Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Замирбек Мамбеткулов,
Салык кызматынын Чүй, Талас башкармалыгынын начальниги:
"500 млн. сомду бюджетке түшүрөлү дегенден кийин, душманына айландым да калдым"
- Замирбек мырза, Республикалык салык кызматынын жетекчиси Бактыбек Ашыровго чара көрүүнү суранып, жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдогонуңуздун башкы себеби эмнеде?
- Мен өткөн жылдагы апрель окуясынан кийин 6 адам сынакка катышып, алардын ичинен мен утуп, Салык кызматынын Чүй жана Талас региондук башкармалыгынын начальниги болуп дайындалгам. Иштегениме 9 айдын жүзү болгон учурда, тагыраак айтканда, апрель айынын башында Б.Ашыров өзүнө чакырып алып: "увольнениеге" арыз жаз, ага көнбөсөң статья менен кетирем"- десе болобу. Анан мен: "иштеген ишимдин баары жакшы болуп жатса, жөн эле кетирем деп эле кетире бересиңби?"- десем, "жетекчи катары мен айткандан кийин, мага суроо бербей сен аны аткарышың керек"- деп, анан "жылдын жыйынтыгында сен планды аткарган жоксуң, кварталдын жыйынтыгын чыгарган жоксуң"- деп кирди. Мен ачуум келип кетип, "бул кызматка мен июль айында гана киришип, июлдан декабрь айына чейинки убакытта берилген планды 104%га аткарып, пландан тышкары дагы 55 (элүү беш) миллион сом казынага түшүрүп бердим го"- десем, "эч нерсеңди уккум келбейт, сен только кетишиң керек"- деп туруп алды. Учурда мен "больничныйда" жүрөм, Ашыров мени ишке чыгаары менен кантип кетирүүнүн жолун таап койгонун угуп жатам.
- Сизди иштен алууга кызыкдар болуп жатканына караганда, Бактыбек мырза менен мурдатан пикириңер келишпей, ортоңордон кара мышык өтүп кеткенби? Себеби жөндөн-жөн эле сизге "кет"- деп асылып жатпаган чыгар?
- Эми анысын мен кайдан билем? Балким, менин ордум өз адамдарына керек болуп жаткан чыгар. Бул киши менен салык тармагында бир иштегеним гана болбосо, эч кандай жаман-жакшылыгым жок болчу. Ал Салык кызматынын жетекчилигине үстүбүздөгү жылдын январында дайындалып келген болчу. Мен февраль айынын орто ченинде ага кирип, "коррупциялык схемалардын" бетин ачып, 500 миллион сомго жакын бюджеттик жоготуулардын ордун таап, көрсөтүп, жардам сурап кайрылгам. Бирок ал дароо эле тетири карап, "карайбыз, карайбыз"- деп кутулган. Ошондон тарта эле мага далысын салды да калды. Мага ыраазычылык билдирип, рахмат айткандын ордуна, бүгүнкү күнү кайра болбогон шылтоо менен "сөгүш" жарыялап олтурат. Мына, жакында Салык кызматынын аудиттери Чүй облусундагы Токмок, Аламүдүн, Ысык-Ата, Сокулук, Москва, Жайыл райондорун текшеришип, алардын бир жылдык ишмердүүлүгүн карашып, айрымдарынан одоно кемчиликтер кетсе дагы, өз адамы болгону үчүн айрымдарына көз жумуп коюп жатат. Ал эми менин ошол каталарга эч тиешем жок болсо да, "строгий выговор" берип жатканы түшүнүксүз. Эң кызыгы, мен дарыланып ооруканада жатсам, Б.Ашыров коллегия чакырып, "З.Мамбеткулов жумушка чыгаары менен тез арада иштен айдалсын!"- деген бүтүм чыгарганы мага маалым болду. Албетте, бул мыйзамсыз бүтүм. Себеби мен өзүм катышсам, мен тууралуу айткан сөздөргө өзүмдүн жообумду, пикиримди факты, далилдер менен билдирмекмин. Жөнөкөй сөз менен айтканда, экинчи тарапты чакырбай туруп, бир тараптуу чечим чыгарган соттой эле болду.
