Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Мухтарбек Өмүракунов,
"Замандаш" саясий партиясынын төрагасы:
"Кыргызстан үчүнчү тополоңду көтөрө албайт"
Бул интервью 21-апрелде алынган. Мухтар Өмүракуновдун акыркы интервьюсу. Мухтар мырза интервью соңунда "мен чет мамлекетке кетип атам, даяр болгондо электрондук почтама салып жибер, бир сыйра карап коёюн"- деди. Куба мамлекетине 25-апрелде учуп кетти. Мен интервьюну даярдап почтасына салып жиберсем, жооптун ордуна суук кабар келди. Шалдайып отуруп калдык. Кантели, кыргыз дегенде учуп-күйүп, жанып турчу эле, чиркин! Кырчындай өмүрүндө кыргыздын бир кырааны учту, аттиң!


- Мухтар мырза, айрым аналитик-эксперттер өлкө саясий кризиске дуушар болду дешүүдө. Мунун канчалык чындыгы бар?
- "Өтө тереңдеген саясий кризиске тушуктук" дегенден алысмын. Бирок саясий кризистин тамыры бар. Мунун себеби - парламент ичиндеги тирешүүлөр, коалиция ичиндеги соодалар, бир катар фракциялардын коалицияны бузуу аракеттери, саясий кызыкчылыктардын кагылышы, административдик-ресурстук жана финансылык талаш-тартыштар. Бул өңдүү саясий оюндардын баары өкмөттүн ишине, айрыкча экономикабызга терс таасирин тийгизип атат. Кыргызстандын экономикасы өтө аялуу, сезимтал, саясий аба ырайга абдан көз каранды келген экономика. Күчтүү, турукташып калган, саясаттан бөлүнгөн кубаттуу экономиканы 20 жылдан бери кура албай койбодукпу. Бир тал самандай болгон саясий олку-солкулук экономикабызга сөзсүз таасирин тийгизет.
- Ырынан чыры көп парламентке коомчулуктун ичи чыкпай келет. Деги канткенде парламент ичиндеги ыркырашмайлар токтойт?
- Парламентик шайлоодо эл өзүнүн добушун сатты деп күнөөлөп жатабыз. Ооба, саткандар болду, бирок элдин баары саткан жок. Добуштардын көбү бурмаланып калды. Мунун кесепетинен парламентке айрым партиялар капыстан кирип калды. Алар бир партияда болгону менен, бир командада боло албай жатышпайбы. Булардын көбүнүн кызыкчылыктары бирөө гана - депутат болуш болчу. Ошол кызыкчылык гана аткарылды. Саясатчы деген мамлекеттин жана элдин алдында жоопкерчиликти туя билген жана көтөрө алган адамды түшүнөм. Парламент ичиндеги ыйкы-тыйкы токтобойт, кайра күч алат. Анткени алдыда президенттик шайлоо, тараптар ортосундагы кызыкчылыктардын күрөшү күчөйт.
- Демек, парламент ичиндеги 10 депутаттын шахматтык жүрүшү оюндардын али башталышы деңизчи...
- Ооба, 10 депутаттын кадамы чечкиндүүлүк менен, болгондо да ойлонулуп жасалып отурат. Ошол 10 депутаттын курамын карагылачы, туш келди адамдар эмес, мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеп жүрүшкөн, саясаттын күңгөй-тескейин билгендер. Демек, бул кадамдардын артынан башка олуттуу кадамдар да болушу мүмкүн. "Замандаш" саясий партиясы парламентке кирбей калса да, парламент ичиндеги саясий оюндарга каршы. Эгер саясий оюндар токтотулбаса парламентин тарашына алып келет. Парламенттин таркашы - жакшы көрүнүш эмес, экономика муну көтөрө албайт. Менимче, парламентти сактап калчу, ыйкы-тыйкыларга чекит койчу эң жакшы жол - кеңири коалициянын куралышы. Парламент ичиндеги да, парламент сыртындагы да көптөгөн саясатчылар ушундай чечимге келип отурушат.
- Кеңири коалиция куралса эле Кыргызстан реформаланып, алдыга жылат деп үмүттөнсөк болобу?
