлөй көмүп салам" - деп коркутуптур. Күйөөмө "3-4 күндүн ичинде 2000 доллар таап бересиң" деген экен. Аны көргөн күбөлөр да бар.
Ошол акчаны доолап, өзүнүн кишилерин ар кайсы жерге коюп, кыздарым сабакка бармак түгүл, азык-түлүк ала албай калдык. Улам-улам "атаң үйдөбү" - деп кыздарымдын телефонуна чалышып тынчын ала башташты. Аргабыз кеткенден улам, 2000 доллар процент акча алып бердик. "Айыл билбесин, эл билбесин" - деп коркутуп туруп алган. Андан кийин да акча сурады. Ошол учурда такыр акча жок болгондуктан, "кайдан таап беребиз" деп айтканда, Дүйшөнбек агасы Досумбек экөө, "акчаңар жок болсо, эртеңкиге чейин таап койгула, болбосо жериңердин кызыл китебин бергиле" деп коркутушту. Биз балдарга зыяны тийбесин деп, жээнибиз Камилдин жеринин кызыл китебин бердик. Андан кийин Досумбек Жанузаков, Кошой Жапаркулов экөө дагы келишип, жолдошум Алымбайды чакырып кетишип, Зарядан ары ылдый кеткен орустардын мүрзөсүнө алпарып: "Эгерде мага үйүндү каттатпасаң, тирүүлөй көмүп салам" деп коркутуп жердин кызыл китебин (Дмитриева 28 көчөсүндө жайгашкан үйдүн) талап кылган.
Күйөөм кайнатамдын жылдыгын өткөргөндөн кийин жүрөгү ооруп, кыйналып жүргөн. Мен кызыл китептин ксерокөчүрмөсүн алып алып машинесине түшүп, алар менен чогуу жеке нотариуска бардык. Билбейм, балким, кудайдын буйругубу, азыр ойлоп алып таң калам. Көрсө, ал көчүрмө каттоого жарабайт экен. Анан алар Алымбай намаздан чыкканын күтүп туруп, "кайниңдин үйүн өзүбүзгө каттатабыз" - деп опузалашып, инимдин үйүнүн кызыл китебин алдырып, кайра нотариуска келгенде, анын иш күнү бүтүп кетип жатыптыр. Ал нотариус айткандарына көнбөй кетип калды.
Анан алар Дмитриева көчөсүндөгү 28-үйдөн "24 миң бышкан кирпичиңди жүктөп кетебиз" - деп Досумбек айтканда, Алымбай: "Эр болсоңор жүктөп көргүлө" - дегенде алар жүктөй бер деп түшүнүп алышкан окшойт. Макаладагы Д.Жанузаковдун: "20 000 кирпичти ал деп айткан" - деген маалыматы калп. Ошентип, 3-4 күндөн кийин Дүйшөнкулдун баласы өспүрүм жаштагы досторун алып келип кирпичтерди эчтеке дебестен (кошунасынын ГАЗ-53 B 6329 R номерлүү машинасын айдап алып) кирпичтерди салып кеткени келишкен. Буга кошуналары күбө. Эми бул ээсинен сурабагандык уурулукка жатпаганда эмне? Андагы мектеп жашындагы өспүрүм балдарды алып келиши, аларды да уурулукка түрткөнү да… Эң эле кызыгы, ал балдардын ата-энелери билбейт экен. Мен милиция чакыртып, (гезитте берилген колу-буту кайрылбай эле, милициянын машинесине түшкөн) аны милиция кызматкерлери алып кетишкен. Ал окуядан кийин арыз жазып, Сокулук РОВДсына кайрылганбыз. Ал жак менен да жең ичинен бүтүрүп алышканбы, билбейм, иши кылып биздин арызды карабай коюшту. Тактап айтканда, ишти жаап коюшту. Биз буга өтө капабыз. Учурда бул ишти Ленин РОВДсы карап жатат.
Жолдошум Кыргызстанга киреше кошту деп айта алам. Ал Анголада иштеп жүргөн балдардын айлыгы катарында Кыргызстандагы үй-бүлөлөрүнө 15 млн. доллар которулушуна себепкер болду. Мындан сырткары ал жерден ошол эле Кошой Жапаркулов тапкан акчасына азыр Степ машине алып, тээп жүрөт. Ал жерден келген балдар жер алышып, там салып жатышат. Кээ бири үй алып, кээ бири машине, сарай алып, кыздарын узатып алышты. Мындайча айтканда куру кол келишкен жок.
Дүйшөнкул Жанузаков Анголада жүргөндө моралдык жактан жүрүш-турушунун туруксуз экендигин дагы жаш балдарга көрсөткөн. Ал эми Жанузаков Дүйшөнкул менен бирге газетага интервью берген Гүлмира Ибраимованын, Тилек Токтосуновдун, Элиза Уракееванын айткандары дагы жалган. Тилек Токтосунов рекет салып бир машина, 12 миң доллар алгандыгы чындык. Аны өзү Ленин районунун РОВДсында берген түшүнүк катында тастыктап жазган.