- Эмне болгон каталар, эмне болгон сөгүш экендигин ачыктап кетсеңиз?
- Салык боюнча ар бир райондун жетекчилиги "юридикалык лицо" болуп эсептелгендиктен, кетирген кемчиликтерине керт баштары менен жооп берүүлөрү шарт. Тилекке каршы, андай болбой, башканын күнөөсүн, менин мойнума илип коюп жатат. Тагыраак айтсам, Жайыл районунун начальниги өз адамы (досу) болгону үчүн, ага эскертүү берип эле чектелген. Функционалдык милдеттер боюнча, текшерүү, өндүрүү, көзөмөлдөөнүн баары райондун салык башкармалыгына жүктөлгөн. Муну менен эмнени айткым келип жатат? Биздин регионалдык башкармалыкта, документалдык, рейддик жана башка текшерүүлөрдүн укуктарын алып, борбордук аппаратка жана райондук башкармалыкка берип койгон.
- Анда, регионалдык башкармалык деген атыңыздар эле барбы?
- Ошондой десек деле жарашат. Себеби сектор, бөлүм башчылары, жетекчисине чейин ишке алып, иштен кетирүү борбордук аппараттын полномочиесине кирет. Биз болгону уюштуруу жана координациялоо менен гана алекпиз. Андыктан күнөөсү жок адамды, ак жерден күйгүзүп, иштен айдагысы келип жаткан Бактыбек Ашыровду кызматтан кетирүүнү жогорку бийлик өкүлдөрүнөн суранам.
- Сиз сурансаңыз эле кетире беришеби? Деги бул адам Салык кызматынын жетекчилигине чейин кайда, эмне менен алек болгондугунан кабарыңыз барбы? Себеби бул кызматка да өзүңүз айткандай жөндөн-жөн эле келип олтуруп калбаса керек?
- Менин билишимче, Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев бийлик жүргүзгөн жылдары Б.Ашыров маркум М.Садыркуловдун сүймөнчүк кадры болгон. Эгерде, анын иш таржымалына көз жүгүртсөңүз, анда М.Садыркулов Салык кызматында иштегенде Ашыров да салыкта, эсеп палатасына барса, Ашыров да эсеп палатасында, 2007-08-жылдары М.Садыркулов президенттик администрацияга келгенде, ал да президенттик администрацияда эмгектенип келгенине күбө болобуз. Бүгүнкү күнү мурдагы Эсеп палатасынын төрагасы, азыркы РСК-Банктын директорлор кеңешинин төрагасы Искендер Гаипкулов Ө.Бабанов менен сүйлөшүп, Б.Ашыровду Салык кызматынын башына алып келген деген сөздөр айтылууда.
- Өзүңүз регионалдык башкармалыкты жетектегенге чейин эмне жумуш кылдыңыз эле?
- Мен 1993-жылдан бери Салык кызматында иштеп, регионалдык башкармалыкты жетектегенге чейин Кара-Буура районунун начальниги, Сокулук районунун жетекчиси, республикалык Салык инспекциясынын бөлүм башчысы, Талас облустук салык кызматынын жетекчисинин кызматтарын аркалап келгем. Кыргыз-Россия Славян университетинде салык жана салык маселеси боюнча 3 жылдан ашык сабак бергем. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул кызматка көчөдөн келип эле олтуруп калган жерим жок.
- Сиз кайда туулуп-өстүңүз эле? Бир аз өзүңүз тууралуу да окурмандарга учкай маалымат бере кетсеңиз?
- Мен дагы Талас облусуна караштуу залкар жазуучу Ч.Айтматов туулган айылда 1962-жылы жарык дүйнөгө келгем. Учурда, эки уул, үч кыздын бактылуу атасымын.
- Биздин билишибизче, коалициялык бөлүштүрүлүүдө Салык инспекциясынын устуканы "Республика" партиясынын энчисине тийген эле. Муну айтып жатканыбыз, балким, аталган партиянын лидери Өмүрбек Бабанов менен мурда-кийин ортоңорду кара мышык аралап, мамилеңер сууп жүрбөсүн? Сизди кызматтан кетирүүнүн артында ушундай себептин бар экендигин жоромолдосок болобу?