- Биринчиден, парламент ичиндеги да, сыртындагы да күчтөр биригет, демек, кызыкчылыктардын согушу басаңдайт. Экинчиден, азыр башкаруучу 3 партия гана бийликти көзөмөлдөп калды. Калган тараптар сыртта калды. Мейли көзөмөлдөсүн, анда кеп жок. Алардын жаңылыштыгы - мамлекеттик бийлик бутактарына профессионал кадрларды тартпай, өз адамдарын тарткандыгында. Мисалы, көп кызмат орундар колунан келсе-келбесе да, биздин партиядан болсун деген принцип менен бөлүштүрүлдү. Өз ишин билбеген жетекчилер, албетте, ишти артка тартат.
- Партиялык системага эрте өтүп алган жокпузбу? Анткени партиялардын тиреши, өз ара мушташтары ушул ойлорго түртөт.
- Биз деле буга айла жоктон келдик да. 20 жыл эзилген президенттик башкаруу болду, эч майнап чыкпай койгондон кийин парламенттик башкарууга өттүк. Албетте, парламенттик башкаруу жарым жылда эле жемишин бере койбойт. Түркия деле парламенттик башкаруунун үзүрүн 40 жылда барып көрүп жатпайбы. Парламенттик башкаруунун табиятын билбегендиктен, тажрыйбанын жоктугунан көп мүчүлүштүктөр кетип атат. Парламенттик башкаруунун биринчи кадамын таштап туруп, калганын жасабай койдук. Образдуу айтканда, там-туң бастык да, андан ары чуркап кете албай жатабыз. Буга себеп - баягы эле парламенттин ишмердиги. Мисалы, Башкы мыйзамды кабыл алдык да, калган мыйзамдарды Башкы мыйзамга ылайыктабай койдук. Мыйзамдарды иреттеш парламенттин иши эле, алар болсо өз ара тирешүү менен алектенип отуруп алышты. Ошол эле маалда парламенттик башкаруунун пайдалуу жактары дароо эле билинди. Мисалы, коррупция менен күрөштө 20 жыл бою тоңуп жаткан муз ордунан жылып, ири коррупциялык иштердин бети ачылып отурат. Мындай ири коррупциялык иштер мурунку 2 бийликте тең ачылган эмес эле.
- Парламент тарап кетиши мүмкүнбү?
- Жарым жылда парламент ичиндеги ыйкы-тыйкылар токтомок турсун, күч алганы алган. Эгер кеңири коалиция түзүлсө 1,5 - 2 жылга жетиши мүмкүн, эгер түзүлбөсө күздө тарап кетиши мүмкүн. Албетте, парламенттин тарашына жол бербешибиз керек, анда эле чоң саясий кризиске кептелебиз. Ушул парламент менен, ал тургай ушул өкмөт да өз мөөнөтүнө чейин иштеп, президентти аман-эсен шайлап алсак, Кыргызстан мындан утуш гана алмак. Азыр парламент таркаса, кайрадан шайлоо өткөрүү керек, күздө болсо президенттик шайлоо. Экөө бири-бирине минишип, мамлекетке кыйын болуп калат.
- Коалициялык Өкмөткө сын айткандар да толтура. Сиз кандай баа бересиз?
- Коалициялык Өкмөт иштебей атат деген туура эмес. Болгон күчүн жумшап, тынбай аракеттенип атат. Өкмөттүн ишинин көрүнбөй атканы - ал жерде да бирдиктүү команданын жоктугу. Азыр Кыргызстанда 122 премьер-министр бар. 120сы депутат, премьер-министр жана биринчи премьер-министр. 120 депутаттын парламенттин аткаруу бийлигине ашкере кийлигишүүсүн токтотуу керек. Парламент өкмөттүн багыттарын аныктап, жасай турган иштерин көрсөтүп, анан белгилүү бир мөөнөттү бериш керек эле. Эгер ошол мөөнөттө иштер аткарылбаса, анда Өкмөт жаман иштеп атат десек болот. А парламент антпей эле Өкмөттү күндө ур-токмокко алып, ал ортодо коалицияны чачыратам деп коркутуп, Өкмөт мүчөлөрүн байма-бай парламентке чакыра берсе, кайдан иш болсун? Министрлердин жарым күнү парламентте өтөт. Алар кайсы убакта иштешмек эле?
