presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

Жапаров жаңылык айтты
Өзүн ашкере акылдуу ойлогон аткаминерлерибиздин алдыңкы сабындагы Акылбек Жапаров өткөн жумада "Мобил" деп аталган экономикалык долбоорун жамы журтка жарыя кылды. Акылбектин экономиканын бардык тармагына реформа жасамакчы болгон "акылдуу" ойлорунун ичинен эң эле көзгө илингени бул менчиктин бардык түрүн мураска калтыруу идеясы экен. "Мындан кийин эч кандай улутташтыруу, рейдерчилик деген болбош керек. Менчик бир ээсинен экинчисине мурастоо жолу менен гана өтүшү керек"-деген Акылбек Жапаров бир кездеги "кожоюндары" Бакиевдердин 7-апрелден кийин улутташтыруу аркылуу мамлекетке өткөрүлгөн эбегейсиз бай-манабына жаны ачып аткандай элес калтырды. Балким, Акылбек мырза эски бийлик энчилемекчи болгон дүр-дүйнөдөн кур калган чыгар? Антпесе, мындай экономикалык жаңылыгын беш жыл бою Бакиевдин жанында Каржы, Экономика министрлигин тескеп, биринчи вицеликти мыкчып турганда эмнеге айтып чыкпайт? Айтмакчы, ордо калаабыздын чок ортосунда жайгашкан, Эркиндик аянтындагы "Redcenter" деп аталган заңгыраган соода үйү "менчиктөө мурастоо жолу менен гана ишке ашырылышы керек" деп чыйпылыктап аткан Акылбек Жапаровдун менчиги дешет.


Бакиевге жок, Отунбаевага он суроо
Беш жыл элчилик кызматта отуруп, шефи Курманбек Бакиевге беш суроо бере албаган экс-элчи эжекебиз Замира Сыдыкова азыркы ажобуз менен премьерибизге ондон суроо бергенге жетишип, анысын бардык интернет сайттарына койдуруп, айтор, азыркы күндүн "баатыры" болуп чыга келди. Максим Бакиевди акыркы жолу Америкадан тосуп алган ушул эжекебиз болсо керек эле. Анысына мейли дейли, анткени эртесинде Таласта эмне болуп кетерин эжекебиз кайдан билмек эле. Дегеле, Замира айымды элчилик кызматка 2005-жылы ошол кезде тышкы иштер министри болуп турган Роза Исаковна отургузса керек эле. Беш жыл бою Бакиевге берилип иштеген айым бир жыл президент болуп иштеген Роза Отунбаевага он суроо бергендин ордуна, беш жыл унчукпай эле отурса болмок. Эл деле туура көрмөк. Ал айымга он эмес, ченемсиз суроо бере тургандар четтен табылат. Элчиликте отурганда эмне деген иштерди жасаганын, канча каражатты кандай пайдаланганын, текшерип барган комиссияны кантип жолго салганын, кимден эмне алганын айтып беребиз дегендер толтура экен, кулактын кужурун алып жатат. Билесиздерби, Роза Исаковна депутат кезинде өкмөт башчы Данияр Үсөновго 14 суроо узатты эле го, Замира айым эми ошону көчүрүп жаткан жокпу? Рина Приживойт мыкты экен, суроо-пуроосу жок эле кол сунган адамга колукту болуп кетип калды.


"Ата-Журттун" башкы идеологу Тойчубековбу?
Каржы көзөмөл кызматын башкарып аткан Юруслан Тойчубеков май-талкандуу бул кызматты кара "терге түшүп, эмгек кылып атып алган экен. Албетте, Тойчубековдун былтыркы парламенттик шайлоодо "Ата-Журтка" жан тартып, буту үзүлгөнчө чуркаганы эч кимге деле жаңылык эмес деңизчи, бирок ошол шайлоодогу бул партияга кошкон салымы оголе чоң болуптур. Кыскача айтканда, "Ата-Журттун" алмашкыс башкы идеологу болгон экен.
Эски эки бийликтин тең эсебин "тапкан" Юрсакең Акаевдин да, Бакиевдин да балит шайлоолорун жакындан көрүп-билип калгандыктан, былтыр да "Ата-Журт" кайсы жерден кандай добуш ала алат, кайсы аймактарга канча каражат коротуш керек"-деген сыяктуу маселелерди математикалык тактык менен эсептеп бериптир. Тойчубеков эски заман тушунда үйрөнгөн эсеп-кысабы өз жыйынтыгын берип, мындай "улуу кызматы" үчүн ата-журтчулардан Өкмөткө караштуу каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуучу мамлекеттик кызматы энчилениптир.
Азыр деле көшөгө артындагы көмүскө былгытмаларда Тойчубеков ата журтчуларга "аталык" кеңешин айтып турат имиш.