- Өмүрбек экөөбүздүн ортобуздан кара мышык өттү дегендин өзү туура эмес, мындай ойдон такыр алыс болуш керек. Биринчиден, менин Салмоорбек деген бир тууган иним Өмүрбек менен Москвадагы Тимирязев атындагы Айыл чарба академиясында 5 жыл бирге окуп, бири-бирин абдан жакшы таанышат. Экинчиден, Азимкан деген бир тууган агам 15 жылдан ашык Өмүрбектин атасы Токтогул аганын айдоочусу болуп иштеп, Өмүрбекти кичинесинен көтөрүп чоңойткон десем да болот. Үчүнчүдөн, менин ыраматылык атам Токтогул Өмүрбектин атасы менен мамилеси жакын болгондугун айылдаштардын баары билет. Андыктан ортобузда талашып-тартыша турган эч нерсе жок, мени иштен кетирүүнү жеке пикиримде Бактыбек Ашыров өзү гана ишке ашырып жаткандай туюлат.
- Эми ошол Ашыров сизди болбогон шылтоо менен болсо да иштен кетирүүгө күчү жетет да. Кантсе да ал республикалык Салык кызматынын жетекчиси болуп олтурбайбы. Анан жетекчинин буйругуна баш ийбей койгонуңуз жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан кандай кабыл алынат болду экен?
- Албетте, болбогон шылтоолорду моюнга илип, кетирүүгө анын мүмкүнчүлүгү бар. Жөнөкөй сөз менен айтканда, мыйзам чегинде кетире албаса да, мыйзамсыз кетире алат. Бирок мен жөн эле "кет!"- десе эле кетип калбайм да. Ал эми Ашыров бийлигинин күчүнө ишенип, мени кетирем десе, ал жигит аябай терең жаңылышат. Ашыровдун күчүнө каршы да күч табылаарын ал унутпаса дегим келет.
- Бул эмне коркутуубу?
- Жок, бул деген чуулуу маселенин алдын алуу. Мына, мени кызматтан кетирээрин уккандар жер-жерлерден чалып, "керек болсо Бишкекке чейин барып, Ашыровду желкесинен кармап, көчөгө чыгарып коебуз"- деп жатышканынан, "койгула!"- деп токтотуп жатам. Себеби бул кызматта калып-калбоом менин тагдырымды чечпейт. Мен бир гана адилеттик өкүм сүрүп, өзүм билемдик менен алек болгон айрым аткаминерлердин ооздугун катуурак тартып, басмайылын кысып койгум келип жатат. Эмесе, "ушинтип, жайлай берсек болот турбайбы"- деп Ашыровго окшогондор оюна келгенин оттой бериши толук мүмкүн. "Бир карын майды бир кумалак чиритет"- дегендей, Ашыровго окшогондордун ишмердүүлүгү өлкөбүздү жаңыдан бутуна тургузууга белсенип жаткан жогорку бийлик өкүлдөрүнө да көлөкө түшүрүшү ыктымал. Андыктан премьер-министр Алмаз Атамбаев менен бул тармакты мыкты түшүнгөн Ахматбек Келдибеков да Ашыровдун ишмердүүлүгүнө бир жолу көз кырларын салып коюшса ашыктык кылбас эле. Минтип жатканымдын себеби, өкмөт башчысы казынабыздагы дефицитти толтуруу үчүн колдон келген аракетин көрүп жатат. Мен болсо, 500 миллион сом бюджеттик жоготууларды аныктап, аталган сумманы бюджетке түшүрөлү деп жардам сурап кайрылгандан бери далысын салды да калды. Анын мындай аракети ошол коррупциялык схемаларды колдогондугунан кабар берип жүрбөсүн? Андыктан мындай жетекчини дароо иштен албаса, салык тармагындагы жогорудагыдай терс көрүнүштөр дагы тереңдеп тамыр алып кетсе, аны жок кылуу кыйынга туруп калат.
P.S.: Мамбеткулов Замирбектин байланыш номери - (0557) 26 26 98.
Маектешкен
Эртабылды Аттокуров