presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыздын кырааны
учту дүйнөдөн…
"Кубаны көрсөм экен,
Кубага барсам экен…"
Мухтар Өмүракунов кыргыздын кыйын чыкма кыраандарынын бири болгондугун эч кимибиз тана албаспыз. Кыргыз элинин ошол айтылуу кырааны кырк алты жашында кыйган талдай кыйрап түштү. Ал өзүнүн кыска өмүрү менен кыргыз жергесинде эмес, Ала-Тоодон алда канча алыс жайгашкан Куба мамлекетинде кош айтышты. Тактап айтканда, Кариб деңизинин жээгинде эс алып жатканда 1-май күнү күтүлбөгөн жерден 3 метрлик толкундун курмандыгы болду. Ажал улук! Ажалга эч ким доомат кыла албайт. Жүрөгү тоо деп соккон тоолук жигиттин ажалы тилсиз жоо болгон толкундан экен. Демек, ажал өзүнүн улуктугуна салып, Мухтар мырзаны алыскы деңизге айдап баргандай…
Мухтар мырза бала кезинде Куба мамлекетинин башына Фидель Кастро келгенде, анын келишине, ал өлкөдөгү бурулуштарга абдан таасирленип: "Кубаны көрсөм экен, Кубага барсам экен…" - деп тилек кылып жүрчү экен. Жакындарынын айтымына караганда, Мухтар мырза жылына чет өлкөгө эс алуу, ж.б. иштери менен 2-3 ирет чыгып келчү. Бала кезинен бери тилек кылган Кубага бара албай жүргөн кезде, Кубадагы бир досунун чакырыгын кабыл алып, шашылыш жөнөп кеткен экен. Көрсө, ажал шаштырып жаткан турбайбы…
Мухтар мырзанын сөөгү кечээ Кубадан Москва аркылуу таңкы 5:30да Бишкекке алып келинип, маркумду акыркы сапарга узатуу саат 8ден 10го чейин Орус драмтеатрында болуп өттү. Мухтар мырза менен коштошууга "Замандаш" партиясынын жактоочуларынан баштап, ЖКнын спикери А.Келдибеков баштаган жоон топ депутаттар, президенттин аппарат жетекчиси, бир катар министрлер, ал тургай коомчулук "адатынча Америкасына кетип калды" деген Кубат Байболов да катышып, сөз алып сүйлөдү. Мухтар Сүйүналиевичтин саясаттагы өнөктөшү Аликбек Жекшенкулов былтыр шайлоодон кийин бир катар партиялар биригип түзүшкөн "Улуттук конгресстин" атынан Мухтар мырзаны быйылкы президенттик шайлоого катыштыруу оюбуз бар болчу"- деп каңырыгын түтөтсө, Акылбек Жапаров анын депутат болбой калгандыгына өкүндү. Мындан башка саясатчылар жана жөнөкөй замандаштары анын айкөлдүгүн, колу ачык берешендигин, демөөрчүлүк иштерге басым жасап келгендигин, өзгөчө мигранттардын жашоосун жеңилдетүүгө чоң аракеттерди көрүп келгендигин баса белгилеп айтышты.
Чынында эле, Мухтар мырзанын башка иштерин айтпаганда да, Россиядагы, Казакстандагы мигранттар үчүн жасаган эмгеги зор болгон. Бул жагынан алганда башкалар Мухтар мырзанын алдына чыга алышкан эмес. Азырынча бул көйгөйлүү маселе боюнча ал сыяктуу алгылыктуу иштерди аткара тургандар деле анча байкалбагансыйт. Деги эле, Мухтар мырза көптөгөн максаттарына жетпей калды. Анын баштаган иштерин артында калган жакындары, замандаштары, достору улантуусу зарыл…
Артында ата-энеси, эки жубайы боздоп, 7 баласы жетим калып олтурат. Анын сөөгү бүгүн саат 10до киндик каны тамаган туулган жери Ат-Башынын Калинин айылына коюлат. Албетте, бул жоготуу Мухтар мырзанын жакындарынын гана жоготуусу эмес, жалпы эле кыргыз элинин орду толгус жоготуусу…

Ахматбек Келдибеков, ЖКнын спикери:
- Биз кыргыздын тың чыккан дагы бир жигитинен айрылып калдык. Бул да болсо, кудайдын жазганы. Мен Мухтардын туугандарына, досторуна жана замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мухтардын эл үчүн жасаган иштери унутулбайт. Ал көптөгөн максаттарына жетпей калды. Дагы жашай турса, элине мыкты эмгек өтөмөк.