Данкеева Дайыркан,
Анголага барып иштеп келген Данкеев Канатбектин жубайы:
- Менин жолдошум Канатбек Данкеев менен кошулуп 18 бала кеткен. Гезитте берилген Гүлмира Ибраимованын 40 бала дегени жалган. Канатбек: - Иштеген ишиңерге жараша акча төлөнөт деп айтылганын да тастыктай алат. Жанузаковдун гезитке 2,5 миң доллар айлык берем деген сөзү да болгон эмес. Эмне иш билесиңер десе, "евроремонттон баштап, колубуздан бүт келет" деп айтышыптыр. Алардын максаты эптеп эле чет өлкөгө кетүү экен. Баргандан кийин 1 айга жумуш болбогондуктан, иштебеген күндөрүнө да карабай, 600 доллардан төлөп берилген. Менин жолдошум алар бөлүнө электе эле ден соолугуна байланыштуу 7 ай эле иштеп келип калды. Барарда аларга "оору көп, ооруңар болсо бул жерден эле калып калгыла" - деп эскерткен. Ар бир барган бала болбой калды дегенде машина, үй, сарай, жер алышты, Кудайга шүгүр деш керек да. Кыргыздын: "Мал арыгын баксаң - ооз майлайт, адам арыгын баксаң - мурун кандайт" - деген макалы туура келип жатат окшойт.
Балдардын айтуусу боюнча Дүйшөнкул Жанузаков Альминтон деген негр менен иштеп жүргөндө тонналап объектинин темирлерин уурдап сатыптыр, жанындагы кыргыз балдарды "Менин рекет агам бар - Жанузаков Досумбек деген кличкасы "Дөдөн". Өлтүртүп туруп көмдүртүп салам" - деп коркутуптур. Ошентип, ууру кылып, кармалып калып, негр өлтүрөм дегенде Нусупов Алымбай негрден кадыр-баркын салып жатып куткарып алып кеткен. Д.Жанузаков жөн жүрбөй жанындагы 5 баланын айлыгы деп негрден 10 миң доллар дагы алыптыр. Бул беш кишиге билдирбей 10 миң долларды үйүнө жиберген экен. Беш баланын айтуусунда, айлыктарын сурашкан балдарга Амильтон бергендигин айтып, "менин көзүмчө салган" дептир.
Балдардын айтуусуна караганда, Дүйшөнкулдун Анголадагы кызматы курулуш материал ташыган машинага дарбазаны ачып, жаап гана турган.

Жолдошбекова Бактыгүл,
Анголада иштеп келген Токтоболотов
Мирбектин апасы:
- Ооба, бул айткандарды тастыктай турган Талас, Чыңгыз, Самар, Улан, Мирбек ж.б. 18-20 чакты күбө бар.
Берип жиберген видео, сүрөттөрүнөн көрүп, Дүйшөн, Кошойлордун "12 саат иштегенбиз, ачка калганбыз" дешкени калп экенин билүүгө болот. Каалаган жеринен мөмө-жемиш жешип, 20 күндө (баасы 1000-1500 долларга чейин) бирден өгүз жеп турушчу экен. Ооба, мен энеси катары билем, кетип жатканда аябай ысык болорун жана оорулуу адамдарга барбагыла деп эскертилген. Жанагы Гүлмира Ибраимова деген аял ашпозчу болуп иштейм деп барып эмнеден ооруп калганын жашырып коюптур…
Ал эми менин балам эл катары буюрганын таап, эл-жер көрүп келди. Атлантика океанына түшкөн да, түшпөгөн да бар. Мен ошого сыймыктанам. Эч кандай доом жок.

Нусупова Кадыркүл,
азыркы учурдагы Анголадагы Кудайбергенов Улуктун апасы:
- 27-апрель күнү 17:35те көрсөтүлгөн УТРКнын "Чындык сааты" көрсөтүүсүндө Жанузаков Дүйшөнкул, Жапаркулов Кошой туура эмес маалымат беришкендиктен Таластан "Фабула" гезитинин редакциясына келип отурам. Ал залогдо деп айткан баланын энесимин. Бул маалыматтар жалган, эч кандай факты менен далилдей албайт. Себеби менин балам залогдо эмес эле жакшынакай иштеп жүрөт. Балам менен күндө сүйлөшүп турам. Керек болсо, аны менен азыр дагы сүйлөштүрүп бере алам. Балам ал жакта курулуштан сырткары котормочу болуп да иштейт.
"Ак ийилет, бирок сынбайт" демекчи, бул жалаанын акталып чындыгына жетээрине ишенем.






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??