- Кыргызстанда күчтүү, жаңы жүздөгү оппозиция барбы? "Замандаш" партиясын оппозиция деп эсептесек болобу?
- Бийликке караганда оппозиция күчтүү деп айтсак болот. Булар парламент ичиндеги 2 оппозициялык партия жана шайлоодо өтпөй калган көптөгөн партиялар. Ошонун ичинде "Замандаш" партиясы да бар. Азыркы оппозициянын мурунку оппозициядан айырмасы - бизде бийликти күч менен алабыз деген максат жок. Мүмкүн башка күчтөрдө бардыр. Тескерисинче, бул парламент да, өкмөт да өз мөөнөттөрү бүткөнчө иштөөлөрү зарыл. Бийлик бутактарынын бирөөсүнүн эле ыдырашы коомго дестабилдүүлүктү жаратат. Кыргызстан үчүнчү тополоңду көтөрө албайт. Азыр баарыбыз жапа тырмак өлкөбүздү, анда жашаган элибизди аяшыбыз керек. Бизге жакшы Кыргызстанын эч ким бербейт!
- Мүмкүн биздин көйгөй элди ээрчите алган, бирдиктүү улуттук лидердин жоктугунда болуп жүрбөсүн?
- Лидер болгум келет дегендер көп, уучубуз куру эмес. Бирок улуттук лидер деп эч кимди айта албайм. Улуттук лидер деген - кыргызы, орусу, дунганы болобу, айтор, Кыргызстандагы бардык улуттарды бир жолго ээрчите ала турган, духу күчтүү, элим дегенде жанын берген адам. Бизге улуттук лидер абдан зарыл, тилекке каршы, элдин саясий лидерлерге болгон ишеними өчкөн. Улуттук лидерди эл өзү көтөрүп чыгышы зарыл. Баатырды мезгил жаратат дейт эмеспи.
- Мурда кайрымдуулук иштери менен көп алектенчү элеңиз, саясатка киргени кайрымдуулук иштериңиз калып калган жокпу?
- Кайрымдуулук иштери тескерисинче көбөйдү. Мурда өзүбүз кимге кандай жардам берсек деп демилге көтөрчүбүз. Азыр партиянын таанылышы менен кайрылгандар оголе көп. Колдон келишинче, мүмкүнчүлүктүн жетишинче жардам берип атабыз. Өзгөчө өнөр адамдарынан эч аянгым келбейт. Саясат - бул келди-кетти нерсе, өнөр түбөлүк. Демек, кыргыздын нукура маданияты гана кыргызды сактап кала алат.
- "Замандашты" бай партия дешет...
- Ооба, "Замандаш" бай партия. Биринчиден, руханий жактан байбыз. Биздин катарда чыгармачыл, өнөр адамдары арбын. Алар бала кыял, таза, таланттуу адамдар. Экинчиден, материалдык жактан да байбыз. Анткени арабызда мамлекетти тоногондор, коррупциялык иштерге аралашып, арам акча тапкандар жок. Биздин байлык ачык, бири-бирибизден жашырбайбыз. Биздин байлык мамлекеттен уурдалбаган, өз күчүбүз менен жыйналган байлык. Биз өз күчүбүз менен сыртта темселеп жүрүп бутка турганбыз, эми башкаларга жардам берели деп чечтик! Бай байдай жүрүш керек, элге жардам бериш керек. Байлыгыңды басып жатып алсаң, андан не пайда. Кудай Таала да байлыкты сынап берет. Эгер жараткан мага байлык насип кылган болсо, ошол байлыгыңды эл менен бөлүш деген Алланын буйругу деп түшүнөм. Мына, өткөн эки бийлик тең байлыкты басабыз деп атышып, куулуп кетишти. Ала-Тоонун топурагына зар болгондон өткөн кордук жок го дейм. Кана, алардын байлыктары Мекен, Ала-Тоо, Ысык-Көл болуп бердиби?
- Алдыда президенттик шайлоо. Талапкерлердин арасынан сиздин ысымыңызды да көрүп калып жүрөбүз. Күч сынашып көрөйүн деп чечтиңизби?
- Азырынча бир чечимге келе элекпиз. Аны мезгил көрсөтөт.
Маектешкен Айнура Аскарова,
"Замандаш" журналынын
башкы редактору.