Иса Өмүркулов, Бишкек шаарынын мэри:
- Мухтарбек инибиз аз жашаса дагы, саз жашады деп айтсак болот. Анткени ал кыска мөөнөттүн ичинде эле асмандагы чолпон жылдыздай жанып, жалпы элге төбөсү көрүнгөн белдүү инсан болуп чыга келди. Ал жакшы мүнөзү менен, берешендиги менен, башкалардай болуп жулунбагандыгы менен, кичи пейилдиги менен калың элге кадыры сиңген кыргыздын мыкты жигиттеринин бири эле. Бишкек шаарынын депутаты болуп турган кезде, шаардын өнүгүшүнө бир топ салым кошкон. Өзүнүн демөөрчүлүгү менен бир топ адамдарга жардам берип келген. Тилекке каршы, ушундай бычакка сап жигиттен айрылып калдык. Мухтар инибиздин жаткан жери жайлуу болсун!

Темир Сариев, "Ак Шумкар" партиясынын лидери:
- Кыргыз эли Мухтар деп айтса, партия "Замандашты", "Замандашты" айтса, Мухтарды түшүнүп калды эле. Эми Мухтардан айрылып калдык. Албетте, бул чоң оор жоготуу. Мухтардын мүнөзү токтоо, маңдайы жарык, ичинде деми, жүрөгүндө намысы бар жигит эле. Кыргыздын байрагын бийик көтөргөн жигит эле. Жаткан жери жайлуу болсун! Элибиздин эсинде баалуу эмгектериң менен кала бересиң, кош Мухтар!

Ибрагим Жунусов, вице-премьер-министр:
- Мухтарбек өзүнүн жаштыгына карабастан, Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн көптөгөн эмгектерди жасаган инсан эле. Бирок ал жасаган эмгектеринин үзүрүн көрбөй, арабыздан эрте кетти. Ал "Замандаш" партиясынын гана лидери болбостон, коомдук ишмер, мыкты ишкер болгон. Кудай өзү сүйгөн пенделерин минтип эрте алып кетет экен. Ал бир гана ата-эненин эмес, же бир айылдын эмес, ал жалпы кыргыздын уулу болуп калган болчу. Жалпы элдин уулу болуу кыйын. Ал бул оор жүктү татыктуу көтөрүп, татыктуу жашады. Мухтарбек баалуу эмгектери менен элибиздин эсинде түбөлүк кала берет. Анын экинчи өмүрү али алдыда…

Жамиля Бегиева,
"Замандаш" партиясынын Орусиядагы өкүлү:
- Мухтардан айрылып кабыргабыз кайышып олтурат. Россиядан Мухтар менен коштошуу үчүн ар кайсы шаарлардан 30га жакын адам келдик. Мухтар кыргыз элине кандай барктуу болсо, Россиядагы кыргыздарга дагы ошондой барктуу. Мухтардын өлгөнүнө Москвадагы көчө шыпыргычтардан бери кайгырып, ишене албай турат. Себеп дегенде, Мухтар мигранттарга жасай тургай бир министрликтин бүтүндөй иштерин өзү колго алып, алгылыктуу аракеттерди көрүп келген. Россияда канча деген адам кайтыш болду, алардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүдө ар дайым жардам берип турчу. Мындан башка да толтура жакшылыктарды жасачу.
Даярдаган
Айбек Шамшыкеев




"Замандаш" партиясынын лидери, кыргыздын кыраан жигиттеринин бири
Мухтар Өмүракуновдун
мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына "Фабула" гезитинин эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигинин кеңешчиси Атаханов Авазбек Койлубаевичке
атасы Койлубайдын
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Ж. Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат жана азасын тең бөлүшөт.






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??