Сагындын муштуму, сабырсыздын тумшугу
Чүйдүн экс-губернатору Сагынбек Абдрахманов бокс боюнча СССР спортунун чебери экенинен эч ким деле элес албаса керек. Бул жигит өзү чакан болгону менен, чатакташа кеткендерди чалкасынан салганга чамасы жетет, атургай ашып да кетет. Жума башында Сакең унаасына май куюу үчүн бекетке токтоп калса, дардайган бир жигит анын алдына барып токтоп калган имиш. Иним туура эмес кылып жатасың дегендей сүйлөсө, тиги жигит кодойгондун колунан эмне келмек эле таризинде кол шилтеп коюптур да. Анан эле Сакең ал жигитти аперкот менен урганбы, айтор, дарак кулагандай сулады дешет. Кайра туруп кол көтөргөнгө аракет кылса, дагы чапканда дардайган неме турбай калыптыр. Май куюучу бекеттегилердин айтымында, Сакеңдин кыймылы кадимки биз кинодон көрүп жүргөн Стивен Сигалдыкындай экен. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи, атаңгөрү, Сакең депутат болсо катмак экен.




  Пикир…

Эл аралык комиссиянын чыгарган
жыйынтыгына кандай көз караштасыз?

Былтыркы Ош, Жалал-Абадда орун алган июнь айындагы улут аралык кагылышууларды иликтеген Киммо Кильюнен башында турган Эл аралык көз карандысыз комиссия өз жыйынтыгын чыгарып, этникалык мамилелерди жөнгө салуу боюнча бир катар сунуштарды беришти. Бирок мамлекеттик бийликтин жана коомчулуктун өкүлдөрү берилген сунуштардын айрымдары негизсиз экендигин айтышып, алар тескерисинче кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн экендигин белгилешүүдө. Мына ушул жагдайды эске алып, айрым жарандарыбыздын пикирлерин угуп көрдүк.

Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат" партиясынын төрагасы:
- Биз Улуттук конгрессте июнь окуясын иликтөө боюнча Киммо Кильюнен башында турган эл аралык комиссиянын чыгарган жыйынтыгын талкууладык. Натыйжада көптөгөн фактылар негизсиз, бир тараптуу жазылган деген жыйынтыкка келдик. УКМКнын, ИИМдин, прокуратуранын иликтөөлөрү эсепке алынган эмес. Ал түгүл аталган комиссиянын отчетунда бир топ маселелер боюнча биздин өлкөгө шек келтирген жагдайлар бар. Маселен, Кыргыз Республикасы дегенди, Республика Кыргызстан деп аташ керек, айрым аймактарга өзбек тилине статус бериш керек деген сунуш, көрсөтмөлөр жазылган. Мындай талап, эл аралык нормага жооп бербейт. Кыргызстанды кандай аташ керек экенин кыргыз эли өзү чечет. Ага кайсы бир эле уюмдун кийлигишип, ар кайсы сунушту таңуулаганга акысы жок. Ошондуктан расмий бийлик, парламент, өкмөт, президент бул уюмдун чыгарган корутундусун тааныбашы керек. Эч бир рекомендацияларды кабыл албоо зарыл. Мен ушуга чакырат элем. Анткени бул отчет улут аралык мамилеге доо кетирип, жаңжал чыгарууга түртүшү мүмкүн…

Дастан Сарыгулов,
коомдук ишмер:
- Союз тарагандан кийинки жыйырма жылдан бери, биз Батыштын акылы, сунушу, көрсөткөн үлгүсүндө жашап келатабыз. Бирок ишибиз оңолгон жок. Жылдан-жылга тентигендин үстүндөбүз. Эч бир көзгө көрүнөрлүк чоң ийгилик жарата албадык. Бул жолу дагы алар "Кыргыз Республикасын, Республика Кыргызстан деп аташ керек" деген сыяктуу жагымсыз, кыргыз элин басынткан чечимдерди, көрсөтмөлөрдү сунуштап жатышат. Булар эптеп эле кыргыздардын 6 миң жылкы далилденген тарыхын талкалап, маңкуртка айландыралы деген саясат жүргүзүшүүдө. Мен бир сөз менен ушинтип айтат элем…

Орозбек Молдалиев,
саясат таануучу:
- Бир беткей жазылган. Башкасын айтпаганда да, Кыргыз Республикасын кандай атайбыз ал өзүбүздүн ишибиз. Европа мамлекеттир деле Франция, Чехия, Италия, ошол эле Финляндия өзүлөрүнүн түпкү улутунун атынан аталып жатышпайбы? Кыргызда жакшы сөз бар: "боёкчу, боёкчу десе, сакалын кошо боёптур" - деген. Анын сыңары эл аралык комиссия десе эле обу жок болуп кетишет. Өзбек тилине статус бериш керек дешкендерин кийинки конфликтти чыгаруу аракети катары бааласа болот. Себеби мындай сөздөрдү Кадыржан Батыровдор айтып жатышпады беле... Булар ошолордун сөзүн сүйлөп жатышат. Чындыгында, Кыргызстанда ар бир улуттун тилин өнүктүрүүгө жакшы шарттар түзүлгөн. Керек болсо Союз учурунда Ошто бир эле кыргыз мектеби болуп, калгандарынын баары өзбекче, орусча болчу. Азыр деле көптөгөн өзбек мектептери бар. Мындан тышкары өзбек улутундагыларды мамлекеттик кызматка алууда барьер бар экен дешет. Бирок саясийби, кандай барьер бар экенин ачык жазышпайт. Бизде депутаттардан тартып, мамлекеттик ар кандай кызматтарда иштеген өзбек улутундагы чиновниктер көп. Ал эми мамлекеттик кызматка алуунун өзүнүн тартиптери бар да. Армияга кимдер барып кызмат өтөп, кимдер таптакыр барышпаганын баарыбыз жакшы билебиз. Анан жөнү жок эле кычыткы, бир беткей корутунду чыгарып калыстыктан тайган эл аралык комиссиянын кимге кереги бар?!. Ушундан кийин биздин жетекчилер деги эле эл аралык комиссия деген керекпи, жокпу ойлонушар… Жанагы эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Кильюнен деген неме Финляндиянын депутаты болгон экен. Кийинки чакырылышта депутаттыкка өтпөй калыптыр. Калыстыгынын жогу байкалып калгандан кийин, кийинки шайлоодо колдоо таппаса керек да. Бул киши калыстыгынын жоктугу менен эл аралык комиссиянын кадыр-баркын дагы төмөн түшүрүп салды.

Топчубек Тургуналиев,
коомдук ишмер:
- Эми эл аралык комиссиянын корутундусунда көп нерселер чала, туура эмес жазылган. Биз мамлекетибизди кандай атайбыз, ал өзүбүздүн, кыргыз элинин өз эрки. Алардын биздин ички ишибизге кийлигишкенге эч кандай укуктары, акылары да жок. Келжиреген сөздү деле жаза берсе туура боло бербейт. Өзбек тилине эч кандай тилдик статус берүүгө болбойт. Ал түгүл, Конституциядагы орус тилине берилген расмий тил статусун алып салыш зарыл. Орус тили биздин камкордугубузга муктаж эмес. Ошондой эле өзбек тилинин эпицентри болгон Өзбекстан мамлекети бар. Бизде болсо толтура өзбек мектептери, бала бакчалары, маданий мекемелери көп. Дагы эмне керек?.. Бул эл аралык комиссиянын жыйынтыгында кемчиликтер көп.

Даярдаган
Алмаз Темирбек уулу



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??